Из Жөнөкөй эмгектен атак-даңкка! Учурда ташы өргө кулап, акчасы сапырылып турган атактуулар дүйнөдө миңдеп саналат. Бирок, ошол дүйнөнү дүңгүрөтүп, даңканы таш жарып тургандар бир убакта жөнөкөй эле карапайым жумуштарда иштеген, жылдыз же атактуу деген мөөрү жок кадимки эле жарандар болчу. Андыктан биз, өткөн кездин кызыктуу ирмемдерине токтолуп, дүйнөгө таанымал адамдар кандай жумуштарда иштегендигин баяндап бермекчибиз. Дегеле максаттан тайбай, кыялдарга терең ишенүү кандай жемиш берээрин баамдап алыңыздар. Балмуздак саткан Барак Обама АКШнын президенти Барак Обама көпчүлүктү кызыктырат, аны "президенттик шайлоону жаркыраган жылмаюусу менен эле утуп алды" дегендер бар. Баса, ал 1979-жылы Гонолулу шаарында балмуздак сатуучу болуп иштеп жүргөндө да, аппак тиштерин кашкайта күлүп, кардарларды тартып алчу экен. Обама Гарвард окуу жайына өтөм деп тыйындап акча чогултуп жүрүп, "коммерсанттык өнөрдү" жакшы эле өздөштүрүп алыптыр. Кийин гана окууга өтүп, негизги максатына сапар тарткан дешет. Убагында балмуздак сатуучу болуп жүрүп көңүлү калганбы, айтор, АКШнын 44-президенти азыр башына күн өтүп атса да балмуздак жебейт. Бирок, жылмайып жүрүү пайдалуу экенин эсинен чыгарбагандай. Анан калса, айына 292 миң доллар маяна алып, эң кымбат нарктагы президент болуп атса кантип күлмүңдөбөсүн... Мадонна көчөдө түнөчү Алтымыштын ашуусуна барып калганына карабай сахнада чимириле бийлеп, ай-чырайын жоготпой жүргөн Мадонна деген ырчыны кимдер билбейт. Мына ошол Мадонна айым Нью-Йоркту багындырмакчы болуп келгенде чөнтөгүндө 35 гана доллары болгон экен. Ачка калбайын деп жандалбастаган Мадонна фаст-фуд саткан кафеде официант болуп иштеп, акчанын азабын далай эле тартыптыр. Кээде жатарга жери жок көчөдө түнөгөн учурлары болгон экен. Бирок, азыр Мадонна айымдын жылына 110 миллион доллардан ашыгыраак акча тапканын билгенде жогорудагы сөздөргө ишенер- ишенбесеңди билбей каласың. А чындыгы болсо ушундай! Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңбейт окшойт. Бир кездеги порночу Сталлоне 80-жылдардын башында "Рэмбо" деген кинотасманын таскагы катуу чыгып, бул фильмде башкы ролду жараткан Сильвестер Сталлонеге ат көтөргүс атактуулукту алып келген. Бирок Голливуддун босогосун аттаганча, ошол тирүү уламышка айлана элек Сталлоне мырза порно кинолордо тим эле "укмуш" образдарды жаратып жүрчү экен. Антсе да, порно жылдыздан "Оскар" сыйлыгынын лауреатына чейин көтөрүлгөн бу жигитке "баракелде" десек жарашчудай. Себеби, бир кезде эки күн порно фильмге тартылган үчүн 200 доллар алган болсо, өзү режиссерлук кылган "Неудержимые" деген киносунан 250 миллион доллардын тегерегинде акча таап отурат. Эми болсо ошол күлгүн курагын эске салып, кайран кез деп жылмайып коет чыгар. Кайран Рэмбо десе! Таалайгүл Жаныбекова Алгач кандай жумушта иштегенсиз? Темир Сариев, экс-министр: - Мен эң алгач 4-классымда актер болуп иштегем. Бул менин биринчи жумушум. Жайкы каникул учурунда "Атадан калган туяк" деген фильмге тартылып, 172 рубль маяна алгам. Агезде пенсиянын эң чоң көлөмү 20 рубль, эң көп айлык 90 рубль болчу. Ойлоп көрсөм, килейген эле сумманы тааптырмын. Ал акчага апам мага, бир туугандарыма мектепке кийчү кийим алып берген. Андан соң, эс тартып калганда сакманчы болдум, "кубка" деп коюшчу, баягы койлорду кралинге салган жерди, ошол жайда да иштедим. Студенттик куракта болсо кароолчу болуп жүрдүм. Айтор, жашыман эле эмгекке көндүм. Бирок кандай гана жумушка барбайын, алдыма чоң максаттарды коюп, жыйынтык чыгарам деп аракет кылчумун. Азыр эми кудайга шүгүр, мээнетим текке кеткен жок. Үйбүлөмдү багып, эч нерседен кем кылбай жашаганга дараметим жетет. Анаш Сеитказиев, экс-депутат: -Иштеп акча таба коем деп, ууру аталып кала жаздагам. 9-класста окуп жүрүп, классташ балдарым менен Токмоктогу фабрикага барып, жүк ташуучу болуп иштеп алдым. "Бир түктү түшүрсөңөр 10 тыйындан беребиз" десе, көзүбүз жайнап, алакан ушалаганбыз. Анда эмне, күчүм ашып-ташып турган убак да, күн-түн дебей тынган эмесмин. Акыры, айдын аягында колума 500 рублди алып, өзүмчө эрдемсип, сыймыктанганым эсимде. Себеби, ата-энемдин бир айлык маянасын кошсо да, меникине жетмек эмес. Табылгамды үйгө барганда апама берсем, "бул акчаны уурдап алган окшойсуң" деп шекшинип, атам экөө тим эле фабрикага чейин барып сураштырып, анан ишенишкен. Негизи ушундай майда-барат жумуштарда көп эле иштедим. Бирок,1-секретарь, исполком болуп жүргөн кошуна байкелерди көрүп, мамлекеттик кызматтарга барууну максат кылчумун. Ал максаттар да акырындап ишке ашты, кудайга шүгүр! Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу: -Мен башынан эле аябай чыйракмын. 2-классымда окуп жүргөндө "элдин балдары тамеки тергенге барышат, эмнеге мен барбайм" деп чыр салып, тамеки талаага барып иштегеним эсимде. Шагын сындырбайлы, "бир-эки барып көңүлү калат" дешсе керек, тизмеге киргизип коюшкан. Бирок көңүлүм калбай-этпей эле иштеп, 45 рубль маяна алгам. Кийин илимий кызматкер болуп орношуп, ага катар бир мекеменин полун жууп иштедим. Нан жаап саткан күндөрүм да болду. "Үйбүлөнү багабыз" деп жаныбыз дегеле тынчу эмес. Эки-үч жумушта иштеп, бирөөлөргө реферат, курстук иш жазып бере коюп жүрүп айдын аягында 330 рублга чейин таап койчумун. Канткен күндө да, мен өзүмдү ар дайым космополит сезчүмүн. Азыр эми аркандай болуп калат, кээде көп суммада акча табам, кээде таптакыр акчасыз деле калам. Бирок, аракеттин берекети болоруна шегим жок. Бегалы Наргозуев, экс-депутат: - Биринчи жолу өндүрүштүк бригадада колхоздун жүгөрүсүн багып иштегем. Маянам 30 рубль болчу. Агезде бул укмуш акча эле да. Советтер союзундагы тарбияны карабайсыңарбы, 3 ай иштеп тапкан 90 сомдун бир сомун коротпой атама алып барып бергем. Бирок, атам кайра өзүмө берип койгон. Мен болсо акча тапкан каадалуу киши болуп, инимди базарга алып барып, баштан аяк кийинткеним эсимде. Кийин студенттик куракта Каражыгач багындагы дүкөн, кафелерди кайтарып, күзөтчү болдум. Кечкисин тарых факультетиндеги бир бала экөөбүз иштеп жүрдүк. Ал жерде 110 рубль алчумун. Убакыт өтүп, бизнес кылып баштаганда жакшы эле акча таап калдым. Ал эми саясатка аралашкандан бери, бизнестен алыстап кеттим. Азыр болсо коммерциялык бир ишканада кеңешчи болуп иштеп, 25 миң сомдун тегерегиндеги акча табам. Мирлан Өмүралиев |