Жанкайгы

Бычак мизиндеги өлүмдүн аягы...

Эсиңиздерде болсо, 2009-жылы 5-ноябрда бычакталып өлгөн Сейитбек Мураталиевдин өлүмү коомчулукту бир "селт" эттирген. Тахмина Амантаева Мураталиевдин жазган арызы менен темир тор артына камалган күйөөсүн бошотуу үчүн ага өзүнүн болгон акчасын берип, бирок, жыйынтыгында "тосмо арыз" алалбаганы аз келгенсип, мазакталып, зордукталып, андан улам ызасына, намысына чыдабай, бычак көтөргөн. Он үч жолу сайуу жеген Мураталиев ошол жерден жан берип, а Тахмина болсо, "мен өлтүрдүм" деп өз эрки менен милициялардын кылтагына түшүп берген. Аны укканда ММКлар "уу-дуу" болуп жатып калганбыз. Башкабыздан айырмаланып, журналист Жаркын Темирбаева жазып гана тим болбостон, Тахминанын укугун коргоого бүт аракетин кылган. Аракетинин акыбети кайтып, Тахмина эркиндикке чыккан эле. Ошондо "Турмушубузда адилеттүүлүк, калыстык бар" деген Тахминанын кубанычы көпкө созулбай, ал бүгүнкү күндө кайрадан сотто суралып аткан кези. " Мен бул кишиден кутулдук десем, өлүп дагы жаныбызды койбоду..." деп кейиген Тахмина менен окуя андан кийин кандай өңүттө өнүгүп атканы, дегеле анын азыркы абалы жөнүндө маек курдук.

- Ишиңе кайрадан иш козголуп, кайра 97-берене менен жооп берген жатыптырсың, эмне себептен мындай болуп атат?
- Чыкканыма 1 жылга чукул убакыт болгондо кайсы прокурорго керек болуп калдым билбейм. Иш каралып жатканын өзүм билген эмесмин. Жакында эле, мени менен СИЗОдо бирге жатып эркиндикке чыккан бир аял телефон чалып, "мечиттин жанынан жолугалы, сөз бар" деди. Барсам, "Мага сенин ишиңди адилет карап берген Канат Хасановдой адвокат керек болуп атат. Таап бере аласыңбы?" дегенинен, Канат байкеге телефон чалып, ошондо угуп атпайынбы. Иш Биринчи Май райондук сотунда каралып атыптыр."Буга чейин 3 жолу болду, келген жоксуң" деди сот. Эч кимден укпаганымды, эч ким мага чакыруу кагазын бербегенин айттым. Ал күнү да "адвокатсыз сот болбойт" деп 10-майга жылдырылды. Адвокатты кайра эле Канат байкеге "актап бериңиз" деп айтам го, болбосо иштин чоо-жайын баштан-аяк башка адвокатка айтып берүү чачымды огобетер агартат. Бирок, Канат байке да бир аз тайсалдап атат... Бул ишке прокурор, тергөөчү деле кайрадан кызыкдар болбойт болчу, жабырлануучу тарап үстүмөн кайра арыз жазып салган болушу керек. Бирок, аны билмексен болуп, Мураталиевдин аялы: "Кайрадан иш козгоп койсо качып кет!" деп, менден биротоло кутула албай жатат. "Өлтүргөндө качпаган эми качат белем. Эч кайда качпайм" дедим. Мен качып кетсем, Жаркын эженин мээнети, мага боору ооруп болушкан элдин үнү эмне болот? Качсам аларды уят кылган болом да.
- Эмнеге антип ойлоп жатасың же себеби барбы?
- Биздин чырдын башталышы машиналарды алып-сатуунун айынан чыкканы белгилүү эмеспи. Биз Мураталиевден машина алып, башка кардарларга сатып, кардар акчасын ай сайын аз-аздан берип, качан гана толук төлөп бүткөндө "генералдык доверенностун" алып берчүбүз. Башында баары жайында болуп, ал бизге ишенимдүү адам көрүнүп, "доверенносту" унчукпай, убагында жазып берип жүрчү. Биз да акчаны күн болобу, түн болобу, башкысы айткан күндөн өтүп кетпесин деп жеткирип берип турчубуз. Көбүнчө акчаны кардарлардан алып, мен жеткирип берип турчумун. "Акчаны алдым" деп кагазга өзү эмес, аялы кол коюп берчү... Анан ортодогу жаман окуя болуп, ал өзү өлүп тынды, мен 8 ай "качан камашат" деп күтүп отурдум. Убакыт өткөнү менен акча деген балээ бардык жерге башын салып турат экен да. Ошол учурда биз ортого түшүп, эки адамга алып берген эки машине бар болчу. Күйөөм экөө уруша кетип, күйөөмдү каматканда ошол эки машинени тең Мураталиев милициялар аркылуу алдыртып келип, "иш каралып бүткүчө машина токтоочу жайымда турат" деп калп айтып туруп, башка адамдарга сатып ийген. А биздин колдон алган адамдардын бири 3 миң доллар, бири 2 миң доллар акчасын төлөп коюшкан болчу. Ошолор менин чыкканымды угуп, акчаны менден доолап атышпайбы, "Мураталиев өлдү. Биз машинеден жок калдык. Бизге ошол учурда берген акчабызды кайтарып бер. Анткени ал акчаны биз сага бергенбиз" дешип. А мен ал акчаларды Мураталиевге бергеним, аялы алганы чын да. Мен чыкканымдан 6 ай убакыт өткөндөн кийин (6 айга чейин жабырлануучу тарап менен сүйлөшкөнгө уруксат берилген эмес) Мураталиевдин аялына телефон чалып, жагдайды түшүндүрдүм. "Эми эриң өлсө да сен тирүүсүң. Акчаны алганыңар чын. Бергендер "төлөп бер" деп мени кыйнап жатышат. Менин аларга бере турган тыйыным да жок" деп. Аялы Рая "Мүрзөсүнө барып, казып алгыла" деген жооп кайтарган. Мен да "Мунун бере турган жөнү жок экен. Аман болсом акчаны өзүм таап төлөрмүн" деп айла жок отуруп калгам. Ошондон көп өтпөй эле "иш кайрадан козголуптур" деп адвокатымдан уктум. Аны угуп алып оюм он талаа болуп, уйкум качты, жумушка да көңүлүм жок. Жакын эжелеримдин биринин тигүү цехинде иштеп аткам. Ал жерде деле кыйратып иштеп атат дейсиңерби, бөйрөгүм тызылдатып, көп иштегенге мүмкүнчүлүк бербейт. Сотту уккандан бери бир жума болду, ишке чыга элекмин. Баарынан да балдарымды ойлоп зээним кейийт. Жалкып калышыптыр. Бир жакка чыгып атсаң, "Каякка барасың?" деп этегиңе эрмешип алышат. "Догдурга барбайсыңбы?" деп сурашат. Мен СИЗОго жатканда, үйдөгүлөр "апаң догдурда" деп коюшчу экен. "Догдурга кетсе көпкө жоголуп кетет" деп ойлошот окшойт. Алар ойлогон "догдурга" кайрадан баргым келбейт. Менин азыр иштеп, балдарымды бага турган, аларды буттарынан тургуза турган убагым эле.
Ансыз да эзилип турган жарага кайра-кайра туз себиштин кажети бар беле?
- Жолдошуң буга эмне деп атат? Сен жолдошуңду куткаруунун айынан ушул кадамга барган элең?..
- Ал эмне демек эле? Анүстүнө экөөбүз бирге жашабай калганбыз. Жанагындай "зордукталды" деген сөздү уккан соң, эркегиң баары бир башкача болуп калат экен. Мен да кесилбегеним менен отуруп, ал жашоонун чет-жакасын көрүп калдым. Темир тор адамды миң кыйын болсоң деле өзгөртөт экен. Мен жаман жагын алган жокмун дечи, бирок, нервим мурункудай бекем болбой калды. Ашыкча сүйлөгүм, жинденгим келбей, тынчтыкты эле самап калдым. Бири-бирибизди кажып жашагандан көрө дедим да, ага ачык эле "Башка аял алып жаша. Бактылуу бол" деп айттым. Ал да көндү. Бирок, балдарга келип анда-санда жардам берип турат. Азыр силердин редакцияга чогуу келдик. Сыртта күтүп турат.
- Оор болсо да СИЗОдо жаткан күндөрүңдөн сурагым келип жатат?..
- Ал жакка жыландын киришин да каалабас элем. Алгач убактылуу кармоочу жайга (ИВС) отурдум. Негизи 3 күн эле кармаш керек экен. А мени 27 күн кармашты. Ал жерде келемиштин көптүгүн айтпа. Килейген-килейген, нан-пан ыргытып турбасаң адамды жеп койчудай түрү бар келемиштер ээн-эркин ары-бери секирип жүрүшөт. Андан кийин "Алгадагы" СИЗОго которушту. Ал жер шаардан алыс болуп, аялдардын тууган-уругу каттабай, тамак-аш аз кирет экен. Бирок, бир жери жакшы болчу, алардын врачтары абдан жакшы карашчу. Менин бөйрөгүм ооругандыктан, дайыма врачтардын көзөмөлүндө элем. Андан соң №1 СИЗОго которулдум. Ошол жерден анан "Алганын" врачтары көзүмдөн уча баштады. Бөйрөгүм андан бетер катуу ооруп, сийдигим чыкпай калды. Каныкей деген бир жапжаш врач кыз бар болчу. Кылган мамилеси бир тең, берген эски дарылары бир тең эле. Бир күндө 4-5 жолу укол алып атып, организмде кальций азайып, колу-бутум шалдырап, манжаларым жумулуп, оозум бүрүшүп калды. Аны айта коем деп анын балээсине калып, "тревога" деп 30дай эңгезердей эркектер келип, эч нерсе сурабастан сүйрөп баратышат... Ошондо жанымдан дагы бир жолу түңүлүп, кантамырымды кесип, ушундай тактар калды (Тахмина билегиндеги кесилген тактарды көрсөттү). Ал жерде да бай-кедей деп бөлүп коюшат экен, жаткан жерлери да ар кимдики ар кандай. №1 СИЗОнун бир жакшы жери шаардын так ортосунда жайгашкандыктан, тууган-урук, балдарын бат-баттан көрүп турушат. Анан алардан алыстап калбаш үчүн, мисалы "Алгага" кетирип ийбесин деп, ал жакта иштегендерге кадимкидей акча берип турушат. Мындан кынык алып көнүп алышкан кызматкерлер бирдеме болсо эле "этап менен кетесиң" деп коркутушат. Мындайча айтканда, камерага жатканы үчүн ижара акысын төлөшөт. Отурган аялдардын эрмеги болгон бир эле мобилдик телефон. Аны да "тазалап" кетишет да, кайра 300-500 сомго өздөрүнө сатышат. Кыскасы, ошол жердеги аялдардын аркасы менен "мини-бизнес" жасашат. Эми баары эле жаман дебейм, арасында жакшылары да бар. Кароолдо турган кыздар абдан жакшы болушчу. Алар бизге аял катары мамиле жасап, түшүнүшчү.
- Сөз арасында абак аялды өзгөртөт экен дедиң?..
- Байланып турган ит деле чынжырынан бошонгусу келип арылдай берет го... Ал жердеги аялдар ички бугун, стрессин эмнеден чыгарарын билишпей, бири-бири менен урушкусу келип турушат. Баары эмес, арасында сабырдуу, токтоо, беш маал намазын окугандар да бар. Ошол жерден мен бир кезде Мураталиевде бухгалтер болуп иштеген орус аялды кезиктирдим. Экөөбүз "гулкага" чогуу чыгып көпкө сүйлөштүк. Ал мага мындай деди: "Ал ушуну көрмөк. Акмак киши болчу, "Фемида" деген гезит ачабыз дегенинен орношком. Анын кылыктарын көрүп алып жамаатыбыз менен кетип калганбыз. Ошол машина койгон жайды бир орус аялды сыздатып, ыйлатып туруп, өзүнө менчиктештирип алган. Эми өзү ошол жерден ажал тааптыр..." деди. Бухгалтер аял башка ишкананын эсеп иштери боюнча камакта экен.
Эми ошол жакка кайрадан барып каламбы деп, санаам-санга бөлүнүп атат. Чыгып атканда отурган аялдар "Бизге келип тур" дешкенде, "Бул жерди желкемдин чуңкуру көрсүн! Мага таарынбагыла, телефонуңарга бирдик салып турушум мүмкүн, бирөөлөр аркылуу тамак-аш берип ийишим мүмкүн, бирок өзүм эч качан келбейм" деп коштошуп чыктым эле...

Эльмира Мадиева