Май айы махабатым

Майчылардын маанайы

Бүгүн биз майрамга бай май айында төрөлгөн белгилүү адамдарды атап кетүүнү туура көрдүк.

Ыйлаактардын туулган күнүндө жамгыр жаайбы?
Жакында эле эне болгон Гүлнара Калдарова 10-майда өздүк майрамын белгилейт. Быйыл да үйүнө мейман чакырып, жайыл дасторкондун үстүндө 34 жашын тосоорун айтты. Былтыр онунда жакын достору менен тоого эс алууга чыккан жубайлар нөшөрлөп жааган жамгырда калган. Мунун сырын жолдошу Мырзабек "сен ыйлаак болгонуң үчүн туулган күнүңдө сөзсүз жамгыр жаайт" деп чечмелейт экен. Кубанса да, кайгырса да ыйлап жиберген ырчы быйыл аба-ырайынын ачык болушун тилеп аткан кези.

Эгиздер майрамы
Ал эми 29-май күнү ырчы Бактыгүл Бадыева менен ди-джей Назира Кадыева төрөлгөн. Жылдыз төлгө боюнча эгиздер белгисинде төрөлгөн бул айымдар өздөрүн өзгөчө жакшы көрөт. Ошондуктан, туулган күндөрү көпчүлүктүн көңүл борборунда болуу менен өтөт. Жыл сайын жакын тууган, күйөрмандары жана сүйүктүү адамдары менен болгон белгилүүлөр бул жылы да 29-майда "көзүр" болушары анык. Айымдар туулган күндөрү бир нече күнгө созулаарын баса белгилей кетишти.

Мүчөл жыл
Быйыл манасчы, акын Рыспай Исаков менен жаш ырчы Азат Болотбектин мүчөл жылы. Тактап айтсак, 7-майда ырчы Азат 24 жашка толсо, 11-майда Рыспай мырза 36 жашка чыгат. Буга чейин туулган күнгө маани бербей, атургай ал күндү унутуп да калган манасчы бул жылы жакындарын чогултуп, бата алат. Ал эми Азат Болотбек өздүк майрамын жыл сайын тоо койнунда белгилейт экен. "Кудай буюрса, 7-майда меймандарды тоого алып чыгып, кан чыгарып, мүчөл жылдын ырымын жасайын деп атам" деген оюн билдирди. Мындан сырткары, май айында ырчы Салима Балтаева, Жеңишбек Жумакадыр, Жеңишкүл Өзүбекова ж.б. белгилүүлөр жарык дүйнөгө келген.


Кошумчаласак, орус эли "в мае жениться - век маяться" деген лакаптан улам көпчүлүгү май айына үйлөнүү тоюн пландабайт экен. Ал эми бизде кандай?

Айылчы Орозалиев, куудул:
"Май айында үйлөнө бергиле..."
- Орус оюндагысын кылат да (күлүп). Бирок, бизде деле январь айында үйлөнгөн болбойт деп коет. Мунун баары эл арасынан чыккан ырым болсо керек. Бардыгы Кудайдын буйругунан болот да. Мен 29 жашымда 2005-жылы, 7-майда үйлөнгөм. Мен буга өкүнбөйм деле. Андан бери бала-чакалуу болуп, бактылуу жашап атам. Менимче, нике кайып буюруп койсо, ай-күнгө, жашоо-шартка деле карабайт. Кыргызстанда бизден башка майда үйлөнгөн бир топ эле үй бүлө болсо керек. Ошондуктан, чочулап, шектенбей үйлөнүп, кыргыздын санын көбөйткүлө.




Той шаанисин эзген ырчылар

Ырчы Назми өткөн жумада кызы Альбинанын тушоосун кесип, тууган-урук, тели-теңтуш, сахналаш досторун жана журналисттердин башын бириктирип, "Фаризат" кафесине чоң той берди. Тойду тамада Бакыт Букаев башкарып, кыргыздын каада-салтын жасап Умай эне, Теңир атанын образын жараткан актерлордун жардамы менен арча түтөтүп, бата берүү менен той башталды.

Адегенде, кичинекей неберени таене, чоң ата, чоң апасы куттуктап, бата тилешти. 200гө жакын чогулган эл жайыл дасторкондон даам сызып, бир жаштагы Альбинага өмүр, ден соолук, жаркын келечек тилеп атышты. Ырчынын тоюнда ырчы көп болот эмеспи. Назминин сахналаш ага-эжелери Айбек Карымов, Гүлнур Сатылганова баш болуп, достору: Роза Шакирова, Айнура Салахидинова, Нурдөөлөт Копоев, Назгүл Насиева, Фарида Карбосова, Мирлан Жетигенов, айтор, эң жакын санаган ырчы достору ыр дестелерин сунуп, наристе үчүн тост көтөрүп атышты. Буга чейин эл алдына чыга элек ырчы Азиза жолдошу Эмир Сарпашев менен жетелешип барды. Тушоо тойдун кызыгы тушоо кесүү маалында болору анык. Кичинекей балдар-кыздар, аялдар, эркектер болуп бөлүнүп чуркаган атаандаштардын алды кызыктыруучу белектерге ээ болсо, биринчи орунду утканы кичи толкундуу меш алды.
"Чуркайм" деп келген коноктордун арасында ырчы Гүланда бийик такасын чечип, ботасын кийди эле, күлүктөрдүн арасында үчүнчү келди. Ал эми тойдун жүрүшүндө продюсер Назгүл Насиеванын ырлары өзгөчө таасир калтырса, ырчы айымдардын аркан тартышканы кызык өтүп, күлкү маанай тартуулады. Бир маалда "Эжеке, эжеке, айтыңызчы, мээрим деген э-ми-не?" деп "Акшоола" балдар хорун туурап, "Дем" театры кирип келди. Ошентип, алты саатка созулган тойдун аягы ыр-күлкү, оюн-зоок менен аяктап, эсте калаарлык болду.


Бетти даярдаган Айнура Касымова