"Эч ким, эч нерсе унутулбайт"

Кан майдандын бүткөнүнө 66 жыл...

9- май күнү Улуу Жеңиштин 66 жылдыгын майрамдоо алдында турабыз. Миллиондогон адам баласынын башын жуткан кан майданда каза болгон маркум эр азаматтардын, ардагерлердин, ысымы тарыхта калган баатырлардын эмгеги түбөлүккө сакталат. Бу жолу 89 жаштагы согуш ардагери, "Кызыл жылдыз" орденинин I-II даражадагы "Улуу Ата Мекендик согуш" ордендеринин үчөөсүнүн, 15 жакын медалдардын ээси Сапа Асаналиев аксакал менен маектешип, Советтер Союзунун баатыры, генерал-майор Дайыр Асанов тууралуу эскерүүнү байбичеси Жамалбүбү Асановадан уктук.

Согуш ардагери Сапа Асаналиев:
"Буюрса, балдарым 90 жылдыгымды белгилейт"
- Сизди 9-май Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктап, бул күн тууралуу чакан маек куралы дедик...
- Чоң рахмат. Эл-журт үчүн кан кечип жүрүп, мындай чоң майрамга ээ болдук. Согуш миллиондогон адамдын канын сорбодубу. Эми алдыда келаткан Улуу Жеңиш майрамын биримдикте, тынчтыкта өткөрсөк экен деген оюм бар. Азыркы өкмөт жакшы иштеп атат. Мындан ары да жакшы иштесе, өлкөбүз бутуна турарына ишенем. Согуш ардагерлерине мүмкүнчүлүк түзүп, үнүбүздү элге жеткирип аткан силер аман болгула. Жараткан жалпыбызды колдоп, бакубат жашоо берсин.
- Согушка канча жашыңызда баргансыз?
- 1942-жылы аскердик окуу жайын бүтүп, 17 жашымда согушка кеттим. Орусиянын бир нече шаарында болдук.
Жакшы кызмат кылганым үчүн капитан даражасын алып келдим. Кол, жамбаш, далымдан жарадар болдум.
Экөө оор деп катталды. Азыр ден соолугум жакшы болгону менен
экинчи группадагы майыпмын. Куралдуу күчтөр бөлүмүнөн беш миң сом пенсия алам.
- Согушта жүргөндө эң биринчи жолу кимге кат жазгансыз?
- Алгачкы кат жазганымды кантип эстен чыгарайын. Биринчи жолу "ата, аман тургула, күчүбүз жетсе жакында жеңебиз" деп атама кат жазгам. Кудай насип этиптир, минтип Улуу Жеңиштин майрамын белгилеп атабыз. Буга чейин Орусиядан, өзүбүздөн да бир топ сыйлык алдым. Акыркысы "Кызыл жылдыз" ордени болду.
- Бирге кызмат кылган мекендештер менен жолугуп турдуңузбу?
- 1960-жылдары бир топ солдаттар чогулуп, өткөн-кеткенди сөз кылып, дасторкон үстүндө чогулганбыз. Андан бери канча жыл өттү. Кимиси кайсы жерде жүргөнүн билбейм. Көбүнүн көзү өттү го. Согуштун 60 жылдыгында Россия өкмөтүнүн чакыруусу менен Москва шаарынын Кызыл аянтында өткөн парадга катышып келгем. Андан бери эч ким менен байланыша элекмин. Быйыл жашым сексен тогузга келди.
Сегиз балалуу болгом. Кудай буюрса, токсон жылдыгымды өткөргөнгө балдарым даярдык көрүп атат.

Генерал-майор, Советтер Союзунун баатыры Дайыр Асановдун байбичеси Жамалбүбү Асанова:
"Абышкамдын керээзин аткарып, ыйлаган жокмун"
Баатыр менен таанышуу...
- 1951-жылы Нарын шаарынын медициналык окуу жайын бүтүргөндөн кийин, үч кызды "Жумгал районунун ооруканасына иштегиле" деп жиберишти. Хирургия бөлүмүндө иштеп атканымда № 2 военкоматка чакыруу келип, солдаттарды медициналык текшерүүдөн өткөрмөй болдук. Экинчи күнү таңкы саат жетилерде барсак, "тезирээк бөлмөнү иретке келтиргиле" деп оңдонуп-түздөнүп калышты. Бир убакта шарт-шурт басып, узун бойлуу, суйкайган сулуу жигит Дайыр Асанович кирип келди. "Аа, бул жактын чоңу, келмек турбайбы?" деп шыбырашып калдык. Биринчи көргөнүм ошол болду. Эки айдан кийин дагы чакыруу алдык. Бир күнү үчөөбүздү Дайыр Асанович өзүнчө чакырып алып, "жашаган үйүңөр жакшыбы, Жумгалга көнүп калдыңарбы?" деп ал-жайды сурады. Бизден кабар алгандан кийин "экөөңөр сыртка чыга бергиле" деп курбуларымды кетирип, мени алып калды. Жүрөгүм дүкүлдөп "туура эмес иш кылдымбы?" деп коркуп аттым.
"Бул тасмалды жууп, үтүктөп, эртең алып кел" деди. Сыртка чыксам курбуларым "баатыр сени жактырып калган го, эмне деди? Мындайлар ээн баш болот, чакырган жерине кетип калба" деп, ого бетер коркутуп салышты.
Беш күндөн кийин энем менен эжем келип, "атасы ооруп атат" деп мени Нарынга которуп кетишти. Ошону менен Дайыр Асановичти көргөн жокмун. Нике кайып буюрса, баш кошот экенсиң да. А киши жездемдин досу, жердеши болуп чыкты. "Балдызың болот экен,
ал менин көңүлүмө жакты, үйлөнөм" деп маселени кабыргасынан койду. Ошентип, февраль айында баш коштук.

Искак Разаков бизге үй алып берген
- Жаңы үйлөнгөндөн үч ай өтпөй Москвага бардык. Ал полиция академиясына кирди. Москвадагы эки бөлмөлүү, бардык шарты менен жасалган үйдү Искак Разаков алып берген. Абышкам а киши менен ынак болчу. Мени "биринчи никем менен беш жыл жашадым, балалуу болгон жокмун, азыркы келинчегим Жамалбүбү" деп тааныштырган. Москвада жашап, үч балалуу болдук. Негизи өзү абдан тамашакөй, шайыр болчу. Анекдот айтканды жакшы көрчү. Ушунчалык эмгекти сүйгөн, маңдайы жарык, боорукер адам эле. Балдарына "ичимдик ичпегиле, тамеки тартпагыла, эртең менен чуркап, кыймыл-аракетти көп жасагыла" деп акылын айтчу... Учурда И.Арабаев атындагы КМУда профессор, доцентмин... Ал дайыма "шайың ооп, шалдырап калганча иште, эгер менин көзүм өтүп кетсе, сени балдарым жумушуңа машине менен жеткирип турат" дечү... Төрт уул, тогуз небере, тогуз чөбөрөбүз бар. Балдарынан эч кимиси атасынын жолун улаган жок. Улуу Жеңиш майрамы сайын "көз алдымда ыргайдай болгон танынакай эр азаматтар көз жумду, биз баатыр эмеспиз, өзүн курман кылган ошол эр жүрөк жигиттерди баатыр десек болот" дечү.

Сексен бештен ашса да, муздак суудан чыккан жок
- Өзүнө-өзү тың болуп, ден соолугун жакшы карады. 85 жашка келсе дагы үйдөн гантель көтөрүп, гимнастика кылып, башы менен жер таянчу. Тамакты бапестеп жеп, жер-жемишти көп алып келчү. Санаторияга барганда чуркап, муздак-ысык сууга түшүп жыргачу. "Байбиче, сен дагы муздак сууга түш" деп бакыртып сүйрөп жөнөчү. "Түртүп жибергенче түшөйүн" деп даярданып калчумун. Экөөбүз 57 жыл бирге түтүн булаттык. Жарым кылым жашап, "сен, мен" дешкен жокпуз. Мага кыр көрсөтүп, ачууланганын көрбөдүм. Кызыгы, абышкам менден он эки жаш улуу экенин бир топко чейин билген эмесмин.

Дайыр Асановичтин акыркы керээзи
- Алгач Көлдөгү санаториядан жүрөгү кармап, Сарыбагыш деген кардиолог алып калды. Байкуш бала жакшы карады. Кийин өпкөсүнө дагы суук тийип, 87 жашында каза болбодубу.
Акыркы жолу "аялдын аркасында калган уят, мен карыдым, апаңарды жакшы карагыла... Мен бактылуумун, жалгыз башым сары кемпирлүү, бала-чакалуу, небере-чөбөрөлүү болду. Алла Таллага ыраазымын, калган жашымды балдарыма берсин. Мен көз жумганда бей-жайлык кылып, өкүрүп-бакырып ыйлабагыла" деген керээзин айтты. Түнкү саат үчтөр чамасында үзүлүп, койкойгон калыбында кете берди... Акыркы керээзин аткарайын деп, өзүмдү сабырдуу кармадым. Ооруканадан чыгып кеткенче балдарымды да ыйлаткан жокмун... Эл-жер үчүн кызмат кылган атабыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Өзгөчө биздин үй бүлө үчүн келе жаткан 9-май - Улуу майрам. Жалпы эл-журтка тынчтык, бакубат жашоо каалайм.




Согуш тууралуу
60 млн. адамды жуткан алаамат
Бул алаамат өзүнүн кыргын-сүргүндөрү боюнча бүгүнкү күндүн чоң тарыхы. Алты жыл убакытты камтып, төрт океан курчаган үч чоң континенттин 40 мамлекетинин катышуусунда болгон. Англия-америка эскперттеринин айтымында, 60 млн. адам өлүп, 316 млрд. доллар (АКШ) баасында материалдык коромжуга учураган.
Анын ичинде Советтер союзу: 38 млн. адам (болжол менен) набыт болуп, 70 миң айыл-кыштак, 32 миң завод-фабрика, 65 миң километр темир жол, 98 миң колхоз, 1876 совхоз, 2890 трактор-унаа станциялары керектен чыккан. 2 триллион 569 млрд. рубль баасында турак жай коромжуга учураган.
Социалисттик кошуна мамлекеттерди фашисттик Германиянын курчоосунан бошотууда, анын ичинен Польшаны - 600 миң, чехтерди - 140 миң, Румынияны - 69 миң, Югославияны - 8 миң, Австрияны - 26 миң, Болгарияны бошотууда 900 киши немистердин огунан өлгөн.

Улуу Ата Мекендик согуш 3 мезгилге бөлүнөт:

Биринчиси (баштапкы, коргонуу): 1941-жылдын 22-июнунан 1942-жылдын 18-ноябрына чейин.
Экинчи (мизин майтаруу, чегинтүү): 1942-жылдын 18-ноябрынан 1943-жылдын 31-декабрына чейин.
Үчүнчү (жеңишке жетишүү): 1944-жылдын 1-январынан баштап 1945-жылдын 8-майына чейин.

Бетти даярдаган Айнура Касымова