Мелис Эшимканов
Министрдин махабаты
(Уландысы.
Башы өткөн санда)

Нурлан айперисинин үстүнө чыкты. Аиданын денесине суктанып, экөө унчукпай тиктешип калышты.
Акыры кошулушту. Ургаачысы балыктай туйлап. Бирде жалбарып, бирде ыйлап. Эркеги чеп багынткансып жанын, күчүн, билгенин аябай. "Камасутра" позаларын колдонуп убара чекпеди. Байыркы ыкма гана жетиштүү болду. Экөөнүн жанжерлери бири-бири үчүн жаралгандай, издешкендей, табышкандай, жүз жылдан бери көрүшүп жүрүшкөндөй, секс кумарын жеңил, кооз, ийкем аткарып жатышты. Аиданын тажрыйбасыздыгы сезилип, айрым кыймылдары кополураак көрүнгөн менен, табият тартуулаган аялдык касиети, балким мурда өзү аңдабаган, буга дейре ойгонбогон купуя төшөк өнөрү бул лаззат ойнуна көрк берип турду. Нукебиз болсо албетте өзүн токтоо, аяр кармап, катуу кетпей, өмүрүндө жолуккан бакыт кушун бапестегендей өтө жумшактык, жылуулук тартуулап, оорутуп албайын деген максатта акырын иштеп, чүрөгүнөн моокуму канбай, бир сааттан ашык кубатынан тайбады. Аягында гана эрендиги атырылганда бир башкача озондогон үн чыгарып, Аиданы капшыра кучактап, керебетти сындырчудай адаттан тыш булкунуп алды. "Слишком хорошо" деп шыбырады айпериси эрдин тосуп...
Жакузини көбүккө толтуруп, эркелешип, жытташып, мында бир сааттан ашык жуунушту. "Жок, мындай перини көргөн эмесмин" деди ичинен Нурлан, сулуусуна суу куюп жатып.
Телевизордун доошун чоңойтуп экөө кайрадан керебетке жатышты.
- Аябай комик экенсиңер, ээ, байке?
- Го-омик?!
- Хи-хи-хи, ой, ужас. Комик дейм!
- А-а.. эмне болду?
- Жана айтпадыңарбы, "байке дебечи, от твоего байке у меня все падает" депчи?
- Чын да.
- Боорум эзилип калбадыбы.
- Байкаган жокмун го?
- Силер ваннага кирип кеткенде аябай күлбөдүмбү!
- Эмне, күлкүлүү сөз бекен?
- И күлкүлүү, и правдивый. Главное - это было так сказано суперартистично!
- Мен Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артистимин да.
- Здра-асьте?
- До свидания. Тамаша. Бомбардия, кергуду.
- Ушундай чувство юморуңуз да мага абдан жагат.
- Дагы эмнем жакты?
- Бардыгы!
- А... как мой дружок?
- Который?
- Ну тот самый.
- Кайсы?
- Ошочу.
- А... өлтүрөсүз да, байке. Он просто супер!
- Чын элеби?
- Чы-ын.
- Байке дегениңди койбойсуңбу эми?
- Көнө албай атпайымбы.
- Бир нерсе сурасам капа болбойсуңбу?
- Сураңыз.
- Жанагы айткан придурогуң ким?
- Кайсы?
- Жанагычы, мага жеткирбей кыздыгыңды уурдап алган.
- ...
- Жок, каалабасаң айтпай эле кой. Кыйнабайм.
- Нет. Скажу. Ал деген биздин университеттин ректору.
- Койчу?
- Ошондой.
- Алиги Мырзабек Сабыровичпи?
- Ооба.
- Ой аның жетимиштеп калган чал эмеспи?
- Чал, не чал, но это случилось.
- Чоо-жайын айтып бербейсиңби?
- Жөн эле койбойлубу?
- Өзүң бил.
- А силерге эмнеси кызык?
- Кызык деле эмес, бирок сен мен үчүн эң жакын, родной адам болгондон кийин ортобузда секрет болушун каалабагандан сурап атпаймбы.
- Түшүндүм. Анда айтып берейин. Только от этого Вам больно не будет?
- Больно болсо да угушум керек да.
- Макул... Бул былтыр болгон.
- Деканыбыз чакырды биздин группадагы Альбина экөөбүздү. "Ректоратка баргыла, улуттук кийим киесиңер да, "Манас" аэропортуна барасыңар. Официальный делегация тоскону" деди. Анчейин түшүнбөсөк да жөнөп кеттик. Беш студентканы тандашыптыр. Бою узун, ак чач, курсагы чоң киши уурданып карай бергенинен көңүл бурсам өңү жылуу учурады. Эстесем эки жолу көрүптүрмүн. Папам күркүл жердештерин үйгө чакырып коноктогондо, бети-башын маймылдай чампалап боегон, үнү ачуу аялы менен келген. Көңүл бурган эмесмин. Экинчисинде Асанкул деген таякебиздин кызынын свадьбасынан жолуктургам. Жаштар өзүнчө бийлеп атсак, ушу киши басып келип, колуман нагло жетелеп, белимен имерип, вальска сүйрөгөн. Кагып салайын деп мамам тараптарды карасам, "барагой, бийлейгой" деген ишаратын байкадым да, унчукпай бийлей баштадым.
- Получается, Салия Апышевна сама была заинтересована в вашем знакомстве?
- Ооба да. Мени ректор менен тааныштырып, престижный окууга өтүп алсын деген да.
- Интересная у тебя мама.
- Жо-ок, андай тескери ойлогон эме-ес. Просто таанышсын, улуу кишини кагып койбосун, эртең окууга тапшырганда пайдасы тиер деген болчу да... Нурлан байке, а может мой рассказ Вас уже раздражает?
- Кечирип кой, айперим менин. Просто любопытный нюанстарга кызыгып кетпедимби. Уланта берсең болот.
- Анан ошо. "Ректормун, Мырзабек Сабыровичмин" деп таанышты. "Университетке өзүм өткөзөм" деп убада берди. Бир аз кызууракпы, турмуш, сүйүү жөнүндө философтонуп да ийди. Кебете-кешпири жакпаганы менен, элегантный кыймылы, магниттей тартип аябай кооз сүйлөгөнү эсимде калган. Все, ошо боюнча көргөн эмесмин. Даже окууга тапшырганда дагы мамам чуркап кирип жүргөн, бирок ректор агай мага жолуккан эмес.
- Он же старый волчара. Заранее все рассчитывал. Готовил ловушку...
- Байке-е, Сиз мени кызганып атасызбы?
- Башымды жоготуп сүйүп калсам кызганбаймбы?
- Анда бул теманы токтотолучу.
- Ни в коем случае, крошка. Эң башкысын айта элексиң да?
- Пожа-алуйста, жөн эле коелучу. Сизге жакпай атканын көрүп турам го?
- Аидочка, алтыным, кыйналбай эле сүйлөй бер. Жагат-жакпайт деген маселе жок. Мен толук чындыкты билишим керек. Если любовь твоя ко мне искренна, продолжай дорогуша.
- Макул. Аэропорттон айтты, "шөкүлөнү, нан-туз салынган подносту Тагаевага бергиле, траптын жанына президент менен сен барасың, кызым, толкунданба, коркпо, азыр МИДдин балдары баскан-турганың боюнча консультация беришет" деди. Мен нары басканча, кайра бурулуп, "Тагаева, смотри үшүп калба, муздак жел согуп турат, уктуңбу?.. Америкалыктар да көрсүн, дүйнөдөгү эң сулуу кыздар кайда жашаарын!" деп катуу-катуу сүйлөгөндө, ишенсеңиз, муражки побежали по коже. Түшүнүксүз сезимде калгам. Было и приятно, и тревожно.
- Анан?
- Анан музыка, телекамералардын жаркылдагы, күлүп тез-тез баскан президент...
- Ал сага тийишкен жокпу?
- Ки-им?
- Президентчи?
- Ну и у Вас фантазии, Нурлан Кадырбекович! "Саламатсыңарбы, кыздар" деп эле жаркылдап аялы экөө трап жактан көзүн албай турушту. Церемониясы кыскача эле созулду. Ашып баратса он беш мүнөт. Анан баары эле чуркап "Чайкаларга" отуруп киришти. Мен берки кыздарга кошулганымча болбой, мурутчан бир орус киши жолумду тороп: "Пойдемте Аида, к нам в машину" деди. Таңгалып карап калсам: "Не бойтесь, это задание шефа, нужна Ваша помощь" деди. "Какого шефа?" десем, "Как какого, Мырзабека Сабыровича" деп күлдү. Делдиреп туруп калдым. "Быстрее, быстрее, красотка, нам надо подсуетиться, будут очень почетные гости" деп "Мерседестин" эшигин ачты. Ичинде эч ким жок экен. Шоопуру Бишкекти аралап чыгып тоону көздөй айдаганда чыдабай кетип "остановитесь!" деп кыйкырып ийдим. Ал мобилдик телефонго чалып: "Тут наша помощница паникует" деп сүйлөндү да трубканы мага сунду. Ректор агай: "Аида кызым, сенин жардамың керек. Бүгүн америкалык окумуштууларды сыйлаш бизге жүктөлгөн. Официанттар, тейлеген башка адамдар деле жетиштүү. А сен болгону алдагы татынакай улуттук киймиң менен вечерибизге көрк берип гана жүрөсүң. Түшүндүңбү? Тем более ата-энеңен руксат алып койгом" деп сооротту. "Кызым" деген жери кулагыма жагымдуу угулуп, ата-энемдин билгени да жоошутуп, чымындай жабышкан жаман-жуман ойлорду башыман кубалап ийди.
- Все-таки анча-мынча шектениптирсиң да?
- Анча-мынча гана. А так жүрөгүмдүн түпкүрүндө ушундай солидный жерге катышаарым жагып турган. Анан ошо. Шикарный дачада отурдук. Аябай көңүлдүү. Бир атактуу ансамбль концерт берди, фольклор менен мюзиклди аралаштырып. Дасторкон үстөлү дүр-дүйүм тамакты көтөрө албай турду. Ичишти, бийлешти, тосттору түгөнбөдү. Сырттагы шар аккан суунун боюнан шашлык жешти, кайра ичишти, кучакташып алып ырдашты, сүрөткө түшүштү. Мага бир көз айнекчен переводчик жабыша бергенинен резко кагып салдым. Түнкү саат бирлерде тарай башташты. Америкалык профессордун аялынын көңүлүн кыя албай кызыл винодон бир аз эле ичкем,
бирок эмнегедир өзүмдү кызуудай сезип, көңүлүм алып-учуп, анын үстүнө коноктордун центр вниманиесинде болуп, кечке эле мактай беришкенине жыргап кеттимби, айтор, сама была не своя. Азыр ойлосом, было легкое головокружение от успеха...
- Дачада калып калдыңар?
- Ооба. Элдин баарын узатып, ректор экөөбүз эле калыптырбыз. "Жеткизип коесуңарбы?" десем, водители меймандарды узатып кеткенин, жакында келерин күңкүлдөп койду. Дагы бир аз вино ичтик. Музыка коюп бийледик. Анан уза-ак сүйлөп берди. Он так чертовски умеет заворожить своим разговором, мемиреп эле уга бересиң. Короче... Шоопуру келген жок. Мага видиктен эротикалык фильмин койду да, Мырзабек Сабырович жалгыз бассейнге түшкөнү кетти. Мен жиндиликке бардым. Жарым бутылка винону ичип салдым. Кинону чала-була көрүп, уйку-соонун ортосунда жатсам келди. Кучактады. Жалынды. Обещал золотые горы. Тизелеп алып бутуман өпкүлөдү. Мен ыйладым. Девственница экенимди айтып каргандым. Көнбөй көгөрүп жабыша берди. Ичимен ата-энемди тилдеп жаттым. Эмнегедир алардан өч алгым келди. Мени атайын салып беришкендей ардандым. Но в то же время я отдалась ему осознанно, как бы назло всем, себе, подругам, завистникам, особенно маме... Было больно. Бир сааттай ыйладым окшойт. Ректорум болсо өпкүлөй берди, кечирим сурай берди, "үйлөнөм" деп ант берип баштады. Жуунуп кайра чыксам бочкедей семиз курсагын сылап, тамекисин түтөтүп, такой вальяжный, сытый, довольный болуп, видиктен черный порнуха көрүп отуруптур. Жийиркенип алдым. Тебелегендей, түкүргөндөй өзүмдү кор сезип кеттим. Ал анымды байкабай туруп келди да, кучактап туруп ак конверт сунду да, "мында 1000 доллар бар, менден белек" деди. Чыдабай дагы ыйлап ийдим.
Вот так я впервые в жизни стала женщиной, причем с таким стариком, которому я годилась во внучки... и вот так я продала свое тело...
- Аида, все, унчукпа. Мунун баары артта калган. Успокойся.
Айпериси ыйлап кирди. Күтүүсүздөн Нурландын дагы көзүнөн жаш агып кетти...
...Эскермесинин ушул жерине келгенде министрибиз ойгоно түштү. Стюардессалар ары-бери шыпылдайт. Байбосунов жуунганы басса керек. Нурлан Бишкекке конуп жатышканын түшүндү.
Таңга жуук келди үйүнө. Уулдары кызуу уйкуда. Аялы Алтынай гана адатынча жаны тынбай, тамагын белендеп, "жуунасыңбы?", "чарчадыңбы?", "уктайсыңбы?", "анча-мынча өзөк жалгап албайсыңбы?" деп чебелектеп жүрдү. Үксүйгөн бечара, чачын да тыңдап тарап албаптыр. Диванда бир аз үргүлөгөн каарманыбыз Алтынайдын айлангөчөк атканын караганча ичинен: "Өмүрлүк жубайым болбой эле мени багып-чоңойткон, көзүмдүн кареги менен тең айланган апама эле айланып калдың го, секетим?" деп кайдыгер күңгүрөнүп койду. Турду дагы, аялын бек кучактап, мойнуна жыттап:
- Сенин айлангөчөк атканыңан, кемпирим. Все, прием окончен! Кулайын деп араң турам, бир аз "чырм" этип алайын. Та-ак, канча болду, алты жарым... төрт саат уктасам жетеби? Он бирге чукул ойготуп кой. А то, шефтерим мен Америкада оюн куруп келгендей жаман көрүшөт. Давай, алтуша.
Бир суткадан ашык самолет которуп, жол азабын тарткан жаны "тырп" этпей кызуу уйкуга кетти. Акыл-эсинин түпкүрүндө гана "Аидочкам сагынды бекен?" деген таттуу кыялы "жылт" эте түштү.
Он экиге чукул министрликке барды. Орунбасарлары, жардамчысы, секретаршасы кабылдамадан тизилип тосушту. Нью-Йорктон ырымдап ала келген сувенирлерин таратып, жарым саат кеңешме өткөрдү. Ак үй менен байланышса, түштөн кийин келүүгө чакырышты. Убакыттын кенендигине кубанган Нурлан Кадырбекович шоопурунан ачкычты алып, ак "Жипке" отурду да, айперисине учуп жөнөдү.

(Уландысы кийинки санда)