Бычак ала чуркаган жаштар
2-май күнү таңкы саат 5терде бычактан алган оор жараты менен борбордук ооруканага 24 жаштагы М.Рахматов деген жигит алынып келинген. Ошол эле күнү милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары 21 жаштагы Көк-Жар жаңы конушунун тургуну Э.Турдалиевди жана Арча-Бешик конушунда жашаган 23 жаштагы Э.Касымкуловду колго түшүрүштү. Экөө тең жабырлануучуну уруша кетип бычактагандарын жашырышкан жок.

Мыкаачылар күч алууда
27-апрель күнү саат 20.30да Сокулук районунун Сокулук айылынын тургуну, 73 жаштагы Ю.Львова менен 11 жаштагы небереси Т.Львованын өзгөчө жырткычтык менен өлтүрүлгөн денелери үйлөрүндө табылган. Мыкаачылар пенсионер менен наристеге бир нече жолу бычак сайып өлтүрүшкөн. Учурда окуя иликтенүүдө.
Ал эми ушундай эле каргашалуу окуя 30-апрель күнү Бишкек шаарында катталды. Фучик көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен 70 жаштагы В.Абайбекованын муунтулуп өлтүрүлгөн денеси табылган. Ошол эле үйдөн маркумдун жолдошу, 73 жаштагы Ш.Абайбеков оор абалда ооруканага жеткирилген. Окуянын чоо-жайы иликтенген менен кылмышкер табыла элек. Ушул эле күнү Сокулук районунун Новое айылынын 38 жаштагы тургуну М.Эргешовдун бычак сайылган денеси табылган. Иликтөөлөрдүн жүрүшүндө кылмышка шектүү делип, 20 жаштагы Н.Дүйшөналиев кармалган.
Жогорудагыдай эле оор кылмыш иши 28-апрелде Бишкек шаарында жүз берди. Кечки саат 22.45те Улуттук госпиталга алынып келинген 36 жаштагы Н.Жумабаевди белгисиз бирөөлөр көкүрөккө бычак сайышкан. Жабырлануучу эки сааттан кийин, операция учурунда үзүлгөн. Ошол эле күнү кылмышка шектүү катары 22 жаштагы Нурманбетов кармалып, жабырлануучуну уруша кетип сайганын мойнуна алды.

Таксистти өлтүрүп, тайрактап жашайм деген
2-май күнү Бишкек шаарынын милиция кызматкерлери адам өлүмү боюнча катталган кылмыштын бетин ачышты. 15-апрель күнү "Дордой-2" жаңы конушундагы көчөлөрдүн биринен "Ауди" үлгүсүндөгү автоунаанын ичинен машине ээси А.Чокушевдин денеси табылган. Оперативдүү иликтөөлөрдөн кийин шектүү катары Тунгуч кичи районунун тургуну, 23 жаштагы М.Алиев деген кармалды. Ал мындай каракчылыкты акча табуунун, жабырлануучунун автоунаасын алып кетүү максатында жасагандыгын айтууда.

Жаңы муундун кандуу жаңжалы
30-апрель күнү Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылынын орто мектебинин 9-классынын окуучусу, 16 жаштагы К.Турсунаалы уулу 18 жаштагы айылдашы А.Төлөн уулу менен уруша кетип, аны бычак менен сайып жиберген. Төлөн уулу ооруканага жеткен учурда каза болгон. Окуучу камакка алынды.

Мектеп жашындагы тоногучтар
Бишкекте 30-апрель күнү Ак-Өргө конушунун тургуну С.Досбаев милицияга арыз берип, №77 орто мектептин 9-классынын Бексултан деген окуучусу анын 7-класста окуган уулуна салык салып, апрель айынан бери акчаларын тартып алып жүргөнүн кабарлаган. Иликтөөлөрдүн жүрүшүндө, ошол эле Ак-Өргөдө жашаган Субанбек уулу Бексултан кармалган. Териштирүү жүрүп жатат.
Ушул эле күнү участкалык инспекторлор тарабынан кармалган 16 жаштагы М.Арзымат уулу менен Т.Оматбек уулу дегендер өздөрү менен жашташ Ж.Темирболот уулун коркутушуп, уюлдук телефонун тартып алгандыгы дайын болду.

Маскачан каракчылар
29-апрель түнү саат 03 чамасында бишкектик М.Ибраимовдун үйүнө кирген маскачан каракчылар курал колдонушуп, үй ээсин коркутуп, 50 000 сомун жана алтын буюмдары менен уюлдук телефондорун алып кетишкен. Иликтөө жүрүп жатат.

Автоунаа айдай качам деп...
1-май күнү кечинде Бишкектин Көк-Жар жаңы конушунан И.Жекшенбековдун "Мицубиси-Галант" үлгүсүндөгү S 2734 АА номерлүү автоунаасын белгисиз бирөөлөр уурдай качкан. Ошол эле күнү өзүнүн коңшулары, 21 жаштагы А.Солтобаев менен А.Тамашаев деген уурулар кармалды. Автоунаа айнектери менен фарасы сынган абалда Ахунбаев көчөсүнөн табылган.
Ушундай эле кылмыш иши 29-апрелде Каракол шаарында катталган. Жабырлануучу А.Юнников кечки саат 18дерде "Чайка" дүкөнүнүн алдына келип токтогон учурда белгисиз эки адам келип, аны катуу нерсе менен башка уруп, эсин оодарып, "Мицубиси-Паджеро" S 9094 G үлгүсүндөгү автоунаасын айдай качышкан. Кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү делип Түп районунун Маяк айылынын тургуну 21 жаштагы В.Волковский менен 59 жаштагы С.Денисенко дегендер кармалышты. Ал эми автоунаа талкаланган абалда табылды. Экөө тең мурда соттолгон эргулдар. Азыр тергөө жүрүп жатат.

Баңгиге баштары айлангандар
1-май күнү Бишкек-Ош автожолунун 84-чакырымынан белгисиз адамдар Сузак районунун тургуну К.Ташкуловду тапанча менен коркутуп, тоноого аракет кылышкан. Алардан качып кутулган жабырлануучу милицияга кайрылып, ыкчам аракеттерден кийин ошол эле күнү Аламүдүн районунун тургуну, 25 жаштагы Х.Телебаев, Бишкек шаарынын тургундары, 24 жаштагы А.Баширов, И.Темирбаев жана Г.Арымов дегендер кармалды. Алардын жанынан от тутандырган оюнчук тапанча жана Х.Телебаев айдап жүргөн автоунаанын ичинен 30 граммга жакын марихуана табылды.

Чак түштө кекиртектен алды…
Москва районунун Беловодск айылындагы борбордук базарда жайгашкан "Максат" дүкөнүнө башбаккан бирөө түшкү саат 13төрдө көз көрүнөө кассирди кекиртектен алып коркутуп, кассадагы болгон 680 сомду көтөрүп алып баса берген. Ошол замат участкалык инспектор тарабынан 44 жаштагы А.Нам деген кармалды. Көз көрүнөө кылмыш кылганына караганда, акыл-эси ордундабы (?) деген суроо менен аны текшерүүдөн өткөрүп жатышат.
Уйчуну сабап, уй тоногон ОПГ
29-апрель күнү Сокулук районунун Ново-Павловка айылынын тургуну З.Сыдыков милицияга арыз берип, өткөн жылдын 9-апрелинде Өзгөрүш жайытындагы сарайдан уйчу Б.Асаналиевди 20дай адам ур-тепкиге алып, 7 уйду айдап кетишкенин, ал эми ошол эле жылдын 15-майында, ошол эле адамдар Б.Асаналиевди дагы коркутуп, 19 баш уйду алып кетишкенин айтып арызданган. Иликтөөдө алардын башында К.Көлбаевдин кылмыштуу тобунун лидерлеринин бири Б.Сакеев болгондугу аныкталды.
Б.Сакеев башка кылмыштары үчүн учурда абакта. Азыр анын уй тоногон берки табакташтарын кармоо боюнча иликтөө жүрүп жатат.

Бири агасын бычактаса, бири агасын атты
2-май күнү кечинде Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылынын тургуну, 49 жаштагы Э.Сатыбалдиев 54 жаштагы бир тууган агасы М.Сатыбалдиевди бычак менен ичке сайып жиберген. Ооруканага оор абалда келип жаткырылган жабырлануучу иниси менен болор-болбос чырдан улам уруша кеткенин билдирген. Учурда кылмыш иши козголду.
Ушундай эле кылмыш иши 2-май күнү Таластын Кара-Буура районунун Шекер айылында катталган. Майрамдан кийин башы жакшы жазылбай калганбы, 24 жаштагы М.Арстанбеков өз үйүндө "ИЖ-16" мылтыгы менен эч себепсиз эле бир тууган агасы 35 жаштагы М.С.Арстанбековду атып жиберген. Майда октор жабырлануучунун бир нече жерине чачырап, учурда оор абалда реанимацияда жатат. "
Айыгар-айыкпасын азырынча айта албайбыз" дешет ак халатчандар.

Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн аял
2-май күнү Араван районунун Жеке-Мисте айылындагы латоктон, башына пакет кийгизилген, денеси шейшепке оролуп, зым менен муунтулуп өлтүрүлгөн адамдын денеси табылган. Жергиликтүү милиция тынымсыз иликтөө иштерин жүргүзүп, маркумдун өздүгүн аныкташты. Ал Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, 42 жаштагы Г.Эргешова болуп чыкты. Мындай мыкаачылык кылмыш кимдин колунан келди деген суроо менен милиция иликтөө жүргүзүүдө.

Атасынан ок жеген уул
29-апрель күнү милиция кызматкерлери тарабынан Кемин районунун Боролдой айылынын тургуну, 58 жаштагы В.Мусатов кармалды. Ал 28-апрель күнү кечинде өзүнүн уулун эки жолу ичке атып, жарадар кылган деп шектелүүдө. Уулун атканга эмне себеп болгондугу азыр териштирилип жатат.

Досунун жашоосун кыйган "дос"
30-апрель күнү Ош шаарынын тургуну, 20 жаштагы М.Рахматиллаевдин квартирасынан 20 жаштагы А.Абдиламит уулунун денеси табылган. Анын башы жарылып, киши колдуу болгон. Бул маалымат боюнча иликтөө жүргүзгөн милиция кызматкерлери үй ээсин суракка алышканда, мастык менен досун өлтүргөнүн мойнуна алды. Учурда М.Рахматиллаев камакка алынып, тергөө жүрүүдө.

Арамкор милиционер
Алкымы бузулгандар акыры барып торго илинерин турмуш көргөзүп келатат. Бирок, напсисин тыяйын дегендер жокко эсе. Айрыкча колунда кызматы бар адамдар мындай илдеттен айыга албай келишет. Өзгөчө, коомду ошол каргаша илдеттен айыктыра турган укук коргоо органдарында иштеп жүрүшкөндөр өздөрү арам оокаттын артынан түшүп, "бөрк ал десе баш алып" жатышкандыктары таң калтырбай койбойт.
Мындай алкымын тыя албаган кызыл шапкечендер кыйла экендигин акыркы мезгилдеги ИИМдин коопсуздук кызматынын отчетторунан улам баамдасак болот. Жакында дагы бир арамкор торго илинди. Аталган министрликтин атайын кызматына Н.Т.аттуу ишкер арыз менен кайрылган. Арызда "кылмыш ишин козгоймун" деп милиция кызматкери 30 000 сом өөнөп атканы айтылган. Жүргүзүлгөн оперативдүү иликтөөлөрдүн натыйжасында, 29-апрель күнү Бишкек шаарынын көчөсүнөн эле жогорудагы милиционер пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү. Бакыйган эле офицердин чөнтөгүнөн мурда алдын ала даярдалып, порошок менен сүртүлгөн 10000 сом акча чыкты. Учурда кызматтык иликтөө иштери менен катар кылмыш иши да жүргүзүлүүдө. Эмне себептен мындай кадамга барган "кызыл шапкечен" тууралуу кийинки санда кеңири айтмакчыбыз.

Даярдаган
Бакай Кайдакеев