Ээсиз арал эй!

Улуттук Банкты жетектөө "көкбөрүгө" алынгандай...

Бактыгүл Жээнбаева жетекчинин милдетин аткаруучу катары Улуттук Банкты эмгиче башкарып келе жатат. Депутаттар анын талапкерлигин бекитип беришкен жок, а Роза Отунбаева жаңы талапкерди парламент кароосуна сунуш кыла элек. Мындан ары Улуттук Банкты (УБ) ким жетектеши мүмкүн?

Өткөн жылы Роза Отунбаева өз курбусу Бактыгүл Жээнбаеваны УБга дайындаары менен, ал орун басары Абдыбалы тегин Сүйөркул экөө бир нече банктарды жок кыла башташканы жалганбы? Алардын бирөө банкрот болду, калгандары акыркы демдерин согуп жатышат. Кыязы, банк секторун талкалоо экөөнө жагып калгандай. Ошон үчүн Жээнбаева УБда калышы мүмкүн деген имиштер тарап жатат. Бирок, төрайымдык орунда эмес, банк көзөмөлүн тейлеген орун басарлык кызматта. Ал эми Абдыбалы тегин Сүйөркулду төрагалыкка бекитишсе, анда эле банк секторунун күнү бүтөрүнө ишенесиз да? Физиктин дипломун кучактаган адам банк тармагын кантип өрдөтүп жибермекчи? А бирок, бу киши дайындалса АУБны кандай банкрот кылышкандыгы, банк ячейкаларынан алынган акчаларды кантип үлөштүрүшкөндүктөрү тууралуу сырлар ачылбастан кала берет.
Бул жогорку орунга Улан Сарбановдун талапкерлиги да каралууда. Ал буга чейин Акаев убагында УБны жетектеп кеткен. Балким ал банкир катары дурустур, бирок, эки жүздүү мүнөзүнүн айынан банкирлердин баары аны жактыра беришпейт. Анын убагында УБ көз карандысыз болгон эмес. Анткени акаевдик үйбүлөнүн да сүймөнчүк банктары болгон. Өткөн жылга чейин Сарбанов Михаиль Наделдин кол астында, "АУБ-Кайрымдуулукта" иштеп, Надель ага абдан чоң өлчөмдөгү айлык акы төлөп турду. А бирок, апрель революциясы болору менен Сарбанов турган жеринен өзүнүн мурунку шефин боктой баштады. Анын мүнөзү ушундай.
Улуттук Банктын төрагалыгына учурдагы "РСК-Банктын" башкы директору Руслан Акматбековду же анын орун басары Алмаз Айбалаевди дайындап коюшу мүмкүн. Бул экөө тең Жогорку Кеңештин депутаты Марат Султановдун шакирттери. Руслан Акматбековду ал Улуттук Банктан "РСК-Банктын" жетекчилигине чейин көтөргөн. Ал эми Алмаз Айбалаев болсо, Баткендин мурдагы губернатору Мамат Айбалаевдин уулу, Султановдун тууганы. Булардын ийгиликтери тууралуу маалымат аз. Бирок, Акматбеков бир кездеги каржы министри Чоробек Имашевди АУБду реабилитациялоого акча бөлдүрбөгөнгө көндүрүү менен банктын банкрот болушуна ортоктош болгон дешет. Ал эми АУБ банкрот болгон соң, маморгандардын негизги төлөөлөрү "РСК-Банкы" аркылуу өтүп жатканы белгилүү. Бул банкка Соцфонддун каражаттары да которулган. Чынын айтыш керек, мамлекеттик банктарда тейлөө жааты начар.
Ошондой эле, бу жакка Султан Медеровдун талапкерлиги каралып жаткандыгы айтылууда. Бу киши Отунбаева менен мурунку премьер-министр Амангелди Муралиевдин кадры. Албетте, эгер аны шайлап калышса, президенттин үндөөсү менен иш алпарары турган иш.
Бул орунду УБнын башкаруучулар кеңешинин төрага орун басары, мамкызматта көп жылдар бою иштеген Зина Асанкожоевага да сунуштап көрүшкөн. Бул айымды УБны жеке жем акырына айландырган Бактыгүл Жээнбаевага тең салмак болсун деп алып келишкен болчу. Асанкожоева УБга мыкты жетекчи боло алмак. Бирок, бизге белгилүү болгондой, бул кызматтан ал өзү баш тартып коюптур. Анткени, Жээнбаева менен Сүйөркул чаташтырган ишти башына үйгөндү эч ким каалабай турат.
Жогорку кызматтан банктар бирлигинин президенти Анвар Абдраев да баш тарткан. Ал да мындай жоопкерчиликти тартып калуудан тартынып турат. Бул акыл эси соо адамдар Жээнбаева бир эле жылдык башкаруусунда кандай ботко чалганын көрүшүп, Улуттук Банктын башына келүүдөн баш тартышууда дегенди билдирет.
Айтчу сөз ушул, эми жаңы талапкерди көрсөтпөй создуктуруп жаткан Роза Отунбаевада... Бу киши профессионалдар анын үндөгү менен баспай турганын жана алар бир жыл ичинде УБ банк секторун атайын муунтканы тууралуу унчукпай койбошун түшүнүп турат. Ал эми профессионал эместерин Жээнбаевага окшотуп парламент кабыл албайт. Эгер банк тармагындагы абал дагы кыйчалыштай бере турган болсо, анын кедергиси баары бир президентке тийбей койбойт.

Бекбол АЙДАРОВ




  Суук көз

Максим, "Мегакомдон" колуңду тарт!

2010- жылдын 7-апрелине чейин "Мегаком" компаниясы Максим Бакиевге тиешелүү болуп келгенин баарыбыз эле билебиз. Эми Максим деген эргул чет жакада жүрүп алып, учурунда зомбулук менен тартып алган бул компанияга көз артып, кайрадан ээлик кылуу амалын кылып атканы маалым болду.

Алексей Елисеевдин жардамы менен...
Кыргызстанда "Мегаком" аттуу бирден бир уюлдук оператордун жаралуусунун башатында орусиялык "Penwell" инвестициялык компаниясы турганы белгилүү. Киреше түшкөн ар бир булакка сугун арткан Максим Бакиев учурунда Алексей Елисеев деген досунун жардамы менен рейдердик басып алуу аракетин кылып, бул мыйзам бузган таза эмес оюндарын мыйзамдаштыруу үчүн "Serpeus" компаниясын зор-күчкө салып эле, аренага алып чыгышкан.
Бул рейдерлик баскынчылык боюнча кылмыш иши козголуп, учурда ишти соттор карап атышат.

Адал ишке умтулбаган "Serpeus"
Кыргызстандын бир дагы соту "Serpeusту" "БиМоКомдун" чыныгы кожоюну деп эсептеген жок. Жогорку Соттун артында Елисеев турган "Serpeus" компаниясынын "Мегаком" боюнча кылган иштерин туура эмес деп тастыктап, "Penwell" компаниясынын акцияларынын 51%ын мыйзамсыз тартып алган" деп акыркы чечимин чыгарган. Ошого карабай кээ бир массалык маалымат каражаттарынан тескери маалымат таратылып, коомчулуктун башын айландыруу амалдарын кылып атканы байкалып атат.

Бечара көздөнгөн Максим
"Serpeus" өзүн байкуш сезип, калыс эмес иштердин курмандыгына чалынганы тууралуу зар какшап, "Мегаком" башында эле Максим Бакиев менен иш алып барган деп билдирди. "Уурусу күчтүү болсо ээсин доого жыгат" болуп. Чындыкка жатпаган калпты айтып атышканына күйөсүң да. "Penwell" 2010-жылдын апрелине чейин эле Максим менен күрөшүп келген. Бечара көздөнгөн Максимдин иши оңунан чыкпай, Елисеевдин схемалары урап калганына байланыштуу "Serpeus" амалкөйлөнүп, башкача боек менен "БиМоКом" кызыкчылыгын коргоо иштерине аракет кылган.

Калптын казаны кайнабайт
"Serpeus" "БиМоКомдун" акцияларынын, анын ичинде "Penwellге" тиешелүү үлүшкө кошо Максим Бакиевдин структураларына 195 миллион доллар төлөгөнү тууралуу какшап келет. Бирок, муну далилдеген эч кандай документ-кагаздар жок. Бул кылганы аз келгенсип, кыргыз өкмөтүнөн компенсация сурап атышат. Эмнеге экенин өздөрү деле билишпейт, же түшүндүрүп айтып бере алышпайт. Анткени, "калптын казаны кайнабайт" эмеспи. Айткан-дегендеринин баары четинен калп болуп чыгып атат.

Кыргыз эли утулат
"Serpeus" компаниясы утуп ала турган болсо, анда Максим Бакиевдин реванш алганы деп түшүнүңүз. Ошону менен бирге Кыргыз мамлекети "Мегакомду" улутташтыруудагы 49% үлүшүнөн да ажырайт. Бирок, "Penwell" инвестициялык компаниясы "Мегакомду" өлкөнүн кызыкчылыгында коргоо үчүн бүт аракетин жумшайт деген ишеничте. Жана дагы "Serpeusка" колдоо көрсөтүп аткандар бир күнү болбосо бир күнү жооп бере турган кез келээрин унутпаса.

Нуркул АЙТБАЕВ