Бишкек шаардык соту "Serpeus Inc" компаниясынын "Мегакомго" болгон талашына чекит койду
"Com Serpeus Inc" холдинги тарабынан көзөмөлдөнүүчү ЖАК "Ermen TOO Resourses" компаниясы Megacom уюлдук операторунун үлүшүнүн 100 пайызын мыйзамдын негизинде сатып алды деген чечимин чыгарды. Ошондуктан, бул компания уюлдук оператордун ак ниеттүү сатып алуучусу болуп эсептелинет.
Сот уюлдук оператордун акцияларын сатып алуу келишими Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарына ылайык өткөрүлгөн деген чечим чыгарды. "Мегакомду" сатып алганда "Ermen TOO Resourses" үчүнчү тараптар тарабынан сатылып алынган мүлккө карата мүмкүн болгон талаштарды билиши жана билүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгондугун сот тааныды. Аталган фактылар Бишкек шаарынын Район аралык сотунда 2010-жылдын 9-сентябрындагы "Penwell Business Limited" холдингинин уюлдук операторунун 51% акциясына болгон укугун тааныган чечиминде эске алынган эмес, ошентип алар "Ermen TOO Resourses" ЖАКтын акниеттүү сатып алуучусунун укугун жана мыйзамдын кызыкчылыгын бузушкан. Ошентип, сот Республиканын Юстиция министрлигин, Бишкек шаарынын юстиция башкармалыгын ЖАК "БиМоКом Лтл" ээлик кылган документтерге "Ermen TOO Resourses" ЖАКты "БиМоКом Лтл" ЖАКынын 100% үлүшүнө ээ экенин өзгөртүп жазууга милдеттендирди. Ошондой эле юридикалык тараптардын мамлекеттик каттоосуна тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизиши керек.
Соттун чечими жарыя кылган күндөн тартып мыйзамдуу түрдө күчүнө кирери жалпыга маалым.
Serpeus Inc. ЖАК "Лорена Холдинг" уставдык фондунун 100%на ээлик кылат, бул компания "Ermen-Too Resourses" ЖАК ээси. Акыркы структура рынокто "Мегаком" соода бренди менен иштеген "БиМоКом ЛТД" ЖАКнын акциясынын 100%ын ээлейт. "Serpeus" уюлдук операторду 2008-жылы 195 миллион долларга, Кыргызстандын бюджетине 851 миллион сом өлчөмүндө салык төлөп сатып алган.

"Serpeus Inc" компаниясынын расмий билдирүүсү
Биз, Жогорку Кеңештин жумушчу тобу өз ишинде мүлктүк талаштын бардык субъектилерине карата бирдей карап, көз карандысыздык принциптерин бузбашына жана кызыкдар тараптын бири болгон - "Penwell" компаниясын колдоону максат кылбайт деп ишенебиз. "Serpeus Inc" компаниясы, ЖКнын жумушчу тобунун мүчөлөрүнө "Penwellдин" кызыкчылыгы үчүн кысым жасалбайт деген ишенимдебиз.
"Serpeus Inc" компаниясы 2008-жылы "БиМоКоМ ЛТД" ЖЧКсын 195 млн. долларга таза ниети менен сатып алган. Ошону менен Кыргызстандын бюджетине 797 млн. сом түз салык төлөмдөрү катары түшкөн. Жумушчу топтун жыйынтыктуу документи укукту далилдөөчү эмес, саясый мүнөзгө ээ экенин эске алып, "БиМоКоМ ЛТД" ЖЧКсынын активин "Serpeus Inc" компаниясынын сатып алуу фактысы чагылдырылышы керек деп эсептейбиз.
"Serpeus Inc" компаниясы адилет чечим чыгаруу үчүн КРнын сотторуна бардык материалдарды тез арада өткөрүп берүүсүн талап кылат. "БиМоКоМ ЛТД" ЖЧКсынын менчик ээси жөнүндөгү маселе Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана эл аралык укуктун нормаларына ылайык соттук тартипте чечилиши керек. Болбосо, "БиМоКоМ ЛТД" ЖЧКсын "Serpeus Inc" компаниясы тарабынан 195 млн. долларга сатып алгандыгы үчүн Кыргыз мамлекетине компенсация төлөө милдети жүктөлөт.

"The Fourth Dimension": Кыргызстандыктар "Мегаком" Реймандын көзөмөлүнө өтүшүнө каршы
Суралгандардын 46%ы уюлдук операторду 195 млн. долларга сатып алган "Serpeus" компаниясынан мамлекет "Megacomду" тартып албашы керек деп эсептешет. Суралгандардын 34% "Megacom" РФнын экс-байланыш министри Леонид Реймандын "Penwell" компаниясына тийиштүү болушун каалабайт. 44%ы кулатылган президенттин уулу Максим Бакиев менен Реймандын байланышы жөнүндө белгилүү экенин билдиришкен. 57%ы "Megacomду" көзөмөлгө алуу укугуна ээ болуу үчүн орус олигархы Кыргызстандын чиновниктерине пара сунуш кылганын жокко чыгарышпайт. Суралгандардын үчтөн экиси коррупционер-чиновниктердин иштен кетишин талап кылууга даяр.
Сурамжылоо "The Fourth Dimension" социологиялык компаниясы тарабынан 2011-жылдын 15-апрелинде жүргүзүлгөн.




ЖАК "Альфа Телекомдун" акционерлеринин жыйыны болбой калды?
Мамлекет алдыңкы уюлдук оператор үчүн күрөшүүнү укуктук нукка бурууга аракет кылып жатат. Бирок, ага жолтоо болуудабы?
Өткөн жуманын аягында билдиргендей, ЖАК "Альфа Телекомдун" акционерлеринин жыйыны кворум жок болгондугуна байланыштуу болбой калды. 24.kg. маалымат агенттигинин маалыматы боюнча жыйналышка улутташтырылган 49 пайыз акциянын ээси болгон мамлекеттик мүлк министрлигинин, 50 пайыз акциясы менен "Southfield Management Inc" компаниясынын өкүлдөрү келишиптир. Ошондой эле 1% акциясы менен "Vesatel United Limited" деген компаниянын өкүлдөрү катышышы керек экен, алар жыйынга катышпаптыр. Бирок, кворумдун жоктугу мында эмес. Бишкек райондор аралык сотунун чечими менен "Southfield Management Inc" компаниясы жыйынга катышуу укугунан ажыраган. Акционерлердин жыйынына катышуу укугуна ээ болуу үчүн тастыктаган документтердин толук пакетин көрсөтө албагандыктан "Southfieldдин" 50% акциясы камоого алынган.
"Ernst & Young" эл аралык аудитордук компаниясы март айында "тобокелчи долбоор" аташып, "Мегакомду" (ЖАК "Альфа Телеком") аудитордук текшерүүдөн баш тартышканын басылмалар мурда билдиришкен. Компания пайдаланып жаткан ЖАКтын активине ээ болуу укугу, чындыгында эле өзүнө тийиштүү деген аудиторлордо шектенүү болгон.
Мамлекет уюлдук оператор боюнча ишти саясый талашып-тартышуудан бөлүп, укуктук талаага буруп жатканы кубанычтуу. Дал ошол укуктук талаада гана ЖАК "Альфа Телеком" компаниясынын мыйзамдуу ээсинин укугу аныкталат. Кыргызстандын бийлигинин бул аракети канчалык ийгиликтүү болот, ал республиканын инвестициялык келечегине көз каранды болушу ыктымал.
Аталган маселени чечүү боюнча жумушчу тобунун башчысы Акылбек Жапаров кезектеги жыйында, "ЖАК "Альфа Телекомдун" ээси ким гана болбосун, ал Кыргызстандын өкмөтү менен инвестициялык макулдашууга келишим түзүшү керек" деп билдиргенин эскерте кетмекчибиз. Анын сөзү боюнча өлкөнүн аймагында иштөөнү каалаган ишкерлер мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыкты, инвестициялык климатты жакшыртууну камсыз кылуу максатында макулдашууга кол коюшу керек. "Анда уюлдук операторго укукту жана мүмкүнчүлүкту түзүп берген үчүн адекваттуу наркты кайтарып алууну бюджетке киргизүү каралышы керек" деп кошумчалады Акылбек Жапаров.