Көшөгө артынан

Бабанов эмне үчүн кызматтан кетти?
"Мегаком-гейт" жогорку жакта олтурган лөктөрдүн карьерасын олку-солку кылып туру. Азырынча биз Башкы прокурордун милдетин аткаруучу болгон Кубатбек Байболов менен коштошуп, биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабановдун бир айлык эс алууга кеткенине күбө болдук.
Биринчиси ээлеген кызматынан биротоло кол жууса, экинчиси "өз каалоом менен" дегендей кылып, суудан кургак, тегирменден бүкүлү чыгууга аракет жасап, бир айлык мөөнөткө олтурган креслосун таштап кетти. Төбөсү көрүнүп калган эки саясатчы Рейман Огянниковдун тобу көзөмөл жүргүзгөн "Penwell Business Limited" уюлдук оффшор-операторуна байланышкан коррупциянын тегерегинде чок кармап олтурат.
Өмүрбек Бабановдун үстүндөгү ала булут өзү башында туруп "КСДП", "Республика" жана "Ата Журт" партиялары кирген парламенттик көпчүлүктө бир ай мурун пайда болгон. "Жатып өлгүчө атып өл" деген принципти тутунган Байболов антибабановдук компаниянын көч баштоочусу болду да, калды. Саясый борттон алыс түшкөн экс-Башкы прокурор апрель окуяларынын баатыры катары таарынып, жөн кетпестен эшикти тарсылдата жаап, Жогорку Кеңештин трибунасынан Бабановду рейдер "питердик достордон" пара алган деп айда шыбап, күнөөлөп кеткен. Байболовду апрель окуяларынын баатыры деп атоого дегеле ооз барбайт. Анткени, Убактылуу бийликти ошол учурда Америкада жатып алып сындабады беле?
Байболовдун айткандары "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев үчүн көктөн тилегени жерден табылгандай эле болду. Себеби, Чиркешовичтин өзүнүн адашына саясый жактан тиш кайрап жүргөнү маалым.
Россиянын "Көз карандысыз газетасынын" сурамжылоосундагы эксперттер биринчи вице-премьердин убактылуу кетишинде Кремлдин таасири бар экенин ишенимдүү айтышкан. Бабанов ошол учурда Москвада болуп, Кыргызстан үчүн ийгиликтүү болбогон сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү көпчүлүккө маалым. Россия Кыргызстанга биринчи ирет өзүнүн позициясын так, кесе белгилеп, эгер кыргыз бийлигинин жетекчилери өзүлөрүнүн милдеттерин так аткарбаса, анда эч нерсеге жарабаган экономикасы бар Кыргызстан Россиядан үмүтүн үзүп койсо болоорун жарыялады. Океңдер биздикилерден мындан бир жыл мурун кредитке берген 30 млн. доллардын кайда жумшалгандыгы тууралуу отчет берүүсүн талап кылууда. Мындан сырткары, сырткы карыздын ордуна төлөнүүчү болгон "Дастан" заводунун 48 пайыз акциясы, "Кыргызгаздын" 75 пайыз акциясын "Газпромго" сатууну, убада кылып койгон кыргыз бийлигине "убаданы качан аткарасыңар" деген суроону кабыргасынан коюп олтурат. 2009-жылы КурСалиевич "Обаманын базасын чыгарам" деп алып келген 300 млн. доллардын пайызын өз убактысынан мурун төлөй баштамакчыбыз. Орус бийлиги ушундай чечим чыгарууда.
Такталбаган маалыматтар боюнча, Бабановдун Москвадагы дагы бир жолугушуусу Леонид Рейман менен болгон. Ошол расмий эмес жолугушууда "Мегаком" тууралуу сөз козголот. Дал ушул жолугушуу Кремлдин ачуусуна тийип, биздин бийликтегилерге болгон чыдамкайлыгы жетер жерине жетет. Себеби, орус бийлигинин олигархтын карманган позициясына ичи чыкпай келет. Муну биздин жетекчилер деле бизден жакшы билсе керек. 2008-жылы май айында Леонид Рейман байланыш министрлигинен айдалса, 2010-жылдын сентябрында Дмитрий Медведев аны президенттин кеңешчилигинен алып түшөт.
Биринчи вице-премьер-министрдин "убактылуу" деп жасаган кадамын сынчылар өзүнүн дарегине айтылып жаткан күнөөлөрдөн арылып, саясый аренага таптаза адам болуп чыгууга жасаган аракети деп баалашууда. Алар Бабановдун жасаган жоругу Конституцияга эле эмес, Эмгек кодексине да каршы келээрин белгилешүүдө. Анткени, мыйзамда " ыйгарым укугун убактылуу токтотуу" деген түшүнүк жок экен.
Жакындан бери Бабановду коргогондорго караганда сындагандар көп болуп жатканын айта кетүү керек. "Республика" партиясы биринчилерден болуп партия лидерин колдоодо. Экинчиден, биринчи виценин атын ызы-чуудан сууруп чыгууга "Penwell Business Limited" баш-оту менен киришкендей. Ооба, дал ошол "Penwell", Бабанов жең ичинен сол чөнтөккө солочу параны алганбы? "Penwell Business Limited" расмий түрдө Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Ө. Бабановдун жеке кызыкчылыгы жана анын тарапташтарынын кызыкчылыгы үчүн кандайдыр бир талаптар сүйлөшүү учурунда болбогондугун жарыялады. Бул билдирүүдөн кийин Башкы прокурордун милдетин аткаруучу менен россиялык инвесторлор прокурордун жасаган кызматына карабай бурулгус болуп коштошсо, анда алар бабановдук ресурсту борттон алыс ыргытууга шашылбай турганы белгилүү.

Кубаныч Кудайбердиев




  Эл өкүлдөрү элегинде...

"Мегаком" Бакиевге өткөрүлүп берилеби?

"Мегакомдун" ишин иликтеген депутаттык жумушчу топ деги эле акылга сыйбаган чечим кабыл алды. Бир жагынан депутаттар кыргыз Фемидасынын акыркы бүтүмүн күтпөй эле, өз алдынча компаниянын ээлерин аныктап коюшса, экинчи жагдай, компанияны мамлекеттин пайдасына улутташтыруу ниеттеринен баш тартышып, анын ордуна компанияны экс-президенттин уулу Максим Бакиев менен байланышы бар орус олигархына бере салышты.


"БиМоКом Лтд" ЖЧКсынын белгиленген капиталынын (мүлктүк) 51% үлүшү "Penwell Business Limited" компаниясынын белгиленген укуктуу менчиги деп эсептелсин". Депутаттардын жумушчу тобу аз эмес, көп эмес дал ушундай мазмундагы пикирин таратышты. Арийне, эки жума мурда алар, "Мегаком" үчүн дээрлик 200 миллион доллар сарптаган компания менен окшошкон "экстердин" (кызматынан бошогон орус министри, өз өлкөсүнөн качкан Максим Бакиев) компаниясынын өз ара чыр-чатагы боюнча сот инстанциясы акыркы бүтүмүн чыгармайынча, компания улутташтырылып, мамлекеттин көзөмөлүндө туруш керек деп эсептешкен.
Эл өкүлдөрүнүн тийиштүү ыйгарым укугу, жөнөкөй мыйзамдык негизи жок туруп, эмне үчүн мындай кадамга баргандарын түшүнүү кыйын. Бирок, "Мегаком" иши коррупцияга тоскоол болгон бир канча чиновниктердин карьерасын "капшыра" басканын эске алсак, социал-демократтар, "Республика" жана "Ата-Журт" партиясынан түзүлгөн жумушчу топтун мүчөлөрүн ынандырууга 300 миң доллар өлчөмүндөгү сумманы сунуш кылган имиш-имиштер чындыкка жакындай сезилет. Анткени, "Альфа Телеком", ЖАКтын 100% акциясынын бардыгын мамлекет конфискациялап, мобилдик оператордун менчик ээсин соттук тартипте аныктоо керек деген платформа ошол эле бойдон сакталып, депутаттык топтун башчысы Акылбек Жапаров бул документке кол койбогону тастыктап турат.

Сынды көтөрө албайт
Депутаттар, көпчүлүк үчүн ушундай шектүү чечимди кабыл алышып, ага юридикалык жана логикалык жактан туура документти даярдашканга аракет кылышкандай түр көрсөтүшкөнүн болжоого болот. Канткен менен, апрель окуяларынын учурунда көтөрүлгөн жана бийликти чырмап калган коррупциядан чарчаган шайлоочулардын симпатиясын айтпаганда деле, кол коюу үчүн акча эле эмес, майлуу-сүттүү кызматтык карьера тургандыр.
Бирок, "шамдагай кол" бул жолу уят кылбады. Себеби, акыркы учурларда "сунуштар" түшө баштаганда, чечимди өзгөртүүгө туура келди. Аң-сезимди өзгөртүүнүн азыгы, "Мегакомго" "Penwell'" укугун таануу боюнча өзгөртүү киргизилген бешинчи пункт жөнүндө сөз жүрүп жатат. Ошону менен бул пункт бир эле документтеги резолюциянын эски редакциясындагы 3 параграфы менен кантип катарлаш турганын түшүнүп болбойт. Анда, "Кыргыз Республикасынын сот органдары чыныгы ээсин аныктагандан кийин "Мегакомдун" менчик ээси менен инвестициялык макулдашууга кол коюлат" деп жазылып турат. Мында депутаттар компаниянын чыныгы ээсин "белгилеген" чечим чыгарган, эми сот дагы "аныктайбы", анда бу жагы кандай болуп калат?
Негизи бешинчи пункттан баштап олуттуу көрүнгөн документтин парадоксуна баш айланат. Алтынчы пункттагы, "Биринчи вице-премьер министр Бабанов Ө.Т. орус инвестору - "Penwell Business Limited" компаниясынын өкүлүнөн акча каражатын талап кылууга акысы жок экенин жумушчу топ белгиледи" дегени эле нени каңкуулайт? Бул жерде, депутаттар чарбалык талашты гана чечүү үчүн эмес, коррупция жана опузалоо менен алек болгон кылмыш укугунун жоопкерчилигин моюнга алып жатышат.

"Шыктануунун" булагы
Алтынчы пункт Бабановду коргогон "Penwell'дин" билдирүүсүнөн сөзмө-сөз которулуп алынганы кызык. Жакында эле ушул компания Бабанов 50 миллион доллар пара сурады деп кыйкырып чыгышканын эскертебиз. Бирок, биринчи виценин Москваны көздөй чапкылаганы өзүн актады окшойт. Кыргыз ММКларынын маалыматы боюнча ал "Penwell'дин" кожоюндары Леонид Рейман жана Глеб Огнянников менен жолугушкандан кийин, "орус инвесторлору" каардуу жүзүн сыйрышып, Бабанов тарабынан опузалоо болгонун танышып, атайын билдирүү жасашты.
Чечим кимдин колу менен жазылды экен? Эл өкүлдөрүнүнбү же Леонид Реймандын, же Максим Бакиевдин кызматчы сөрөйлөрүнүн колу мененби? Соңку учурда жумушчу тобунун "реймандык" чечимин ишенимдүү колдогон азыркы парламенттик "Республика" партиясынын түздөн түз таасирин айтышууда. Көптөн бери басма сөздө бул партия иш жүзүндө Максим Бакиевдин тарапкерлерин калкалаган жана бакивдердин акчасы менен түзүлгөн саясый партия деген божомолдор айтылып келүүдө. Мында Москвада болгон жолугушуудагы Рейман менен ысык ымалалуу макулдашууга келүүдө Бабанов жөн гана ортомчу болгон деген тыянак чыгарууга болот. Бул пакттагы чыныгы өнөктөш Максим Бакиев болгон.
Мына ушундай жагдайда компотенттүү органдардын аракетине ыктап, акыр аягында процесске катышкан бардык катышуучулар үчүн, балким, кылмыштуудур, ар кандай "сунуштардын" юридикалык жагын аныкташ керек эле. Бирок, көптөгөн жылдардын аралыгында "Мегакомду" Бакиевдер жана россиялык псевдоинвесторлор акча каражаттарын чет өлкөдөгү эсептерге которуу үчүн "туңгуюк" катары пайдаланып келгенин эске салуу абзел. Ушул мобилдик оператор аркылуу каражаттарды ташып кетүү менен алек болгон Бишкектеги бир нече жогорку технологиялык даректердин аныкталышы шпиондук эпопеяга окшош экенин дагы бир ирет тастыктап турат.
Бирок, тилекке каршы, Кыргызстанда "бул кубулуш" ушуну менен эле чектелип калбайт. "Мегакомдун" тарыхындагы компаниядан 195 миллион доллар чыгарып кетпей, реалдуу сарптаган инвестордун каражаты качан кайтарылып берилет?" деген собол дале ачык бойдон турат. Ушу кезге чейин бардыгын өлкөнүн укуктук талаасында чечүүдөн үмүт арткан компания, атамекендик соттор аркылуу өзүнүн кызыкчылыгын коргоп келген болчу. Эгерде, калктын кызыкчылыгын коргогондордун үмүтү акталбаса, чыр-чатак эл аралык деңгээлге жетиши мүмкүн. Бул бир гана мамлекеттик бюджетти коротуу эмес, мамлекеттин имиджине да доо кетирет.

Бекбол айдаров