Урматтуу окурман, эгер сиздин бактыңыз ашынып, жүрөгүңүз толкуп турса, же тескерисинче, көңүл чөгүп, кыжырыңыз келсе, биз сиз менен бөлүшүүгө даярбыз. Үкөгүбүздө СМСке орун көп. Мейли куттуктоо жазыңыз, же кимдир бирөөгө сүйүү арзууңузду билдиресизби, же коомдук саясый турмушту талкуулайсызбы, өз эркиңиз.
Билдирүүлөр
аптанын ар күнү
кабыл алынат.

Элмурза президент боло турган адам. Мен ал кишини колдойм!


5943. Жөнөкөйлүк - ыймандуулукту жаратат, ыймандуулуктан - адамдык сапат жаралат. Ансыз адамдын жашоосу маанисиз болуп кала берет.
Базаркул, Жалал-Абад

5944. Бакиевчилер коалицияны таратууга аракет кылып жатышат.
5654 абоненти

5945. Эки талдын арасы, Жүмагүлдү карачы. Сүйөм сени Жумагүл, уялганын карачы. "Жүмагүл" десем карайсың, сүйүшүмдү байкабайсың. Сүйгөнүмдү айтсам сага, "сүйгөнүм бар" деп карабайсың.
5048 абоненти

5946. Сен сулуусуң. Суудагы аккуудайсың, а менчи, ошол суунун бакасы. Сен аккуусуң учуп жүргөн, мен да жүрөм сага жетпей, ала каргадай. Ушундай сулуу ала карганы сүйчү беле?
Айбек

5947. Кыргыздар! Алтындан артык туугандарым! Кыргыз улуу эл экенин эч ким танбайт. Анда кыргызды чөөгө салыштыргандарды таап, жазасын бербесек, кийин кеч болуп калат, улуу урматтуу Манастын урпактары!
8717 абоненти

5948. Сүйүү
Сени сүйүп болдум акын,
Сени күтүп болдум баатыр.
Сен деп жашап жүрөмүн,
Сени сүйдүм жаш селки.

Бакытка кимдер гана ишенишпейт,
Бакытка умутулушпайт.
Бактылуу бол менин сүйгөнүм,
Бактымды мен да издеп жүрөмүн.

Асманга ай толор бекен?
Айды жылдыздар орор бекен?
Мелжиген сүйүү багытында.
Мени оомат орор бекен?
2504 абоненти

5949. "Өз агасын агалай албаган, бирөөнүн агасын сагалайт" болуп, Бишкектеги бир чоң проспектини Ден Сяопинь деп атап, камырабай жүрүшөт. Ошончолук даражада бизде киши табылбай калгансып...
Жайчыбек, Талас

5950. Депутаттар Союз маалындагыдай сессияга гана чогулуп, калган убакытта таркашса, бюджетке жардам болмок. Мурдулары да азыраак жарылмак.
Джек пот

5951. Ф.Куловду саткан власовчулар партиянын онунчу тизмегинен ары турат. Феликс байке, аларды жоготпосоңуз, кийин кеч болуп калат. Сиз жетектеген партияңызды "власовчулар" дейбиз. Себеби, власовчулар 1941-жылкы согушта фашисттерге өтүп кетишкен.
Аскат

5952. Үйбүлө куруу макстында кыз-келиндер менен таанышам. Атым Мирлан.
Тел: 0771-11-93-82

5953. Жаным Жумагүл, кел эми, таарынычты таштайлы, таттуу турмуш баштайлы. Өмүр өтөт сызган куштай. Ушул өмүр, ушул турмушта бакытыбызды табалы.
5250 абоненти

5954. Салам, Эрке кыз. Сенин кличкаң Эрке кызбы, же атыңбы?
Айбек-95

5955. Көңүл ачуу үчүн СМС аркылуу кыздар менен таанышам.
8405 абоненти

5956. Мен супер СМС жазган 16 жаштагы кыздар менен таанышам.
Тел: 0770-62-99-00

5957. Урматтуу спикер, сиз Кыргызстанда биринчи адамсыз. Президент менен премьер-министрди ордуна коюп койбойсузбу?! Алар жеткен эки жүздүү канкорлор, куйтуланып, Акаев, Бакиевден айырмасы жок эле болуп калды. Экөө Акүйдө отурганга моралдык укугу жок. Алардын үнүн укканда, элдин кыжыры келчү болду.
Баргы

5958. Кыргызстан кичине деп, баары бечара болот. Биз бай жана улуу державабыз. Бизде ынтымак гана жок. Бийлик талашып жүрүп, "сартстанга", Кытайга, казак менен тажикке тарттырып жиберген жерлерди келечекте кайтаруу керек. Башкага кеткен жерлерди ким кайтарса - ал кыргыз Атасы.
Баргы

5959. Ассалому алейкум, мен ыймандуу, түшүнүктүү кыздар менен таанышып, достошкум келет. Атым Элиза.
Тел: 0778-05-92-92

5960. Бир гезиттен казак-кыргыз акындарынын айтышын окуп калдым. Казак акындары сөзгө жеңилип баратып, айласы кеткенде "кыргыздар селсаяктап, казактарга кул болуп жүрбөйбү..." деп ийген экен. Казак акындары кыргыздын октон коркпогонун жана ажолорго айбат көргөзгөндөрүн айтмак тургай, өз элине диктатор болгон Нуракеге каяша сөз айтканга духу жетпегенин билдирип. Өмүр бою кыргыз менен казак бир тууган эл болуп жүрүп, жакындан бери казак, өзбек бир тууган болуп чыга келди. "Жаман катындын ойнош тандаганы да жаман" дегендей.
Базаркул, Жалал-Абад

5961. Жогорку Кеңеште отургандар кыргыз туусун өзгөртпөй эле, башка иш менен алек болсоңор дейт элем. Бекерчинин ишин кылбай. Андан башка кыларга иш жок калгансып.
7698 абоненти

5962. Кечээ күнү туулган күнүмдө эмне кыларымды билбей, баш кашылап отуруп, итимдин чөп жеп жатканын байкап калдым. "Ити чөп жегендин иши оңолот" деген сөз эске келип, өз атыма "бай" деген сөздү кошуп, жакшылыкка жоруп койдум.
Пенде

5963. "Учур" гезитинин СМСчилерине салам! Гезит барагы солгундап бараткансыйт. Кайраттангыла демекмин. Кыргыз эли сөзгө чебер, намыска бек келерин унутпагыла! Чындык сөз намыска жетип, жашообуз оңолсо жаманбы?
3011 абоненти

5964. Таалай, эртең менен ылдый, кечинде жогору секирген наркоман форелсиң. Ошон үчүн сенин фамилияң Сатылганов.
7171 абоненти

5965. Роза Отунбаева куурчак болуудан эч тажабады. Роза, сени жек көрөм. Абдан жек көрөм.
Albeni kg

5966. Кыргызда жоо чапканды, элин коргогонду, эл бакканды "Баатыр" дейт. Көп эле майдалана бербейличи. Өзүбүз менен өзүбүз атышып, зордуктап, бийликти алып, анан баатырбыз деген жарашпайт.
Дөдөң

5967. 9779 абоненти, айланаңда кыргыздын ыймандуу, салттуу, таза кандуу кыргыз жигиттерин ыраа көрбөй, Ли Мин Хону сүйүп, дагы бир Закиржандай метисти жаратамын дегениң кандай? Кандын бузулушу энеден жаралат. Закиржандын үйбүлөсүндөй бузулган кандуулуктун кыргыз элине кылган мамилесин көрдүң да карындашым?! Кыргызда уят, намыс деген бийик турат. Кыргыз эле жигитин сүйүп кетишиңе ишенгим келет.
Пенде

5968. Жаштар министри Алиясбек мырза! Гезитке берген маегиңде "7-апрелге 3 жыл даярдандык. Каныбек Иманалиевден кеңеш алып турдук" депсиң. Руслан Бекназаров экөөң майлуу-сүттүү кызматка отурдуңар. Эл ачкачылыктан бөйрөгүн сата баштаптыр. Азыркы турмушка эл чыдабай баратат. Каныбек Иманалиев "Ата бейитке" үч бомжду көмдүрүп, жыргап жүрөт. Дамира Ниязалиева эжейибиз Нарыныбызга келип, "бул бийлик кымбатка түштү" деп дөдүрөп атат.
Жайдашбек

5969. Бишкектин гербин Кулов эки сүрөтчүнүн катышуусунда өткөргөн. Гербди алмаштырыш керек! Сынактын негизинде.
5094 абоненти

5970. "Бабанов иштен кетсин!" деп баардык эле эл күттү. "Убактылуу кеттим" деп, ушунча элди үркүттү. Мыйзамсыз мындай кадамга, ким үйрөттү, ким түрттү? Же байлыгын коргоп жатабы?
Памир

5971. СМСчилер, мен силердин жазганыңарды калтырбай окуйм. Мага абдан жагат.
8405 абоненти

5972. Кыздар, чалгыла. Таанышабыз, достошобуз. Балким биздин досчулук түбөлүктүүдүр?
2597 абоненти

5973. Токтогулдук 1982-жылкы Мээрим, сен менин жүрөгүмдү коробкага салып, уурдап кеткениңе бир жылдын жүзү болду. Өзүң келбейсиң же коробкадагы жүрөгүмдү бербейсиң. Сага ошол эле керекпи? Менин керегим жокпу? Чала өлүк кылып, мени ушундай жол менен кыйнаганың кандай? Мээрим, сенде аялдык сезим барбы? Жок дегенде жүрөгүмдү кайтарып берчи. Ансыз жашоо болбойт экен.
3011 абоненти

5974. Каптагаев 7-апрелден кийин эки бөйрөгүн тең алмаштырганбы?
Асель

5975. Курсан Асанов Ошко келип алып, "Сүйүндүн (Өмүрзаков) балдарын, Гүламдын балдарын, анан финполду өзүмө баш ийдирем" дегени эмнеси? Дегеле чайханада "Мырзакматов на крючке" дегени эмнеси? Курсан мырза, элди бир алдайсың, эки алдайсың, эсиңден чыгарба, "жапалактын жаманы жата калып ат үркүтөт" дегендей, Сүйүнгө, Гүламга, Мелиске көп асылба!
Салим

5976. Дем алыш күнү "Дасмияга" тойго барсак, курбуларым менен биз отурган столго Дамира Ниязалиева сиңдибиз кызуу болуп алып, "жаңылык айтайынбы?" дегенинен айтчы десек, "кышында РИО апчебиз Италияга барып, бир жерине операция кылдырган" деп төбө чачыбызды тик кылды. Деги бизди кимдер башкарып жатат?
Саламат

5977. "Секс" деген бар экен. Ансыз кээ бирөөлөргө бул дүйнө да тар экен.
5048 абоненти

5978. Салам, кыргыздар! Бири-бириңерге атаандашпай жашагылачы!
Ангелочка

5979. Сабыр Муканбетов деген саясый баяндамачы Түндүк-Түштүк деп бөлгөндү токтотту. Эстүү киши экен.Чынын айтканда, Кыргызстанды экиге бөлгөндөн жыргап кетпейбиз.
5654 абоненти

5980. Аида, сенин 22-апрель өтүп кеткен туулган күнүң менен куттуктайм! Кааларым өмүрүң узун болсун, дүйнөдөгү эң бактылуу айымдардын бири бол!
Жалил
5981. Бир эле славян элдерин "сен белый, бул красный большевик" деп, каны, түбү бир элдердин башына жөөттөр туруп алып, бири-бирине кырдырган. Ар кандай декрет, конституцияларды өзүлөрүнө ылайыктап жазып алышып! "Түндүк-Түштүк" деп ушул жөөттөр жең ичинен саясат кылып келе жатышат колдорунан келишинче!
Улутман

5982. Акыйкатчы Турсунбек Акун "Апрель Элдик Революциясынын Баатыры" деген төш белгисин алганы чын болсо, үйүн өрттөйбүз! Апрель Элдик Революциясынын активдүү катышуучусу жаштар болгон.
Мукаш

5983. Кыргыз элине пайдасы тийбеген Акүйдөн көрө, кембагалдын алачыгы артык!
5777 абоненти

5984. Пирматов, сен Текебаевге эмес, өз максатыңды көздөп, өчөшүп, "Ата-Журтту" колдоп, кыргыздардын келечегине каршы добуш бердиң!
1720 абоненти

5985. Бишкек шаарынын гербиндеги бели сынган илбирсти, шаардын герби эмес, зоопаркка коюш керек. Муну конкурс жарыялап, кайра карап чыгыш керек. Борбордогу Майрам эженин да айкелин алмаштырыш абзел.
5094 абоненти

5986. Эх, кыздар! Ли Мин Хонун эмнесин жактырасыңар? Тармал чачтарынбы, мойнундагы богогунбу? Алар эркек эмес созулушуп...
Албени

5987. Чолпон Жакупова! Елена Агеева деген еврейка журналист экөөңөр алакандай кыргыз элин Түндүк-Түштүк деп гезит бетине маек бере берсеңер, чагымчылдык ишиңерди жүргүзүп, анда биз жакында үйүңүздөргө барабыз. Анан "клиникада"дарыланасыңар!
Мукаш

5988. Оор заманда бактысыздыктын саны көбөйдү. Мен да бир нечесине жолуктум. Ажырым ушундай деңгээлге жеткирип коебу? Туура багыттагы адамды тапкан жокмун. Өзүнө да, бирөөнө да ишенбөөчүлүк жагдай ээлеп алгандай. Менимче, туруктуулук, эрктүүлүк, жөнөкөйлүк, ыймандуулук жана жылуулук болмоюн, калп сүйлөгөндөн алыс болмоюн, жалгыздыктан арылуу татаал экенин түшүнөлү. Баарлашып көрөлү. Чалгыла.
Бека

5989. А.Мадумаровго 7-апрелге берилген суроо. "Ошол балдарды решеткага жармаш деп ким айтыптыр" депсиң. Ушул айткан сөзүңдүн азабын жегени калдың көрүнөт. 87 баланын арбагы жөн жаткырат деп ойлойсуңбу? Абдан жаңылышасың!!!
СДПКчы

5990. Садыр Жапаров деген неменин такыр намысы жок экен. Такай эле ар кимден таяк жеп жүрөт. Көлдүктөрдү уят кылып бүттү. Же уруусу кытайлардын тагдырына ушу жазылганбы?
4417 абоненти

5991. Түндүк элитасынын "мозговой центри" ким анда? Отунбаевабы? Түштүк элитасыныкы Исхак Разаков болсо...
5970 абоненти

5992. Асланбек Сартбаев, "Мышык-чычкан ойноткон гроссмейстерлер" деген макаланы оңдоп жазгыла. Ал жерде Түндүк-Түштүк деген жери бар.
5970 абоненти

5993. Аравандан Бишкекте окуп жүргөн байкем Гаипов Элнурга салам! Бар болуңуз!
5048 абоненти

5994. Оштук Алымбек деген акын алдамчы экен. Акчамды алып алган бойдон качып жүрөт! Уятың болсо берип кой да.
9900 абоненти

5995. Жаңы бийлик эл-жери үчүн июнь айында окко учкан чыныгы "Баатырларды" эстеп да койгон жок. Эх!
7093 абоненти

5996. Азаматсың, Камчыбек Ташиев! Алтынбек Сулаймановду улуу деп сыйлап тумшугун жара чаппапсың. Менталитетти сактаганың билинип турат. Жашын сыйлап сабыр кылдың. Азыркы бийлик жана маңкурт кыргыздар ичтери күйүп, сенин падыша болуп кетишиңден коркуп атышат. Коркконго кош көрүнөт болуп. Алга, Ташиев! Камчыбек, эл сени менен!
7093 абоненти
5997. Алмазбек Атамбаев "Ата Мекен" бизге кошулбай жатат" деп ыйлактап алыптыр. КСДПга эч ким кошулбай калды го?
Маселен, Жаныштын эң жакын ишенимдүү кадры Курсан Асанов КСДПда. Бакстын убагында ГУВДда жүрүп, "мекенчилдерди" куугунтуктап жүргөн. Ошондогу Оштун координатору азыркы депутат Бактыбек Калмаматов экөө аябай чабышкан. Бул бир эле мисал.
Осмон

5998. Жылдыз Жолдошева, Алтынбек Сулайманов, Турсунбай Бакир уулуна адеп сабагын өтүү үчүн психолог-педагог адисти жумушка чакырабыз. Айлыгы келишимдүү баада.
Осмон, парламент

5999. 1727 абонентине катуу тийсе кечирип кой. Бакиев канкор элди атып, кырылгыз кыргыз элимди койго теңегенде, сага окшогон маңкалар Бакиевдердин куйругунун алдында жүрүп, ошолордун богуна семиргенсиңер! Эми ошол жашоо жок болуп кыйналып жатсаңар керек?!
8717 абоненти

6000. Турмушуңдан айрылдың, түйшүккө сен кабылдың. Жалгыздыкка сайылдың, санаа менен карыдың.
4830 абоненти

6001. Сүлүктү шаарындагы №1 В.И.Ленин атындагы мектептин 9-"б" классында окуп жаткан кызыбыз Авазова Перизатты 27-апрель туулган күнү менен куттуктап, узун өмүр, чексиз бакыт, окууларына ийгилик, асманы дайым ачык болсун. Кыргыздын ийгиликтүү кыздарынан бол!
1185 абоненти

6002. Кыздарыбыз Перизат, Элнура, Анапия, Милана, силерге дүйнөдөгү эң бактылуу кыргыздын сыймыктана турган кыздарынан болушуңарды Кудайдан тилейбиз. Ата-энеңер силер менен сыймыктанышат.
Нарзилла, Толгонай

6003. Депутаттар! Көзүңөрдү чоң ачкыла, болбосо биротоло урук-тууганыңар силердин айыңардан көр болуп калышы ыктымал. Каргыштан корккула! Элди бөлбөгүлө. Силер карапайым эл үчүн жаныңарды сабап иштешиңер керек. Унутпагыла! Алга Кыргыз!
8717 абоненти

6004. Челюспу, боксербу, кошелекпу, Дон Карлеонбу, лысыйыңбы, депутатыңбы, черныйыңбы, белыйыңбы, оранжевыйыңбы, баары бир бокко жарабадыңар! Ош окуясынын 1 жылдыгы келатат. Дагы да болсо күнөөлүүлөр аныктала элек. Ала допучандарга үй салып берип жатабыз. Алар бизди жамандап китеп чыгарыптыр. Бизде намыс барбы? Кана "Ата-Журт" партиясындагы тың чыкмалар, силер качанкыга чейин оозуңарды ачып жүрө бересиңер? Бирден-бир максатыбыз Ош окуясына тиешелүүлөрдү аныктоо.
2351 абоненти

6005. Кубатбек Байболов, сен азамат экенсиң! Баардыгынын былыктарын чукуп койдуң эле, эми көчүктөрү түшүп, чуркап жатышат. Байболовду жумуштан албаганда, баардыгынын былыгын аягына чейин таап чыкмак. Өзү ушулардын ичиндеги эң таза адамы экен. Аман бол!
5184 абоненти

6006. Кытайдын борбору Пекин, товарлары текин.
9525 абоненти

6007. Араван районундагы Какыр айылына салам! Бар болгула, бай болгула!
9525 абоненти

6008. Академияда окуган Гаипов Элнурбек байкеме салам жолдойм жана ошону менен бирге, окуусуна ийгилик каалайм, жайкы сессиясын жакшы тапшырсын.
5259 абоненти

6009. Бишкектеги байкеме алыста жүргөн иниңден чоң салам! Кажыбас кайрат каалап, жакынкы арада биз жакка келип, сагынычыбызды таркатып кетүүңүздү жалпы суранабыз.
Айбек-95

6010. 0779-76-67-92 телефондогу Элнура, мага таарынбачы. Номериңди тезинен жандырып койчу. Сураныч.
5048 абоненти

6011. Жалгыздык
Көңүлүм каалап калганда,
Жанымда жаным жоксуң да.
Көз карашың көздөн учат,
Үйдө жалгыз отурганда.
2791 абоненти

6012. Кычыган жеримди басар бала бар бекен?
2791 абоненти

6013. Кыргыздын жигиттери, келгиле намыстуу бололу. Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгара билип, ынтмактуу бололу!
Жаныш

6014. Шашылбачы
Аккан суудай ак жашооңду булгабачы,
Анча-мынча кыйын ишке сабыр кылчы.
Жашоомдон тойдум деп дарга асылбай,
Көз ирмемче жашоодо сен чыдачы.

Чоң дайрадай өмүрүңдү кургатпачы,
Артта калат көп нерсе унутпачы.
Оо дүйнөгө кетемин мен бүттү деп,
Бул жашоодон кош сен айтышпачы.

Айтпаганга аргам барбы,
Ажалың жеткенче шашылбачы,
Шашылбачы!
Шоколад

6015. Ээ селкилер, селкилер! Жүрөктүн төрүн ээлейсиңер, чекеде силерди карап эркелеп, турушат бойдок жигиттер!
4052 абоненти

6016. Салам Баха, ырларың абдан сонун го? Мага жакты. Эмики ырыңда сүйгөнүңдүн атын ачык айтып чыкчы. Суранам.
4052 абоненти

6017. Чолпон Жакупова деген неме еврейлердин "кешигин" жеген айым. Түндүк-Түштүк деп тантый бербей, кыргыз эли деп сүйлөсөң! Бул айым өткөн сандагы гезиттин интервьюсунда жөөт Рузвельт менен Валентин Богатыревду айга-күнгө теңептир. Просто Мария!
2545 абоненти

6018. Сокулук районунун Асылбаш айылындагы Бейшенаалы атындагы орто мектепти 1991-жылы бүтүргөн классташтарды 20 жылдык жолугушуу кечесине чакырабыз. Келгиле классташтар жолугалы, жобурашып отуралы. Уюштуруу тобунун балдары менен тезинен байланышкыла.
Тел: 0556-21-12-73, 0778-25-68-47

6019. Атай байке, сиздин ыймандуулугуңуз мага жагат. Дайым бар болуңуз!
Раушан

6020. "Учур" гезитинин жамаатына рахмат! Бизге ой-пикирлерибизди жазууга мүмкүнчүлүк беришти. Анан биз аны туура пайдаланалы. Дегеле "коррупцияны кантип жок кылабыз?" деген тема боюнча ой-пикирлерди күтөм. Урматтуу кыргыз туугандар, коррупция менен күрөшүүгө сиздерди чакырам.
9251 абоненти

6021. "Ар-намыстын" 10 депутаты: "Эшегине жараша тушагы" дегендей депутаттар экен. Алар парламентке "кыз намысы" жок келишкенби? Мындай болсо, экинчи "Ар-намыс" партиясын колдобойбуз!
Жанар, Бишкек

6022. Улан үкам, сен азыр жөн жарансың. Нарындын таза абасында жашайсың. Мен да жүрөм Түштүк жакта жөө-жалаңдап. Экөөбүздүн эки жакта талашыбыз абабы? Эгер сен болуп калсаң депутат, эгер мен болуп калсам депутат, ошондо чыгат экөөбүздө чыр-чатак!
Джек пот

6023. Кемин районуна караштуу Бейшеке айылынын тургундары атам Темиркалый, апам Соняга салам жолдойм. Алтындарым, ар дайым маңдайыбызда аман болгула, оорубагыла!
3929 абоненти

6024. Кандай бийлик болбосун, ал канчалык максатын бийик санабасын, баары бир коррупция жоголмоюнча өлкөбүз оң жолго түшөрүнө, экономиканын өсүшүнө шарт болбойт. Муну бөркүңөрдөй көргүлө.
5803 абоненти

6025. Кемин районуна караштуу Кичи-Кемин айылынын тургуну атабыз Сартов Шакирди эр ортону 50 жашка толушу менен куттуктайбыз. Атабызга чың ден-соолук, узун өмүр, бактылуу жашоо каалайбыз. Апабыз Жыпар менен 100 жыл жашагыла!
Зарина, Зарима, Наку, Куба

6026. Кыргыз деп жүрөгү соккон Исаевич, жок дегенде Иса уулу деп жазсаң боло.
Такеш

6027. Аликбек Жекшенкулов мырзаны саясат чордонунан сагындык. Сизди сыйлаган дипломатиялык корпустун кымча бел кыздары дале болсо күтүп жүрөт. Тез арада биздин чөйрөгө кошуларыңызга терең ишенип туралы...
Жыпара
6028. Биздин саясат шахмат оюнун элестетет. Кимиси "кара", кимиси "ак" экенин билбейсиң. "Партия" алмашканы менен баягы эле "пешкалар" оюнда. Давайте лучше тогуз коргоол ойногула, кыргызбыз го?!
Asassin

6029. Президенттикке бирден-бир татыктуу талапкер Адахан Мадумаров деп ойлойм.
Арсарбек уулу Жеңишбек

6030. Виктор Лапихин деген жөөт "Замана" студиясында кыргыз элибиз үчүн эмгек жолун алпаруучу катары жакшы баштады, баракелде!
Улутман

6031. Көлмө жаңы конушунда элдин маанайы көтөрүлүп калды. Себеби, мурунку айыл башчыбыз Калиев Каныбек кайрадан өзү келип, билек түрүнүп, ишке киришти.
Көчөлөрүбүз тазаланып, жолдорубуз оңоло баштады. Каныбек байке, сизди Көлмөнүн көркү десем жаңылышпайм. Балдарыбыздан чалдарыбызга чейин сиздин иштермандыгыңызды сыйлашат жана ыраазы болуп жашоодобуз. Бар болуңуз, Каныбек байке!
Бекен

6032. Күтүү
Сабалап күндөр өтөт кайрадан,
Сага болгон сүйүүм күчөйт кайрадан.
Сен да мени сүйөсүңбү?
Мен күткөндөй күтөсүңбү?
Сени күтүп өттү менин күндөрүм,
Жок дегенде бир сөз менен сүйөм дечи,
Сүйөм дечи, сүйөм дечи...
А95

6033. Кыздар чалгыла , достошобуз. СМС жазгыла, таанышабыз.
Тел: 0779-52-50-48

6034. Бакыт деген бар экен. Баары ага ишенген. Бактылуу болом десең досум, сен да ишен, мен да ишенем.
А95

6035. Кыргыздын каны, апалардын жашы төгүлдү. Кырчындын башы кесилип, жаш балдар калды атасыз. Саратан жайда, сарттар кайда?..
4052 абоненти

6036. Өмүрбек Текебаев Кыргызстандагы эң таза адам жана лидер!
7199 абоненти

6037. Рыспай Абдыкадыров, Түгөлбай Казаков, Бабарапшан Тургунбаев, Жолдошбек Мамажанов өңдүү обончу байкелерибиздин жолун жөндөп жолдобой, жанагы Бек Борбиев деген неме сөзүн да, обонун да өзү жазып, жада калса өзү да аткарат. Аткарганында кеп жок. Бирок сөздөрүн тантык кылып далайлардын кыжырын айлантты. Мисалы: "Терезеңе жамгыр черткилейт, тах-ти-тах-ти-тах-тах" дейт. Ха-ха-ха. Кыргыздар "жамгыр төктү" "себелеп", болбосо "дыбырап" деп айтышат. Быйыл Т.Казаков 60 жашка чыгат. Демек, маданият министрлиги баш, калайык калк төш болуп, мааракеси белгиленээр деген ишеничтемин.
Жеңишбек Абыканов

6038. Айланайын эл-журт! Закиржанды, Мурат Суталиновду, бети калың Данияр Үсөновго окшогондорду коркутуп эмне кыласыңар, андан көрө ошо "гастарбайтерлерди" "Кыргызстанга келгиле, ар-бириңер райондорго аким болосуңар" деп чакырып алып, анан таш-бараңга алыш керек!
Улутман

6039. "Түштүктү Курсан Асанов башкарабы же Фурхат Үсөновбу?" деген макала жазылыптыр. Ошол макалага жооп: Кыргызстанды элге пайда-патасы тийген мыйзам башкарыш керек!
2545 абоненти

6040. ОБСЕнин концепциясын аткарып, айрым кыргыз кейпин кийген биздин башы жок депутаттар алардан жеген лепешкасын актап, кызмат кылып чуркап жүрүшөт. Турсунбай Бакир уулу ички жарандык паспорттон "Улуту" деген графаны алып ташташ керек сунушун киргизди!
2545 абоненти

6041. Чолпон-Ата шаары менен Бостери айылынын ортосундагы Хутордо 6 сотых жер сатылат. Жол боюна жайгашкан. Жакында көл сезону башталса, жердин баасы кымбаттап кетет. Эмитен ойлонуп арзан жерди сатып алгыла. Баасын сүйлөшөбүз.
Тел: 0555-77-58-87

6042. Кыргыздан айланган Турсунбай Бакир уулу, сиз кыргыз элинин душманы окшойсуз? Жарандык паспорттон "улуту" деген графаны алып салганга мыйзам-долбоорун киргизгенден көрө, элдин турмушуна пайдасы тийе турган иш жасабайсыңарбы! Улут деген графаны алган күнү сакалыңызды алып берем
Мукаш Ырсалиев

6043. Белек
Жаратканга жалынып, сүйүү сурайм,
Аллахым сүйүү берсе, аны курайм.
Урабас чеп куруп, ак сүйүүдөн,
Сүйүүмдү бир адамга белек кылам!
Айжамал

6044. Э.Сатыбалдиевди прокуратура сурап бүттүбү? Таза иштеген адамды эмнеге сурак кылып атышат. Жөн эле азыркы бийликтин кылаарга иши жок болсо керек. Андан көрө Бакиевдерди алып келип, сурашса болмок. Элмурза президент боло турган адам. Мен ал кишини колдойм.
Мырза

6045. Өмүрбек Бабановду актап сүйлөгөн Акылбек Жапаровго баракелде! Мен кээде Акылбек мырзаны түшүнбөй кетем. Аферисттик жагы бар окшойт. Жаңыдан оңолуп келатып эле, тескери ушатып иймейи бар экен.
7843 абоненти

6046. "Учурдун" 14-апрелинде чыккан санындагы Асылбек менен Айнагүлдүн тагдырына ичим ачышып, боорум ооруду. Силердин жашооңуздарга жардам бере албайм. Бирок, "бөйрөк сатам" дегениңер чын болсо, мен алайын дегем. Баасын сүйлөшпөйлүбү? Мага телефон чалгыла.
Тел: 0550-20-44-23

6047. Мен чет өлкөдөгү Бакиевди жана Кыргызстандагы Меч дегенди сагындым. Меч, эмнеге жазбай калдың? СМСтериң реальный болчу.
Сүйөркул

6048. Ат-Башы районуна караштуу Ак-Моюн айылындагы Кызыл-Дыйкан орто мектебинин 1976-жылкы бүтүрүүчүлөрүнүн 35 жылдык тойлорун куттуктайм жана жакында өтө турган мааракеге чакырам. Келгиле, бир чер жазып кетели. Мага байланышка чыккыла.
Тел: 0772-40-75-47 Боскун

6049. Сизди сагындым. Карындашыңыздын жүрөгүн оорутпаңызчы, суранам.
0069 абоненти

6050. Шоколад деген акынга салам! Ырларың мага аябай жагат. "Учур" гезитин ар бейшембиде күтүп, ырларыңды окуп кумарланам. Баракелде! Өнөрүң өркүндөсүн!
Сатыбалды

6051. Айбек акын, сенин СМСке жазган ырларыңды жактырбайм. Тантыйсың. Мүмкүн кийинчерек жакшы жазып кетерсиң, азыркы ырларың не важно...
Сатыбалды

6052. Жалпы кыргыз калкымды 1-май майрамы менен куттуктайм. Журтубузда ар дайым тынтык өкүм сүрө берсин. Кочкорлуктарга салам!
Эдиназ

6053. Жер шарындагы көптөгөн элдердин шоруна калган Америка мамлекети кыргыз элине жардамы тиет деген ишеничтебиз!
5452 абоненти

6054. Кыргыз элинин шоруна тартуу болгон кызыл байрак менен кош айтышпасак, элибизде тынччылык болбойт!
5452 абоненти

6055. 3018 абоненти, сен кимсиң деги? Ташиевден уялган жеңешкасысыңбы? Тфу!
0040 абоненти

6056. Коалицияга "Ар-намысты" кошуп алса жакшы болмок. Бакиевдин "куйруктары" жаман катынча "кетебиз" деп коркутпай калмак.
Баха

6057. Аллах бизге ыйман тараткан. Тараткан ыйманды ар бир тараптан. Ошондуктан ыплас жолго барбайлы. Сыноо үчүн Аллах бизди жараткан.
С.Исраилов

6058. Текебаевди жаман деген адамдар чыккынчы. 20 жылдан бери карапайым элди ойлоп, "эл, жер" деп келатат. Араң турган калктын кыжырын келтирбей, "Ата-Журт" "Республикага" кетсин.
7199 абоненти