Турмуш сабак

Аброй күтүүнүн сырларынан...

Жаңы чөйрөдө кантип кадыр-барк күтсө болот? Бул суроо көбүнчө кесиптештери менен мамилеси келишпеген жетекчини, окуучулар менен тил табыша албаган мугалимди жана жумушка жаңы орношкон адамдарды көбүрөөк тынчсыздантат. Эгер сиз ушундай кырдаалга кабылсаңыз, эске тутуп коюңуз: сый - бул имаратка окшош, анын ар бир кышын кынаптап коюп чыгуу зарыл.

Артыкчылык издөө
Өзүн сыйлоо - бул чабалдыкты моюнга алып эле тим болуу эмес, жакшы сапаттарды эки эселеп өрчүтүү дегенди билдирет.
Аброй күтүп, башкалардын сыйына арзыгыңыз келеби? Анда өзүңүздү баалаганды үйрөнүңүз. Албетте, өзүн-өзү сындоо жакшы сапат. Бирок, бардык нерсе чеги менен. Өзүңүздү ашыкча жамандап кереги жок. Бул башкалардын сизге жеңил-желпи карашына түрткү берет.
Ар бир ийгилик сиз үчүн мааниге ээ. Балким мектепте жакшы окуган чыгарсыз. Аны сыймыктануу менен эстеңиз. Бул башкалар үчүн мактаныч сезилип, кыжырына тийиши мүмкүн. Ага көңүл буруп кереги жок. Ар бир артыкчылык ирети менен кагазга жазылууга тийиш. Ал тизмени өзүңүзгө болгон ишеним кете баштаган кезде карап туруңуз.
Комплименттерди туура кабыл алыңыз. Дарегиңизге жылуу пикирлер жаап атканда, актануу же уялуу жарабайт. Сизди мактап жатышабы? Демек, ага татыктуу адамсыз. Эң башкысы, жооп кылып, ыраазычылык билдирүүнү унутпаңыз.
Жылуу сөзүңүз жүрөктөн чыксын. Өз ишиңизди толук билбей туруп, эмгегиңизди баалоону талап кылбаңыз. Кимге жардам берсеңиз да, аны чын жүрөктөн жасоо кажет. Кесиптештердин артыкчылыгын моюнга алыңыз. Аны баалап жатканыңызды ичке катпай, ачык билдириңиз. Бирок, эсиңизде болсун: ашыкча көркөмдөлгөн мактоо кошоматтай угулат. Кесиптештерде сиз тууралуу "эки жүздүү экен" деген ой калыптанышына жол бербеңиз.
Бардык жактан так болуңуз. Жолугушууга белгиленген маалдан кечигүү - күткөн адамды сыйлабастык. Анын алтындай убактысы сизди күтүүгө коробосун. Убактынын ар бир саатын, мүнөтүн так бөлүштүрө билиңиз.
Сылык болуңуз. Учурашуудан, коштошуудан, ыраазычылык билдирүүдөн жана катачылыкты моюнга алуудан качпаңыз. Бул нерселер майда болгону менен сизге упай топтоого салымы күч.
Алдабаңыз. Кээде кенедей болгон калп да адам тууралуу жакшы пикирди бузуп коет. Андыктан жалган сүйлөгөндүн ордуна унчукпай кутулган оң.

Өз калыбыңды бузбай өзгөрүү
Жакшы сапаттар бардык адамдарга жагат. Бирок, компанияларда анын айрымдары гана бааланат. Эгер сиз конкреттүү гана адамдардын сыйына арзыгыңыз келсе, анда аларга эмне жагарын изилдеңиз. Ошол өзгөчөлүктөр сизде бар же жогуна анализ кылыңыз.
Бул ыкма кийим тандоого окшош. Жарашабы же жокпу, ыңгайлуубу же ыңгайлуу эмеспи (?) дегендей. Эгер терс жооптор ашыкча болсо, оң образ түзүүгө чамдаңыз. Жаңы тааныштарды күтүңүз. Жумушта сизди курчап тургандар түбөлүктүү эмес. Ишкер дайыма жаңы шарттарга көнүүгө аргасыз. Андыктан, кээ бир көз караштар менен коштошууга туура келет. Ички туюмга ишениңиз. Бул өзүн-өзү баалоонун эң маанилүү белгиси. Өзүңүздү, сезимдериңизди уга билиңиз.

Дене белгилери
Мимика, жест, үн - сиздин сөзүңүзгө салмак кошот. Аларды туура пайдалануу абзел.
Башкалар оюңузду бөлбөй угуусун каалайсызбы? Анда өзүңүздү башкара билиңиз. Ар бир кыймылыңызга сырттан байкоо салыңыз. Балким үнүңүз өтө жоондур? Толкунданып жатканда ал өзгөрүп, жагымсыз угулаттыр? Бирөө менен сүйлөшүп атканда колдоруңуз кандай абалда болот? Денеңиздин мындай "сигналдарына" жараша чоочундардын сизге болгон мамилеси калыптанарын унутпаңыз.
Токтоолук. Бет маңдай сүйлөшүп жатканда жетекчинин суз экенине карабай, мыйыгынан күлгөнүн байкадыңызбы? Эмне себептен минтип жатат? Психологдордун айтымында, жылмаюу - бул "талаш-тартышты каалабайм" деген белги. Муну менен биз таптакыр эле мостоюп туруңуз дегенден алыспыз. Болгону сөзүңүзгө башкалар маани берүүсүн кааласаңыз, жүзүңүз олуттуу болсун.
Терең дем алуу. Үнү көкүрөгүнөн чыккан адамдарды көбүрөөк угушат. Бирок, табият сизге мындай касиет бербесе, капаланып кереги жок. Кандай үнүңүз болсо, ошондой сүйлөй бериңиз. Эң башкысы, сүйлөр алдында абаны ичти көздөй тартып алыңыз. Бул үндүн ыргагынан бузулбай, бир калыпта сыртка чыгуусуна жардам берет.
Колду тынчтандыруу. Биз түпөйүл болуп атканда манжаларды кайчылаштырып, бекем кысабыз. Же аларды бири-бирине жанып, шакылдатабыз. Же бир нерсени муштагылайбыз. Эске тутуңуз: бул кыймылдар сырттан караган кишиге сизди эрки бош адамдай көрсөтөт. Маектештин мындай пикирин жараткыңыз келбесе, колду стол астына катып, тизе үстүнө коюп же калемсап кармап алаксытсаңыз болот.
Түз отуруу. Далыны түз кармоо ден-соолукка гана пайдалуу болбостон, баарлашуу маалында да чоң роль ойнойт. Көпчүлүк адамдар бүкүрөйүп, жер карап турган маектешке ишеним артпайт. Андыктан далыны түздөп, башты көтөрүп сүйлөгөнгө үйрөнүңүз.




Кайсы сапатыңыз менен аброй күткөнсүз?
Жаныш Кулманбетов, драматург-режиссер:
- Бул, биринчиден, кимге кандай мамиле кылганыңа жараша болот. Экинчиден, кылган ишиң, жүрүм-турумуң чоң мааниге ээ. Өзүм жөнүндө айтсам, айлана-тегеректегилердин сый-урматына чыгармачылыктын арты менен жеткем. Ал аркылуу элге таанылдым дегендей. Өнөр адамдарынын мүнөзү оор болот. Бирок, анысын таланты жууп кетет.

Бермет Байкелова, опера ырчысы:
- Жеке өзүм тууралуу айтсам, ак эмгегим менен элдин сыйына арзыдым. Быйыл сахнага чыкканыма туура 25 жыл болду. Өткөндө эле чыгармачылык кечемди белгилеп, концерт бердим. Келип, куттуктагандар көп болду. Ушул 25 жыл ичинде өзүмдү бир калыпта кармап, улууга да, кичүүгө да бирдей мамиле кылып жүрдүм. Эң башкысы, сахнаны сыйладым. Эгер бир келген дөөлөттү көтөрө албай көөп кетсем, аброй күтпөйт элем да.

Турат Мадылбеков, ЖК депутаты:
- Мен көп жыл милицияда иштедим. Начальник да болуп жүрдүм. Албетте, биздин иш татаал, кээде кол астыңдагыларды тилдегенге туура келет. Кээ бирөөлөргө ал сөзүң катуу тиет, ичинен жаман көрөт дегендей. Бирок, ак иштесең, түз жүрсөң, калыс болсоң, кийин ал кызматкер да эмгегиңди баалап, сыйлап калат. Органда "начальник болуп келгениңе сүйүнбө, кеткениңе сүйүн" деген сөз бекеринен чыккан эмес. Бул "ошол иштеген убакта башкаларга үлгү бол, күжүрмөндүк көргөз, абийириң менен кызматтан кет" дегенди билдирет. Абройду мен чынчылдыгым, билимим, ишке кылган мамилем менен күткөм.

Эгемберди Чалабаев, актер:
- Эң башкысы, адам катары таза жүрүшүң керек. Артисттерди ансыз деле дайыма ушак ээрчийт. Ошондой кептерге кабылбаш үчүн жүрүм-турумуңду түздөп, жаман адаттардан алыс болгонуң оң. Азыр кээ бирөөлөр таланты жок болсо деле сахнага чыгып атышат. Бүгүн бар, эртең жок. Ошондой болбош керек, өз ишиңди мыкты билгенде гана кадыр-баркка жетесиң.

Качкын Булатов, укук коргоочу:
- Бул суроо кыргыздын эң биринчи баш оорусу. Келечекте "Кыргызстан деген өлкө болобу же болбойбу?" дегенден да маанилүү. Анткени, бизде азыр саясаттын кадыры кетти. Окумуштууларды эч ким сыйлабай калды. Илим-билим, маданият унутулуп баратат. Жең ичинен гана уурдамай күч. Мына ушундай шартта ар бир жаран өзүн сыйлоого үйрөнүшү керек. Өзүн сыйлаган киши мамлекетин да сыйлайт, коргойт. Жеке мен элдин сыйына ак иштегеним, чынчылдыгым аркылуу жеткем.