Галстуксуз суроо-жооп

Атактуулар демалыш күндү кантип өткөрөт?

Айрым атактуу адамдардын эс алуу күндөрү кандайча өтөрүнө кызыгып, суроо узаттык. Булар деле эл сыяктуу өздөрүнүн чама-чаркына ылайык жооп узатышып, күндөлүк турмушундагы салттуу көрүнүштөрүн ортого салып беришти. Баам салып көрүңүз.

Турсунбек Акун, КРнын Акыйкатчысы:
- Чынын айтсам, акыркы убактарда демалышсыз иштеп жатам. Мурда досторум менен бильярдка барып турганга анча-мынча убакыт таба калчу элем. Азыр болсо, бир жуманын алты күнү тең элди кабыл алып, алар менен баарлашып, көйгөйлөрүн чечкенге аракет кылуу менен өткөрөм. Мунун өзү иш убакытты көп талап кылат, себеби, кагаз документтер менен иштейбиз. Убакыттын тардыгынан, жадагалса, жекшемби күнү да иштейм. Андайда, ээн бөлмөгө бекинип алам... Бир чети мен деле демалыш күндөрү буту-колду кенен таштап, көңүл сергитип, көңүлдөгүдөй эс алсам жакшы болмок. Бирок, мындай эңсөөмө убакыттын тардыгы кедерин тийгизип келгенин айттым го. Баса, илгери оппозицияда жүргөндө комузду колго алып, анча-мынча "керме каштардын" астында өнөрүмдү көрсөтүп, обон созуп ийчүмүн да... Ал күндөр кайда азыр?

Аликбек Жекшенкулов, "Акыйкат" партиясынын төрагасы:
-Демалыш күндөрү бош убакыт болуп калса, балдар менен алек болом. Аларды ойнотуп, эркелетип дегендей. Андан сырткары, китеп окуйм, телевизор көрөм, кээде дос-санаалаштардын үйүнө конокко барып, алар менен баарлашам. Ал эми аба-ырайы жакшы болсо, таң эрте тоого чыгып, 8-10 чакырым жөө басмай адатым бар. Өткөн аптанын дем алыш күнү да тоого бардым. Таза абада басуу менен өткөн чакка, анан келечекке саресеп салып ойлонуу да пайдалуу эмеспи. Менимче, тоонун таза абасы ден соолукка да, жан дүйнөгө да жагымдуу экенин билем. Тоого чыгуу менен кадимкидей жеңилдеп, сергип калганымды сезем, энергия топтоп. Тээ бала кезден бери ушул "оорумду" калтырбай келем. Ал эми бильярд ойноп, саунага барганга анча кызыкпайм. Үйдөгү душка эле чайканып алгандан өтөрү жок го. Ошондой эле бош убакытты баарлашуу менен өткөргөн да туура.
Дегеле пикир алмашуу адамдын таанып-билүүсүн өзгөртөт эмеспи...

Өмүрбек Абдрахманов, ЖК депутаты:
- Бир жолу демалышта, аялым "кудайдын куттуу күнү жумушка кетесиң, жок дегенде ишемби, жекшемби күнү жөн эле койбойсуңбу!?" деп айтканынан, "20 жыл бою ушул кызматка жан үрөп жүрүп жетсем, анан эми эс алып отуруп алайынбы? Ушунча жыл бою ойлогон идеяларымды, максаттарымды ишке ашырайын" деп жооп бергем. Андыктан, демалыш күндөрдү кур эле өткөргөндөн алысмын. Эгер убакыт болуп калса, дүйнө таанымымды кеңейтүү аракети менен китеп окуйм, интернетти "казам".
Анан дагы чыгармачылык менен алектенип, ыр жазам. Айтмакчы, кодо бойлуу пенделер айтат го, "узун кишилердин акылы кыска болот" деп, мына ушуга кошула албайм. Ошон үчүн акыл-көрөңгөмдү алтымыштан ашсам да байытууну ойлоп, ар дайым изденүү менен жүргөнүм чын.

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу:
-Мен жер тамда жашагандыктан, жаз келгенден тарта жаным тынбайт. Демалыш күндөрү короодогу көр-тирлик менен алектенем. Жер казам, короо тырмайм, эмне жумуш болсо да, кожойкеге айттырбай эле жасай бермей элпектигим бар. Бу жагынан эмгекчил эркекмин (!) деп мактансам болот. Анан, албетте, чыгармачылыкты таштап койгон жокмун. Мейли демалыш күн болобу же иш күнү болобу, чыгармачылыгыма көңүл бөлүп турам. Кудай буйруса, "Мансап кагандын казынасы" аттуу романымды жыйынтыктап калдым. Буга катар эле "Аватар" деген аталыштагы повесттин үстүндө да иштеп жатам. Айтор, жаным тынбайт. Биздики ушундай экен да, өлгөнчө тытынып, анан бир күнү жатып калабыз го, кыймылсыз...

Малик Осмонов, ЖК депутаты:
-Ачыгын айтканда, эс алуу күндөрү бизде чанда гана болот. Себеби, депутаттардын иши көп, чартаңбай тээп эле сауналарда жүрө бербейт да. Эми андай эл өкүлдөрү деле бар го, мен эми өзүмө жооп берейин. Учурда эл арасында толгон-токой көйгөйлөр бар. Ошондуктан, карапайым калк менен ар убак жолугушуп, жардам берүү ниетте баш көтөрбөй иштеп келем. Бирок, кээде демалыш күнү бош болуп калсам, спорт жаатында жүргөн адам катары спорт залдарга барып машыгып турам. Бул аракетим ден соолукту чыңдоого гана жумшалат. Ойлоп албагыла, "парламенттен мушташпайбы?" деп. Деги эле күчкө таянган адамдарды акылсыз катары баалайм. Баса, убакыт болгон жагдайларда "Алыш" күрөш федерациясынын спортчулары менен жолугуп турам. Алар менен сүйлөшүүдөн кадимкидей эс алып, маанайым көтөрүлгөнүн байкайм.

Марат Казакпаев, саясый серепчи:
-Мен негизинен демалыш күндөрдү тынч эле үйдө өткөргөнгө аракет кылам. Бирок, мындай оюм көп учурда ташкаап, убакыттын аздыгынан эс алуу күнү да иштегенге туура келет. Айтмакчы, келе жаткан демалыш күнүн да иш менен өткөрөт окшойм. Себеби, менин турмушум ушундай экен. Жазмай, ой жүгүртмөй дегендей. Бу саам саясый система жана парламенттик демократия тууралуу макалаларды жазып жазам. Ушул нерселер колумду тушап атат. Бирок, кээде башкаларга окшоп, чектен чыгуу менен чер жазууну ойлоп кетем, анан кайра алды-артымды карап, өзүмдү тыйып коем. Негизи жумуштун артынан жүрө берип, жашоонун маңызы болгон күндөрдү жаза
кетирүү туура эмес. Кээде биз деле достор менен чогулуп, денеден буу чыгарып, "сеп" эттирүү да болот. Бирок, чеги менен!

Жусупжан Жээнбеков,
экс-депутат:
-Жекшемби күндөрү түш оогонго чейин короодогу иштерди жасамай адатым бар. Буга чейин бак-дарактын көчөтүн отургузуп келдим. Негизи жер күрөктөйм, жашылча тиккенге кол кабыш кылып ийем. Ыңгайы келсе аң-чуңкур казып, кара тер чыгарган да жагат. Баса, демалыш күндөрү түштөн кийин 5-6 досум менен коомдук мончого барууну салт кылып алганбыз, ошол жакка барам. Кара терди мончодон да чыгарып, бир жумада топтолгон ашыкча кирлерди жууйбуз. Анан убакыт болуп калса бильярд ойнойбуз. Маанайга жараша жүз граммдан согуп, стресс чыгармай да адатыбыз бар. Ал эми кээде бош боло калган учурларда кагаз бетине анча-мынча эскермелерди, идеяларды, өткөн күндөргө байланыштуу кызыктуу жагдайларды тизмектейбиз. Ошондой эле келечек тууралуу ойлорду чиймелеп, жазып коюп да жүрөм.
Даарыган "чымыным" болбосо да, кичине аракет кылабыз да...

Мирлан Бекитаев,
Жалпы Улуттук Конгресстин төрагасы:
- Демалыш күндөрдү бильярд же башка көңүл ачуучу жайларга баргандан көрө, балдарым менен өткөрүүнү туура көрөм. Себеби, башка күндөрү убактым аябай эле тар болгондуктан, жок дегенде жекшемби күндү балдарга арнайын дейм. Анан, үйдө бүтпөй турган иштерди бүтүрүп, машинамдын бузулган тетиктерин алмаштырып оңдоо менен эле демалыш күн бүтүп калат. Бирок, ойлошуңар мүмкүн, эс албайбы (?) деп. Менин чер жазуум да көбүнчө үйбүлөм менен өтөт. Бала-бакырам менен бак-даракты аралап, алардын ою менен болгонду жактырам. Табиятыман баласаак, үйбүлөгө камкор атамын. А кээде болот эми, достор менен ээн чыгып, тоо койнуна деле эс алып келебиз. Жашоодо болот да, үйбүлөдөн тышкары да жоро-жолдоштор менен сайран куруп, чектен чыкпай чер жазып коебуз. Бул жагы силерге деле элестүү болсо керек...

Мирлан ӨМҮРАЛИЕВ