Айчырай

Алтынай Бостонова, модель:
"Мода дүйнөсүнө кокустан келгем"

20 жаштагы кыргыздын чырайлуу кыздарынын бири Алтынай Бостонованын мода дүйнөсүнө аралашканына эки жыл болуп калды. Учурда Бишкектин белгилүү моделдеринин бири. Алтынайдын жан эргиткен табиятын билгендер суктанышат...

- Алтынай, моделдик чөйрөгө кантип келип калдың эле?
- Ойдо жок жерден. Көчөдөн эле бир дизайнер токтотуп, "менин коллекциямды кийип, подиумга чыгып берчи" деп мода көргөзмөсүнө чакырган. Ошондон кийин бул чөйрөгө өзүм да кызыгып, "Витлайн" моделдик агенттигин аяктап, иштеп калдым.
- Моделдиктен тышкары кандай кесиптин ээсисиң?
- Кыргыз-орус-славян университетинде окуйм, кесибим - дипломат. Англис, немис тилин тереңдетип өздөштүрүп жатам. Француз тилине да кызыгам. Биздин иште дүйнө тааным кенен болушу керек. Бош убактымда Чыңгыз Айтматов баштаган белгилүү жазуучулардын чыгармаларын окуйм.
- Сулуулугуңдун сыры эмнеде?
- Туура тамактанам, майлуу, куурулган тамакты жебейм. Анын ордуна жер-жемишке, бууланган, сууга бышкан азыктарга басым коем.
- Сенин гардеробуңдагы кийимдерди билсек болобу?
- Албетте. Кийимимдин басымдуу бөлүгүн кымбат баалуу бут кийимдер менен аксессуарлар түзөт. Анан көйнөк, шым, кофта дегендей...
- Коомдук транспортко түшөсүңбү?
- Эки жылдан бери менчик унаамды тээп жүрөм.
- Моделдик чөйрөгө жаңыдан
кадам таштаган кыздарга кааларың?
- Бул жолго жаңы түшкөн модель кыздарга кааларым: ар дайым өз принцибиңерди бийик койгула, намысты тебелетпегиле. Анан эч кимди туурабай, өз жолуңарды,
стилиңерди табууга аракет кылгыла.
- Баса, үйбүлөң жөнүндө айтып берсең?
- Ата -энем жана эжем бар. Жакында эжем Айжан аттуу кыз төрөп, баарыбызды сүйүнүчкө бөлөдү. Атам жеке ишкер, апам дарыгер. Эжем экөөбүз жакын курбулардай болуп чоңойгонбуз. Азыр ал эң жакын кеңешчим.




  Тележүз

Ушакка убакыт коротпогон Мээрим Абдышева

Мээрим Абдышева Таластын кызы, учурда "Ала-Тоо" маалымат берүүсүндө кабарчы. Кесибин жандай сүйүп, бош убактысын китепке үңүлүү менен өткөргөн сулуу бизде мейманда.

- Мээрим, журналист болуу балалык кыялың беле?
- Бала чагымда күч органдарында иштегим келчү, журналист болуу оюмда жок эле. Бирок, ата-энем "кичинеңде эле чымының бар болчу, муштумуңду микрофон кылып ырдай берчүсүң" дешет. Буйрук экен, минтип иштеп жүрөм.
- Ал "чымын" сага кимден оогон?..
- Чыгармачылык шык жогорудан берилет эмеспи. Ата-энем журналистикадан алыс адамдар. Атам дыйкан. Апам мектепте мугалим, чет тилден сабак берет.
- КТРде кандайча иштеп калдың эле?
- 2007-жылы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктагам. Диплом колго тиери менен эле КТРге келгем. Ал кезде "Ала-Тоо" маалымат программасынын продюсери Эрнис Кыязов болчу. Мага окшоп жаңы келген журналисттерге талапты катуу коюп, көп нерсеге үйрөткөн.
- Биздеги журналистика тармагына адис катары кандай баа бересиң?
- Учурда сабатсыз, же орусча, же кыргызча жөндөп жаза албаган жаш журналисттер көп. Бирок, амбициялары асмандын башы. "Дүйнө таанымды кеңейтейин, өсөйүн-өнөйүн" дегендери чанда. Акчасы бар киши эле гезит ачып, ага журналистикага тиешеси жоктор деле иштеп атат. Кээ бир гезиттерди карасаң, ката деген толтура, жада калса тыныш белгилер туура коюлган эмес. Бул, албетте, журналистиканын баркын түшүрүп атат. Андыктан, ар бир кесипке өз ишин мыкты билген адис иштесе деген ойдомун.
- КТРКнын ичи интригага толгон дегенге кошуласыңбы?
- Интрига бардык эле эмгек жамаатта бар да. Бирок, аралашууну же четте карап турууну адам өзү чечет. Жеке мен андай ыплас нерселерден оолак болууга аракет кылам. Ушакка убакыт короткум келбейт.
- Саясатка кызыгасыңбы?
- Саясатка каалайбызбы, каалабайбызбы, баары бир кызыгууга туура келет. Анткени, ар бир журналист саясый кырдаалдарга көз салып, баамдап турганга милдеттүү. Бирок, журналисттер көп учурда кайсы бир саясый күчтүн куралы болуп калышат. Бул абдан өкүнүчтүү.
- Бош убакытыңды кандай өткөрөсүң?
- Маалымат жаатында иштеген журналисттерде тыным деле жок да. Кээ бир учурларда дем алыш күндөрдү да иштөөгө туура келет. Анын үстүнө азыр президенттин алдындагы башкаруу академиясында "мамлекеттик башкаруу" адистиги боюнча билим алып жатам. Жумуштан эрте бошогон күнү сабакка чуркап жөнөйм. Ал эми убакыт болуп калса, көңүлүмө жаккан музыка угам жана китеп окуйм. Акыркы убакта улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Кассандранын эн тамгасы" аттуу чыгармасын окуп атам.
- Жеке жашооңо кайрылсак, сүйлөшкөн жигитиң барбы?
- Мындай суроону жаңылык жаатында иштеген кыздарга бербей деле койсоң болот го дейм (күлүп). Биздин жумушта жеке турмуш жөнүндө ойлонууга мүмкүнчүлүк аз. Байкасаңар керек, көпчүлүк журналист кыздар бойдок келишет. Негизи, эрктүү, акылдуу, намыскөй жигиттерди жактырам. Азырынча андай адамды жолуктура элекмин.
- Сулуулугуңдун сыры эмнеде?
- Кудай сулуулукту ар бир айымга берсе керек. Тек ошону бапестеп, күтө билүү керек. Мен ажарлуу көрүнүш үчүн атайын диета деле кармап көргөн эмесмин. Жумасына 2-3 жолу бетиме маска коюп, косметологдун кеңешин алып турам.
- Болочокто жашооңду кандай элестетесиң?
- Келечекте мотурайган балдардын мээримдүү энеси жана сүйүктүү жардын жаркын жубайы болом деп ойлойм. Албетте, сүйгөн ишимди да таштабаганга аракет кылам. Өз убагы келгенде саясатка аралашайын деген да оюм бар.



Бетти даярдаган
Айсалкын Самсалиева