Эл арасында эң абройлуу саясатчы ким?
Биздин рейтинг-борбор мурдатан эле саясатчылардын рейтингин аныктап келет. Өткөн жолу саясатчылардын саясаттагы гана эмес, эл арасындагы салмагын сураштырып көрдүк эле. Эми дагы ошол салтты улап отурабыз. Анткени, азыр эл саясаттан тажап, чиновниктерге болгон ишеним өчүп баратканы байкалууда. "Баягы эле Акаев, Бакиев доорундагылар, эч бир жылыш болгон жок!" деп нааразы болуп. Чын эле кыргыз элинин расмий жүздөрдөн көңүлү калдыбы? Ошону билүү максатында жарышка саясат казанында кайнап келе аткан жана коомдогу абройлуу адамдардын дараметин сыноону улантып атабыз. Булардын салмагын билүү үчүн 20 адамдан турган көз карандысыз эксперттер 1ден 10го чейинки упайларын беришти. Жыйынтыктар көз алдыңызда. Баса, мурдагысында жазганыбыздай эң аз добуш алган 5 саясатчыны тизмеден чыгарып, алардын ордун башкалар менен толуктадык.