Мырзаке

Жентельмен болгулачы, жигиттер!
Жентельмен ким?
Жентельмен (gentleman) - XVIII -XIX кылымда Англияда пайда болуп, кийин бүт дүйнөгө тараган эркектин образы. Башында бул наамга тектүү жерден чыккан байбачалар гана татыктуу болсо, мезгилдин өтүшү менен билимдүү, токтоо, тарбиялуу эркекти да "жентельмен" дей башташкан. Биздин күндө "жентельмен" деп, дайыма жарашыктуу кийинген, убадага так, намыстуу, күчтүү, акыл көрөңгөсү бай, махабатты ыйык санаган, айкөл жана боорукер мырзаны айтсак болот.

Жентельмен кандай болушу керек?

Убакыт жашоого улам жаңы өзгөрүүлөрдү киргизет. Азыркы күндө сылык мырзаларды күндүзү чырак менен да издеп таба албайсың. Албетте, аял үчүн уктабай түн күзөткөн, эрөөлгө чыгып, эр сайышка түшкөн чыныгы жентельмендердин доору эчак өткөн. Ошондой болсо да, биз, айымдар, чыныгы эркектер тууралуу сөз кылып, кыялданып, мырзаларга да кеп-кеңеш айтууну жакшы көрөбүз...

Нурзат Садыкова, ырчы:
- Токтоо, ыймандуу, намыскөй, айткан сөзүнө бекем, билимдүү... Мындай мырза кандай айымга жакпасын? Анан адамгерчилиги жогору, аялзатын өз энесиндей, эжесиндей, карындашындай сыйласа, үйбүлөсүн бага билсе, өзүнө тың болсо. Бирок, бүгүнкү күндө чыныгы жентельмендер саналуу. Анткени, доор, талап өзгөрүп жатпайбы. Мурда аялзаты толугу менен эркекке көз каранды болуп, коргоого муктаж болсо, азыр андай болбой калды. Кээ бир ишкер айымдар эч кимге камчы салдырбай бала-чакасын багып жатат. Ошол күчтүү айымдарды кор кылбай күтө билген эркекти "бүгүнкүнүн жентельмени" десек жарашат...


Жентельмен кандай кийинет?
№1
Бардык эркектин гардеробунда саркеч костюм, түрдүү галстук бар. Алардан өзгөчөлөнүп туруу үчүн эмне кылуу керек? Сөзсүз түрдө күрмөңүздүн төш чөнтөгүнө жүзаарчы салып жүрүңүз. Ал үч бурчтук түрүндө көрүнүп турганы оң. Жүзаарчы бир өңчөй түстө болуп, өйдө карай 2 сантиметрдей чыгып турушу шарт. Эгер сиз болбой эле ачык өңдөгүсүн жактырып атсаңыз, аны гүлгө окшоштуруп бүктөп алыңыз. Бул сиздин чыгармачылык фантазияңыздын бай экендигинин далили...
№2
Галстукту ар кандай кырдаалга карата ар түрдүүчө байлоону үйрөнүңүз. Эгер ичке галстук тагынсаңыз, аны түз байлоо кажет. Ал эми жазы галстукту ар кандай кылып кооздосоңуз ашыктык кылбайт. Гүлдүү, ачык түстөгү галстуктар эркекти саркеч көргөзөрүн унутпаңыз. Айтмакчы, галстукту байлап жатканда, түйүндүн жанына 2 сантиметрдей бүктөлгөн бырыш түшүүсү зарыл. Ал жүздү бир эле учурда олуттуу да, табышмактуу да көргөзөт.
№3
Өзүңүзгө ылайык атыр тандаңыз. Аны аялдарга окшоп бат-бат алмаштырбаңыз. Туруктуу, өзүңүзгө гана таандык бир жыпар жыт болушу кажет. Көпчүлүк адамдар сизди ошол аркылуу эстеп калышат. Аны көбүнчө моюнга, карууга, жакага чактап себиңиз. Атырдын буркурап турушу башкалардын сизге болгон күмөн саноосун жаратат. Адатта, парфюмдун каңылжаарды жара аңкып туруусун айымдар гана жакшы көрөт эмеспи.
№4
Официалдуу кийимге кыска куртка шайкеш келбейт. Андыктан кышкысын пальто кийиңиз. Колдон келсе тизени жапкан, узунун тандаңыз. Пиджак кысылбай батышы үчүн далысы жазы тигилгенине маани берүүңүз абзел. Анан акыркы эреже: эгер сиздин айымыңыз суукта үшүп атканын байкасаңыз, пальтону чечип, ага жаап коюңуз.
№5
Кээде даражасы улук адамдар деле канчалык кымбат кийинбесин, көзгө комсоо көрүнөт. Эмне үчүн? Бул кубулуштун сырын ачкысы келгендерге жөнөкөй жооп: бардыгы аксессуарга байланыштуу. Андыктан запонка (металл топчу) колдонуңуз. Айрыкча француз жеңдүү көйнөк кийгенде, күмүш же алтын жалатылганын тагынып алсаңыз, башкалардан кескин айырмаланып, салабаттуу көрүнөсүз.
№6
Жеке чач тарач күтүп, жумасына бир ирет анын кызматын пайдаланыңыз. Бекеринен бул кесиптин ээлерин "стилист" деп айтышпайт. Анткени, тарак менен кайчы да сиздин келбетиңизди 100% өзгөртүүчү кудретке ээ. Албетте, бир жума ичинде чач өсүүгө жетишпейт дечи. Бирок, сакал-мурут... Айрыкча моюндагы, мурун менен кулак ичиндеги түктөр эркекти илээнди, жапайы көргөзөрүн эстен чыгарбаңыз.
№7
Жентельмендин ич кийиминде учуп жүргөн торопойдун, жаа кадалган жүрөктүн, коен менен чычкандын, бажырайган гүлдөрдүн же жылаңач аялдын сүрөтү болууга тийиш эмес. Эгер сизде ушундай ич кийимдер болсо, анда гардеробду бошотуп, тезинен ыргытыңыз. Ич кийим шымыңыздын түсүнө шайкеш келип, бир гана түстө болууга тийиш. Ак болсо ак, көк болсо көк дегендей...
№8
Жынсы кийген эркек айымдарды өзүнө тартып, сексуалдуу көрүнөрү бештен белгилүү. Ошондуктан анын бир нече түрүн сатып алуу кажет. Көк, ак, кара, жыртык, сүрүлгөн, темир-тезек төөнөлгөн... Мындай көптүк сизге кырдаалга жараша кийингенге жардам берет. Мисалы, тоого чыкканга көгүшүн, сыра ичкенге сүрүлгөнүн, иш кылганда карасын кийип барасыз дегендей... Бирок, эсиңизден чыгарбаңыз, анын баары таза жана тыкан болууга тийиш.


Таалайгүл Жаныбекова




  Толук кандуу жентельменсизби?

Эрнис Кыязов, алпаруучу:
- Мага "жентельменмин" деп мактанганга караганда, "мен адаммын!" деген алдаганча сыймыктуу. Адам болсоң - улуу-кичүүнү, аялды, энени сыйлай билген жентельмен да боло аласың.
- Айымдарга сый көргөзөсүзбү, мисалы, маршруткадан жаныңызда турган кызга орун бошотуп?...
- Жанагы Батыштын этикетиндегидей калп күлүп, "жаным" деп жагалданыппы?.. Мен Карнегинин китептериндеги буга окшогон насааттарды туурай албайм... Аял киши чындыкты сүйөт. Маселен, менин жубайым жасалмалуулукту жаман көрөт. Жөнү жок эле мактап, жылмая берсем, кыжыры кайнап кетет...

Тынчтыкбек Чоротегин, тарыхчы, журналист:
- Муну мен айымдардан сурашым керек.
- Алар кандай жооп берет деп ойлойсуз?
- Кээлери калп эле "ооба, ал ошондой" десе керек (күлүп).

Эдил Байсалов, "Айкөл эл" партиясынын жетекчиси:
- Мен жигитмин…
- Жигитсиз, бирок, жентельмен эмессиз да?
- Биздин маданиятта кыргыздын эркеги жигит болушу керек...
- Аялзаты күрмөсүн чечсе ала коюп, колунан өөп учурашканды намыс көрөсүзбү?
- Айланайын, жооп бердим го... Кыскача эле жазып койчу. Азыр Батышта да жок мындай эркектер. Сүйлөшкөн кызыңа, же жубайыңа эле болбосо, чоочун аялдар сыйыңды тийишкендей көрөт.

Мирсулжан Намазалиев, Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун жетекчиси:
- Жентельмен - бул сөзгө туруктуу, сабаттуу жана ыймандуу адамга берилген баа.
- Бирок, муну айымдарга сый көрсөтө билген эркектерге карата айтышат го...
- Башында жанагы мен айткандай болуп, кийинчерек аялзатын ызаттап, урмат-сый көргөзүп жана көңүл бөлүп турган мырзаларды да "жентельмен" дей башташса керек эле...
- Ал эми өзүңчү?
- Эми өзүм тууралуу айтсам, мен ар дайым сөзүмө бекем туруп, майда-чүйдөгө маани бербейм. Аялзатынын да көңүлүн калтырып, анын сезими менен ойногум келбейт. Демек, өзүмө "жентельменмин" деп баа бере алам.

Бегалы Наргозуев, экс-депутат:
- Жентельменсизби?
- Чыныгы жентельмен өзү жөнүндө эч качан бийик пикирде болбойт.
- Эмне үчүн?
- "Мен жентельменмин" деп төшүн каккан эркек, чыныгы жентельмен эмес.