Жан соолук

Белкүчтү алсыраткан "душмандар"...

Болот Рысбаев Улуттук госпиталдын алдындагы Урология илимий борборунун догдуру, Кыргыз медициналык академиянын андрология жана урология кафедрасынын доценти, медицина илимдеринин кандидаты.

Простатит, өнөкөт простатит
- Бүгүнкү күндө простатит оорусу өтө актуалдуу проблемага айланды. Урология борборуна кайрылгандардын статистикасын карап көрсөк, үч эркектин экөөсү простатит менен ооруйт экен. Простатит - бул урук сактагыч бездеринин оорусу. Ал суук тийгенден жана инфекциялык оорулардын күчөшүнөн келип чыгат. Тилекке каршы, эркектердин ишке жана сексуалдык активдүүлүгү күчөп турган 25-40 жаш аралыгында простатит илдети көп учурайт.
Эркектердин ден соолугуна кылган шалаакы мамилеси, каада-салттагы уялуу, корунуу комплекстери жана кендирди кескен каражат маселеси бул оорунун күчөшүнө түрткү болууда. Анан акчасы барлары деле досторунан угуп алып, ал алган дары, ийнелерди пайдаланып, дарыланышат. Бирок, өз алдынча дарылануу туура эмес. Атайын бизге келип көрүнүп, анан анализдерге жараша ден соолукка кам көргөнү оң да. Булардан сырткары, түнкүсүн компьютерде иштөө, суук күндөрдө арактын күчү менен сууга түшүү, кыш күндөрү даарат алуу, андан соң жыныстык мүчөнү кургатпоо простатиттин өтө оор - өнөкөт простатит формасына алып келет.
Урук бездер турган жерде, жыныс мүчөсү менен арткы тешиктин ортосунда, жыныс мүчөнүн учу заара кылбай турган учурда көп-көп ооруй баштаса, анда сиздеги простатиттин өнөкөт простатитке айланганынын белгиси. Мындан тышкары урук түшүрүү маалында ыңгайсыздык же оорутуу сезилсе, заара ушатып жатканда ачышып оорутса, булар дагы өнөкөт простатиттин белгилери. Ошондуктан, эркектер ден соолукка олуттуу көңүл буруп, алдын ала догдурдан кеңеш алып турганы жакшы. Себеби, өнөкөт простатит тукумсуздукка алып келген факторлордун бири.
Тукумсуздук
- Тукумсуздук оорусунун күч алып баратканына тиешеси бар негиздер өтө көп. Биринчи кезекте, инфекциялык оорулардын, мисалы, гонорея, хламидиоз, триманиаз жана ошондой эле простатит оорулары сыяктуулардын убагында дарылатпай күчөп кетишинин натыйжасында эркектер тукумсуздукка учурайт. Эркектердин уруктук жумурткасында кан-тамырлардын шишиши, же жыныстык мүчөгө кандын топтолушун камсыз кылган тамырлардын бузулушу жана белгисиз патологиянын негизинде да жок жерден эле урук сактагыч безден уруктун жоголушу тукумсуздукка алып келет. Акыркы кездери жумушсуздуктун айынан келип чыккан ар кандай стресс, депрессиялар, келечекке болгон үмүттүн жоктугу, айрыкча, кийинки мектеп жашындагы балдар спорт менен машыгуунун ордуна эртеден-кечке компьютерде ойноосу белгисиз патологияны жаратып жатат. Бөйрөк, грыжа ооруларын дарылабаса, ал дагы акыры тукумсуздукка алып барат.
Балалуу болбой аткан жаш жубайлар бизге келишип, анализ тапшырышат. Тыкыр изилденет. Эң биринчи эркектин тукумсуздугун карап чыгабыз. Түрлөрү да көп. Секретордук тукумсуздук . Бул - гормондордун бузулушу. Жумурткадан кетет. 4-5 гормон болот. Булар урукту көбөйтүп, иштеп чыгып турат. Ушу гормондор жабыркаган.
Экскретордук тукумсуздук . Бул - жумурткадан чыккан жолдор бүтөлүп калган болот. Мындайча айтканда, урук жетчү жерге жетпей, орто жолдо түтүкчөдө камалып калат деген кеп.
Иммунологикалык тукумсуздук . Бир караганда жубайлардын ден соолуктары жакшы эле өңдөнөт. Эмне үчүн балалуу болбой атканын өздөрү билишпейт. Адамдын организминде антитела деген зат пайда болот. Антитела эркекте жана аялдарда кездешет. Булар урукту чекесинен жеп коюшат. Кимисинде ушундай зат бар экенин билиш үчүн жубайлар лаборатордук изилдөөдөн өтүшү кажет. Бишкекте андай лабораториялар үч-төртөө. Ал жерден тыкыр аныкталып, себеби билингенден кийин, дарыланууга оңой болуп калат.

Бел күчтүн алсыздыгы
- Эркектердин бел күчүнө тиешелүү бул ооруну медицина илиминде "эректильная дисфункция" деп коюшат. Мындан 10 жыл мурун жашы 60ты таяп, улгайып калган эркектер кайрылышчу. Азыр болсо жаштар келе баштады. Арасында 25 жаштагылар да жок эмес. Негизинен бул ооруну аныкташ үчүн, жабыркаган адам уялбай этпей эле биякка келип көрүнүш керек. Психогендик жактанбы же органдык жактан кетип атабы (?) деп аныктайбыз. Психогендик - бул эркек адам ар кандай жагдайларга туш болгон. Мисалы, өнөгү "сеники жарабайт, турбайт, мени канаатандырбай атасың" деген обужок сөздөрдү айтуу менен адамдын психикасын жабыркатып, эркектин бел күчүнө катуу таасирин тийгизиши мүмкүн. Жыныс жактан кетип аткан болсо, диагнозун чыгарып, дары-дармектерин жазып беребиз. Мисалы, ингибатордун 5-түрдөгү фосфодиэстераза дарыларын. Аларга: "Виагра", "Левитра", "Сиалистер" кирет. Кээ бир жабыркагандар арзанына качырып, кытайдын дарыларын колдонуп ийишет. Алар канчалык оң таасирин тийгизгенин жабыркагандар өздөрү билишсе керек. Андыктан стандарттуу Европа дарыларын ичишсе дейт элем. Бирок, аты аталган дары-дармектерди сөзсүз түрдө догдурдун кеңеши менен пайдалануу зарыл. Убагында догдурга кайрылбаган эркектерди бара-бара жыныстык жактан шал (импотент) болуп калуу коркунучу күтүп турат.

Даярдаган
Сурат Жылкычиев





  Улуу реформатор

Азиянын арстаны

Кыргыз лидерге жарыбады. Эки жолу президент алмаштырып, эки жолу төңкөрүш жасаса да. Мекеним, тилим, дилим деген бир жан жоктугуна Ала Тоо да мөгдөп, маңкурт уул-кыздарынын жоругуна баш чайкап тургансыйт. Балким теңирден оомат келип, эгемендик алган жылдардан бери бир жүрөгү таза кыргыз болгондо азыр Малайзиядай өнүгүп кетет белек? Болбосо, бул өлкө бир убакта бизден жаман жашачу экен. Качан гана Махатхир Мохамад деген уулу бийликке келгенде багы жанып, Индокытайдын жолборсуна айланыптыр.


Датук Сери Махатхир Мохамаддын балалыгы өтө катаал шартта өткөн. Мугалим атасынын жарыбаган айлыгы аны кичинесинде эле базарга түртүп чыгарган. Куурулган банан саткан бала келечекте мамлекет тагдырын таанылгыстай өзгөртөрү ал кезде эч кимдин түшүнө кирбеген.
Махатхир эс тартканда медицина боюнча билим алган. Анын саясый карьерасы университеттен түптөлгөн десек жаңылбайбыз. Адабият ийримине тынбай барган студент чечендик өнөрдү чебер өздөштүрүп, өзү теңдүүлөр арасында аброю өскөн. Анткен менен окууну бүткөндөн кийин 10 жылга чукул дарыгер болуп иштеген. 1964-жылы шайлоодон жеңип, парламентке келген.
1969-жылы 13-майда Куала-Лумпурда малайлар менен кытайлар тирешип, башаламандык келип чыккан. Тарыхта жазылгандай, кытайлар Малай жарым аралында Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин көбөйгөн. Ага кошул-ташыл, өлкөнүн ички иштерине Улуу Британия да киришип турган. Англичандар узак жылдар бою колониясы болгон өлкөнү оңой эле колдон чыгаргысы келген эмес.
Бу кезде малайлар айыл-чарба менен жан баккан. Ал эми майлуу-сүттүү бизнес чөйрөсү, транспорт фирмалары, ири компанияларды кытайлар ээлеп, анда жалаң гана кытай жарандары иштеген. Шаар ичиндеги көрнөк-жарнактардын баары кытайча жазылган. Калган кирешелүү тармактарды англичандар энчилеп алган. Экономиканы бийлегени аз келгенсип, кытайлардын 1969-жылкы шайлоо маалында мамлекеттик кызматка умтулуусу улут аралык жаңжалды пайда кылган.
Бул убакта Махатхир Малай улуттук биримдик уюмунун мүчөсү катары, өлкөнүн 20 жылдык өнүгүү жол-жобосун камтыган жаңы экономикалык план иштеп чыккан. Кийинчерек премьер-министр Тенгку Абдул Рахманды улут аралык кагылышууга жол бергени үчүн сындап чыгып, отставкага кетүүсүн талап кылган. Бул билдирүүсү үчүн 1970-жылы партия катарынан чыгарылган.
1972-жылы ал "Малай диллемасы" аттуу эмгегин жазып бүткөн. Ал малай элинин кызыкчылыгын коргоого арналып, "мамлекет рычагы кайсы улутка тийиштүү болушу керек?" деген маселени камтыган. Китеп Махатхирдин саясый рейтингин өстүргөнү менен бийликти чочулатып, "коммуналдык көйгөйдү курчутат" деген шылтоонун негизинде аны басууга жана таркатууга тыюу салган.
Улуттук биримдик партиясына кайрадан кабыл алынган Махатхир Мохамад эки жылдан кийин өнөр-жай жана соода министринин милдетин аркалаган. Андан соң билим берүү министри болуп дайындалып, 1976-жылы вице-премьер-министрдин креслосуна отурган.
1980-жылы өлкө башчысы Тун Хуссейин ден соолугунун айынан кызматынан кетип, ордун Махатхир баскан. Анын бийликке келип, өлкө башкаруусу жеңилге турбаган. Партия ичиндеги карама-каршылык күчөп, бир жагынан оппозициялык партиялар ишке тоскоолдук жараткан. Анткен менен ал экономикалык саясатты башка нукка бурган. Өз улутуна артыкчылык берүү менен бирге кытай жарандарын да үркүтпөй, башкы инвестор катары кармап калган.
Махаткир өкмөт башында турган кезде Малайзия каучук менен калайды иштетүү, болотту жана автомобилди өндүрүү, электрондук жабдууларды жасоо боюнча дүйнөдө алдыңкы орунга чыккан. Малайзиянын улуттук сыймыгы болгон бийик кабаттуу имараттар, кибер-электрондук станциялар да Махатхирдин доорунда курулган.
Ал демократияны сыйлаган, ошол эле маалда анын көптөгөн формаларын колдонгон эмес. Батыш таңуулаган кызыкчылыктардан баш тартып, азиялык баалуулуктарга басым жасаган. Дүйнөдө жылдан-жылга жөөт экспансиясы күчөп баратканын сындап, 2003-жылы Малайзияда өткөн Исламдык конференция уюмунун саммитинде "жөөттөргө каршы күрөшүү үчүн мусулмандар бардык мүмкүн болгон акылын пайдаланууга тийиш" деген. Ал 11-сентябрдагы терактан кийин АКШнын Иракка, Ооганга жасаган чабуулун колдогон эмес. Мындай өкүмзордук дагы уланып, өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө сөзсүз терс таасирин тийгизерин эскерткен. Бүгүнкү Ливиянын бомбаланышы Махатхирдин көрөгөчтүгүн далилдеп турат.
Өлүп бараткан өлкөнү тирилткен Махатхир Мохамад 2003-жылы кызматтан кеткен. 34 жылдык доорунда малай элин "жанбакты, жалкоолор" деген ылакап аттан арылтып, өзүн-өзү урматтоого үйрөткөн лидер бул кезде карып кеткен эле...

Таалайгүл
Жаныбекова