Фемидага кулак кагыш

Чек арачынын тагдыры кимди ойлондурат?

Ак жерден күйүп, укук коргоо органдарынын жосунсуз жоруктарынан түңүлгөн Миназар Оморов жана Расул Исаковдун кайрылбаган жери, түртпөгөн эшиги калбады. Акыры чындыкты коомчулукка ачык чыгарууну көздөшүп, редакцияга кайрылышты.

Ага лейтенанттар: М.Оморов жана Р.Исаков КРнын чек ара кызматынын №2011 аскер бөлүгүнө караштуу "Кызыл-Кыя" көзөмөл чек ара бөлүмүндө кезмет зардалы болуп иштешчү. 2009-жылдын 18-апрелинде Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылында "Кызыл-Кыя" авто жол чек ара бөлүмүнүн жанында жайгашкан чайканага болжол менен саат 18:00 чамасында прапорщик Н.Саминов менен чогуу кечки тамактанууга киришкен. Ошол жерден Н. Самидинов Х.Мирзаев аттуу жаран менен чатакташа кетип, чырга М.Исраилов, М.Курбанов, Ю. Турсуналиев деген адамдар да аралашып кеткен. Натыйжада, Х.Мирзаев, М.Исраиловдун ден соолугуна залал келгендиги аныкталып, бул факты боюнча 2009-жылы 11-майда ага лейтенант М.Оморовго карата кылмыш иши козголуп, ошол эле жылдын 6-июнунда ага карата КР КЖКнын 234-беренесинин 1-бөлүгү менен айыпкер катары жоопко тартылган. Баткен гарнизонунун аскер сотунун 2009-жылдын 1-июлундагы соттук отурумунда жабырлануучу М.Мирзаев: өзүн урган айыпталуучу М.Оморов эмес, саргыч түстөгү футболка кийген бала экендигин айткан. Айткандай эле кошумча тергөөдө саргыч футболка кийген бала Тюреканов Алтайбек Кубатбекович экендиги аныкталып, ага карата кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган. Ош гарнизонунун аскер прокурорунун жардамчысы, юстициянын ага лейтенанты Апит уулу КРнын ЖПКнын 225-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, "№2011 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери: ага лейтенант Оморов Миназар Кайыпбековичти жана Исаков Расул Айтбековичти кылмыш жаза жоопкерчилигине тартуу үчүн толук далилдер жетишпегендигине байланыштуу, аларга карата кылмыш иши кыскартылсын" деген токтом чыгарган. Айыпталуучулардын иши кайрадан 2010-жылдын 18-октябрында Бишкек гарнизондук аскер соту тарабынан каралып, Оморов Миназар Каипбековичтин кызмат ордун калыбына келтирүүгө чечим чыгарган. Миназар Оморов, өзүнүн күнөөсүз экендигин далилдеш үчүн тергөөчүлөрдүн сураган акчаларын да колдоруна карматкан экен. Ал эми прокурорлор улам акча өндүрүүгө кынык алышып, ишти татаалдантып, созууга аракет жасашкан. Ошого карабай бул тергөөчүлөр азыр да кызматтарынан көтөрүлүп, май-талкан үстүндө. Ал эми ошол эле маалда соттун чечими өз пайдасына оогонуна карабай, М.Оморов аликүнчө кызмат ордун кайра ала албай, калыстык издеп, убара. Аскердик окуу жайын Москва шаарынан бүтүп, өз ишин мыкты өздөштүргөн адамга бул кандай сокку экенин билсеңиздер керек? Ушундан улам "жөнөкөй, катардагы чек арачынын кызматы кимге керек болду экен?" деген суроо туулат. Чек ара кызматы президент Роза Отунбаеванын буйругу менен Улуттук коопсуздук кызматына өткөрүлгөнү баарыбызга маалым. Демек, М. Оморовдун тагдыры УКМК тарабынан чечилүүгө тийиш.

Назгүл МАМЫТОВА




  Айымтөр

Назгүл Насиева, продюсер:
"Кулов өкүл атам, кызымдын атын өзү койгон"
- Назгүл айым, жашооңуздагы жаңылыктар тууралуу билсек?
- Ой, кайсы бирин айтайын? Жакында эле улуу кызымды күйөөгө узатып, кайнене болдум. "Жылдызды алакачып кетти" дегенди угуп, өзүмө келе албай жатсам, "мама бир жылдан бери сүйлөшүп жүргөм, өз каалоом менен келдим" деп кат жазып жибериптир. Аны окуп алып, ыйладым... Эми "кыздын барар жери күйөө" дечи. Эне кургур баласын "окуса, иштесе, эл-жер көрсө" дейт тура...
- Кызыңыздан башка канча балаңыз бар?
- Турмуш курган кызым быйыл 19га жаңы эле толгон. Улуттук университетте окучу. Андан кийин 17ге чыккан уулум бар. Юридикалык лицейдин 1-курсунун студенти. Улан төрөлгөндөн 12 жыл өткөндөн кийин, 2006-жылдын 14-сентябрында кыздуу болдум. Кызыгы, балам да ушул күнү жарык дүйнөгө келген. Азыр кичинекей кызыбыз бала бакчага барат. Чакан үйбүлөбүз.
- Өзүңүз кандай үйбүлөдө туулгансыз?
- Кара-Суунун Отуз-Адыр деген 600 түтүндүү айылында чоңойгом. Атам кесиби боюнча малдоктур экен. Мен экиге толгондо кайтыш болуптур. Үч бир тууган элек. Бир агам 35 жашында атамдын артынан дүйнө салды. Апам Мөөркан Кыштакбекова эл агартуунун отличниги. Бир топ жыл мугалим болуп иштеген. Азыр жашы сексенге таяды. Апам байкуш жесирликтин азабын жакшы эле тарткан. Бирок, күчтүү аял экен, баарыбызга жакшы тарбия берди. Ошол кезде айылдан биз гана орус мектептен окуганбыз. Эсимде, апам үчөөбүздү эшекке мингизип алып, 1 чакырым алыстыктагы балабакчага алып барчу.
- Кандай окуучу элеңиз?
- Биринчи класска барганда "здравствуйте" дегенди "дачучи", Любовь Григорьевна деген мугалимди "Любоб Грибок" деп жүрүп, мектептин сыймыктуу окуучусу болгом. Ушул күндө да мугалимдерим менен байланыштамын. Мектепти бүткөндөн кийин Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтуна келгем, "ырдайм" деп. Бирок, таякем, Түгөлбай Казаков полиграфиялык окуу жайга жетелеп барып, "ушул жерди кызыл диплом менен бүтсөң, Москвага жөнөтөм" деп өткөрүп койду. Ал жерди чын эле кызыл менен бүттүм, аны менен катар таякеме айтпай, искусство институтуна тапшырып, маданият ишмери болуп чыктым.
- Жолдошуңуз менен кандайча табышып калгансыз?
- Кубанычбек менен студент кезде таанышкам. Жашыбыз тең, жердешпиз. Ал Консерваторияда окучу. Экөөбүз тең гитараны жакшы чертчүбүз. Кечкисин серенадаларды ырдап жүрүп, бири-бирибизди жакшы көрүп калыпбыз. Ошол сүйүүнүн деми менен Кубан мени жыйырма жашымда эле алакачып алган. Мен да аны аябай жакшы көргөндүктөн, чыр салбай эле отуруп калыпмын.
- Жолдошуңуз азыр кайда иштейт?
- Кубан гобой инструментинде жакшы ойнойт. Бишкектеги бардык классикалык оркестрлерде иштейт, андан тышкары, музыкалык окуу жайларда сабак берет. Тун уулубуз Улан төрөлгөндө жатаканадагы "мен кыйын" деген студенттердин баарын №4 төрөтканага чогултуп келип, терезе түбүнө концерт коюшкан эле.
- Студент кезде үйлөнсөңөр жокчулук кээрин жакшы эле тарткан экенсиздер да. Кайната-кайнене менен мамилеңиз кандай эле?
- Оо, жокчулуктан кыйналганды айтпа. Биз үйлөнгөндө рубль сомго алмашып, баш чаташып аткан кез эле. Жолдошум таң аткыча Ош базарын шыпырып, короочу болуп иштечү. Мен күндүз окуп, түштөн кийин базарда отургандарга тамак жасап сатчумун. Ошентсе да ата-энебизге кыйналганыбызды билдирген эмеспиз. Уруш-талашы жок жетелешип жүрүп, азыр Кудайдын кулагы сүйүнсүн, ирдендик. Кайненем тууралуу айтсам, жоош, жакшы киши. Кайнатам юрист болчу, мени атыман айтпай "кызым" деп чакырчу. Тилекке каршы, эрте эле көзү өтүп кетти.
- Үйбүлөдө казан-аяк кагышат эмеспи, жолдошуңуз таарынганда эмне кылат?
- Кээде биз деле уруша кетебиз. Андайда сүйлөбөй калат. Бирок, ак көңүл. Эркелигимди көтөрөт. Анан " ушу сен чоңое электе, балдарым чоңоюп калышты ээ" деп тамашалап күлүп калат. Жашаганыбызга туура 19 жыл болду. Бир да жолу көңүлүмдү калтырган эмес.
- Продюсерлик менен качан алыша баштагансыз?
- Эмгек жолумду Динара Акулова менен баштагам. Экөөбүз үч жыл иштедик. Кенен тажрыйба топтодум. Анан "Таалай элеси" тобу менен иштештим. Тилекке каршы, алар ишти улап кете алышпады. Андан кийин көп ырчыларды келишим түзбөй эле алып чыктым. Белгилүүлөрү: Эрмек Маматов, Аида Кулуева, "60 К" ж. б.
- Сизди Феликс Куловдун өкүл кызы дешет, аны менен кандайча таанышып калгансыз?
- Куловду мен атамдай көрөм. Ал абакка түшкөндө мен көп эле жолу концерт коюп, барып турчумун. Катуу ооруп калганымда оор операцияма да чын жүрөгү менен кейип, жардам берген. Үйүнө барып калсак, "балдарым" деп үйрүлүп түшүп, жан-алы калбайт. Кызымдын атын "асмандагы ай-жылдыздай сулуу, анан сенин эң кымбат байлыгың болсун" деп, Айкен койгон.
- Азыр издөөдө жүргөн Алманбет Анапияев менен да мамилеси жакшы деп уктук эле?
- Мен кайрымдуулук концерттерин көп уюштурам. Абакта жаткандарга, балдар жана карылар үйүндөгүлөргө такай барам. Жакшылыкты сен жасабасаң, мен жасабасам ким жасайт? Ошол адамдарга моралдык жардам көрсөтүү, ар бир мусулмандын парзы болсо керек. Алманбет Анапияев менен да балдар үйүнө бараар астында, демөөчү издеп жүрүп таанышкам. Азыр ал адамды каралап атышат. Бирок, мен билген Алманбет Анапияев боорукер, патриот жигит. Айрыкча, жетим-жесирлерге, карыларга колунан келгенин аябайт.
- Эми Феликс Куловдой өкүл атаңыз турганда, саясатка аралашып, өзүңүздү сынап көрөт чыгарсыз?
- Саясаттан дайыма кабардармын, кызыгам, бирок, аралашпайм. Анткени, ден соолугум жол бербейт. Татаал, ары жоопкерчиликтүү, эл тагдырын, келечегин чече турган бул ишти аркалачу татыктуу кыз-жигиттер кыргызда арбын.


Таалайгүл Жаныбекова