Министрдин
махабаты
Мелис Эшимканов
(Уландысы.
Башы өткөн санда)
- Жок.
- Чынбы?
- Чын.
- То есть, вы тоже считаете это не очень мужским поступком?
- Кайдан жүрүп мындай тонкий натура болуп калгансың? Мамаңды тарткансың го?
- Балким. Менин суроомо жооп бербедиңер?
- Канешно, эркектерге жарашпаган поступок. Тут спору нет!
- Кечирип койгула, Нурлан байке, ээнбашыраак суроо берсем таарынбайсыңарбы?
- Мейли, мейли. Аракеттенейин.
- Жок, таарынбаганга убада берсеңер гана айтам.
- Айт. Таарынбайм... Мен эми жаш бала эмесмин да.
- Канчадасыз?
- Жакында 44кө чыктым.
- Оо, мамамдан да улуу турбайсыңарбы?
- А өзүң канчадасың, Аида?
- Карып баратам.
- Ха-ха-ха, тамашакөй окшойсуң?
- Абдан. Эки айдан кийин жыйырманчы жаздан өтөбүз.
- Мына кызык, менин уулум менен тең турбайсыңбы?
- А канча балалуусуңар?
- Үч эркек. Улуусу Канат АУКта окуйт. Алмаз менен Чыңгыз экөө кичирээк, майда класстарда.
- Кызыңыз жок турбайбы?
- Тилекке каршы, жок.
- А өзүңүз каалайсызбы?
- Не то слово.
- Аракеттенип көрбөйсүңөрбү?
- Жаратылыш закону бизден күчтүү да. Анүстүнө жеңеңдин деле жашы өтүп калды.
- Удивительно.
- Эмне удивительно?
- Силер менен эски тааныштардай эле ачык, түз сүйлөшүп атканыбызга таңгалып атам. Ыйлаганымды да унуткарып койдуңар.
- Ну... значит, экөөбүздү жипсиз байлаган бир балээ бар го?
- А, жанагы суроомду унутуп бараткан турбайбызбы!
- Мени таарынтып ийчүбү?
- Таарынбайм дебедиңерби?
- Тамаша.
- А менин суроом тамаша эмес, Нурлан байке.
- Та-ак.
- Жана силерге шефиңер телефон чалып, 9-номер утсун деп буйрук бергени ыраспы?
- Ыра-ас. К великому сожалению.
- Демек, калыстык бузулуптур да?
- Бузулду.
- Нурлан байке...
- Ооба.
- А ошол начальнигиңиздин буйругун, причем адилетсиз буйругун кыйшаюусуз аткарганыңыз - это мужской поступок?
- Эх, Аида...
- Кечирип койгула, байке.
- Жок, сен мени кечирип кой, айперидей болгон карындашым... Ты просто убила меня своим вопросом...
...Эскерүү кинотасмасы ушул жерден үзүлдү. Телефон шыңгырап, англисче сүйлөгөн үн менен америкалык бизнесмен өнөктөшү Майкл мейманканага келип, сыртта күтүп турганын айтты. Нурлан Кадырбекович 10 мүнөттүк убакыт сурады.
Америка сапары да карыды. Расмий делегация менен барган Нурлан Кадырбекович сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эл аралык келишимдерге кол коюу менен гана чектелбей, өзүнүн жеке "Айдана" фирмасына америкалык күркүл бизнесмендердин 10 миллион долларлык инвестициясын тартууга да үлгүрдү. Көңүлү жайдары. Галстугун чечип, койкоңдогон стюардессаларга көз кысып траптан көтөрүлдү да, "быссымылда" деп "Дельта" авиакомпаниясынын кычыраган VIP-салонунан орун алды. Коңшусу кыргыз олигархы аталган Байбосунов экен. Дароо үн катты.
- Кудай жол берсин дейлиби, министр мырза?
- Дейли, Базаке.
- Америкалык фирмачтарыңыз Сизди аэропортко чейин узатып келишти го?
- Протокол эрежесин сакташканы да.
- По-моему удачный сделка жасадыңар?
- Көрө жатарбыз.
- Келиңиз, Нурлан Кадырбекович, визитибиздин жемиштүү өтүшү үчүн деп, Бишкегибизге аман-эсен жетели деп мобу вискиден 100 граммдан алып койбойлубу?
- Самолет көтөрүлгөнчө чыдай турбайлыбы, Базаке?
- Өтө эле правильный болуп кетесиңер да, ушу өкмөт мүчөлөрү! Биз деген блатнойбуз, эл багып жүрөбүз, беш күндөн бери эшектей иштедик! Почти бир сутка жолдо жүрөбүз. Океандын үстүнөн учабыз. Кулап кетип акулага жем болбой үйүбүзгө жетсек дейбиз, туурабы?
- О, Базарбай Байбосунович, гостиницадан эле урган окшойсуңар, уже тепленький болуп алыптырсыңар?
- А как же! Жигит болсоң шок бол, шок болбосоң жок бол дегенди уккан эмессизби?
- Уккам байкеси. Келиңиз анда ырымын жасап туралы. Бирок өзүбүздүн эле арактан ичпейлиби?
- Сизде кандайы? "Русский медведь" дейби? Эй, аюу-паюлар үйдөн гана жарашат. А биз азыр американ ковбойбуз! Давайте вискиден эле басабыз. Мы это заслужили! Же текила берейинби, мексикалык арактан?
- Жарайт, Базаке, виски болсо виски.
- Окэй.
- Стюардессадан закуска сурайынбы?
- Ну что-о вы, господин министр?! Мындай сулуу стюардессадан закуска эмес, башкасын сураш керек, жамбашын карабайсызбы, ха-ха-ха!
- Да-а, жамбашы ничево экен.
- Чыныгы кыргыз эмне жеш керек? Мынакей, мобундай сүрсүгөн, шилекей агызган чучук жеш керек!
- Ой, мунуңуз түгөнө элекпи?
- Чучук түгөнгөндө кыргыз түгөнөт, байкеси! Кана бирдеңке деп коюңуз?
- Эмне дейбиз, Базаке. Чындап эле поездкабыз кудайга шүгүр, жакшы болду. Алакандай Кыргызстандын өкүлдөрүн улуу державанын минтип бапестегени түшүнгөн жанга кымбат окуя да, туурабы? Аны да көрө албай, жумурткадан кыр издегендер чыгат экен.
- Оппозиция-маппазиция деппи?
- И-и.
- Ай көрөт элем, ушу масалиевдер, бекназаровдор бийликке келсе, Америка сүйлөшүп да коерун!
- Туура, туура. Бирок, кеп анда эмес. Би-из, президентибиздин жоокерлери болобуз. Минтип тапшырманы так аткарып, үйгө жүзүбүз жарык баратабыз. Ушуну кудай кут кылсын. Анан албетте, саясат келет-кетет, бийлик менен байлык колдун кири дейт, булардан бийик турган нерселер бар. Өмүр, ден соолук, үйбүлө деген. Бийик асманга көтөрүлүп бараткандыктан, бийик, ыйык нерселер үчүн алып жиберели!
- Ва-ай, сөз эмес бекен! Вроде бы экономист, точный науканын адамысыңар, а откуда такое отменное ораторство?
- Койсоңузчу, Базаке, силердин көлөкөңөрдө жүрбөйбүзбү?
- Ну, көлөкө-не көлөкө, бирок көз тийбесин, аргымагыңыз түзүк эле чуркап баратат, Нуке!
- Ырахмат, ырахмат, алып жиберели.
- Кеттик... У-уф!.. Кел, чучуктан...
- Жайлоодо жамбаштап жаткандай болдук го?
- В этом вся прелесть, дорогой!
- Костюмду чечип салбайсыңарбы?
- Азыр байкеси. Оме-ей, башым резко айланып кетти да?
- Самолет жаңы көтөрүлбөдүбү. Ничево, тез эле өтүп кетет.
- Ошентсинчи айланайын. Вискиси тээп ийдиби дебатпаймынбы. Кечээ тиги посольствонун жигиттери менен катуу кетип калыптырбыз.
- Элчи мененби?
- Жо-ок, тиги майдалары менен. Айда-жылда бир келсек, алган айлыктары тамактан ашпаса, көңүлдөрүн көтөрүп коеюн дедим да.
Стриптиз-шоусуна бардык, энеңди-и-и, жыпжылаңач болуп алышып, так мурдуңдун маңдайына эмчектерин сүлкүлдөтүп, тияктарын бүт алжайтып салат экен, жаш балдардан уялганыман жер карап отурбадымбы!
- Биринчи жолу көрдүңүзбү?
- Ой, көп эле көргөм, Парижден, Амстердамдан, Филиппинден, бирок бу жолкусу баарынан ашып түшпөдүбү!
- Элүүдөн ашып, аялдар жагынан адис деле болуп калдыңыз, Базаке. Чо то американкалар мага коңкоюп, түрү суук көрүнүштү?
- Аның чын. 80-90 проценти сен айткандай. А бирок офистерде, Голливудда, анан алигиндей стриптиз клубдарда мощный красавицалар да кездешет экен.
- Сиз экөөбүз кыдырбаган дүйнөнүн бурчу деле калбады, Базаке. Бирок ушу кытай, сингапур, индус, америка, француз, англичанкалар бир тең да, биздин кыргыз кыздары бир теңби дейм да? Өзүбүздүкүнө тарткандык эмес, колду көкүрөккө коюп туруп айталычы, наши же гораздо лучше?
- Сулуу сулуу эмес, Нурлан Кадырбекович, сүйгөн сулуу! За бестактность, прошу прощения, но сиздин сулууңузга бүт Бишкек ашык экенин билесизби?
- Кайсы менин сулуум?
- Ну, Нурлан Кадырбекович, город наш маленький, все про всех знают! Токолуңузду айтып жатпаймынбы?
- Токолум жок менин.
- Ну ойношуңузбу, көңүлдөшүңүзбү, вся политэлита знает. Кечирип коюңуз, көңүлүңүздү оорутсам?
- Жок, ооруткан деле жоксуңар. Бир аз күтүүсүз угулат экен.
- Если честно, я вам, Нуке, по-мужски завидую. И не только я...
Экөө эки сааттай божурашты. Бир эмес, эки бөтөлкө виски ичилди. Айтылбаган эч бир тема калбады. Чарчадыбы, коңурук тарткан Байбосунов айтпай-дебей кызуу уйкуга кирди. Самолет бир калыпта гүүлдөйт. Нурлан иллюминаторго тигилди. Кайрадан Аидасынын ууртунан жылмайып караганы. Экөөнүн алгачкы түнүн эстеди.
Алгачкы түн деп коет. Кайдагы алгачкы? Ушу жашка келгени өзү канча аялдын койнуна киргенин санагандан чочуйт. Жүзбү, эки жүзбү, чаташып да калды. Иллюминаторго башын жөлөгөнчө, "тоже мне кыргызбайский Донжуан" деп ичинен күңкүлдөдү. Ага кошумчалап австриялык еврей Зигмунд Фрейддин "миром движет секс" дегенин кайталады. Жанында коңурукту өкүртө тартып, бейкапар уктап жаткан Байбосуновго костюмун жапты. Көзүн жумду да, биздин министр каарманыбыз жаны-каны менен биротоло бирге болуп калган Аидасы менен биринчи жолу кантип кошулганын элестетип кирди.
Сулуулар конкурсунан көп өтпөй "Тагаеванын Англияга уткан жолдомосун биз көтөрөлү" деп, уят-сыйытты жыйыштырып коюп, тиги уюштуруучулардын оозун ачырды. Күңкүлдөмүш этип аларың макулдугун беришти. Аида деле анчалык каршылык көрсөткөн жок, бирок ата-энесине түшүндүрүш азапка айланды. Жашыруун кете алышпайт, ачыкка чыкканга жүрөк даабайт. Өгөй папасы гана "это естественно, спонсоры сами решают, с кем она поедет" деп кууланыптыр. Мамасы болсо "мени менен Нурлан Кадырбекович жолукмайынча, Лондонго баруу түшүңө да кирбесин!" дептир. Аргасы канча, Нурлан ал шартка көнүп ресторанга чакырды. Кудая тобо, мамасы Салия Апышевна менен маңдай-тескей жолугушканда министрибиздин келмеси оозунан түшкөнүн айт. Саамай чачын гана аз-маз ак аралаганы болбосо, өңү, фигурасы, кийингени, сүйлөө манерасы любой эркектин шилекейин агызчудай, анан калса кызынын ксерокопиясы-көчүрмөсү экен, чиркин! Экөө сылыктык үчүн гана аркы-беркиден сүйлөшүп, тамак ичимиш этип отургандары менен, башкы маселеге келгенде тилдери байланып, ойда жүдөштү. Нурлан демилгени колго алганга батынды.
- Салия Апышевна, тиги конкурс уюштургандар акчасын аяшканбы, путевканын акысын көтөргөндү мага сунушташты. Өзүңүз деле билесиз, Аидочка "Мерседес" утмак, бирок колубуздан келбеди. Жакшы эле аракеттендик. Ну, буюрбаптыр да... Анан күнөөбүздү жууйлу дегендей, милдетин биз алып койдук. Турфирма менен кайдагы бейтааныш толпа менен жибергенибиз рискованныйраак. Анүстүнө менин дагы Лондондо деловой встречам бар, эки иштен бир иш дегендей... Эми туура түшүнгүлө, Салия Апышевна, бизде тескери ой жок. Менин мүмкүнчүлүгүм көбүрөөк... Беш жылдыздуу отель дегендей, маданий программа, англиялык бай компаньондор тосушат дегендей, айтор, кызыңыз ыраазы болгондой поездка да... Жаман ойлобогула, Салия Апышевна, я ведь тоже дорожу своей репутацией...
- Конечно, конечно, Нурлан Кадырбекович. Сиз жөнүндө тескери ойлогонго эч кандай негиз жок. Андан кадырыңыз жан болсун. Просто Аидабыз өтө жаш, минтип алыска да чыгып көрө элек. Тем более кыялы да очень своеобразная.
- Жаш болсо да өз курбалдаштарынан озуп, республикалык конкурста жеңип атса, окуусу да мыкты дейт, жолун буубаш керек го?
- Жо-жок, жолун буумай жөнүндө кеп жок. Она моя гордость. Единственная радость. Англисчени чагат, компьютер, дүйнөлүк искусствону билгени, фортепианодо ойногону, т-фу, көз тийбесин, а бийлегенин айтпайын, Аидочкабыз түз маанисинде менин жалгыз байлыгым. Я одна вырастила ее, всю душу в нее вложила, уйкусуз түндөрүмдү, унижениелерди, ыйлагандарымды Сизге айтпай эле коеюн!..

(Уландысы кийинки санда)