Антракт
Нурдөөлөт Копоев, актер:
"Дааратканада камалып..."
- Даараткана же ванна?
- Ай-иий, мага экөө тең абдан керек да. Дааратканасыз жашоону элестетүү кыйын. Жай келатканда ванна дагы керек. Мм... Кайсыны тандасам? Экөөнү тандаса болбойт экен. Анда даараткананы тандайын. Ий, баса, бир жолу тойдо тамада болуп калдым. Антракт учурунда "дааратканага кире калам" деп, ичинде камалып калгам (күлүп). Тарсылдатып атам, анда-санда "ай, ким угуп атат?" деп кыйкырып коем. Эч ким келбейт. Он-он беш мүнөт болуп кетти. Айлам кетип, той ээсинин телефонуна чалгам. Көрсө, каалга сыртынан бекилип калыптыр...

Назира Кадыева, ди-джей:
"Николай Танаевдин лифтине түшүп..."
- Лифт же тепкич?
- Ойлонбой туруп лифти тандайм. Биз А.Атамбаевдин форумунун имаратында сегизинчи кабатта иштейбиз да. Эфирге беш-он мүнөт калганда барам. Анан бышылдап, тепкичтен көтөрүлгөнчө лифтке түшөм. Кээде кудайдын куттуу күнүндө лифт иштебей калат. "Чоң имаратта бир лифтти иштете албайсыңар" деп чоңдорго чейин кирген учурларым болгон. Күзөттө турган мырзалар да мени таанып калышкан. Эч кимге ачпай аткан лифти мага ачып беришет (күлүп). Бир окуяны айтып берейин. 2-курста Акүйдө премьер-министрдин пресс-кызматында тажрыйба өтөп калдым. Биринчи кабатта эки лифттин кичирээги ачык туруптур. Түз эле кирип баратсам күзөттөгү балдар "ээй-эй, чоң кыз кирбеңиз" дегенче болбой, Осмонакун Ибраимов келип калды. "Мени лифттен коркуп атат го" деп ойлогон окшойт, "жигиттер, коркпогула, бул кызды мен жеткирип коем" деп атпайбы. Алар тынчсызданып эле чурулдап калышты. Көрсө, лифт Н.Танаев үчүн ачылган экен. Мен аны кайдан билейин (күлүп)...

Гүланда, ырчы:
"Манеж менин жардамчым..."
- Коляска же манеж?
- Коляскага караганда манеждин пайдасы көп да. Кызыма ичинде селкинчеги бар манеж сатып бергенбиз. Сегиз айына чейин селкинчегине, 2-3 жашка чейин манеждин өзүнө жаткырсаң болот экен. Азыр менин жардамчым манеж болуп калды. Кызымды ичине отургузуп, оюнчуктарын берип, өзүм башка жумушту жасай берем. Бирок, манежде ойноп атса да бат-баттан көңүл буруп, карап туруш керек. Өткөндө манеждин кырына шымымды илип койсом, чөнтөктөгү тыйын ичине түшүп калыптыр. Аны Раяна оозуна салып алганын көрүп, "жутуп жиберсе эмне болот эле?" деп жүрөгүм түшүп калды.

Акбар Сүйүнбаев, ырчы:
"Чачым кебез болуп калат..."
- Самын же шампунь?
- Шампунь. Анткени, күн сайын башымды жуубасам, чачым кебез болуп кетет (күлүп). Гастролго чыкканда бирде самынды, бирде шампунду унутуп каласың. Анан самын менен баш жуунганга туура келет. Бирок, самындын иши самын экен. Кебез болуп турган чачың ого бетер бозоруп, катуу болуп калат. Ошон үчүн шампундун баркын аябай жакшы билем. Кокус түгөнүп калса, кабагым түйүлүп, маанайым түшөт. Аны келинчегим жакшы билет.

Асел Капарова, модель:
"Жарым кирпик менен чыгып..."
- Тушь же жасалма кирпик?
- Жасалма кирпикти тандайм. Анткени, кирпик боегонду жаман көрөм. Аны кайра өчүрүп, тазалашың керек. Анүстүнө тушь деле химикат да. Баарыбир зыяны бар. Эгер байкабай көзүңдү ушалап алсаң, капкара болуп көзүңдүн астына түшүп калат. Ошондуктан көбүнчө жасалма кирпик чаптап жүрөм. Аны эртең менен чаптайсың, кечке чейин санаасы жок, ишенимдүү жүрөсүң. Бирок, анын деле анча-мынча кыйынчылыгы бар. Кээде чала чапталып калса, подиумга чыгардын алдында түшүп калат. Шашканыңдан "алыстан байкалбаса керек" деп, жарым кирпик менен чыгып кеткен учурлар болот (күлүп)...

Мирлан Самыйкожо, акын:
"Чырак май жыттанып турса..."
- Чырак же шам?
- Чыракты тандайм. Айылда жүргөндө билик тутантып, солярка куюп, чырак жакчу элек. Азыр болсо замандын талабына ылайык, от жакмай эмес, ток жакмай чырактар пайда болбодубу. Кытайлардын батерейка менен иштеген лампаларын колдонуп жүрөбүз. Шаарда жүрүп бир да үйдөн илгерки чыракты көрө элекмин. Ошол чырактан өтөрү жок. Шам күйүп жок болот. Ал эми чыракты көпкө колдоносуң. Сыртта караңгы ай жыттанып, үйдөгү чырак май жыттанып турса кандай керемет (күлүп). Чырактын өзгөчө сулуулугу да бар. Кыздарды "чырактай сулуу экен" деп калабыз го...


Назира Токонова, ырчы:
"Экзаменге кирерде юбкам сөгүлүп..."
Шым же юбка?
- Кыз болгондон кийин юбка кийген жагат. Шымдарыма караганда гардеробдо юбкаларым көп. Кыштын сууганда деле юбка кийип жүрөм. Аябай жакшы көргөн, жарашыктуу юбкаларым батпай калса сиңдиме бербей, катып койгон адатым бар. Бир жолу чак келбей калган юбкамды кыйнап эле экзаменге кийип алдым. Маршрутка түшөйүн десем эле артындагы тилиги айрылып кетсе болобу... Айрылган жерин капталыма келтирип, сумкам менен жаап алгам. Группалаштар "эмнеге экзаменге тилик юбка кийип алгансың?" деп мыскылдаган (күлүп).

Мырза Айдаралиев, режиссер:
"Шоро саткан кыздар тийишет..."
- Тан же шоро?
- Танды көбүнчө баш жазгандар ичет деп жарнама берип атпайбы. Мен спирт ичимдиктерин татпайм. Ошон үчүн шорону тандайм. Негизи башка суусундуктарга караганда өзүбүздүн жарма, чалап, кымыз өтө пайдалуу. Жайында шоро ичмейинче туралбайм. Токтогон жерден шорону кыя өтпөйм. Шоро саткан кыздар мени таанып калышса, кол тамга сурап, тийишип калышат... Үйдөн болсо мага эч ким үйрөтпөсө деле жарма, тамак-аш жасап калам (күлүп). Буюрса, "кыргыз жармасын киного кошуп тартсамбы?" деген оюм бар.

Айнура Касымова