Эски чапан

Душмандардын кайтып келиши

Бул жөөттөр Кыргызстандын кыныгын алып калганбы, кайсы бийлик болбосун кете албай, айланчыкташат. Кечээ эле Бакиевдин доорунда Максимди "эл аралык аферист, жөөт достору менен Кыргызстанды курутуп атат. Болгон байлыгын сатып түгөттү" деп сындап келгендер бүгүн дал ошол адамдар менен коюн-колтук алышып жатканы эмнеси?

Жакында эле президент Роза Отунбаева эл аралык шылуун, Максим Бакиевдин шилекей алышкан досу Александр Машкевич менен жолукканы белгилүү болду. Бир кездерде бул жөөт-миллиардер Айдар Акаевдин тилин таап, экөө "тусовкаларда" чогуу шапар тээп жүрүшчү. Алар экөө гана эмес. Кызыгы, азыркы биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов да алар менен кошо сайрандачу. Бул Машкевич деген неме кийинчерек Курманбек Бакиевдин эрке талтаң баласы Максимдин дагы кулагын толгоп, өзүнө ылайыктуу "күүлөрдү" жаратып турган. Максимдин үйлөнүү тоюнда бул жөөт эң сыйлуу коноктордон болуп, ал гана эмес, кызынын тушоо тоюнда Машкевичти наристесине өкүл ата койгон. Мына ошондой Машкевич, Гуревич, Березовскийлердин чаап берген жолуна түшүп алып, Бакиев мырза үйбүлөсү менен кайсы аңга түшүп кеткенин баары көрүп, сабак алып отурат деп ойлосок, жаңылышкан экенбиз. Эми Европанын бир катар өлкөлөрүндө ири суммадагы арам акчаларды "адалдоо" иши менен айыпталып, бир нече жолу кылмыш иши ачылган, Машкевичтин карааны азыркы бийликтегилерди дагы аралап жүргөнүнө күйөсүң да. Бир маалыматтарда Бельгиянын атуулу экени айтылса, дагы бир жакта Израилдин атуулу деп жүрөт, бир жакта Казакстандын, айтор, ар кайсы жактын паспорттору бар супер-аферист экенин баары жакшы билишет.
Машкевич мурунку бийлик өкүлдөрү менен чогуу ири суммадагы акчаларды шылышканы белгилүү. Анын "талыкпаган эмгегинин" арты менен Акаевдин учурунда Кыргызстан алтын кенинин бир бөлүгүнөн айрылган. Коомчулук алиге чейин 1,6 тонна алтын кайда кеткенин, андагы дивиденддерди ким алып жатканы тууралуу билбейт. Ал эми буга жоопкер адамдар жоголуп кеткен кымбат баалуу кенди издегенге кызыкдар эместей. Анткени, бүгүнкү күндө аны уурдаганга катышы бар адамдардын аттары сыр деле эмес.
Бакиевдин башкаруу учурунда бийликке, мамлекеттик казынага жолду Машкевич Максим аркылуу ачты. Жөөттөрдүн лидери, олигарх Борис Бирнштейн менен "ханзааданын" жолугушуусу Ысык-Көлдөгү белгилүү резиденциялардын биринде өтүп, дал ошол сүйлөшүүдөн кийин Кумтөрдүн "Центерра Голд Инк" компаниясынын директорлор кеңешинин тизмесинде украиналык атуул Юрий Косвин пайда болуп калды. Бул киши Машкевичтин эң жакын досторунун бири. Максим менен Машкевич ошентип Косвин аркылуу байланышып, "алыш-бериш" кылып турушкан.
Украина демекчи, жакында эле ызы-чуусу Чубактын кунундай болгон "Мегаком" компаниясына көз артып, "меники" дегендер жетишпей аткансып, дагы бир украиналык "Серпеус" деген компания чыгыптыр. Алар чыгар менен эле "Мегакомдун" анык ээлери биз, бардык акциялары бизге караштуу" деп чыгышты. Бирок, тиешелүү органдарга компаниянын ээси экенин тастыктаган бир дагы документти көрсөтүп бере алышкан жок. "Эмне эле алар кыргыз элинин башын айландырып жатат? Булар кимдер өзү?" деп териштирип көрсөк, Бакиевдин үйбүлөсү менен байланышы бар экени ачыкталды.
Иликтеп көрсөк, алардын маалыматтык материалдарын Марина Логачева аттуу айым, өзүнүн журналистикадагы тааныштары аркылуу, калың конверттерди пайдаланып таратып атыптыр. "Пирамида" телеканалын "Серпеустун" маалыматтарын кайра-кайра берип, сайрап атат. А эмне үчүн мамлекеттик каналдын редактору кайсы бир украиналык компанияга жан тартып атат (?) деген суроо туулушу мүмкүн. Жооп да издетпей эле чыга келет. Анткени, "Пирамида" телеканалынын 49% акциясы Максим Бакиевдин бир кездеги өнөктөшү Машкевичке таандык. Дал ушундай жол менен жөөт олигарх кыргыз элинин кызыкчылыгын уруп ойнобой, улуттук "Мегаком" операторуна көзү кычышып, аны алууга болгон күчүн жумшап жаткан чагы. Бул Бакиевдердин кызыкчылыгы үчүн жасалып атканы айдан ачык болуп турат. Жакында улутташтырылып аткан "Пирамида" телеканалынын калган 51% акциясын дагы сатып алганы турат. Ал гана эмес бир кезде гүлдөп турган "АзияУниверсалБанк", кийин банкрот болумуш болгон "Залкар Банкты" дагы карамагына өткөрүп алууга аракеттенип атат. Өкмөт башында турган Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Бабанов дагы Машкевичтерге кол кабыш кылып, жогоруда айтылган акциялар үчүн алдын ала аванс алыптыр деген сөздөр жүрүүдө. Машкевичтин жоруктарын көрмөксөн болуп атканына караганда бул сөз чын белем?
Мына ошентип, кыргыз эли дагы бир жолу алдангандай. Бакиевдердин үйбүлөсүнүн элди курутуп кеткенин унута электе, алар ар кайсы ортомчу фирмалар аркылуу кайрадан келип, кылмыштуу иштерин кайрадан улантууга аракеттенишүүдө. Эми алар жөөт аферист Машкевич жана украиналык "Серпеус" аркылуу аракет кылып жатышат. Мурунку бийликтин дал ушул жөөттөр аркылуу чаап койгон жолуна түшүп аткан азыркы бийликтегилерге дагы убал жок окшойт. Машкевич сыяктуулар азыркы бийлик өкүлдөрүнүн дагы тилин таап, каалагандай чимирип аткан болсо, куруган экенбиз. Дагы алдыда кандай "сүйрүприздер" күтүп турганын ким билсин?

Нуркул АЙТБАЕВ




  Миллиондор чыры

Акылбек Жапаров, ЖК депутаты:
"Серпеустун" "Мегакомго" болгон дооматтарын сот караш керек"

"Мегакомдун" айланасындагы чатакка башынан көз салып тургандар үчүн бул маселени иликтөө үчүн атайын түзүлгөн депутаттык комиссиянын 5-апрелде маалымат жыйында жарыялаган жыйынтыгы жаңылык деле болгон жок. Эл өкүлдөрүнүн пикиринде, бул менчиктин активдерине болгон талашты сот гана чечиши керек.

"Алгач биздин жумушчу комиссиябыз компанияны 100% улутташтыралы деп сунуш киргизген, бирок, андай боло турган болсо компаниянын акцияларынын наркын калыбына келтирүү жана кетирген чыгымдарын төлөп берүү боюнча кыйынчылыктар жаралмак. Ошондуктан, биздин жумушчу комиссиябыз "конфискация" сөзүн пайдаланууну, тагыраак айтканда, кандайдыр бир жасаган кылмышы же административдик мыйзам бузуусу үчүн менчикти мамлекет тарабынан санкция катары мажбурлап алуу керек деп таптык. Кыскасы, биз өкмөткө жана Башпрокуратурага "Альфа Телеком" ЖАКсынын акцияларын конфискация кылууну сунуштайбыз" деди жумушчу комиссиянын жетекчиси Акылбек Жапаров.
Аны менен катар эл өкүлү "Альфа Телекомдун" акциялары "Мегакомдун" чыныгы ээси табылганча мамлекеттин пайдасына убактылуу гана алынып турарын айтып өттү. "Компаниянын ээсимин" дегендер оператордун мүлкү менен жыштыгына чынында эле укугу бар экенин юридикалык жактан далилдеп бериши керек. Бул менчиктин активдерине болгон талаш мыйзам негизинде, тагыраак айтканда, сот иштери менен гана чечилиши шарт. Ошондо гана биз мыйзам талаасына түшүп, инвесторлордун да, эл аралык коомчулуктун алдында да жүзүбүз жарык болот.
Акылбек Жапаровдун айтымында, бүгүнкү күндө "Мегакомго" ээлик кылууга эки талапкер бар. Бул компанияны түзүүгө башынан баштап катышып келаткан Penwell жана Penwell оюндан чыгарылгандан кийин 100% акциясын кыргыз соодагеринен 195 млн. долларга сатып алып, тиешелүү салыктарды да төлөгөн деп айтылып жүргөн Serpeus.
"БиМоКом Лтд." ЖЧКсынын ээсимин деп жаткан "Serpeus Inc." компаниясынын арызын сот карап чыгышы керек. Жумушчу комиссиянын токтомуна ылайык, "Serpeus Inc." компаниясы 195 млн. доллар төлөгөнү, андан 800 млн. сом салык республиканын бюджетине түшкөнү чын. Бирок, алар менчик ээсинин мыйзамдуу укуктарына ээ болгон эмес.
Эске салсак, "Serpeus Inc." компаниясы 2009-жылдын августуна чейин "Мегаком" соода маркасы менен уюлдук байланыш кызматын көрсөтүп келген "БиМоКом Лтд." ЖЧКсын көзөмөлдөйт. "Serpeus" компаниясынын өкүлдөрүнүн версиясы боюнча компаниянын менчиги - телекоммуникациялык жабдыктар жана БиМоКомдун радиожыштыктары "Альфа Телеком" ЖАКсынын карамагына казакстандык "связист" Виталий Кучура жүргүзгөн бир катар мыйзам бузуу иштери аркылуу өтүп кеткен. Виталий Кучура "ВИЗОР" компаниясынын жана Максим Бакиевдин кызыкчылыгын көздөйт.

Апас ниязалиев