Чык-чык-чык

20 миң долларлык саат: көркпү же көйрөңдүкпү?
Philippe
Platinum
World Time
Бул дүйнөдөгү эң кымбат саат, баасы
4 млн. доллар. Дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдүн убактысын көрсөтүп турат.

Саат убакытты көрсөтүп туруучу каражат гана эмес, ээсинин сулуулугун, саркечтигин, табитин көрсөтүп туруучу аксессуар болуп да саналат. Кайсы гана мамлекет болбосун, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн саясатчылары, дипломаттары кол саатка өзгөчө көңүл бурушат. Мисалы үчүн, Орусиянын президенти Дмитрий Медведев 32 миң долларлык саат тагынса, биздин эле депутат Улан Чолпонбаев 20 миң долларлык саат тагынат. Кызыгы, бул экөөнүн сааты бир фирманыкы.


Арзан саатка алданган Арсалиев
Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышынын депутаттары бир жолу Малайзиянын борбору Куала-Лумпурга барып калат. Шаар кыдырып жүргөн депутаттарга цыгандар белгилүү бир фирманын аты коюлган саат сунуштап калышат. Азыркы "атажуртчу", ал кездеги "акжолчу" Нарынбек Молдобаев соодалашып жатып ал саатты 50 долларга алат. Кийин Кыргызстанга келгенден кийин депутат Эрик Арсалиевге ал саатты белек кылып, "бул 12 миң долларлык саат" деп айткан экен. Ал эми алданган Эрик Арсалиев алиге чейин мактанып тагынып жүрөт экен...

Байболовдун сааты 4 миң доллар
"Алас" гезитине берген маегинде ал кездеги депутат Кубатбек Байболов сааты 4 миң доллар экенин айтып берген. Гезит журналистинин "Салымбековдун кол сааты 90 миң сомдук экен деп айтышат. Сиздин саатыңыз канча турат?" деген суроосуна "90 миң сом?!... Жок ой, болушу мүмкүн эмес. Салымбековдуку 90 миң долларлык саат десе ишенем. Менин саатым Щвейцариянын "Брайтлинг" фирмасыныкы, 4 миң доллар турат. Платина, алтын аралаш жасалган" деп жооп берген. Байболов 2007-жылы 4 миң долларлык саат тагынып атса, азыр кандай баадагысын тагынат болду экен?

Саатын жоготуп, Адахан чуу салганда
"Азыркы "Бүтүн Кыргызстандын" лидери Адахан Мадумаров ал кезде Жогорку Кеңештин спикери болуп турган кез" дейт атын атагысы келбеген ошол кездеги бир депутат. Спикер мырза көбүрөөк "сеп" этсе керек да, аягында жардамчылары эптеп машинесине салып жиберишкен имиш. Эртесинде келип алып, тамак ташыган кыздардын баарын тизип алып, "менин баланча миң долларлык саатым бар болчу, бирөөңөр алып коюптурсуңар. Ага силердин бир жылдык айлыгыңар дагы жетпейт, тезинен коюп койгула" деп оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып жатса, жубайы чалып, сааты үйүнөн табылганын айткан дейт. Жалган жалаа жабылган кыздардан кечирим сурап койгонго дагы жараган эмес экен, кайран Адахан...


  Саат дүйнөсүнө саякат

Сааттардын механизми
Ар бир саат өтө назик, татаал түзүлүш. Энергияны кайдан алгандыгына байланыштуу негизинен эки топко бөлүүгө болот.

Механикалык сааттар
Саатардын бул түрүндө өтө бекем жыйрылган пружина колдонулат. Бул пружина акырындык менен айланганда маятник иштеп баштайт да, сааттын жебелери кыймылга келет. Пружина бүт бойдон жайылып бүткөндөн кийин, кол менен кайра артка бурап коюу керек, болбосо токтоп калат. Механикалык сааттардын белгилүү бир убакытта буралып турганы мына ошондон. Мындай саат убакытты жебе аркылуу гана көрсөтө алат.

Кварцтык (электрондук) сааттар
Сааттын бул түрүндө энергия кадимкидей эле же болбосо күндөн энергия ала турган батарейкадан алынат. Электрондук генератор стабилдүү басымдарды берип, сааттын сандарын жылдырып турат. Мындай сааттардын механикадан айырмасы циферблат жебелер менен гана эмес, санариптик дисплей да болушу мүмкүн.

Сырткы түзүлүшү
Саатыңыздын сырткы түзүлүшүнөн сиздин саатыңыздын сулуулугу гана эмес, канча убакыт жашаары көз каранды. Жакшы материалдан жасалса, ошого жараша көпкө чыдайт, ал эми сапатсыз материалдан жасалса, бат сынып калышы ыктымал. Көп учурда мырзалардын сааттарынын түзүлүшү, консервативдик формаларда тегерек, тик бурчтук, же квадрат болот. Чанда бир учурда гана сүйрү болушу мүмкүн. Анан дагы мырзалардын сааты көбүнчө олуттуу түстөрдөн болуп, көп кооздоло бербейт, салмагы 100 граммдан ашыкча болот.

Циферблат жана айнек
Циферблат - бул убакытты көрсөтүп турган ар бир сааттын бети. Айнектин сапаттуулугу дагы көп роль ойнойт. Эң сапаттуу циферблат сапфирден жасалган. Ал оңой менен чийилип кетпейт, же сынбайт.

Браслет
Көп учурда сааттын баасын браслет да аныктап коет. Ал канчалык кымбат материалдан жасалса, ошого жараша баасы кымбат болору анык. Браслеттин түсү, сааттын корпусу менен да шайкеш болуп турушу шарт. Көпчүлүк учурда корпус кайсыл материалдан жасалса, браслет дагы ошол материалдан жасалат. Бирок, дайыма эмес. Эгер браслет териден жасалса, аны убакыттын өтүшү менен алмаштырып туруу керек болот. Титандан жасалган браслеттер колго өтө ыңгайлуу болот. Ал эми бүт бойдон алтындан жасалган браслеттерден качуу керек. Акчасынан эмес, салмагынан. Анткени, алтын өтө салмактуу келип, ага корпустун салмагы кошулганда, колго бир топ эле оор келет.

Кулпу
Сааттын өткөргүч кулпусу дагы аябай маанилүү бөлүк. Өткөрүү формасы боюнча "көпөлөк" жана "клипсы" болуп бөлүнөт. Эгерде сизге сааттын браслети чоң келип калса, атайын жайларда кичирейтип бере турган мүмкүнчүлүктөр бар. Тескерисинче, кичинекей болсо, башка браслетке алмаштырып алса болот.




У.Чолпон-баевдин сааты 20 миң доллар
Жогорку Кеңештин депутаты Улан Чолпонбаевдин бул сүрөттөгү сааты Breguet, Marine 5817BR/Z2/5V8 маркасында. Бул марканын расмий сайтынын маалыматына караганда, бул саат күлгүн алтындын 18 каратынан жасалган. Механизми автоматтык. Убакытты көрсөтүүчү циферблаты кара родий менен жабылган 18 карат алтындан жасалган. Убакыт рим сандары менен көрсөтүлгөн. Сааттын арткы капкакчасы колго кооздолгон сапфир айнегинен. Москванын интернет дүкөндөрүндө 680 миң рубль турат, бул 20 миң доллар деген сөз. Мына сага, бир үй келе турган акчага биздин депутатыбыз саатын эле сатып алат экен...


Кымбат саат тагынган Медведев
Орусиянын президенти Дмитрий Медведев дүйнөдөгү эң кымбат саат тагынган атактуулардын тизмесинде. Анын сааты дагы Улан Чолпонбаевдикиндей Breguet маркасында. Баасы 32 200 долларды чапчыйт. Ал эми Медведевдин жылдык кирешеси 4,14 млн. рубль.

Кызжибек Жумабаева