Көркоолук

Бырчаланган дене
Өткөн жылдын 1-июль күнү ордо калаанын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө таңга маал билдирүү түшүп, шаардын Бреславский көчөсүндөгү чуңкурдан белгисиз аялдын чүпүрөккө оролгон буту-колу жана башы жок денеси табылгандыгы кабарланган. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, текшерилген соң аталган милиция бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголгон. Ал эми ушул учурда Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери май айынан бери дайынсыз болуп жаткан 37 жаштагы С. Г.ны издеп жатышкан болчу.
Көп өтпөй эле Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнөн келген маалыматта жогорудагы дайынсыз болуп жаткан С.Г.нын кийген кийимдери сүрөттөлгөн эле. Жоголгон аялдын туугандары менен табылган денени кароо жүргүзгөндө, анын чындап эле С.Г. экендиги дайын болуп, кылмыш ишин ачуу боюнча иш улантыла баштайт. Жүргүзүлгөн оперативдүү иликтөөлөрдүн натыйжасында, Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн оперкызматкерлери мыкаачылык менен жасалган кылмыштын бетин кыска мөөнөттүн ичинде ачууга үлгүрүшөт.
Оперативдүү топ өлгөн аялдын жакын адамдарын сураштырып отурушуп, анын 11-кичирайондо жашаган бир жигит менен тааныш болуп жүргөнүн, каргашалуу окуя болор күнү да аял аны издеп, жашаган үйүнө келгендигин такташат. Ошол күнү анын квартирага кирип баратканын көргөн күбөлөр да болгон. Оперативдүү топ ишти улантып, квартиранын чыныгы ээсине чыгышат. Бирок, тергөө жүрүшүндө ал көптөн бери квартирасын ижарага берип, башка жакта жашап жүргөнүн айтат. Текшерүү да ошондой жыйынтык берет. Оперативдүү топ үй ээсинин квартирасына келип, кароо жүргүзгөндө чыны менен ал жерде мурда соттолгон Н. С. аттуу рецидевист жашап жаткан болот. Аны суракка алганда эле ай-асмандап секирип, эч кимди өлтүрбөгөнүн, келинди тааныбай тургандыгын айткан. Бирок, изкубарлар үй ичин тинте келгенде аялдардын зер жасалгаларын жана С.Г.га таандык алтын тиштерди, колго жасалган бычак жана 5 гр. героин табышкан. Ушундан кийин гана Н.С. аялды квартирада мыкаачылык менен өлтүрүп, денесин бырчалап, сөйкө-шакектерин жана оозундагы алтын тиштерин да чыгарып алганын моюнуна алды.
Ошол каргашалуу күнү аял жогорудагы квартирага байкоосуздан келип, анын торуна түшкөн. Н.С. аны күч колдонуп зордуктап, андан соң өлтүрүп, башын жана буту-колун кескилеп, бөлүнгөн денелерди өз-өзүнчө ороп, түнү менен сыртка алып чыгып ыргыткан экен.





Граната табылды
Жакында Чүй облусунун улуттук коопсуздук комитети жана милиция кызматкерлеринин аракети менен К.Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү, мурда соттолгон, Ысык-Ата районунун Алмалуу айылынын тургуну, 28 жаштагы Э.Жумашев дегенди кармашкан. Анын айдап жүргөн "Мерседес" автоунаасынан 16 калибирлүү мылтык, эки граната табылды. Тергөө амалдары жүрүп жатат.


"Ачууга" жеңдирди
1-апрель күнү Кара-Суу районундагы Тойчу айылынын тургуну 39 жаштагы С.Оморалиев кармалды. Ал 28-март күнү мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 44 жаштагы К.Токторовдун өлүмүнө күнөөлүү деп табылган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө, шектүү адам маркумду мас абалында өлтүрүп алганын моюнуна алган.


Борбордо сакалчандар
Жакында Бишкек шаарынан "Хизб-ут-Тахрир" диний экстремисттик кыймылынын иш-аракеттери жазылган 56 компакт диск, 10 китепчесин алып жүргөн жеринен 43 жаштагы А.Жалалов соода түйүнүнөн кармалган. Ал эми 30 жаштагы А.Ахмедов деген неменин үйүнөн ушул эле агымдын үгүт иштерин чагылдырган 7 компакт диск алынды. Ушул эле күнү 29 жаштагы А.Абдраев да өзү жашаган үйдүн жанынан кармалып, жанынан экстремисттик маанайдагы 8 диск, баракчалар алынган.


Балыкчыдагы кордук
1-апрель күнү Балыкчы шаарынын шаарынын тургуну Ж.Шадыкановдун үйүнө азият улутундагы чүмбөтчөн каракчылар кол салган. Куралчан каракчылар үйбүлө мүчөлөрүнүн колу-бутун скочтоп таңышып, сейфтеги 232 000 сомун, короодогу күркөсүнөн 3000 сомун, уюлдук телефондорун кошо алып кетишкен.


Ким экени билинбей
1-апрель күнү кечки саат 22.15 чамаларында Каракол шаарынын ооруканасына өзгөчө мыкаачылык менен сабалган Азия улутундагы адам жеткирилген. Жабырлануучунун абалы оор болгондуктан өзү тууралуу эч нерсе айта алган эмес. Жашы болжол менен 35-40 чамасында. Бул боюнча шаардык милиция иликтөө баштады.


Торго илинген тоноочу
Акыркы кезде Талас шаарында тоноочулук кылмыштары күнү куру эмес каттала баштаган. Алсак, 1-апрель күнү милиция кызматкерлери тарабынан 27 жаштагы Н.Усекеев менен М.Алтынбеков дегендер "ысуулай" колго түшүрүлдү. Алар 41 жаштагы З.Бабакуловду кармап алышып, ур-тепкиге алышып, уюлдук телефону менен 1000 сомун кошо жулуп кетишкен.


Аңгилер издөөдө
Талас шаарынын эткомбинатынын жанынан 26 жаштагы И.Ж.ны 1-апрель күнү "Бактыбек" аттуу чала таанышы күч колдонуп зордуктаса, ушул эле күнү Ак-Сай айылынан Эрлан, Талгат деген немелер 14 жаштагы кызды кордошкон. Учурда жогорудагы адам сыяктуу немелер издөөгө алынды.


Акчасына кайылмын
Ордо калаанын батыш автовокзалынан 31-март күнү мейманчылап келген орус атуулу Ф.Шербаковду жергиликтүү эки каракчы тоноп кеткен. Алар меймандын 14 500 сомун, 20 000 рублин жана өздүк документтери менен көтөрүп жүргөн буюмдары салынган баштыгын да жула качышкан. "Акчага кайылмын, документтеримди таап берсеңер",- деген мейман азыр укук сакчыларга үмүт артууда.


Чачылган октор
Бишкек шаарынын Жибек-Жолу көчөсүндөгү "Молодежный" паркынан 31-март күнү көп сандаган куралдын октору табылган. Кароосуз калган, ээн күркө ичине бул окторду кимдир бирөөлөр атайлап катканы же "унутуп" кеткени азырынча белгисиз.


Коркутуп, тоношту
1-апрель күнү саат 09 чамаларында, шаардын тургуну Н.Полякованын үйүнө киришкен чүмбөтчөн каракчылар үй ээсинин 3 500 долларын, 5000 сомун жана алтын буюмдарын алып кетишкен. Жабырлануучунун айтуусунда, каракчылар азият улутундагы 25-30 жаштар чамасындагы адамдар болгон.


"Оберон" акча жоготту
Бишкектеги "Оберон" базарынын офисине 1-апрель түнү белгисиз бирөөлөр кирип, 37 000 долларды жана 95 000 сомду уурдап кетишкендиги боюнча арыз түшкөн. Арыз ээсинин айтуусунда, уурулар офистин эшигин ачып киришкен. Акчалар менен кошо Мади Ибраеимдин наамына жазылган паспорт да кошо кеткен экен.


Сологонбу?
1-апрель күнү "Сару-Аква" ОсООсунун директору А.Таштанбеков аталган мекемеден 100 000 доллар алып, өз кызыкчылыгына пайдаланганы боюнча арыз түшкөн. Учурда арыздын канчалык чындыгы бары иликтенип жатат.


Каракчылар тутулду
Ушул эле райондо 17-март күнү каракчылыкка байланышкан кылмыш иши катталган болчу. Иликтөөлөрдүн негизинде, кылмышка шектүү катары Тельман айылынын тургундары 19 жаштагы Б.Акжолов менен К.Эгембердиев дегендер кармалып, жасаган кылмыштары боюнча учурда "отчет" беришүүдө.

Бетти даярдаган
Бакай Кайдакеев