Кара дүйнөгө айкалышып

Бийликтин "криматалыктарды" алмаштыруу аракети

Жакында криминалдык дүйнөдө аталыктар өзгөрүп, аларга бийлик башында турган аткаминерлер өздөрүнө караштуу фигураларды коюуга далалаттанганы боюнча маалымат тараган. Айрым серепчилер абактарда жарыяланган ачкачылык дагы мына ушундай "кадрдык алмашууларга" байланыштуу экенин айтышат. Себеби, буга чейин Кыргызстандагы криминалдык дүйнөнү "вор в законе" аталган Камчы Көлбаев башкарып, түрмөлөрдүн баарын колго алып келген. Эми айрым аттуу-баштуу чиновниктердин аны алмаштыруу аракетинен улам, түрмөдө "бунт" уюштуруп атканы жашыруун эместир.


Эки айрылыш жол неден кетти?
Биринчи коалиция Өмүрбек Бабанов жана анын "Республика" фракциясындагы айрым депутаттарынын айынан кулаганы эч кимге жашыруун деле болбой калды. Ошол күнү түнкү саат экилерде Алмазбек Атамбаевдин кабинетинде Атамбаев өзү, Эмилбек Каптагаев, Өмүрбек Текебаев, анан Өмүрбек Бабанов төртөө жолугушат. Роза Отунбаева "экинчи коалицияны түзүү мүмкүнчүлүгүн "Ата Мекен" фракциясына берем" дегендиктен, үчөө Текебаевди акмалап, "чогуу бололу" деп сүйлөшүшөт. Ө.Бабанов Текебаевди сыртка чейин узатып, "Эмне болсо дагы биз өкмөттү түзүшүбүз керек. Керек болсо криминалдык дүйнөнү дагы өзүбүзгө тартышыбыз зарыл, эгер алар тартылбаса, ордуларына өзүбүздүн адамдарыбызды коюшубуз керек. Криминал дүйнө болбосо биз бийликти ала албайт экенбиз. Сизге эртең Роза Исаковна өкмөт түзүүнү тапшырат. Биз ушундай иш алып баралы" деп айтат. Текебаев болсо "Эгер силер криминал менен чогуу иш алып барабыз десеңер, жолубуз эки башка экен" деп так кесе жообун айтат. Эртеси күнү күтүүсүздөн эле президент Роза Отунбаева көпчүлүктүн коалициясын түзүү мандатын "Республика" фракциясына тапшырат. Балким, ошол түнү Текебаевдин Бабановго берген жообунан "коалицияны "Ата Мекенсиз" түзүү керек" деген жыйынтыкка келишкендир...

Аталыктарды өзгөртүү аракети
Криминал менен күрөшүү бүгүнкү замандын талабы. Анткени, криминал чектен чыгып, саясатка кийлигишип, өкмөт мүчөлөрүн, губернаторлорду "дайындап" баштады. Бизнеске аралашып, ага каалаган "салыгын" салып, кааласа тартып алып калды. Криминал менен азыр күрөшпөсө мамлекеттүүлүк талкалануу коркунучунда турат. Азыркы бийлик криминалга каршы күрөш жарыялаганы менен, алардын аракети чын ниеттен жүргүзүлүп жатканына ишенгендер аз. "Алар криминалдын тамырын жок кылуу үчүн эмес, ал чөйрөдөгү жетекчилерди алмаштырып, аларды өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланууга аракет кылып атышат" деген сындар айтылууда. Шайлоо астында бийликтегилер "Водолаз" деген каймана аты бар Максат Абакиров баштаган төрт криминалдык топтун өкүлдөрүн түрмөдөн чыгарабыз деп калганда Башпрокурор Кубатбек Байболов президентке чейин кирип атып, токтотуп калган. Ошол эле убакта депутат Сурабалдиевдин өлүмүнө күнөөлүү делип өмүр боюу эркинен ажыратылган Эркин Мамбеталиев түрмөдөн чыгып кетти. Ал мурда Аскар Акаевдин, Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болуп жүргөн. Түрмөдөн чыккандан кийин массалык маалымат каражаттарына интервью берип спортчу балдарды чогултуп атканы боюнча айтты. Бул саясатчыларга дагы, криминалдын өкүлдөрүнө дагы берилген биринчи сигнал болду. "Водолаз" дагы Эркин Мамбеталиев дагы маркум Рысбек Акматбаевдин тарапкерлери экени маалым. Ал эми Камчы Көлбаев булардын элдешкис душманы. Эркин Мамбеталиев биринчи жолу чыгып жаткан жок. Ал 2005-жылы Акүйдө бийлик алмашып атканда дагы киши өлтүрүүгө шектүү делинип УКМКнын СИЗОсунда жатканда бир аткаминер бошотуп, алып чыгып кеткен.

"Кримавторитетти өзүбүз тандайбыз"
Бийликтегилердин криминалдык чөйрөдөгү аталыктарды алмаштырууга аракет кылып атканына 25-марттан бери 11 түрмө менен 6 убактылуу кармалуучу жайда ачкачылык жарыялап, бийликке талап коюп атканы далил болуп саналат. Алардын жакын адамдары дем алыш күндөрү дагы Акүйдүн жанында пикет өткөрүштү. Булардын талабы "Уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө болгон куугунтукту токтоткула" деп саясый талап коюп жатышат. Бул талаптын маңызы "Силер биздин жетекчилерди алмаштырбагыла. Биз аларды өзүбүз тандайбыз" деген болуп жатпайбы?

Криминалга айкалышкан үч фракция
Өкмөт "криминал менен күрөшүп жатабыз" деп жарыялаганы менен коалицияга кирген үч фракциянын өкүлдөрү тең криминалга жан тартып койгон учурлары кездешүүдө. "Ата-Журт", "Республиканын" ичинде криминал менен байланышы бар депутаттар жүрөт" деген сөздөр айтылганы менен буга чейин КСДП боюнча андай сөз жок болчу. Жакында эле КСДПнын депутаты Бахтияр Кадыров Камчы Көлбаевдин 17 жаштагы уулу Нурсултан Камчыбекович Асанбековду Балыкчыдан Токмокко чейин коштоп келип, милиция кызматкерлерин коркутканга чейин барыптыр деген маалымат тарады. Криминал менен күрөшүү деген тигил же бул кримавторитетти камап салуу эмес, криминалдык идеологияны түп тамырынан бери жоготуп, ал "баалуулуктарды" тараткандарды коомдон сүрүп чыгаруу деген. Илгери кыргыздар "элден чыгарылды" деп айткан. Мындай элден чыккан адамдар эл чогулган жерде сүйлөмөк турсун, басып келе алчу эмес. Бул чара жазыктын эң күчтүү түрү катары башка өлкөлөрдө дагы колдонулат. А биздечи?

"Кызылдар" "караларга" таазим кылып
Бийликтегилер криминал менен коюн-колтук алышып жатса, анан албетте, азыркы жаштар дагы ошолорго карап түздөнүп, аларды кумир тутат да. Бул аябай коркунучтуу тенденция. Мисалы, бир жаш рэпер криминалдык топтун өкүлүн мактап ырдап атат. Дүйнөлүк олимпиададан коло медалды жеңип келген спортчу Камчы Көлбаевди меценат деп атап, "Ал жакшы байке, мага жана менин досторума жөн эле машине алып берген" деп, жаштарга кумир боло турган олимпиада жеңүүчүсү кылмыш дүйнөсүн пропагандалап жатат. Дагы бир мисал, Алайда жаштар чогулуп, "Алманбет Анапияевге болгон куугунтукту токтоткула, ал бизге спорт зал куруп берген" деп баатыр кылып атышат... Камчы Көлбаевде бир улакчылар командасы бар. Ал "Көкбөрү" федерациясынын башчысы, ошол кездеги Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин колунан сыйлык алып, биринчи орунду алган. "Кызылдардын" генералы "каралардын" "генералына" таазим кылып, байгесин тапшырган. Быйыл дагы биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен анын "Республика" партиясы Нооруз майрамына карата чоң улак мелдешин өткөрдү. Жарым финалга Көлбаевдин ошол эле улакчылары чыгып келатканда, алардын төртөөсүн Ички иштер министри "солдат" Зарылбек Рысалиев камап салат. Бабанов депутаттардын көзүнчө Рысалиевге кайра-кайра телефон чалып, "биздин оюнду бузуп атасың, улактын көркүн ошолор ачмак, сен аларды чыгарып кой" деп буйрук берип бошоттурат. Мына ошол күнү өткөн ат жарышта Көлбаевдин күлүгү биринчи орунга чыгып, баш байгени жеңип алат. Буга чейин Зарылбек Рысалиев "Кыргызстандагы брондолгон эң мыкты машине Көлбаевдики" деп балп эттиргени бар. Ошентип, Кыргызстандын президенти минбеген машинени Көлбаев минсе, биринчи-вице-премьер-министр өткөргөн байгеде Көлбаевдин күлүгү жеңсе, олимпиададан жеңип келген спортчуларыбыз аларды көкөлөтүп жатса, кыргыздын эң сулуу кыздары ага ойнош болсо, жаштарга үлгү боло турган башка ким бар анда? Ак мээнети менен иштеп, айлыгы түшкөн тишин ордуна салууга жетпеген мугалимди сыймык тутсунбу? Же инженер, дыйкандын артынан ээрчийби? Криминалдык аталыктарды алмаштырууга аракет кылбай, криминалдык идеология менен күрөшүү керек. Алтын болсо дагы аларды элден четке сүрүп чыгарып, баш көтөртпөй коюу зарыл. Ошондо гана "криминал менен күрөштүк" деп төш какса болот...

Акыл Бактыбеков