Куловдун Москвага кезектеги жашыруун сапары
Мурдагы күнү "Ар-намыстын" лидери күтүүсүздөн Орусиянын борборуна бир күнгө барып келди. Жандооч партиялашы А.Жапаровду экономикалык форумга калтырып, өзү Кремлдин үлкөндөрү менен жашыруун сырдашыптыр. Билишибизге караганда, океңдер Феликс байкени эч кандай тизмеден чийип салбай эле, тескерисинче, Кыргызстандын мындан аркы өнүгүшүнө карата "секреттер" боюнча кол алышыптыр. Демек, Ф.Кулов "старший браттын" кандай көрсөтмөсүн аткарарын жакында байкарбыз.


Күн тийди, күн тийди… Кыргызстанга жин тийдиби?
Өткөндө залкар Чыкебиздин кызы, "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Ширин Айтматова жаштык-курчтугуна салдыбы, айтор, Жогорку Кеңештин трибунасынан: "Тилекке каршы, коалициялык шизофрениянын айынан биз парламенттегилер ойдогудай иштей албай жатабыз" деп "тарс" эттирди. Ал сөзү менен Кыргызстанды аралаган жин тийгендей илдетти ачыкка чыгарды. Биз билгенден 2009-жылы президенттик шайлоо алдында Бакиевге каршы чыккан оппозициялык күчтөр өз ара ызылдашып, Таластагы шайлоочулар менен жолугушууга барганда ачуусу жанына баткан Роза Отунбаева "Болду, жетишет, Атамбаев накта шизофреник турбайбы, ушундан көрө Бакиев эле башкара берсин, мен Бишкекке барып, пресс-конференция берем, мындайга чыдай албайм!" деп буркан-шаркан түшкөн эле. Аны уккан Текебаев, Бекназаров, Шерниязов үчөө Роза апчесин кучакташып, жансоогалап атышып, араң сооротушканын көргөндөр толтура. Былтыркы апрель окуясынан кийин Атамбаев генерал "Катанини" бүт Кыргызстанга "көтани" деп ыпылас мазактаганда, Өмүрбек Суваналиев "ушу шизоидге теңелейинби?" деп гезиттерге интервью берген. Бир ай мурда он бештей белгилүү саясатчылар чогулган жерден экс-элчи Туйгуналы Абдраимов дагы Атамбаев менен Текебаевди "шизофрениктер" деп тилдеп ийип, аз жерден чатак чыгып кете жаздаган. Кечээ жакында Чымкоргондон чыныгы шизофрениктер качып кетип, бирөөсүн араң кармашпадыбы? Калганы дайынсыз. Айтор, бүткүл өлкөбүз ушинтип олтуруп, Чехов аксакалдын жиндилер дарыланган №6 палатасына айланбаса болду.


Премьер-министрди кескин сындаган Текебаев
"Ата Мекендин" ана башы кечээ премьер-министр А.Атамбаевдин өкмөт жыйынында Башпрокурор К.Байболовго негизсиз асылганына ачууланып, "бул өкмөт башчысынын ойлонулбаган жана өтө опурталдуу билдирүүсү ага эч кандай сый-урмат алып келген жок. Өкмөт өтө эле өлөсөлүү начар иштеп атат. Бу кебетеси менен узакка туралбайт" деп чын оюн жашырбады.


"Альфачы" Ж.Бабараимовдун өлүмүнүн сенсациялык табышмагы
Мурдагы күнү укук коргоочу Качкын Булатов абдан коркунучтуу билдирүү менен пресс-конференцияга чыкты. Ал эки ай мурда Арашан айылында террористтерге каршы уюштурулган аскердик операциянын көшөгөсүн ачып, башкы чекист К.Дүйшөбаевдин адамгерчиликсиз ыплас сценарийи менен болгонун, жанагы өлтүрүлгөн жана камалган жигиттердин террористтик уюмга эч кандай тиешеси жоктугун, а эң чатагы ошондо курман болгон, 7-апрель боюнча соттолуп жаткан "Альфанын" жоокери Жеңишбек Бабараимов башка жактан өлтүрүлүп, сөөгү атайын ошол жакка билгизбей жеткизилгени боюнча экспертизанын жыйынтыктары бар экенин каңкуулады. Милиция тараптан алынган биздин маалымат боюнча дагы бул версия чындыкка жакындап, жакында тирукмуш сенсациялык бомба жарылганы тургандай.


Байболовдун саясый упайы асмандап, атүгүл Муралиев аксакал кол чапканда
Соңку күндөрдөгү Башпрокурордун кылмыштуулукка, мамлекеттик рэкетке, жеп-ичмейге урган соккулары бийлик мунарасында отургандарды тынч уктатпай калды. "Республика" партиясынын күркүлдөрү Ө.Бабанов, К.Исаев жана И.Пирматовго иш козголуп, аларың Кубат Калбековичтин көзүн тазалоодон дагы кайра тартпай турган чактары. Эгер Байболовго карата чабуул күчөй берсе, эртең Отунбаева, Атамбаев, Дүйшөбаевдин былыктары коомчулукка дүң этиши мүмкүн. Атүгүл сыртта тынч олтурган аксакал саясатчы, өткөндөгү техникалык өкмөттүн башчысы А.Муралиев дагы чыдабай кетип, кечээ Атамбаевге ачууланганын жашырбай, Байболовдун аракетин кошколдоп колдоорун ачыктады. Бийлик күрөшү ушул өңүттө кете берсе, чын эле Байболовдун саясый упайы асмандап, күзүндөгү президенттик шайлоодо утуп чыгаарын божомолдогон серепчилер жетиштүү.


Роза апчесинин бутуна жыгылып, мыш болгон Атаханов
Акаев-Бакиев доорлорунда пенсиялык фондду менчиктеп алган эски МЕНТ, азыркы өкмөттүн вице-премьери Шамиль Атахановдун абийири айрандай эле төгүлдү. Өткөндө Вашингтонго расмий сапар менен барганда 8-март күнү кыргыз элчилигинен тойлошуп олтурганда, Роза апчеси Отунбаевага ушунчалык кошоматтанып, шуру сөздөрдүн баарын тизип, президентти өзүнчө эле Мать Терезага теңеп, шилекей чачыраткан Шамиль мырза былтыркы Түштүк коогалаңы боюнча "эгерде убактылуу өкмөттүн чечимдерине баш ийбеген адамдарга каршы курал колдонуу жана аларды атуу боюнча Роза Исаковна чечкиндүү буйрук бербегенде ким жеңери, кайсы согуш отуна кирерибиз белгисиз болчу" деп жүрөк түшүргөн сөздөрүн айтыптыр. Аны элчиликтен бирөөлөр видеокамерага тартып алып, азыр интернет-сайттарга жайнап чыкты. Ал айтканын Атаханов өзү да танган жок, бирок, "кошоматка кой соем" деп жатып, Шамикең былтыркы июнь трагедиясы боюнча эл билбеген опуртал окуянын пардасын сыйрып койгон жокпу?


Башкы түрмөчү Байзаков зектерден алчу акысын көтөрдүбү?
Кечээ ГУИНдин башчысы Шейшенбек Байзаков журналисттердин оозун ачырып, түрмөдөгү козголоңду бакиевчилер менен ОПГ авторитеттери уюштуруп жатканын айтып, "эгер Атамбаев кримавторитет Камчы Көлбаевдин алдына чөгөлөп барса гана зектер ыраазы болорун" балп эттирди. Мунусу канчалык чындыкка жакын экенин билбейбиз, бирок, 20 жылдан бери темир тордогу "общактын" акчасынан түрмө башчылары 10 проценттен үлүш пара алып келишсе, жакында Байзаков мырза ал үлүштү 20 процентке көтөрүп, тигилердин жандарын кашайтып жаткандарын айтышууда. Кечээги ачкачылык акциясы бийликке кагылган алгачкы коңгуроо экенин, эгер адилеттүүлүк орнобосо, зонада олтургандар абдан жаман кадамдарга барышарын кыйытканын эшиттик. Деги Байзаковдун маселесин тиешелүү органдар саресепке салышса, жогорку бийлик бутагындагылар саясый баа беришсе болбойбу? Жетекчинин чабалдыгынан ушундай көрүнүштөр болуп атканы сокурга да маалым, туурабы? Эми козголоң токточудай эмес, түрмөдөгүлөр темир торду жарып чыгып кетишсе, Шейшенбек "дыр" коюшу мүмкүн да...