Уя


Турмушта кубанычыңды тең бөлүшүп, көңүлүңдү көтөргөн ата-эне, бир тууган, жакын адамдардын орду чоң. Биз "Уя" рубрикасы аркылуу мындан ары да асыл адамдар тууралуу кеп кылабыз. Бу жолу төкмө акын Аалы Туткучев апасы тууралуу, ал эми обончу, аткаруучу Сыймык Бейшекеев атасы жөнүндө кызыктуу маек курду.

Сыймык Бейшекеев, ырчы:
"Атамдын ыкмасы менен балдарымды тарбиялайм"

- Атаңыздын тарбиясы кандай эле?
- Атам Токтогул Бейшекеев он бир баланы тарбиялап, татыктуу билим берген бактылуу ата. Азыр үйдүн, төрдүн көркү болуп, пенсияга чыккан кези. Атамдын мага берген тарбиясы өзүн маданияттуу, сабырдуу алып жүргөнү болду. Мени катуу тилдеп, уруп-согуп тарбиялаган жок. Жөн эле кара сөз менен айтып койбостон, өзүнүн жасаган иши менен үлгү экенин баса белгилеп айткым келет. Ушунча жылдан бери апам экөөнүн жаман-жакшы айтышканын көргөн жокмун. Мектепте окуп жүргөндө "казан-аяк деле кагышат экен, атам менен апам бизге көрүнбөй урушабы?" деп таңгалчумун.
- Атаңызга окшошкуңуз келеби?
- Албетте, жакшы сапаттарын үйрөнүп, "атамдай улуу инсан болсом" деп тилек кылам. Атамдын берген тарбиясынан улам ушул даражага жетип отурам. Мен эч убакта "атадан артык уул" деген сөзгө кошулбайт элем. Буга мисал, Кунанбай менен Абайдын окуясын айтып берейин. Кунанбай баласы Абай менен узак жолго чыгат. Сөз арасында баласы "ата, бир убакта бир колуңузда кылыч, бир колуңузда элдин үмүтү бар эле. Жалпы казак эли "Кунанбай, Кунанбай" деп турду. Азыр негедир ошол атыңыз унутулуп бараткандай. Кыргыз менен казак эли "Абай, Абай" деп калды. Мен сизден ашып баратканымбы же мыктылыгымбы?" деген экен. Анда атасы санын чаап каткырып, "жок карагым, сен менден аша албадың, алгач сен Абайдай болгон уул таап өстүр, анан кыргыз менен казакка атын тааныт. Ошондо Кунанбайга жеттим деп айт" деген жоопту берген экен.
- Атаңызды жер каратып, уяткарган учур болду беле?
- Мектепте окуп жүргөндө балдар арасында "сен менин кылыгымды айтсаң, стукачсың" деген шарт бар болчу. Анан кошуна баланын кылык-жоругун атасына айтчу эмесмин. Ал үчүн да күнөөлүү болуп жүрдүм. Бир күнү анын атасы "Токтогулдун ушул баласы жакшы адам болбойт" деп мени жаман көргөн эле. Ошондо атам "мени ушундай адамга уят кылдың" деп кейиген. Атамдын ошол сөзү мага жетиштүү болгон.
- Демек, "атанын сөзү ок" дегенге кошулат экенсиз да?
- Кошулам. Кыргыз эли бекер жерден сөз кылбайт. Мен дагы балдарымды атамдын ыкмасына салып, тарбиялаганга аракет кылам (күлүп). Бирок, кээде катуурак тилдеп койгонго туура келет. Азыр уулум Азаматтын өткөөл курагы. "Баланын периштеси болот, уруп-сокпош керек" деп айтып калышат. Мен дагы туура эмес кылса, түшүндүрүп айтам. Бир жолу мектептен келип калп айтканы үчүн жазалагам. Ал жазамды эстеп алып, көпкө чейин өкүнүп жүрдүм.
- Атаңыздын кемчилигин айта аласызбы?
- Атамдан кемчилик издеп, аны өзүнө айткандан алысмын. Болгону азыр денсоолугу бир аз начарлап, мурдагыдай алдуу-күчтүү болбой калды. Кээде атамдын акыл калчап иш кылганын көрүп, "атам бизнес тармагын алып кетсе, Кыргызстандагы белгилүү бизнесмен болмок экен" деп ойлоп калам. Жашоодо кантип бизнес кылыштын көзүн жакшы билет.
- А киши менен сырдашасызбы?
- Шаардан барган күнү сагынычымды таратып, түнкү саат эки-үчкө чейин сырдашам. Мен сахнага жаңы чыгып баштаганда айылга барып калдым. Ал кезде уюлдук телефон жокко эсе болчу. Дос балдарым менен чогулуп, отуруш кылдык. Бир убакта "атама барып учурашып келейин, силер отуруп тургула" деп кеткем. Атам экөөбүз сааттын жебесин карабай сүйлөшкөн экенбиз, түнкү саат үч болуп кетиптир. Барсам досторумдун алды уктап, арты кызып калыптыр. "Бул ушундай, бизди тоготпойт, "жылдыз" болуп кеткен" деп таарынышкан.
- Атаңызга арналган ырыңызды качан жаздыңыз эле?
- 2007-жылы түн бир оокумда жазып, толкунданып, көзүмө жаш алганым эсимде. Ошол эле жылы "атамдын батасын алайын" деп айылга тууган-урукту чакырып, дароо клип тарткам. Бул ырды атам биринчи жолу укканда сүйүнүп, мага батасын берип, ыраазычылыгын айткан. Ошондо кичине болсо да бир жүктү мойнумдан алгандай сезилген. Атам үчүн өмүрүмдүн аягына чейин кызмат кылып, башымды ийип, таазим этем.




Аалы Туткучев, төкмө акын:
"Апама тийишип качканымды эстегенде..."

- Апаңыз тууралуу айтып берсеңиз?
- Апамдын аты Сабира. Жети уул-кыздын мээримдүү, сүйкүмдүү, бактылуу энеси. Кудай ушул бактысын кут кылсын.
- "Апанын чыдамында чек жок" дешет...
- Албетте, ишенем. Буга далил катары апамдын айтткан кебин силерге да айтып берейин. Мен декабрь айында төрөлгөм. Эки айлык кезимде апамдын сиңдиси башка районго турмушка чыгып, сеп жеткирмей болушат. Баргандан үйгө келгиче токтобой ыйлап, апамдын айласын алты кетирипмин. Апам "улам ар кимиси кезектешип көтөрөт уктабайсың же басылбайсың. "Курсагы ачтыбы?" деп эмчек эмизсем ага да көнбөйсүң. Анан элдин баарын кыжаалат кылбай үйгө барайын деп чоң машине менен жолго чыктык. Жолдо катар ыйлап, дагы басылбадың. Акырында жанымдагы абысыным "ай, бул баланын боору катып, өлө турган болуп калды" деди. Араң турган жаным ыйлагым келип, акыркы сүтүмдү эмизип аткандай сездим. Үйгө жетмегибиз азап болду... Келгенде төшөгүңө жаткырсам, "тып" басылып, уйкуга кеттиң. Анан үч күн мемиреп уктагансың. Ошондон кийин айылчылап, төркүнгө барганды токтотком. Эми сен мени айылчылатат окшойсуң" деп күлүп калат. Мен да жөн турбай "анда мен ыйлабай эле ырдап, бир күн кечке төгүп аткам. Силерге түшүндүрүп айта албай койбодумбу" деп тамашалайм.
- Бала кезде апаңызга каяша айттыңыз беле?
- Апама кыр көрсөтүп, каяша айткан учур болгон эмес. Бирок, бир жолу тилин укпай коюп, чыбык менен сабап баштаганда жеткирбей качып кеткем. Качып баратып, "Сабира-мабира, Сабира-сай-сай..." деп тийишкеним эсимде. Азыр "ай, ошондо балалык кылыптырмын" деп өкүнүп калам.
- Апаңыз сизге болушчу беле?
- Балдар менен мушташып, өзүм таяк жеп калсам дагы, болушчу эмес. Көчөдө ойноп жүргөндө "апам баарыбир мени урушат" деп чатак чыгаргандан коркчумун. Баарыбызга кошуна баланы мисал кылып, "баланчанын баласы аскерге барса да, апасы жүрөт артында. Ошондой бейбаш болбогула" деп кейип калчу.
- Сизде апаңыздын кайсы сапаты бар?
- Апамдын асыл сапаттары көп. Тилекке каршы, жакшы сапаттарын өзүмдөн таппай келем. Мен болгону кейиген, санаачыл сапатын алыпмын. Үйдөн машине айдап чыгып кетсем, "аман-эсен жетип, жолу шыдыр болду бекен?" деп мен үйгө жеткенче санаа тартат. Ал сыяктуу мен да майда-барат иштерге кейип калмайым бар. Эненин жүрөгү алтын казык болсо, жети баланын жүрөгү жетиген да. Эне бардык нерсени жүрөгү менен өткөрөт. Кээде телефон чалып, "ай, балам, түндө түш көрдүм. Кабагың салыңкы экен, жакшы элесиңби?" дейт. Чынында ошол учурда кыйналып атканымды сезгенине таң калам. Маанайым түшүп турса да үнүмдү бийик чыгарып, "ооба, апа баары жакшы, андай эмес" деп коем. "Мейли балам, жакшы жүр" деп трубканы коймоюнча, үнүн тыңшап тура берем. Өз алдынча "балекетиңди алайын, балдарым аман болсун" деп күбүрөнүп алат. Ал учурда көзүмө жаш айланып барып, анан токтойт...
- Апаңыздын көз жашын көргөндө кандай абалда болосуз?
- 2005-жылы биринчи жолу айтышка чыкканымда апам да келген. Залда отурган элдер ыракат алып, кол чаап отурса, апам "жаңылып калбаса экен" деп кабатырланган эле. Бир карасам, көзүнөн жашы агып, мени тиктеп отуруптур. Апамдын салаалап аккан көз жашы мени ого бетер күчтөнтүп, ары талпынтты. Ошондо баш байгеге коюлган ак түстөгү "Ауди" автоунаасын утуп алгам. "Мен жөө жүрсөм эч нерсе эмес, апамды салып жүрүңүз" деп машинемди байкеме белек кылгам.
- Апаңызга арнаган ырыңыз барбы?
- Буга чейин апам жөнүндө бир ырым бар эле, жакында "Менин сүйүүм..." деген дагы бир жаңы ыр жаздым.

Менин сүйүүм...
Сен деп кагат жүрөк какканы,
Сен деп тамат көздөн жаш дагы.
Бир муштумдай болгон жүрөккө,
Менин сүйүүм батпай баштады.

Жанымдан да артык сүйөмүн,
Жарымдан да артык сүйөмүн.
Сен жок жашоо жалаң армандай,
Сага тартуу болсун жүрөгүм.

Буйрук берсең баарын угайын,
Бутуңду өөп кызмат кылайын,
Таманыңа кирчү тикенге,
Так маңдайым тосуп турайын,
Кагылайын асыл апакем.