Коломто

Күйөөнү "шайтан" азгырса...

Эркек эмнеге ала жипти аттайт? Бул суроого жубайлардын мамилесин узак жылдар бою изилдеген адистер бир катар мисалдарды келтирген экен. Анда ошолорго баам салсак.

Сезимден өксүү
Коомдо эркек үчүн секс башкы орунда деген түшүнүк калыптанган. Албетте, муну четке кагууга болбойт. Бирок, мырзалар төшөк жаатында чебер болууга жөн эле умтула бербейт. Бул кадамга аны махабатка болгон муктаждык түртүшү мүмкүн. Атактуу Казанованы эле мисалга алалычы. Канча деген аялзатынын кумарын кандырып, эсин эки кылганы менен чыныгы сүйүүсүн таппай өткөн. Демек, ала жипти аттаган күйөөнү күнөөлөгөндөн мурда, өзүңүздөн кынтык издеп көрөсүз. Балким сиз ага жылуулук бере албай жатасыз?

Досторго таасирленүү
Көзгө чөп салууну кээ бир эркектер көндүм нерсе катары кабыл алат. Буга анын достору себеп болушу мүмкүн. Мындайда эркек өзүнө "менин досум жакшы жигит, кээде гана солго кеткени болбосо" деп өзүн сооротуп, аны туурай баштайт. Бул учурда аял күйөөнү азыткы достордон бөлүп, бактылуу түгөйлөр менен карым-катнаш түзүүгө аракет кылуусу керек.

Кызматтагы күйдүмчок
Кесиптеш аялдар чогуу иштеген эркектин ийгилигин баалай билет. Бир эле учурда анын ийгилигине суктанып, колдоо көргөзө алат. Ошол себептүү, эркекти мактап турууну унутпаңыз. Жумуштагы жылуу маанайды, мамилени ал үйдөн сезгендей болсун.
Сулуулукка кызыгуу
12% эркектер көзгө чөп салуунун себебин жубайынан сулуу аялды кездештиргени менен түшүндүрөт. Эркек көз менен сүйөрүн унутпаңыз. Кир кийим, курсактагы кат-кат май, таралбаган чач, жагымсыз жыт, кол менен буттагы түктүн ашыкча болуусу, чачылган үй, жуулбай додо болгон идиш-аяк кээ бир эркекти жипкиртет. Демек, аял киши өзүн кароо менен үй ичинде да комфорт түзө билүүсү зарыл.
Мамиленин муздашы
Кээ бир аялдар табиятынан жумшак келет. Күйөөсүнүн маанайына карап иш кылат. Уруш-талашты сүйбөгөндүктөн, күйөөсүнүн эрте кетип, кеч келгенине, үйгө карамы жоктугуна да кайыл болуп, баарына көз жумат. Бул туура эмес чечим. Бардык көйгөйдү өз убагында чечүүгө үйрөнүңүз. Күйөөңүз башка аялга кызыгып жүргөнүн байкасаңыз, эт менен чел ортосунда эзилбей ачык сүйлөшүп, мамилени аныктап алган дурус.

Сөз аягында
Ала жипти аттаган эркектин баары эле мокочо эмес. Болгону убагында өзүн кармай албай, "шайтандын торуна" чалынышы мүмкүн. Эркектин жараткандан берилген бул табияты менен күрөшүү кыйын. Андыктан, күйөөңүз сизди сүйүп турса, сиз да аны кыйбасаңыз анча-мынча жоругун байкамаксанга салып, "көрбөдүм-билбедим" деп жашоого туура келет. Сүйүүнүн башкы эрежеси - бул кечирим эмеспи.




Күйөөңүз көзгө чөп салса кантип жазалайсыз?
Жаңыл Бекбоева, куудул:
- Кыргызда "эркектин көйнөгү экөө болсо, көңүлү төртөө" деген жакшы сөз бар. Булар ушундай жандар экен да. Көзүнө жылтырак бирдеме көрүнсө эле ээрчип кеткен. Эми байкеңер солго кетпей эле койсун. Кетсе айла жок, балдар үчүн кечирем да. Урушсаң баркың кетет, өчөшүп огобетер күчөшү мүмкүн. Эрегишсең, суук селки тартасың, үйбүлөң кыйрайт. Бирок, аны жазалаш үчүн сулууланып, жакшы кийине баштамакмын. Кез-кезде шыңкылдап күлүп, кыңылдап ырдап коймокмун. Анан өзү эле шектенип, айланчыктап, жаныман чыкпай калмак.

Назгүл Насиева, продюсер:
- Эркектин ала жипти атташына бардык аял бирдей карабайт. Бирөөлөр караманча каршы болсо, башкалары "көзүм көрбөгөн соң" деген пикирде. Кандай болгон күндө да, эркек солго кеткенин аялына билдирбеши керек. Жеке мен күйөөмдү сүттөй ак дегенден алысмын. Эми пенде болгон соң жаңылса жаңылгандыр. Бирок, өзүнө "эгер мени башкага алмаштырсаң ачык айт, кечирүүгө кудретим жетет. Кокус бирөө менен жүргөнүңдү өң тааныштардан угуп, алардын астында сөзгө сынсам, сени эч убакта кечирбейм" деп эскертип койгом. Намыс деген баарынан кымбат да. Көзүңө чөп салганы аз келгенсип, элге күлкү кылган адам менен кантип жашайсың?

Назира Айтбекова, теле алпаруучу:
- Турмушта "жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт" эмеспи. Үйбүлөсүн сыйлап, аялын сүйүп турган эркектин анча-мынча жоругун кечирип эле койгон оң. Эгер менин күйөөм ушундай ишке барса, ашып кетсе эки-үч күн сүйлөбөй таарынмакмын. Бирок, катуу кетпейт элем. Бир келген өмүрдө жаза тайганы үчүн бактылуу турмушумду бузгум келбейт. Эркек деген эркек да. Басат-турат, жоро-жолдошторуна барат. Жаныңдан карыш чыгарбай коруй берсең, элден бөлүнүп калбайбы.


Ала жипти аттагансызбы?
"Мужиктөр" деген рубрикабызда аттуу-баштуу мырзалардын "жигитчилик" кылганына дайыма кызыгабыз. Эмесе, андагы жооптордун айрымдары төмөндө.

Абдыгул Чотбаев, генерал:
- Бир жолу Москвага командировкага кеттим. Ал жактан биринчи үйгө телефон чалып, жубайым менен сүйлөшүп бүттүм. Анан башка кызга чалайын деп, кайра эле адашып, үйгө чалып алыпмын. Мен тиги кыз менен сүйлөшүп атам деп эле сүйлөп атам, сүйлөп атам. Ал да мага байкатпай сүйлөшө бериптир. Командировка бүтүп эле үйгө келсем, чемоданымды жыйнап коюптур, "алып чыгып кет" деп...

Жамбыл Камчиев, куудул:
- 37 жашыма чейин аялымдын көзүнө чөп салган эмесмин. 37 жашымда бир жерге гастролго барып, артисттер үчүн "легкодоступный" аялга туш болуп калдым. Бир жолу аттагандан кийин, улам эле аттай берет экенсиң да.

Орзубек НАЗАРОВ, экс-депутат:
- Мурдагы жубайымдын көзүнө чөп салгам десем болот. Азыркы аялым менен мамилелеш болуп жүрүп. Албетте, муну билгенде аялым таарынды, уруш чыгарды. Бирок, экөөбүз ачык сүйлөштүк. Түшүндү. Бул тема азыр жабык. Негизинен, орустар айтмакчы, "однолюбмун".

Таалайгүл Жаныбекова