Мелис Эшимканов
Автордон:
Кириш сөз ордуна
Үйүмдүн түбүнөн Аламүдүн дарыясы агат. Күнү-түнү үн салып, бирде буурадай буркан-шаркан түшүп, бирде жай гана мелмилдеп, а кээде бөбөктүн булдурап сүйлөгөнүндөй, туптунук күлкүсүндөй, өзүнчө эле керемет. Карап олтуруп сырт дүйнөң унутулат да, суунун агымын тиктеген сайын бардык пенделер сыяктуу заматта пилосоп болуп кетесиң, дарыянын кирдебешин, соолубашын, чөлчүккө айланбашын каалайсың. Суу - Өмүр сымал экени кайрадан мээңе кадалып, ошол Өмүр кербениңдин кино сымал эски тасмасын артка түрөсүң.
Өткөн кылым этеги. 80-жылдардын капортосу. Жыйырма үчтөмүн. Ааламды багындырчудай, канжардай курч, ээ-жаа бербеген бунтарь, таптаза, шапшайыр, үйүргө жаңы кошулуп, айгырларга тап бере баштаган кунан чапма сыяктуу курагым. Атактуу "Ленинчил жаш" гезитинин эң кенже кабарчысымын. Агездеги улуу кесиптештерим Акбар Рыскулов, Нуралы Капаров, Болот Жумабаев, Баратбай Аракеев (бу киши катуу кайфолон болгонунан бир ирет эптеп таңга жуук үйүнө жеткизип барсам, "чечек" деп жакшы көрчү Бакем, рахматтын акысына ичи элжиреп кетиппи, тумшукка бир жедиргенимди унутпайм), Султан Жумагулов сыяктуу "стариктерге" дүкөндөн вино-арак ташыган "салага" доорум. Ошондой күндөрдүн биринде теңтуштарым сельхоздун жатаканасындагы отурушка чакырып калышты. Жашабай жатып 19умда үйлөнгөнүмө карабай, анда-санда сулуу кыздарга "мергенчиликке" чыккандан тартынчу эмесмин. Бирок, азыркы жаштардай шак эле төшөккө сүйрөп, эптеп жанкумарына батмайдан, эртеси "кайдан көрдүм кара эшек" деп бурулуп кетмейден алыс болчубуз. Көз менен сүйлөшүү, колунан кармаганда, белинен имерип бийлегенде, жамгырдай төгүлүп ыр окуганыңда, сезимдин, жандүйнөнүн, купуя сырлардын кучагына бой урганыңда эле - биздин доордун романтикалык махабат дастандары, азыркы жапайы сексуалдык жиндиликтен айырмачылыгы!
Жатаканада биринен-бири чырайлуу 5 студентка менен теңтуштарым дасторкон жайып, музыка угуп, винонун күүсү менен күлкүлөрү чыгып калган убагы экен. Бирок, кыздардын ичинен Гүлнара аттуу периштеси гитараны ийкем чертип, түнкү серенадасын ырдаганда, булактай тунук күлкүсү, Клеопатра түспөлдөнүп, кыргыздарга окшобогон, чебер сүрөтчүнүн картинасынан түшүп келгендей сулуулугу берки беш эркекти тең кайдыгер калтырбады. "Кимибизге имерилээр экен?" деп ички атандашуу башталды. Анан бир маалда "Клеопатранын" бир эле мезгилде сырдуу дагы, муңайым дагы, шайыр дагы карагат көздөрү мени арбай баштагандай сезилди. "Жаштар бийлейт. Джаз, рок-н-ролл…" деген 1-курстан жазган ырымды окуп кирдим…
"Учурдун" окурманына эскертээрим: Башкы редактору Аслан иним Сартбаевдин гезитин алдыңкы сапка чыгаруу аракетине ыраазы болуп, 2 айдан бери экөөбүз ага-инидей сырдашып, унчукпас бир жылыман кийин алгач ушул басылмага агыман жарылган интервью берип, килтейтип макала жазып, токтоп калган чыгармачылыгым ойгоно баштагансыды. Эми минтип Аслан менин коомчулук биле бербеген сырымды ачып, 8 жыл мурдагы Айбек Мураталиев деген псевдоним менен "Министрдин махабатын" жазганымды ачыкка чыгарган соң, кайда качам? Бул "күнөөмдү" мойнума алып, махабат сериалын "Учурга" сандан-санга басууга макулдук бердим. Жөн бербей, автордук кириш сөз менен баштайын десем, мунум дагы созулуп бараткандай. Баса белгилеп коеюн, "Министрдин махабаты" реалдуу турмуштан алынган, каармандары соңку 15 жылда коомчулук билип-көрүп жүргөн саясый, коомдук, бизнес, маданият чөйрөсүнүн атактуу өкүлдөрү, бирок, албетте, аты-жөндөрү өзгөртүлүп, бир көркөм чыгарма, чогултулган (собирательный) образ катары жазылган. А кириш сөз - менин чыныгы турмушумдан алынган үзүмдөр. Ушул бир шиңгил үзүмдөр аркылуу "Министр махабатынын" жазылган тарыхы жөнүндө окурмандарга түшүндүрмө берүүнү туура деп чечтик. Руксат этсеңер, авторский кириш сөздүн уландысын дагы китеп-сериал менен кошо кийинкисинде кошумчалайлы?..





  Сандан санга

Министрдин
махабаты
- Алло?
- Да.
- Аидасыңбы?
- Ооба.
- Үнүң таанылбай калганбы?
- Эмнеге?
- Билбейм.
- А эмне мынча кеч?
- Силерде түн, бизде эртең менен. Бишкек менен Нью-Йорктун айырмасы 11 саат эмеспи?
- А-а, Америкага кетпедиңер беле.
- Унутуп калыптырсыңбы?
- Унутпай эле...
- Уктап атасыңбы?
- Жарым-жартылай.
- Кандай?
- Төшөктө жатам көзүмдү жумуп. Уйку менен ойгоонун ортосунда.
- Бессонница что ли?
- Жо-ок, андай эмес. Муну эмне дейт билесиңерби?
- Өзүң айт.
- Анда билип жүргүлө. Медитация между сном и явью дейт.
- Укмуш го?
- Укмуш.
- Аны кимден үйрөнүп жүрөсүң?
- Ауробиндодон.
- Ки-им?
- Индустардын акылманы. Сүкүт чалуунун системасы менен бүт дүйнөнү таңгалдырган.
- Йог дечи?
- Ошо сыяктуу.
- А мен аныңды көп поклонниктериңдин бири экен дебатпаймынбы?
- Здра-асьте!
- Аида?
- Ии.
- Сагындыңбы?
- Айтпайм.
- Эмне үчүн?
- Өзүңөр сагындыңарбы?
- Это словами не передать, дорогуша.
- А что делать?
- В смысле?
- Словами не передать дебатпайсыңарбы...
- А-а... Көргүм келет. Саамайыңан сылагым келет. Өпкүм келет. Сөз менен айталбайсың да. Канатым гана жок. Болсо азыр учуп барат элем.
- Абдан романтиксиңер, ээ?
- Ал эмне жаманбы?
- Жо-ок. Наоборот ушул мүнөзүңөр жагат.
- Ырахмат.
- Акчаңардын баары кетти го?
- Эмнеге?
- Узак сүйлөшкөнүбүздү айтам. 12-микрорайондон чалгансып шашпай сүйлөгөнүңөрдү айтам. Все-таки это Америка.
- Түшүндүм, кызыл жоолук делбирим менин...
- Айтматовдун делбириби?
- Жок, менин делбирим... Акчамды башкадан аясам да, сенден аябай калайын. Бир жумалап деле тынбай сүйлөшө берүүгө даярмын, менин кичинекей ханышам!
- О-о!
- Ишенбейсиңби?
- Ишенем.
- А эмнеге "о" дейсиң?
- Ханышам дегениңер жагып калды.
- Бул чындык да?
- Билем.
- Билсең эмне үчүн менин эң башкы суроомду жоопсуз калтырдың?
- Кайсы?
- Бат эле эстен чыгарганың жарабайт, менин айперим.
- Аябай эркелеттиңер го?
- Жакпайбы?
- Жагат.
- Эстеген жоксуңбу?
- Эмнени?
- Башкы суроомду?
- Айтайынбы?
- Айт.
- Таарынбайсыңарбы?
- М-м, аракеттенем.
- Сагындыңбы деп сурадыңар. А мен айтпайм дедим. Туурабы?
- Ту-ура.
- А эмне үчүн айтпайм дедим?
- Билбейм.
- Кырк бешке чыккан киши да ушундай жөнөкөй нерселерди түшүнбөйбү?
- Сурооң ширин чыкты, Аидочка. Бу дүйнөдө мен билбеген балээ жок. Ошентсе да сага келгенде эң жөнөкөй нерселерге башым жетпей калганы чоң чындык. Мен масмын да?
- В смысле масмын? Ичип алдыңар беле?
- Ах ты, моя малышка, бир туруп жарга такаган суроо бересиң да, бир туруп наивный болуп кетесиң да?
- Меню тебю не понимать.
- Ха-ха-ха, тамашаң да керемет. Мен деген сүйүүгө масмын, Аида каралдым!
- А-а... Эми жетти.
- Жетсе мен даярмын, табышмагыңыздын жандырмагын угууга.
- Табышмак деле эмес. "Айтпайм" деген сөз "ооба" дегенди билдирет...
- Ва-ай, ушуга акылым жетпептир, ээ?
- Не надо иронизировать, Нурлан Кадырбекович! Тем более кокетство деп кабыл албаңы-ыз.
- Койсоңузчу, айперим. Официальный кайрылганыңызга караганда таарынтып алган жокмунбу?
- Ой, телефонду папам сурап атат. Кийинчерек чаласыңарбы?
- Папаң келди беле?
- Билесиңер да, хозяйкасынан качканда биякка келет эмеспи.
- Анда бошогондо соткама өзүң чалып кой.
- Соткаңар Америкадан деле ала береби?
- "Роуминг" деп коет. Жердин түбүнө түшүп кетсем да шыңгырай берет.
- Кой, түшпөгүлө. Анда мен ыйлайм.
- "Ыйлайм" дегениңен сенин...
- Мейли анда. Через полчаса позвоню.
- Жарайт. Күтөм...
Нурлан сыртка чыкты. Асман тиреген аскадай үйлөрү баса калчудай болгон Нью-Йорктун көчөсү. Ызы-чуу. Аба ным жыттанат. "Манхэттенди" көздөй басты. Бүгүн жекшемби. Адамдын баары эшикте. Көчөнүн наркы башынан Мадонна, Бритни Спирс, Шакира сыяктуу шоу-жылдыздардын килейген плакат-сүрөттөрү көрүндү. Арасынан бир азиатканын көзүнө кадалган Нурлан "селт" этип кетти. Кудум Аиданын жүзү. Окшоштукпу же...
Японкабы же кытайбы? Сулуу экен. Ууртунан жылмайганы, магниттей тарткан көз карашы, шамалдан сермелген саамай чачы, Аидага куюп койгондой окшоштугу Нурландын көңүлүн ээлеп алды. Нью-Йорктун чок ортосун ээлеп алган бул азиаткага мына-мына жан кирип, плакаттан түшүп келчүдөй сезилди. "Хара-кришналап" барабан каккан индустарды, кайыр садага сураган негрлерди, аялдамада эл көзүнчө өбүшкөн кыз-жигитти, отура калып, тура калып фотоаппаратын чыкылдаткан башы таз, килейген семиз кишини көрүп турса да элес албай, биздин каарманыбыз санаасы менен алпурушуп, өз дүйнөсүнүн чегарасынан чыгалбай турду. Плакаттагы сулууну караганча, студент кезинде мээсине кыттай куюлган ыр саптарын эстегенге аракет жасады. Тармал чач, тагдыры татаал, жапжаш өлүп калган Табылды деген акындын жазганы келди тилине. "Мерген, мерген, мерген... кандай эле?.. Мерген аяп, мерген атпас жылмайганың беле? Күлкүң беле?.. Унутупмун. Мерген, мерген..."

(Уландысы кийинки санда, гезит 7-апрелде чыгат)