Нуржамал айым К.Дүйшөбаевди эрөөлгө чакырды
Бир кезде Бишкек шаардык кеңешинин төрайымы болуп, Бакиевдин бийлигин сындап, шайын оодарган Нуржамал Байболова 38-жылдын НКВДсын түзүүгө арык чаап аткандай УКМК жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевди УТРК аркылуу эфирге чыга турган "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолоруна" жекеме-жеке эрөөлгө чакырды. Бул тууралуу "Учур" гезити аркылуу рамий билдирди. Эми Кеңешбек мырза Нуржамал айымга эрөөлгө чыгабы, же кайсалактап качабы (?) жакынкы күндөрдө күбө болобуз.