Кайчы пикир

Элди келесоо ойлогон Мурзалиев

Айрым жогорку кызматтагы чиновниктер өздөрүн пиар кылуу үчүн миллиондогон акчаларды сарптаганын көрүп таң калдык. Эмне алар элдик акча менен элдин баарын алдаса боло берет деп элди келесоо ойлошобу?

Мына ушуга төмөндөгү документ бир мисал боло алат. Бул "Альфа Телеком" ЖАКсынын (Мегаком) орус тилдүү бир белгилүү басылма менен Азамат Мурзалиев башкарып турган учурда түзгөн келишими. Бул документке ылайык, компания бир орус тилдүү гезитке төрт макаласы үчүн миллион сомдон ашык акча төлөгөн. Албетте, өзүн рекламалоо үчүн. Дегенибиздин себеби, бул төрт макалада тең Азамат Мурзалиев өзүн, аны калкалаган айрым чиновник сөрөйлөрдү айга-күнгө теңеп мактап, ошону менен катар эле компаниянын мурунку жетекчилигин болушунча шыбаган. "Мегакомдун" бул жетекчилиги өзүн рекламалоого канча миллиондорду кетиргенин жөнөкөй адам дагы эсептеп чыгарып алса болот.
Мен калемдеш кесиптештеримди сындоодон алысмын. Анткени, журналистика дагы башка кесиптердей эле бизнес. Мен бул жакта Мурзалиевдин өзүн пиар кылганына көңүл бургум келип турат.
Февралдын аягында "Мегакомду" "басып алуу" операциясынын автору делип жүргөн 1-вице-премьер Өмүрбек Бабанов "журналистика жоопкерчиликсиз, акча табуунун жолу болуп калды. Журналисттер акты кара, караны ак кылып көрсөтүп жатышат" деп айтты. Кызык, бул жерде ак ким? Өмүрбек Токтогуловичпи? Өзү деле ошол басылмадан өзүн пиар кылып, уюлдук байланыш операторундагы "серый" схемалары тууралуу айтып чыкпады беле? Башка айтса да бул кепти Өмүрбек Бабанов айтпай эле койсо болмок.
Бул сөзү менен жогорку чиновник эмнени айткысы келди? Журналисттер буюртма материалдарды бекер, бирок "жоопкерчилик" менен жазсын дегениби? Дагы бир сөзүндө Бабанов "Биз менен журналисттердин бир гана айырмасы бар: биз жоопкерчиликтүүбүз, ал эми алар жоопкерчилик тартпайт" дейт. Эми ушул сөзгө ишенүүгө болобу? Бабанов кайсы айткан сөзү, же жасаган иши үчүн жоопкерчилик тартты эле?
Бул компаниянын азыркы башкы фигураларынын бири Илим Карыпбеков аталган гезит менен келишим түзүлгөнүн моюнуна алып, "компания чоң болгондуктан, өзүнүн кызыкчылыгын коргоо үчүн рекламалык-пиар материалдарга оңой эмес акчаларды коротот" дейт. Бул компаниянын кызыкчылыгы эмес эле Бабановдун кызыкчылыктары болуп атканын Карыпбеков билбейби? Айтор, келгенине бир ай болбой "бирөөнүн кашыктап тапканын чөмүчтөп чачуунун" дагы бир далили деп коюңуз. Мындай документтер толуп жатат...

Айтбай Нуркулов




  Алака

Кыргыз-орус мамилесин майлап-сүттөп жатышат

"Эгер Кыргызстандын премьер-министринин убадасы аткарылса, 2014-жылы "Манаста" америкалыктардан башка өлкөлөрдүн дагы, анын ичинде Россиянын да аскерлери пайда болот" деп жазат россиялык "КоммерсантЪ"

Россия Кыргызстандагы жардын учунда турган коалицияны сактап калууну чечти. "Ъ" маалымат булагы жазып чыкканга караганда, эки өлкөнүн өкмөт башчылары Владимир Путин менен Алмазбек Атамбаевдин жолугушуусунун жыйынтыгында, февраль айында жаңыдан киргизилген күйүүчү майларга болгон бажы төлөмүн кайра алып салды. Жазгы талаа жумуштарынын учурунда күйүүчү майлардын тартыштыгы пайда болуп, бул жагдай дагы бир революцияга алып келиши мүмкүн болчу. Кыргыз өкмөтүнүн Курманбек Бакиевдин учурундагы берген убадаларына Алмазбек Атамбаев макулдугун билдиргенден кийин бул төлөм алынмай болду. Бул убадалардын катарына "Манас" авиабазасына байланыштуу маселе дагы кирет. "Ъ" маалымат булагына Атамбаев 2014-жылдан кийин бул базаны Россия дагы катышкан эл аралык транзиттик борбор кылууну сунуштаганын билдирди.
Кыргызстанда Атамбаевдин Россияга болгон сапарынан көп деле жакшы жаңылык күтүшкөн эмес, анткени, акыркы учурларда бул эки өлкөнүн ортосунда чечилбеген бир нече маселелер топтолуп калган болчу. Кала берсе, Атамбаевдин келишине Москвада дооматтардын тизмесин да даярдап коюшуптур. Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга кайтып келери менен коалициянын кыйрашы жана өзүнүн отставкасы тууралуу кабар угат деген вариант да бар болчу. Бирок, Атамбаевдин Путин менен жолугушуусу, тескерисинче ийгиликтүү болуп, орус өкмөтү бажы кызматына күйүүчү майларга болгон төлөмдү алып салуу тапшырмасын берди.
Күйүүчү майларга болгон төлөмдү алып салуу боюнча тараптар өткөн жылдын декабрь айында эле сүйлөшкөн болчу. Өз кезегинде Кыргыз тарап келген күйүүчү майларды үчүнчү өлкөгө реэкспортту токтотушу керек болчу. "Чынында эле көп жылдар бою "Манас" аэропортундагы америкалык авиабаза аркылуу реэкспорт болуп келиптир. Биз аны токтотконбуз" дейт Атамбаев. Мындан ары реэкспортко жол бербөө үчүн АКШ авибазасынын күйүүчү майларынын жарымын, тагыраак айтканда, 51%ын "Газпромнефть-Аэро" кыргыз-орус биргелешкен мекемеси аркылуу жеткирүүнү макулдашты. 15-февралдагы макулдашууга ылайык, биргелешкен мекемени түзүүгө жана каттоого кыргыз бийлиги үлгүргөн жок, ошондуктан, орус тарап күйүүчү майларга болгон бажы төлөмүн кайрадан жандандырган. Мындай кечеңдетүүнүн себебин, премьер Атамбаев Путинге документтик иштердин кармалып атканы менен түшүндүрдү. Орус өкмөт башчысы бул жоопко канааттанып, 15-февралдан берки компаниялардын чыгымдарын Орус тарап компенсациялап берүүгө даяр экенин билдирди.
Бажы төлөмүн алып салуудан башка Россия Кыргызстанга дагы бир белек берүүгө даяр. Владимир Путиндин айтымында, Москва Бишкекке 30 млн. доллар пайызсыз насыя берүүнү караштырып жатат. Бул маселе тез аранын ичинде жакшы жагына чечилерин дагы орус өкмөт башчысы жашырбайт.
"Ъ" маалымат булагына Алмазбек Атамбаев билдиргендей, декабрь айындагы жолугушууда эки премьер акыркы жылдардагы түзүлгөн келишимдердин баарын бир сыйра текшерүүдөн өткөрүүнү макулдашышкан. "Биз бул ишти аягына чыктык. Мурунку бийлик көптөгөн убадаларын аткарган эмес экен. Биз таза иш алып барабыз, жана Кыргыз өкмөтү мурунку түзүлгөн келишимдердин баарын аткарууга даяр. Владимир Путин менен болгон бул жолугушууда Атамбаев мырза жакынкы арада макулдашуу керек болгон бир нече долбоорлорду жарыялады.
Баарынан мурда Кыргызстан 2009-жылдагы келишимди аткарып, мамлекеттин карызын жоюу үчүн Россияга суу астындагы торпедолорду чыгарган "Дастан" заводунун 48% акциясын жана бул заводдун имаратын берүүгө даяр. Орусиянын мыйзамдарына ылайык, карызын жойбогон мамлекеттерге кредит берилбей турганын түшүндүрүшкөн. Ошондуктан, Кыргызстан жаңы кредит алышы үчүн, мурунку карыздарды жоюш керек болчу.
Кыргыз тарап энергетикалык тармакта дагы кызматташууга кызыкдар экенин билдирди. Алмазбек Атамбаев 2008-жылы түзүлгөн "Кыргызгаздын" акцияларынын 75%ын "Газпромго" сатуу, орусиялык монополияга жаңы газ корун издөөгө жер тилкесин берүү боюнча келишимдерди да аткарууга макул.
Алмазбек Атамбаев Владимир Путиндин алдында 51%ы орусиялык инвесторлорго таандык болгон "MegaCom" уюлдук операторунун айланасындагы чуу боюнча актанып алды. "Кыргыз өкмөтү орусиялык инвесторлорго тиешелүү болгон компаниянын 51% акциясын талашпайт, башкысы салык жана дивиденддерди төлөп турса болду", - деди "Ъ" маалымат булагына Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов.
Талаптар бир гана маселе боюнча пикир келише алган жок. Бул Кыргызстанда Россиянын бириккен аскер базасын ачуу маселеси. Кыргызстанда Россиянын беш аскер объектиси бар: Канттагы 999-авиабаза, Чүй облусуна караштуу Кара-Балта айылындагы (Спартак, Чалдовар) 338-байланыш түйүнү, Каракол шаарындагы көл жээгинде жайгашкан кемеге каршы курал-жаракты сыноочу "Койсары" базасы, андан сырткары Ичке-Суудагы (Ысык-Көл облусу) №1 автоматтык сейсмикалык станция жана Майлы-Суудагы (Жалал-Абад облусу) № 17 радиосейсмикалык лабораториясы. Алмазбек Атамбаевдин айтымында, Бишкек ижара акысын көтөрүүгө каршы, анткени "өлкөнүн коопсуздугу менен ойнобош керек".
Алмазбек Атамбаев эң олуттуу маселелердин бири, Россия бир нече жолу чыгарууга аракет кылган "Манас" авибазасы боюнча маселени чечүүнү убада берди. "АКШ менен келишими 2014-жылга чейин түзүлгөн, биз аны мөөнөтүнөн мурда буза албайбыз, бузбайбыз дагы. Цивилдүү өлкө катары биз оюн эрежелери менен иш алып барабыз. Бирок, 2014-жылдан кийин эл аралык транзиттик борборду анык интернационалдык борборго айландырып, ал жакка сөзсүз түрдө Россияны дагы катыштыруу керектигин айта кетейин"-деди Алмазбек Атамбаев.
"2014-жылга чейин көп нерсени убада берип салса боло берет да. Бирок, Атамбаевдин айткандары реалдуулукка жакын сөздөр болгондуктан, Кыргыз өкмөтүн Орусия тарап колдоого аларын билдирди" дейт Орусиянын өкмөт мүчөсү. "Убадаларды канчалык аткарарын күтө туралы" дейт маектеш.

Александр Габуев,
http://www.kommersant.ru