"Dе-факто" качан "тирилет" ыя?
"Dе-факто" гезити жабылар алдында жазды эле, эки ажыдаардын ортосунда калдык деп. Бир жылда жумалык тиражы 40 миңге чыгып, эл аралык уюмдардын "Прорыв года" сыйлыгын алган гезитти Жаныш Бакиев бир жактан, экинчи жактан Садыркулов менен Максим муунткан. Бул гезит Бакиевдин чекесине чыккан чыйкан болуп, үкаларин, бала-чакасын кошуп жакшы эле жүдөткөн. "Бакиевдерге 1 сомдон жардам" деп элден акча чогултканда Акүйдүн 7-кабаты бүт чачын жулган. Жаны кашайган Жаныш Чолпон Орозобековага Кылмыш кодексинин 329-беренеси (5 жылга темир тор каралган!) боюнча кылмыш ишин козготкон. Ошол кылмыш иши ушул күнгө чейин жабылбай турган эле. Угушубузга караганда, Акүйдө отургандар "мындай болбойт го" дешиптир, кылмыш иши жакынкы күндөрү жабылганы калды көрүнөт. Баса, "Dе-фактого" каршы кылмыш иши 7-апрелде Башкы прокуратуранын имараты менен кошо өрттөнүп кетиптир деген да маалыматтар бар.
"Dе-факто" гезити жакында чыгып калышы толук мүмкүн. Аны чыгарууга тымызын даярдыктар катуу жүрүп аткан кези. Ким колдоп атканы белгисиз, Женевада жатып алып Чолпон менен Жеңиш эмненин ичинен чыкканы турушат, ким билет? Аңгыча эл аралык уюмдар чоң акча берип атыптыр деген да каншаар тарады.

Көлөкөсүнөн корккон балакайдын күлкүлүү жоругунан
Бабановдун Бишкектеги кыймылсыз мүлктөрүнө сан жетпейт эмеспи. Анын бири Москва жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги мамлекеттик ГАИРТ мекемеси жайгашкан килейген беш кабат имарат дагы Өмүрчиктин фирмасына тиешелүү болуп чыкты. Аерде тургандар ижара акысына күнүнө эки миң евродон, ошондо айына Токтогуловичтин чөнтөгүнө 60 миң евродон төлөшөт экен. Ушуга окшогон көрүнүп-көрүнбөгөн пулумду тартып алышат дегениби, айтор, өткөндө Бабанов дагы бир кызык жоругун көрсөттү. Оппонент саясатчы байкелери А.Жекшенкулов менен Т.Сариевге өзү телефон чалып, өкмөт үйүнөн жолугушууну суранат. Тиги экөө аякка баралбастыгын айтышып, "шаардын башка жеринен эле жолукпайлыбы" дешсе, Өмүкөң "мага жакында покушение болбодубу, минтип өмүрүмө коркунуч туулуп атса, башка жактарга баралбайм да" деп ооздорун ачырыптыр. Кайсы "покушение" экенин түшүнбөй тигилердин башы маң. Айтмакчы, антип көлөкөсүнөн коркуп олтурган биринчи вицеге каршы бүгүн-эртең кылмыш иши козголорун айтышууда.

Назарбаевдин күйөө баласына сатылган "Мегакомдун" табышмагы
Белгилүү болгондой, жөөт Максим Бакиев былтыр өлкөдөн качаарында, чуулгандуу "Мегакомдун" 49% үлүшүн Казакстан ажосу Нуракенин күйөө баласы Тимур Кулибаевга сатып ийип, бирок, юридикалык жактан каттаганга үлгүрбөй калыптыр. Анан өткөндө Минскиден биринчи вице Ө.Бабанов Бакиевдер менен жашыруун жолукканда, (бул фактыны Орусиянын Мамдумасынын депутаттары жана маалымат каражаттары ачыкка чыгарышпадыбы) Максим эски өнөктөшү Өмүрчикке кескин ультиматум коюптур: "эгер ал үлүштү казактарга өткөрүп бербесең, абийириңди айрандай төгөм, болгон аферисттик жоруктарыңды дүйнөгө жар салам" деп. Ошондон кийин Токтогулдун баласы айласы куруп, "Мегакомдун" тегерегиндеги чууну ого бетер күчөткөн кербези.

КТРКнын "Ала-Тоосун" Бурханова, 5-каналды Бердникова кайтарабы?
5-каналдыкы түшүнүктүү. Анын Гендиректору Е.Бердникова "Республика" партиясынын идеологу М.Каганердин граждандык жубайы болгондуктан, анан калса Бабанов капчыгын кампайтып тургандыктан, күнүгө үзбөй жалгыз гана Токтогуловичти мактап келатканы. Ал эми Улуттук биринчи каналдын "Ала-Тоо" маалымат каналынын баш редактору Н.Айып болгонуна карабастан, иш жүзүндө ал жакты таластык сулуу диктор Нуржамал Бурханова башкарып, ушунчалык жөндөмдүү экен, Отунбаева менен Атамбаевдин бийлик даражасы бийиктигине карабай, дайыма "Республика" партиясынын лидерин алдыга чыгарууга жандалбастаганын сокурлар эле көрбөй калбаса...

Оштогу Курултайда Жекшенкуловго беш жолу кол чабышты
19-мартта Ош шаарынын драм театрында Элдик Курултай өтүп, ага 700дөн ашык киши катышты. Курултайда негизинен кыргыз элинин келечеги жөнүндө сөз болуп, эмоциялуу дем менен элдин маанайы жанып турду. Бишкектен барган Улуттук Конгресстин жетекчиси Аликбек Жекшенкулов эл астына чыгып сүйлөп, карапайым калктын оор акыбалы, бүгүнкү экономикалык-социалдык көйгөйлөр боюнча, о.э. өлкөбүздүн ички-тышкы саясатынан кенен кеп салып берди. Залда отургандар Жекшенкуловдун сөзүнө беш жолу кол чабышып, жакшы маанайларын жашыра алышкан жок. Негизинен элдин бүгүнкү бийликке карата ишеними жоголуп баратканы, оппозициялык саясатчыларга кайрадан ыктай башташканы, колдошкону көп нерсени билдирет. Үчүнчү революция болгону турабы?..

Келдибековго баурдастар крест коюштубу?
Астанадан кабарлангандай Нуракени кайта-кайта "кидайт" эткени үчүн спикер А.Келдибеков "үч тамга" башчысы А.Абыкаевдин кара тизмесине түшүп, бирди көрөсүң дегендей коркутуу ишараты жасалыптыр. Анан калса, Акаев доорунда Соцфондду башкаргандагы жана Бакиев мезгилинде салык инспекциясын жетектегендеги былыктары чукулуп, Акматбекке каршы кылмыш иш укуругу салынары айтылууда. Анысы ал, спикер акең жакында Тышкы иштер министрлигинин эрежесин бузуп, Москвага жеке визит жасаганда, Путиндин көздөй адамы, байланыш министри Рейман мырза менен сырдашып, Бабановго каршы чогуу план түзүшүптүр. Жанагы "Мегакомдон" 50 млн. долларды биринчи вице-премьер сураганы жөнүндө кабарды эң алгачкылардан Келдибеков "сүйүнчүлөгөнүн" эске алсак, анын артынан Бишкекке ээрчий келишкен Мамдума депутаттары Островский менен Багдасаров мырзалар жең ичинен биздин спикерден "добро" алышканы оркоюп турат.

Байболов ажолукка аттанабы?
Бабановдун рейдерлик кылмыш иштерин токтотууга аракеттенгени үчүн Генпрокурор К.Байболов "Республика" партиясынын чабуулуна тушугуп, алар "Кубат мырзаны жумуштан алыңызчы" деп боздогон катын Р.Отунбаевага жолдоп ийишпедиби. "Боозуган кыз энесин коркутат" болуп. Былтыр июнь коогалаңында Байболов Жалал-Абадда кан кечип, коогалаң өртүн өчүрүп жүргөндө, балакай балачиктер, бириң өлүп, бир кал дегенсип, Максимден калган жайнаган байлыкты басып алуу менен алектенип жүрүшпөдү беле? Биринчи вице-премьер мырзабыз болсо, бүгүн Президент апчеси менен премьер-министр Абийине жалдырап, "Генпрокурорду жумуштан кетирбесеңер, мен силер менен ажырашам" деп долуланып коркутуп жаткан чагы. Эртең парламентте Байболовдун тагдыры белгилүү болот: же жаш баскынчы "молодойлор" утат, же бийлик башындагылар акылгөй кадам жасашып, Кубат Калбековичти сактап калышат. Мындан сырткары Байболовго аттуу-баштуу аксакалдар, белгилүү саясатчылар кайрылышып, күзүндөгү президенттик шайлоого чыгууга үгүттөп киришиптир. Кубат байкенин ойлонуп турган кези. Генерал Ф.Куловдун "президенттик шайлоого барбайм" деген кескин билдирүүсүнөн кийин, Түндүктө Атамбаев эң күчтүү талапкер болуп калмак эле, бирок, Байболовго окшогондор аттанышса, Алмаз байкебиз абдан жүдөйт го, чиркин!

Коалициядагы өпөң-чычаң
Бийлик коалициясы "тарайт же тарабайт" деп кылдын учунда турганынын эки башкы себебин айтышууда. Биринчиси, Атамбаев менен Бабанов "Ата-Журтту" коркутушуп, "эгер арабыздан чыгып кетсеңер, СДПК менен "Республика" фракцияларынын депутаттары мандаттарын ташташып, парламентти таратууга элди көтөрөбүз" деп опузалашкан. Бирок, биздин маалымат боюнча бул эки партиядан жыйырмадан ашык депутат лидерлерин укпай, "эч кайда кетпейбиз, эртең бизди ушулар бакмак беле!" деп өз ара антташып алышыптыр. Анан калса "Ата-Журт" коалициядан чыкты шылтоосу менен чуу көтөрүү күлкү келерлик. Жалпыга маалым: андай көтөрүлчү эл "Ата Мекен", "Ар-намыс", "АтаЖурт", "Акшумкар", "Замандаштын" артында толтура экенин унутуп жатышкандай. Экинчиси, спикер А.Келдибеков аркалыктардын колу менен "Республика" лидери Ө.Бабановду "слабый звеного" айлантканына маашырланып, "бул Өмүрчик олигархы кетсе, Атамбаев алсырайт, күзгө чейин аны оңой эле оодарып түшөбүз. Ал эми генерал Куловдун айланасын карагылачы, жалаң күчтүү саясый лидерлерди топтоп алыптыр, булар өкмөт башына келсе, энебизди Үч коргондон таанытат" деп "атажуртчулардын" жүрөк үшүн алган оюн баштаптыр.