Бейнеге сүртүм

Бийлик неге дайыма Байболовдон коркот?
Ички иштер министрлигин, Башкы прокуратураны, УКМКны да астына "тартуулаган"… Байболов кызматка алданбайт! Бакиев ушуну кийин түшүндү дагы башкача чабуулга өттү.
Эсиңиздедир, 2008-жылы "мен үчүн алты баламдын жана неберелеримдин өмүрү кымбат" деп туруп Байболовдун саясаттан кеткени. Дендароо болуп отуруп калганыбыз менен баары түшүнүктүү болчу. Бакиев ачык айттырган, "аман калгың келсе, бала-чакаңдын эсендигин көргүң келсе, саясаттан көрүнбө!" деп. Саясый кырчылдаш күчөп турган кезде коопсуздугунан чочулап, бала-чакасын Алматыга жашырган болчу. Ошол жактан да балдарынын аркасынан шектүү бирөөлөр аңдып, бандиттер Нуржамал Байболовага балдарынын жүргөн жерлерин айтып чалып турушту го. Аңгыча эле Садыркулов табышмактуу каза болду. Бакиевдин криминалдары Байболовго "эмки кезек сенде" деген "телеграмма" жөнөтүшөт. Ошентип Байболов үйбүлөсү менен АКШга чыга турууну чечет. Айрымдар "бизнесин калкалап, саясаттан кетти" деп жүрүшөт. Ошондой кыска ойлонгондорго айткым келет, Кыргызстанда бизнести калкалоонун "алиппеси" башкача, туугандар. Анын жарасы жеңил. Бабановго окшоп Максимчик-Айдарчиктердин канатына кирген жетиштүү. Кошоматтын коюн соесуң болгону. Оту менен кирип, күлү менен чыгыш керек. Ошондо бизнесиң калкаламак турсун, гүлдөйт. Фарфырайсың. Байболовго окшоп оппозиция болуп, "Реформа үчүн" кыймылы деп митингдерге чыксаң, бизнести кой, бала-чакаңдын өмүрү бычак мизинде болуп калат. Бишкектеги үйүңдүн жарыгы кокусунан өчүп эле формачандар кирип келип документ текшерип киришет, ар бир балаңдын аркасынан "куйрук" ээрчип калат. Оппозиция менен Нарынга жыйынга барып келатсаң Долон ашуусунан маскачан бандиттер кол салат. Он жылдап курган бизнесиңден куржалак каласың.
2008-жылы Нуржамал Байболова шаардык Кеңештин спикери болуп турган кези эске түшөт. Мурда өзүнчө эле жабык режимдеги орган болуп келген шаардык кеңешти демократиянын желаргысы аралап калган. Шаардык бийликтеги оппозициялык маанайдан чочулаган Акүй ойго батат. Нуржамал Байболовага Бишкек шаарына мэр болуңуз деген сунуш айтылат. Күйөөсү жибибесе да аялынын тилин табалы деп ойлоду да Бакиев. Аялы да жибибей атпайбы кашайып. Дароо эле Нуржамал Байболованы шаардык кеңештин спикерлигинен алып түшүү боюнча Акүйдүн сценарийи ишке кирди. Анүчүн депутаттарды түнү менен кыдырышып кол койдуруп, Данияр Үсөнов бир тобун коркутуп, колун толгогон болчу. Данчиктин мындай зөөкүрдүгүнө чыдабай төрт депутат мандатын таштап баса беришти. Гезиттерге "Нуржамал Байболова 500 миллион сом шаардык бюджеттен уурдаптыр" дешкен, кийин Эсеп палатасы далил таппай бети кызарды. Эми болсо "Мегаком" чатагына аралаштырып ийишти. "Ак ийилет, бирок, сынбайт" дейт, баарын тарых тазалап орду-ордуна коет.
Байболовдордун байлыгына асылгандарды көп угуп калам. Бирок бул киши мамлекеттик казынага кол салып байыган эмес, мээси жана маңдай тери менен байыган. Эл катары Ленин заводдо станокто жумушчу болду, кийин мектепте тарыхтан сабак берди, баарын нөлдөн баштаган адам. Өмүрүнүн жарымынан көбүн студент болуп өткөрдү. "Ийне менен кудук казды" деп Байболовду айтса болот, беш жогорку билими бар. Саясатчылар өздөрү айтып жүрүшөт, "Байболов- саясый сахнадагы барометр" деп. Чын эле. Такыба жана кыраакы саясатчы. Коомдун температурасын сезип, саясый шахматтын ар бир жүрүшүн алдын ала билип турат.
Кыргызстандын саясый элитасында бир ууч эле саясатчы бар. Акыркы кездери арасына шарлатандар, криминалдар, чала сабат, саясатчы сөрөйлөр кирип алды. Ошондой айрым "бала" саясатчылар байкабай Байболовго тийишип алышат. Кубаныч Кадыров "рейтингим көтөрүлөт" деп ойлоду окшойт, чунак бала. Анын өткөндөгү "истерикасына" жылмайып тим болгонбуз. Эми Бабанов чыгыптыр. Айдардын "чөнтөгү" болуп бизнесин гүлдөтүп, кийин кайра Максимдин этегине эрмешкен кубулма жана кошоматчы Бабанов элди сокур ойлосо терең жаңылышат...

Акыл БАКТЫБЕКОВ




  Даңкан

Мухтар Өмүракунов, "Замандаш" партиясынын лидери:
"Парламент соодадан ишке өтүүгө тийиш!"
(Уландысы. Башы 4-бетте)
Бирок, ушу адамдар "кой, эми жакшылап иштейли. Элге кызмат кылалы" дешкен жок. Баягы эле өз көмөчүнө күл тартуу менен алек болушууда. Карапайым элди ойлобой калышты.
- Кадр саясатына токтололу. Эл арасында "таластыктар кадр саясатын жүргүзүп жатат" деген кеп тароодо. Ушуга эмне дейсиң?
- Бул багытта талдоо жүргүзбөдүм. Одоно түрдө таластыктар кадр саясатына минип алганын байкаганым жок. Мүмкүн кээ бир тармакта андай болуп аткандыр. Аны так кесе айтуудан алысмын. Бирок, бул жерде өлкө ичиндеги жалпы кадр саясаты туура эмес жүргүзүлүп жатканы оркоюп эле көрүнүп турат. Профессионал эместер бийликке келип атат. Административдик иштерде мурун-кийин иштебеген, тажрыйбасы жеткиликтүү эместерди губернатор, министр кылып коюп атышат. Алар тажрыйба топтоп такшалгыча, канча убакыт кетип атканы менен эсептешкен эч ким жок. Мындай эксперименттер, катачылыктар көбүнчө партия арасында болуп атат. Кайсы бир партия, кайсы бир министрди, облустун губернаторун, акимин шайлоодо жанагыдай компетенттүү адисттерди койбой атканы айдан ачык байкалууда.
- Парламенттик шайлоонун жыйынтыгында Жогорку Кеңешке өтпөй калган саясый партиялардын негизинде көмүскө парламент, өкмөт түзүлдү. Анда парламент спикери болуп шайландың. Алдыга койгон максатыңар тууралуу жалпы түрүндө ой бөлүшсөң?
- Конгресс ичинде "альтернативдик парламент, өкмөт" деп түздүк. Былтыр күздө парламенттик шайлоонун жыйынтыгы туура эмес чыкканына байланыштуу, өзүбүздү "конструктивдүү оппозициябыз" деп жарыя кылып жалпы улуттук конгресс түзгөнбүз. Бул азыр эле Кыргызстанда пайда болгон жок, дүйнөлүк практика. Алардын кандай иш алып барып атканынан кабардарбыз. Бирок, ал жерде "көмүскө" делсе, биз "атаандаштык" дедик да, ушу жолду тандап алдык. Бу жерде позитивдүү ойлорду жүзөгө ашырууну максат кылып, коомчулукка кереги тийген, иштей турган мыйзам долбоорлорду тыкыр карап чыгуу менен бирге, аны Жогорку Кеңештин парламентине сунуш кылабыз. Алгачкылардан болуп, Жогорку Кеңештин регламенти тууралуу мыйзамдын үстүндө иштеп атабыз. Шайлоо кодексиндеги кээ бир мүчүлүштөрдү да талдап чыгып, механизмдерин туура жолго коюуда бир топ иштерди ЖКга сунуштадык. Курултай жөнүндө, кош жарандуулук, адам сатуу, ж.б. Кыскасы, иш чачтан көп.
- Сунушуңар канчалык деңгээлде ишке ашып атат?
- Шайлоо кодексине байланыштуу болгон мыйзам, долбоорлор бүгүнкү күндө парламенттин жумушчу тобунда каралып атат. Көп сунуштарыбыз кабыл алынды.
- "Феликс Кулов өлкөнүн премьер-министри болот экен" деген кеп тарады. Чындап эле Кулов ал ишке келип калса, мамлекетке кандай пайда алып келет?
- Эгер коалиция ыдырап, же өкмөт таркап, же премьер-министрибиз Алмазбек Атамбаев "президенттик шайлоого аттанам" деп калса, анын ордуна азыркы учурда татыктуу талапкердин бири Феликс Куловду айтууга болот. Бул адамды жактырганы, жактырбаганы бар. Ошол эле учурда өткөн шайлоо кезинде Орусия президенти жана коңшу өлкөлөрүнүн ажолору менен болгон жылуу ымаласына кантип көздү жумуп кое алабыз. Демек, кошуна өлкөлөрдүн ортосундагы мамиле туура жолго коюлуп, жаңыча өңүттө саясый-экономикалык багытыбыз жанданууга үмүт бар.
- Бакиев кезинде партияңа жана жеке керт башыңа бир топ эле кысымдарды көрсөттү. Азыр ушундан толугу менен арылдыңбы, эч ким кысым көрсөткөн жокпу?
- Бакиевдин тушунда эмнени гана көргөнүм жок. Соодалашып, "тигини кылбасаң, биз муну кылабыз, сен антпесең, биз минтебиз" деген коркутуулар чектен чыккан. Менимче, азыркы бийликтин андайга барганын байкаганым жок. Кудайга шүгүр. Башка партиялардан деле андайды уга элекмин.
- Өмүрбек Бабановдун ишмердүүлүгү тууралуу бир топ саясый партиялар "ал өкмөттө болбошу керек" деп үн катты. Анын ичинде "Замандаш" партиясы бар экенин билебиз. Эмне үчүн Бабановду кызматтан четтетүүнү каалап жатасыңар?
- Мен башка партиялар үчүн жооп бере албайм "Замандаш" партиясынын кайрылуусунда "Эгер Өмүрбек Бабанов "Мегакомго" жана "Манас" эл аралык аэропортуна тиешелүү көмүскө, мыйзамга каршы, туура эмес иштери аныкталса, анда, кызматын өткөрүп берүүгө тийиш" деген. Биз жана башка партиялардын жазган арызынын негизинде түзүлгөн комиссия бүгүнкү күндө тыкыр карап атса керек. Эгер чын-бышыгына жетип, коюлган доолор аныкталса, анда Бабановду кызматтан четтетилүү талабы күчөтүлгөн күчүндө калат. Бул жерден "Республика" партиясы да туура саясый чечимин чыгаруусу зарыл. Азыр партия мүчөлөрү жөн эле коргоп аткансыйт. Ошол эле учурда өлкөбүздүн ар бир жараны жөн жерден караланып, кур ооз сөз менен айып тартуусунан алысмын. Мен деле өз учурунда далилденбеген нерсе менен камалдым. Качан далилденет, ошондо айыбын тартсын. Биз ушактын негизинде жашабашыбыз керек.
- Биринчи вице-премьер-министрдин тегерегиндеги чууга, өлкөнүн президенти Роза Отунбаева көз карашын билдире элек. Балким апчеси инисине тымызын, жең ичинен колдоо кылып атабы (?) деген ойлор айтылууда...
- Болуп аткан, болбой аткан бир нерсенин артынан шекший бермей "жакшы" адатыбыз бар. Менимче, аша чаап кетүүнүн деле кажети жок. Кээ бир учурда Роза Исаковна пассивдүү позицияны карманып туруп калат. Мамлекеттин башчысы активдүү киришип, чыр маселелерге кайдыгер карабастан, "эмне болуп атасыңар?" деп, калыстык сөзүн айтып коюусу туура болот го? Анан эмне себептен азыркы учурга чейин бул маселе жөнүндө бирдеме айта элек, ал жагын айта албайм.

Сурат Жылкычиев