Чыр дөбө

"Фасс!" ... же "Мегакомдун" каралоосу

"Мегаком" компаниясынын айланасында чыр-чатак токтобой келатканы маалым. "Эң кирешелүү" деп эсептелген бул компаниянын мурунку жетекчилиги азыркыларын "рейдерлик баскынчылыкка барып, бизди куугунтуктап жатат" деп айыптоодо. Анткени, "Мегакомдун" мурунку жетекчиси Андрей Силич менен анын орун басары Александр Бороздинге кылмыш иши козголгон. Эми жаңы жетекчилик "7-апрелде "Акыйкат" партиясынын жетекчиси А.Жекшенкуловго жакын адамдар ири өлчөмдөгү акча алып чыгып кетишкен" деп билдиришти. Өз кезегинде Аликбек Жекшенкулов муну жалган жалаа катары баалады. Айтор, кайсы жаңжал болбосун Бабановдун кулагы көрүнүп тургандай. Аргументибиз куру болбосун...


Рашиддин кандай байланышы бар?
"Мегакомдун" коопсуздук департаментинин башчысы Тилен-Аалы Кызалаков 7-апрелден кийинки аралыкта аталган компанияны белгисиз бирөөлөр басып алып алганын, аларга 180 миң сом таратылып берилгенин массалык маалымат каражаттарына айтты. Т.Кызалаков кийин чогулган адамдарды жайгарууга саясатчы Аликбек Жекшенкуловдун жардамчысы Рашид ортомчулук кылып, 200 миң сом алган, андан кийин алар 100 миң долларды "Вассаби" кафесине алып барса, ал жактан дагы Рашид тосуп алганын айтты. Биз муну Жекшенкуловдун жардамчысы Рашид Коптлеуовдон тактап көргөнүбүздө:

- Бул сөз Аликбек Жекшенкуловдун Бабановдун дарегине айтылган сын-пикирлеринен кийин чыкты. Жекшенкуловдун айланасындагы жакын адамдарды каралоодон башташты.
- Негизи Кызалаков айтып аткан суммаларды алганыңыз чынбы?
- Мен эч кандай акча алган эмесмин. Эгер бул суммаларды алган болсом, мен батирде жашабайт болчумун да.
- 7-апрель күнү "Мегакомдо" болгонсузбу?
- Бизден "Мегакомду" коргоп бергиле" деп Москвадан таасирдүү адамдар суранган. Ал жерге мародерлор кол салууга аракет кылышканда, биз токтотуп калганбыз. Анан дагы айта кетчү нерсе, ошол маалда компаниянын өзүнүн кызматкерлери башаламандыктан пайдаланып, каражаттарды, буюмдарды, коробкаларды кайдадыр алып жөнөшкөн. Коробкалардын ичинде эмне бар экенин билбейм. Биз аларды да токтотуп, компаниянын бир да мүлкүнө кол салдырган жокпуз.





Бабанов "Фасс!" десе, командасы басып калды
"Мегакомго" кайнаса каны кошулбаган Аликбек Жекшенкуловду эмнеге байланыштырып жатат (?) деп изилдеп көргөндө, жообу издеттирбей эле пайда болот. Бул жаңжал чыга электен мурда Көмүскө өкмөттүн башчысы Аликбек Жекшенкулов 1-вице-премьер-министрдин дарегине катуу сын айтып, аны "рейдерлик баскынчылык кылды" деп ачык эле белгилеген. Аликбек Жекшенкулов премьер-министр Алмазбек Атамбаев элдин ишенимин жоготууну каалабаса, биринчи-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановду кызматынан кетирип, иш-аракетин тез аранын ичинде кызматтык иликтөөдөн өткөрүү керек деп билдирген болчу. "Коомчулук арасында Бабановдун дарегине үч суроо бар. Биринчиси, рейдерлик баскынчылык боюнча. Өмүрбек Бабанов канчалык актанбасын, эл аны дал ушул жол менен байыганын билет. Айдар Акаев, Максим Бакиев менен болгон байланыштарын алсак, ишкер Валерий Хондун бизнесин тартып алуу, АКБ "Кыргызстанды" текейден арзан 20 млн. долларга "сатып алуусу", "Мегакомдун" чуусу жана башкалар. Экинчи суроо америкалык авиабазага ГСМ алып келүү менен байланыштуу. Ал жакта Өмүрбек Бабановдун бир тууган жээни иштеп, биринчи-вице-премьер ал жактан жашыруун түрдө 700 млн. сом иштеп атканы аныкталды. Бюджет чоң дефицитти башынан өткөрүп турганда Бабанов жээни менен эч кандай НДС, акциз төлөбөй келет. Үчүнчү маселе, Өмүрбек Бабанов жүргүзгөн кадрдык саясатка байланыштуу. Нарын облусунун башчылыгына, "Манас" аэропортунун жетекчилигине жана Мамлекеттик мүлк боюнча министрликке бул тармактарга тиешеси жок өзүнүн адамдарын алып барып койду. Үчөө тең коррупцияга чырмалып, кирешеси көмүскөдө калып келаткан алкоголдук тармакта иш алып барып келишкен. Ушул адамдар өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн таза иштеп берет деп айтууга болобу? Жеке мен мындан шек санайм" деп Алибек Жекшенкулов Бабановдун дарегине катуу сөз айткан. "Эгерде бүгүнкү жетекчилик "Бабанов деген баш оорудан" арылбаса, коалициялык өкмөт менен парламент элдин ишенимин жоготуп, инвесторлорду чочутуп алышы мүмкүн. Бул биздин эң жакын өнөктөштөрүбүз Россия, Казакстан менен мамилебиздин бузулушуна алып келет. Эгерде биринчи-вице-премьер-министр Бабановдун иш-аракетин тезинен кызматтык иликтөөдөн өткөрбөсө коалиция урап, саясый кризиске алып келиши мүмкүн" деген Жекшенкуловдун сын-пикирлери Өмүрчикке көп жага бербесе керек. Эртесинде эле командасын "Фасс!" деп койгон экен, алар дароо эле басып жатып калышты. Андай болбосо, эмне үчүн Жекшенкулов Бабановго карата каршы пикир айта электе ушул дооматтарын алып чыгышкан жок?




Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ, Көмүскө өкмөттүн премьер-министри:
"Бул Бабановдун каралоосу"
Көмүскө өкмөттүн жетекчиси Аликбек Жекшенкулов "Мегакомдун" коопсуздук кызматынын жетекчисинин айткандарын жалган жалаа катары баалап, бул маселе боюнча өзүнүн таламын сот аркылуу талашарын билдирди.
- Алибек мырза, эмне үчүн сизди "Мегаком" менен байланыштырып чыгышты?
- Бул менин Бабановдун дарегине айткан сындарыма жооп экенин баары жапжакшына түшүнүп турушат. Тилекке каршы, Бабанов өзүнө айтылган сындарды туура кабыл алып, кемчиликтерин оңдоонун ордуна Максим Бакиевдин жолу менен - рейдерлик баскынчылык, ГСМ алып келүүдөгү махинациялар, кадрдык саясатты өзүнүн кызыкчылыгына ылайык жүргүзүү, бирөөлөрдүн бетине көө жабуу менен иш алып барууда. Акылы бар адам менин дарегиме айтылган жалаага ишенбейт. Чындык үчүн, эл үчүн таза иштегенимди коомчулук жакшы билет. Буга чейин дагы мындан жаман кылып киши өлтүрүүлөргө катыштыгы бар деп жалаа жаап келишкени суу кечпей, соттордон акталып чыкканмын. Ошондуктан, бул болбогон нерсеге көңүл да бурбайм. Бирок, атуулдук укугумдан пайдаланып, сотко доо арыз менен кайрылам.
- 7-апрель күнү сизге караштуу адамдар "Мегакомдо" кандай максатта жүрүшкөн?
- Мага Москвадан таасирдүү адамдар чалып, "Мегакомду" мародерлор талап кетпесин, коргоп бергиле" деп суранышты. 7-апрель күнү эл менен бирге биздин партиянын миңден ашык жигиттери аянтка чыккан болчу. Ошолордун арасындагы балдар "Мегакомго" барып, мародерлордон сактап калышкан. Биз ошондо эле бул компаниянын артында Кремлдеги күчтүү саясый фигуралар тургандыгын билгенбиз. Анан ошону билип туруп, алардан бир нерсе алып, биз эмне жинди болуптурбузбу?
- Сизге карата жалааны ким уюштуруп жатат деп ойлойсуз?
- "Мегакомду" ким басып алганын жакшы билесиңер да. Бул - Бабановдун кишилери. Өздөрүнүн шефинин буйругун аткарып, мени каралап жатышат да.





Ашырбек БАКАЕВ, коомдук ишмер:
"Эмне үчүн буга чейин айтышкан жок?"
- "Мегакомдон" Жекшенкуловдун жакындары ири суммада акчаларды алып кеткенине ишенесизби?
- Жок, мен бул сөзгө ишенбейм. Жекшенкулов Бабановду сындай электе эмнегедир анын дарегине эч кандай каралоо болгон эмес. Анан эле Жекшенкулов элдин таламын талашып, Бабановдун жасаган кыңыр иштерин коомчулукка жарыялап чыккандан кийин эле "Мегакомдун" ызы-чууларын жабыштырып баштады. Анчалык болсо, эмне үчүн Бабанов буга чейин айтып чыккан эмес? Мага каршы сүйлөгөндөргө мен дагы жамандык кылайын деген эле аракет болуп жатат.
- А "Мегакомго" Бабановдун кандай тиешеси бар деп ойлойсуз?
- Баягүнү "Республиканын" бир депутаты айтып атат, 27 млн. долларды мамлекеттин кызыкчылыгына өндүрөм деп ойлогон деп. Эгерде чын эле мамлекет үчүн ошол акчаларды өндүрүп жаткан болсо, эмнеге буга чейин элге ачык айткан эмес. Мына эми аны жарга такагандан кийин, "эл үчүн жасайм дегем" деп атат. Анан күмөн санайсың да.

Акыл БАКТЫБЕКОВ