Атай Өмүрзаков финалда
Өзгөчө бий өнөрү менен Орусиянын "Минута Славы" долбооруна катышып келген Атай Өмүрзаков жакында Украина өлкөсүнө аттанат. Тактап айтсак, 12-февралда Украинада өткөн "Украина мае таланты" деген аталыштагы долбоорго катышты. Кызыгы, калыстар тобу Атайдын видеого тартылган эмгектерин көрүп, кастингсиз финалга өткөргөн. Эми апрель айында элүү аттандаш менен финалга чыгат. "Аталган долбоорго Орто Азия боюнча жалгыз катышып атам. Эмгектеримди баалап, финалга өткөргөн калыстар тобуна ыраазымын. Учурда тынымсыз даярдык көрүүдөмүн. Кандай номер менен чыгаарым азырынча сыр болсун" дейт Атай. Эмне демекчибиз, сакадай бою сары алтын Атай Өмүрзаков бу жолу да ийгилик менен кайтсын.
Назми Айбектин "кызын" алды
Мукам үндүү ырчы Назми былтыр 23-апрелде кыздуу болуп, жакындарына жентек той берген. Убакыт зымырап учкан куш экен, эми минтип, тушоо кесүү тоюна камынып аткан кези. Сөзү Кубат Жакыповго, обону Айбек Карымовго таандык, "Кызыма" аттуу ырына клип тартып баштады. "Альбина там-туң басканда, клип тартабыз" деп пландаганбыз. Кечээ баарыбызды кубантып, басып кетти" деп сүйүнөт Назми.
"Кыз-Бурак" жаңыланды
Акыркы убакта Сайкал Садыбакасова апасынын оң колу болуп, "Кыз-Бурак" тобунун жеңилин жерден, оорун колдон алып жүрөт. Башкача айтканда, жаңы костюм, жаңы имидждин үстүндө иштеп жаткан кыздардын чыгармачылыгын Сайкал көзөмөлгө алууда. Буга чейин топто үч кыз: Сайкал, Аида, Айзирек ырдаса, жакында эле Азалия жана Гузель аттуу жаңы солисттер кошулду. Учурда кыздар, комуз, гитара, ооз комуз, чопочоор аспаптарын үйрөнүп атышат.
Айгерим сүйгөнүн тапты
Ырчы Айгерим Расул кызы сүйгөнү Улан мырзаны тапты. Тактап айтсак, учурда Айгерим "Мен сага ишенем" аттуу көркөм тасмада баш каарман Айнурдун образын ойноп атат. Ырчы "боюм узун болгондуктан, мага ылайыктуу мырза табылбай кыйналдык. Кастингдин жардамы менен студент Чыңгызды тандап алдык. Чыңгыз фильмде менин сүйгөнүм Уландын образын жаратат" дейт. Учурда тасманын акыркы сюжеттери тартылууда. Буюрса, жакында аталган тасмага күбө болобуз.
Жетигеновдор Жалал-Абадда
Алина, Назира жана Азиз Жетигеновдор биригип, узак убакытка созулган гастролду 8-мартта Токтогул өрөөнүнөн баштаган. Эми кезек Түштүк жергесине жетиптир. Назира айым "Кудай буюрса, Жетигеновдор улуу Нооруз майрамын Жалал-Абад шаарында тосуп, 21-мартта элди сүмөлөк ордуна күлкү менен жаңы чыгармаларга тойгузабыз" деп тамашалайт.
Сыныкты тоготпогон Айпери
Буга чейин өз кесибин сүйүп, ысыкка күйүп, суукка тоңгон актер Жеки Чанды жакшы билебиз. Атургай, "фильмде мыкты роль жаратам" деп мурдун бир нече жолу сындырганын интернет булактары жазып чыккан. Айтайын дегеним, бизде да Жеки Чан сыяктуу кесибине фанат болгон бийчи Айпери Керимбекова деген кыз бар. Айпери учурда "Назик" бий тобунда бийлейт. "Кесибимдин фанаты экенимде талаш жок. Бий үчүн алты жолу колум сынды. Сыныктын оорусуна чыдаса болот. Ал эми бийди таштасам, жан-дүйнөм өмүр бою кыйналаарын билем" дейт Айпери.
Сайт жөнүндө: ► Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат. ►Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген. ► Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте: ► На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты
в виде электронных подшивок данных газет. ► Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции указаны на главной странице конкретной газеты. ►Принимаются заказы на публикацию частных статей.