Күч берен

Атай Сопуев:
"Өч" ала турган атаандаштар көбөйүп...

Атай Сопуев өспүрүмдөр арасында өлкөнүн жана эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Эки күн мурун Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордодо Кыргыз Республикасынын биринчилиги өтүп, 1995-1996-жылдары туулгандар арасында 80 килограммдан жогорку салмак ченинде таймаштын чемпиону аталды.

- Атай, мындан эки ай мурун өлкөнүн биринчилигинде чемпиондукту оңой эле жеңгенсиң. Бу жолу финалдык таймашка чыккан бала катуу даярданган окшойт?
- Оюндун башында жакшы иштеп, көбүрөөк упай топтогонго жетиштим. Ал да оңой эмес экен. Бирок, анын мага карай жиберген муштары баары эле өтө берген жок. Акыркы раундда экөөбүз тең бирдей чарчап калдык.
- Мушкерликке канча жашыңда келгенсиң?
- Кичине кезимде майболпоч көрүнгөнүм менен жандуу болчумун. Аяш аталар "Атай, Майк Тайсондой боксер болосуңбу?" деп тамашалай берчү. 4-класста окуп жүргөн кезимде атам экөөбүз ийрим, клубдарды кыдырып жүрүп, бокс залын сураштырып таптык. Босогосун аттаганда эле мушкерлер таймаша турган ринг көзгө урунду. Асмандан издегеним жерден табылгандай болуп сүйүнүп кеттим. Атама айттып, бокс менен машыгууга дароо макул болдум.
- Залда машыктыруучу бар бекен, атаң кимге тапшырды?
- Сатан агай бар экен. Ал киши да биринчи жолукканыбызда эле жакшы сөздөрү менен арбап алды. Эртеси күнү машыгууну баштадык. Атам кошо келип, машыгуу бүткүчө карап турду.
- Жумасына канча жолу келип аттың?
- Сабагым түштөн кийин болгондуктан, жумасына үч жолу эртең менен эки саатка келип аттым.
- Башында кыйналдыңбы?
- Денелерим ооруксунуп калганы болбосо, тескерисинче кыйналганым деле жок. Жарым жылча бир да машыгууну кое бербей келип аттым.
- Агайың урушкан күндөр болду беле?
- Эсимде жок. Урушпай эле бир аз катуурак айтып койгон учурлар болгон. Спортто ансыз болбосо керек.
- Мелдешке биринчи жолу чыкканда корктуң беле?
- Коркком. Кара-Балта шаарында окуучулардын республика боюнча спартакиадасы болчу. Атаандашым менден салмагы жана жашы боюнча чоң эле. Биринчи раундда коркконумдан рингдин бурчуна барып башымды коргодум. Тыныгууда агай мени чыйралтты, "коркпо, оң колуңду иштет. Сол жактан жалтантып, оң колуң менен жаак талаштыра кой" деп насаат айткандан кийин, экинчи-үчүнчү раундда шайын оодардым. Иши кылса утуп алдым.
- Эл аралык мелдештериңе токтоло кетсең?
- Он чакты жолу Казакстанга бардым. Чымкентте "Нур Отан" партиясы мелдеш өткөрүп, финалга чыгып, атаандашымын айласын кетиргенине карабай, калыстар өзүлөрүнүн мушкерине тартып койгон. Жыйынтыгында мага күмүш тийген. Калган учурларда жолум болгон эмес.
- Өзүңдүн каталарыңды оңдогонго умтуласыңбы?
- Рингдеги таймашымды достор камерага тартып алышат. Үйдөн талдап чыгам. Кай жерден кандай болгонун. Көбүнчөсүн башым ылдый түшүп кетет экен.
Кийинки мелдештерде кетирген каталарды оңдогонго аракет кылам.
- Профессионал бокс жагабы?
- Мага көбүнчө ышкыбоздор арасындагы бокс жагат.
- Эмнеге?
- Себеби, мушкерлердин башында шлем болот. Ден соолугу, анын ичинде мээнин чайкалып кетпешине өбөлгө түзүп турат.
- Мушкерлерден кимди жактырасың?
- Артур Бетербиев менен Павел Никитаевдер жагат. Экөө тең Орусиянын эң оор салмактагы тың чыкма мушкерлери. Өзгөчө Павелдин ринг ичиндеги "кылган кылыктарына" таң каласың. Атаандашты күтүүсүздөн, көз ачып жумгуча "бомбалап" жиберет. Эки мушкер катышкан таймаштарды карап туруп, суктанасың, чериң жазылат.
- Мектепте кандай окуучусуң?
- Сабактарды жакшы окуйм. Мелдеш учурунда сабактан суранам. Калган убакта калтырбай окуйм. Алгебра сабагын жакшы көрөм. Классташтарым менин мелдешиме келип, сүрөөнчүлөп турушат.
- Боксту таштап салбайсыңбы?
- Таштабайм. "Өч" ала турган атаандаштарым көбөйүп кетти. Боксту таштамак турсун, тескерисинче машыгууну күчөтүп, көп иштеш керек. Алдыга жакшы максаттарды койдум. Азия, дүйнөлүк биринчиликтерди жана олимпиада оюндарын багынтып, Кыргызстандын атагын алыска чыгаруу.

Сурат Жылкычиев






Шахмат
Cеметей эскерүү турнирди багынтты
Виктор Никсдорф аттуу чыгаан журналисттин жаркын элесине арналган шахмат боюнча эскерүү турнири өттү. Мелдеш улуттук университеттин жыйын өтүүчү залында болуп, жалпы жонуна 50дөн ашык шахматчылар ат салышты. 9 оюндан 7 упай топтоп Семетей Төлөгөнтегин биринчиликти ээледи. Экинчи орунду Альгис Шүкүралиев, үчүнчүнү Саддам Давлетбаков жеңди. Салтка айланып калган бу турнир быйылкы жылы 15-жолу өттү.
Ушул эле жерде өлкөнүн эркектер арасында биринчилиги өтүп, марага Андрей Мазницын биринчи келди. Күмүш медалга Альгис Шүкүралиев, колого Таалай Иманалиев татыды.

Теннис
Үчүнчү оюнду Сагындыков жеңди
Стол үстүндөгү теннис боюнча өлкөнүн биринчилиги эрежеге ылайык 10 оюндан турат. Кечээ үчүнчү оюну өттү. Талгат Сагындыков атаандаштарынын мизин майыштырды. Үчүнчү оюндун чемпиону болду десек жаңылбайбыз. Бирок, жалпы жыйынтык боюнча дале болсо астыда Рашид Ахмедов деген Түркмөн оюнчусу. Экинчи тепкичте Талгат. Үчүнчүдө Михаил Белоглазов келатат.

Футбол
"Нефтчи" курамына кимдер туш болду?
Быйылкы жылы АФК президентинин кубогу мелдешине Кочкор-Атанын "Нефтчи" курамы ат салышат. Жакында чүчүкулак аземи Малайзия өлкөсүнүн ордо калаасында болду. Эми кочкораталыктар "А" тайпасында "Пномпень Краун" (Камбоджа), "Абахани" (Бангладеш), "Дон Боско" (Шри-Ланка) командалары менен жашыл талаага чыкмакчы.

Кармаш уруш
Евразия кубогун багынткандар
Казакстандын Астана шаарына эрежесиз эр уруштун балбандары "кармаш уруш" жаатынан Евразия кубогу мелдешине барып, сомодой болгон 3 алтын медалды жеңип кайтышты. 65 килограмм салмак ченинде Мирлан Асеков, 80 килограмм салмакта Жолон Айдаров, абсолюттук ченде Тилек Жээнбеков. Мындан сырткары КРнын улуттук курамы жалпы командалык эсепте биринчи тепкичке көтөрүлдү.

Дзюдо
Ордо калаанын ачык мелдеши
Жума аягында "Динамо" атындагы спорт жайда Бишкек шаарыны ачык биринчилиги өттү. Салтка айланып калган мелдеш бу жолу жаштар арасында болду. Эки күнү эки жүздөн ашуун балбандар татамиге чыгып, күчтөрүн сынап, жеңүүчүлөрүн аныктады. Эрмек Сариев (66 кг), Эсенбек уулу Болотхан (66 кг), Улан Кубатов (60 кг), Богдан Орозбеков (55 кг), Алтынбек уулу Алмаз (50 кг), Бахтияр Калыбаев (46 кг), Бакыт Жуманазаров (42 кг).
1995-1996-жылы туулган кыздар арасында Калыбек кызы Динара (57 кг), Алия Акунова (57 кг), Рыскулова Анара Рыскулова (52 кг), Талантбек кызы Сымбат (44 кг).

Сноуборд
Оруу-Сайда оргуштаган лыжачандар
Ышкыбоздор арасында лыжа жана сноуборд боюнча чоң мелдеш өттү. Ар кыл көнүгүү боюнча тоо ылдый түшүп аткандардын саны 100гө жеткен. Оруу-Сайда оргуштаган лыжачандар жарышып, марага биринчи келгендер чемпион аталды. Дарья Шалохина, Михаил Медведев, Антон жана Алексей Бойколор. Арасында "кыкеңдердин" жок болгону бир аз өкүндүрдү.