Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери ggle_h

ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

  Эросфера

Арабча сүйүү

Мусулман өлкөлөрүндө, өзгөчө Арабияда дин жол бербеген нерселер көп. Мисалы, никеге чейинки жана андан сырткары секс. Бирок, "запретный плод сладок" деп орустар айтмакчы, ошол эле гарем, эркектердин бир көргөндө делебесин козгогон жамбаш бийи сыяктуу кумар жыттанган көрүнүштөр дал ушул Арабияга барып такалып атпайбы.

Имиштер
Айрымдардын айтымында, араб кыздары никеге чейин эч кандай жыныстык мамиледе болбойт деген калп. Анткени, көпчүлүгү лесбиянка болуп же аналдык секске барышат дешет. Ал эми бай адамдардын кыздары бойго жетери менен турмушка чыгууга шашылышат. Анткени, көбүнчөсү атасынын кароосунан чыгыш үчүн турмушка чыгат имиш. Кийин ажырашып алып, өзү каалагандай турмушта жашагысы келет. Каалаган мырзасы менен мамилелеш болуп.

Араб сүйсө...
Адатта ар бир жигит сүйгөн айымы менен төшөктө болууну каалайт эмеспи. Ал эми араб мырзалары бирөөнү сүйсө дароо нике кыйдырыш керек деген ойдо болот экен. Анткени, никеге чейин сүйгөнү менен интимдик мамиледе болмок турсун, ал туурасында кеп козгоо чоң күнөө.

Башка улуттагы айым
Арабдар башка улуттагы аялзатына дагы араб кызына кылгандай мамиле кылууну каалашат. Эгер жактырып калса, "үйлөнөлү" деген маселени көтөрүшү мүмкүн. Жактырган айым менен кумарга баткысы келсе, жок дегенде убактылуу нике кыйдырууну сунуш этет. Ал эми пастортуна ашыкча мөөр бастыргысы келбеген, бирок, чыгыш мырзасы менен төшөктө болууну каалаган айым сексти гана каалаганын өзү биринчи билдириши керек. Ушул учурда гана араб өзүн аял астында күнөөлүү сезбей, эркин боло алат.

Никеге даярдык
Арабдар кыздарын никеге, секске буту там-туң бускандан тарта даярдай баштайт. Ошондо гана кыз назик, күйөөсүн сүйө билген жана төшөктө өзүн эркин кармаган жар болуп тарбияланат. Ал эми бай, туруктуу күйөөгө чыныгы даярдыктан өткөн кыз гана турмушка чыга алат. Зор тажрыйбалуу, көптү көргөн атайын тарбиялоочулар кыздарды өзүнө кам көрүүгө, жагымдуу маек кура билүүгө, өздүк гигиенага жана төшөктө күйөөсүнө жогорку деңгээлдеги ыракат тартуулоого үйрөтөт.

Арабдар үчүн секс
Арабдар үчүн секс жөн гана кумар кандыруу же тукум улоо максатында ишке ашкан кошулуу эмес. Булар сексти өзгөчө маданият, ыйык нерсе катары кабылдашат. Ал эми никеге чейин эле интимдик катнашка баргандарды, өмүр бою жектеп, ал никесинен тышкары да сөзсүз тетири жолго барат деп эсептешет.

Гарем
Гарем - бул эркектин аялдын үстүнөн болгон бийлигинин бирден-бир мисалы. Чыгыштын экзотикасы. Качандыр бир кезде бай адамдардын арасында ар кайсы улуттагы аялдарды чогултуу модага айланган. Көп аялдардын арасынан султан өзүнө жетиге жакын аял тандаган. Арасынан биринчи болуп уул төрөп бергени "кадын" деген атка конуп, негизги аялы болуп калган. Ал эми калгандары "икбал" аталып, султандын бардык сексуалдык каалоолорун ишке ашырган сулуулар болгон.

Табышмактуулук
Ар бир араб кызына энеси эс тарткандан баштап, турмуштун сырларын ача баштайт. Мисалы, никеге чейин башка эркек менен интимдик катнашка баруунун зыяны, чүмкөнүп жүрүүнүн, өзүн бир гана адамга арноонун ыракаттары туурасында узун жомок айтышат. Мындагы кыздар "турмушка чыга электе сүйгөн жигит дененин кичинекей бөлүгүн көрүп калса, сүйүүсү алоолонбой, сезимдер муздайт. Эркектин кызыгуусу тарайт" деген түшүнүк менен жашайт.
Курсак бийи
Айрым мырзалар "стриптизге караганда курсак бийи аялзатын алдаганча сексуалдуу көрсөтөт" деп айтышат. Бирок, бул бий жөн гана көңүл ачуу же эркектерди кумар дүйнөсүнө үгүттөө эмес. Бул кызды кичине кезинен ийилчектикке үйрөтүп, бел, жатын, курсак, далы булчуңдарын чындоо үчүн колдонулат. Ал эми бул келечектеги энелерге өтө зарыл. Анткени, арабдарда аялдын бул дүйнөгө жаралышынын биринчи себеби, артында бала калтыруу. Канчалык көп балалуу болсо аялдын кадыр-баркы ошончолук бийиктейт. Өзгөчө эркек бала төрөгөн аялдын көзүнө күйөөсү эч качан чөп салбайт.

Бийдин пайдасы
Ар бир араб аялы күйөөсүнө жумасына жок дегенде бир ирет курсак бийин бийлеп берүүсү шарт. Болгондо да мурдагысын кайталабай, башка аялдарынан өзгөчөлөнүп (эгер бир нече аялдуу эркек болсо) бийлөөсү керек. Ушул нерсеге аракеттенип жүрүп, алар ден соолугун да чыңдап алышат. Мисалы, жашы өтүп, толуп кеткен аялдары деле ийилчектигин жоготпой, эмчектери дайыма чымыр бойдон сакталат экен.

"Аялдан амал качып кутулбайт..."
Миңдеген аялдардан турган гаремден кутулуу үчүн туткундагы сулуулар кожоюнга жагып, жок дегенде бир жолу өз төшөгүнө жаткырууга аракет кылышы керек. Ал үчүн аялдар миң амал жасашкан. Мисалы, султандын бийик сепилдеринин чычкан өтпөгөн дарбазаларынан Европанын укмуштуу атыр, боек, жыттуу самындары билинбей өтүп турган. Ошондой эле азыркыдай химия өнүгө элек ал мезгилде, чыгыш сулуулары үй шартында, табыгый таза косметиканы колдонушкан.

Адилеттүүлүк
Көп аялдуулук арабдарда эркектердин физикалык каалоолорунан улам келип чыккан делет. Анткени, бир эле аял менен жашоодо күйөөсү курмандыкка айланат имиш. Мында аялзатынын ай сайын келчү этек кири, кошбойлуулуктун акыркы мезгилдери жана бала төрөлгөндөн кийинки 40 күн аралыгындагы эркектин секстен баш тарта турганы жөнүндө сөз болууда. Ошол себептүү, секске болгон каалоону бууп, ден соолукка залакасын тийгизбей, башка аялы менен кумарга бата берген оң деп, муну "мыйзамдаштырып" алышкан имиш.




Назик, бийчи:
"Стриптизге жетпейт"
-Стриптизге караганда, курсак бийи аялды сексуалдуу көрсөтөт дегенге кошуласызбы?
-Мен ага кошула албайм. Анткени, курсак бийинде көбүнчө бел, жамбаш жана төш кыймылдайт. Ал эми стриптизде дененин ар бир бөлүгү кыймылдаш керек. Ошол себептен менимче, стриптиз аялды көбүрөөк сексулдуу көрсөтөт. Бирок, мырзалар башкача көз жүгүртүшү мүмкүн. Бул жерде ар бир адамдын каалоосуна, ички сезимдерине жараша болот окшойт. Бирок, чыгыш бийинин аял үчүн пайдасы зор. Ал тулку-бойду гана сулуу көрсөтпөстөн ден соолукка да пайдалуу. Мисалы, бөйрөк, жамбаш, бел булчуңдарын чыңдайт. Ал эми мунун аялзаты үчүн мааниси кандай экенин өзүңөр жакшы билесиңер.

Эркин ЭГЕМБЕРДИЕВ, актер:
"Гаремге каршымын..."
-Мүмкүнчүлүгүңүз болсо гарем күтөт белеңиз?
-Жок ай. Мындай нерсе кыргыздарга жарашпайт болуш керек. Гарем арабдардын өзүнө эле буюрсун. Ал тээ ата-бабасынан бери келаткан каада-салты эмеспи. Бирок, мен гарем күтүп, жылаңачтап аял тандоону ойлонуп да көргөн эмесмин. Негизи эле азыр секс темасы өтө ачык болуп, телени да, көчөнү да эротика басып кетпедиби. Бул мага жакпайт. Мурункудай эле кыргыздыгыбызды сактап калсак жакшы болмок.

Торгой БЕКМУРАТОВА







ggle_v

фкыргыз тилиндеги гезит "Учур"
ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования