![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Сырмаек Кичипейил, тамашакөй, шашма Съездбек Кыргыз шоу-бизнесинде өз ордун таап калган ырчы Съездбек Искеналиев 20-21-мартта "Менин жерим" аттуу чыгармачыл концертин тартуулаганы жатат. Ырчынын жаңылыктары, жеке жашоосу тууралуу кеп козгоп, жубайы Жаркынай менен кызы Даткайымга да суроо узаттык. Өзүмдү бактылуу сезем... - Атам мен эс тарта электе каза болгон. Апам экөө соодагер болушчу. Көп бир тууган болсок дагы, эч нерседен кем кылбай, жетиштүү жашоодо чоңойтушту. Сооданын даамын биз да татып калдык. Кээде отуруп, "атам бар болсо, жашообуз мындан да жакшы болмок беле?" деп ойлоп кетем. Бирок, байлардын балдары көпкөлөң тартып, жаман жолдо жүргөнүн укканда жакамды карманып, ушул жашоомо каниет кылам. Өткөндү эстеп, арман кылганды жактырбайм. Кудайдын буйругу менен маңдайга жазганын көрөт экенбиз. Апамдын "балекетиңди алайын" деп жалынганын көрүп, өзүмдү чексиз бактылуу сезем. Ар бир ийгилигиме кубанып, ар убак акыл-насаатын айтып турат. "Жаман сапатым жетиштүү..." - "Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың" дегендей, апам бизди жөнөкөй, кичипейил болууга үйрөткөн. Пендебиз да кээде дардаңдап кетмей жайыбыз бар. Бирде көп акча таап калабыз. Ал учурда апам "балам, аркаңды карап иш кыл" деп тыят. Мектепте окуп жүргөндө мугалимим "Съездбек, жаман сапатың өзүңдө жетиштүү, адамдардан жакшы сапат алганга үйрөн" деп көп айтчу. Ал сөздүн маанисин элге аралашып, жаман-жакшы мамиле кургандан кийин сезип отурам. Жашоодо өтө шашмамын. Кээде ойлонбой сүйлөп алам. Шашмалыктын аркасы менен зыян тартып калам. Ал эми тойго барганда меймандар менен саламдашып, урмат-сый көрсөткөнүм кээ бир ырчыларга жакпайт көрүнөт. "Өзүнүн ордун билип, отура бербейби?" дешет экен. Бирок, мен кичипейилдик, улууга урмат-сый көрсөткөндөн жамандык көргөн жокмун. Апа үчүн бала бойдон каласың... - Бала кезимден бери эле кара жумушка көнгөн эмесмин. Азыркы күнгө чейин ак колмун. Эшиктин алдын шыпырганды гана билем (күлүп). Кой союу дегенди билбейм. Өткөндө кенедей тоокту сое албай кыйналдым. Үйгө келгенде жанымда кызым Даткайым бар болсо болду. Азыр үч жарым жашка чыкты, тили быдылдайт, бийлегенин көрүп, бооруң эзилет. Өзүм баласаак болгондуктан, апамдын көзүнчө эркелетип жиберет окшойм, "ий, бала таттуу болот бекен?" деп күлүп калат. Кечээ жакында эле апам, кызым үчөөбүз тамактанып атканбыз. Апам мага "алагой балам" деп тамак сунуп калды, мен дагы ошол учурда кызыма "алагой, кызым" деп тамак сунуп жатпаймынбы... Канча жашка чыкпагын, апа үчүн баарыбир бала бойдон экенсиң... Курултай Искеналиев же Секу... - Көптөн бери он бир дос үйбүлөлүк катыштабыз. Өзүбүгө "Оймо" деген ат коюп алганбыз. Андан сырткары, ырчы досторум Урмат Усенов, Бакыт Байсариев, Замир Арыкбаев, Сема, Эрмек Нурбаевдер менен дагы үйбүлөлүк катышыбыз бар. Баарыбыз чогулганда бири-бирибизди чукулап, чымчып сүйлөп калабыз. Досторум мени Секу деп эркелетсе, кээде концертте Бакыт Байсариев "сахнада Курултай Искеналиев" деп чакырып калат. "Атаандаштар ким экенин билем..." - Жакында эле клипмейкер Айбек Дайырбековдун жардамы менен анимациялык клип тарттык. Бу алгачкы клип болгондуктан, терс пикир айтылса да кечиримдүү. Досторум "өзгөчө клип болуптур, 2-7 жаштагы жаш балдардын көңүлүн таапсың" десе, апам "ай, эмне болгон клип тарткансың, биринчи көргөндө түшүнгөн жокмун" деп күлүп атпайбы. Чыгармачылыкта атаандаштык күчтүү болгондуктан, улам жаңылык издеп, аракет кылбасаң болбойт. Менин атаандаштарым кимдер экенин билем, бирок ачык айттуунун кажети жок. Сын-пикир жана атаандаштык мени курчутуп, күчтүү кылган кайрагым. "Сахнаны кафеге айлантам" - "Филармонияга концерт берем" деген кыялым ишке ашып отурат. Атайын "Нооруз" майрамын тандап, 20-21-мартта элге жагымдуу маанай тартуулайын деген ниетте "Менин жерим" деген аталыштагы концерт коем. Бу жолу сахнанын жасалгасы кафе болот. Үч бөлүктөн турган театралдашкан ыр кече кафеде өтүп, Камчы Сарыбаев бармен, Айнура эже (Сакиш) администратор болот. Мен ал жакта иштеген музыкант, ал эми "Агама" бийчилер тобунун кыздары официанттын милдетин аткарышат. Сценарий тууралуу кыска маалымат айта кетсем, ырчылар Аида Кулуева, Айжан Газиева, Силима Абдылдаевалар кафеге жумуш издеп келет. Андан сырткары, Замир Арыкбаев экөөбүз МАИ кызматкери болуп, сатира аткарабыз. Элдер концертке катышкан ырчылардын тизмесин окуп, "жеке эмес, ашар концерт экен" деп ойлошу мүмкүн. Тактап кетсем, келген меймандардын баары менин ырларымды ырдашат. Учурда Искусство институтунда бүтүргөн менеджерлик кесибимдин пайдасы тийип, концертти өзүм уюштуруп атам. Мага жардам берген досторум Тынчтыкбек Кожобеков менен Назира Асанкожоевага ыраазычылык билдирип кетем. Айнура Касымова Жубайы, Жаркынай: "Күйөрман кыздардан кызганбайм..." - Ырчынын жубайы болгон кыйынбы? - Ооба, оор эле. Анын чыгармачылыгын түшүнүп, колдоп турбасаң болбойт. Чыгармачыл адамдын жан-дүйнөсү, каалоосу жөнөкөй адамга салыштырмалуу бөлөкчө. Өзгөчө обон жаратып, же бир нерсе чиймелеп атканда, башка дүйнөгө кирип кетет. - Күйөрман кыздардан кызганасызбы? - Күйөрман кыздардан кызганбайм. Себеби, күйөрмандар бар үчүн Съездбек, Съездбек болуп турат. Жолдошумдун талантын баалап, ырларын сүйүп угушса, эмнеге кызганмак элем. Тескерисинче, алардын сый-урматына ыраазы болом. Биз жаңы үйлөнгөндө кыздар үйгө телефон чалып, Съездбекти сурашчу. Азыр деп чакырып берип койсом, өзү таң калат эле. Бир жолу күйөрман кыз "Съездбек байкени жакшы көрөм, кол тамга алып, сүрөткө түшөт элем" деп үйгө келиптир. Үйдө өзү жок болчу. "Жүрү үйгө отуруп тур, азыр келип калат" десем, "сиз кызганбайсызбы, башка аял болсо кубалап чыкмак" дейт. - Жолдошуңуздун кайсы сапаты жакпайт? - Баш кошконубузга беш жыл болду. Бирок, шашмалыгын калтыра албай жатам. Съездбек өтө эле шашма. Байкасаң, сүйлөсө да шашып сүйлөйт. Ал эми чогуу басып баратсак, мен артта калып калам. Конокто болобу, туугандардын үйүндөбү, "бол, кеттик" деп шаштыра берет. "Шашкан шайтандын иши, эмнеге шаша бересиң?" десем да болбойт. Көнгөн адаты калбайт окшойт... - Ашканага баш багабы? - Үй оокатка кийлигишпейт. Майдачыл эмес. Мен барда тамак жасабайт, бирок, көзүм жокто жасап калат экен. Конок тоскондо жетишпей жатсам, эт туурап, картошка аарчыйт. Дайыма "куурдак, лагман же манты жасачы" деп заказ берет (күлүп). Лагмандын камырын өзүм чойсом, тамшанып жейт. ф
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||