Чындыкты издеп

Алтынбек Итибаевдин жубайы Үмүт:
"Санжар Кадыралиевди аткан Алтынбек эмес"

Маркум депутат Санжар Кадыралиевди өз үйүнүн жанынан атып кетишкенден бир жума өтүп-өтпөй, укук коргоо кызматкерлери "киллер" деп, Алтынбек Итибаев аттуу жигитти кармашкан. Ал окуяга 20-апрелде туптуура эки жыл толгону турат. Ошондон бери Алтынбек УКМК сизосунда камакта. Же күнөөсү далилденип биротоло камалбай, же акталбай эки ортодо турган чагы. Бул көрүнүш сот, укук коргоо кызматкерлери үчүн кадыресе көрүнүш болгону менен, бул жакта бир адамдын убал-сообу, тагдыры жатпайбы... Ал адамдын ата-энесинин көз жашы, бир туугандарынын кайгысы, жубайынын уйкусуз өткөргөн түндөрүчү? "Биздин акыркы үмүтүбүз ММКда болуп турат. Сиздер аркылуу үнүбүздү жогорку жакка жеткирсек дейбиз" дейт Алтынбектин жубайы Үмүт.

- Алтынбектин ак экенин жакындары, бир туугандары камалгандан тартып эле сыздап айтып келатабыз. Бирок, ошол учурда биздин үнүбүздү уга турган жан жок болду. Эми жаңы бийликке үмүт артып отурабыз. Биз азыркы президенттен, премьер-министрден, спикерден, Башпрокурордон, жогорку соттон, Ички иштер министринен бул ишти көзөмөлгө алуусун суранабыз. Алтынбектин ишин адилеттүү карап, жыйынтыгын тезирээк чыгарып берсе деген тилек. Антпесе, эки жылдын ичинде иш 30 жолу каралып, улам артка жылдырылып келет. Райондук соттон, шаардык сотко, шаардык соттон жогорку сотко, жогорку соттон Башкы прокуратурага кетип, кыскасы иш ортодо "топ" болуп жүрөт. Учурда Башкы прокуратурда кайра тергөөдө жатат.
- 30 жолу сот болду деп атасыңар, иш кандай бүтөрү боюнча божомолдор барбы?
- Биринчиден, иш кагаздарынын бир да жеринде дагы "Алтынбек атты" деген далилдүү факт жок. Тергөөчүлөр болгону кошунасы деп бир орус адамдын көрсөтмөсүн алыптыр, анысы үй-жайы жок БОМЖ экен. Ал окуяны көргөнүн болжолдуу түрдө айтып бериптир. Анан Санжардын жансакчысы болуп жүргөн Эрнист Мамазаиров күбө катары көрсөтмө берип, ал да так, даана айтпай "Алтынбек болушу керек" деп айтат. Болбосо, Эрнист Алтынбекти таанычу, анан 5 метр жерден ал же ал эмес экенин кантип ажарата албасын? Эгерде Алтынбек болгондо Эрнист ошол эле күнү "ырдап" чыкмак. Дароо эсине келбей, анан бир жумадан кийин эсине келиптирби? Булардан башка ушул 30 жолку сот процессинде бир да күбө болгон жок. Бир күнү прокурор, бир күнү жабырлануучу тарап келбей калып атып канча деген сот процесси бекер кетти. Алтынбектин тагдыры оюнчук болуп, муздак, тар СИЗОдо жатат. Биз "бул ишке Алтынбек күнөөлүү эмес" деп ачык, коркпой эле айта алабыз. Бирок, башта укук коргоо органдары жогору жактын буйругу менен Алтынбекти сабап, башына пакет кийгизип, тумчуктуруп, моюнун сындырып айласын кетиришкенде, айласы кеткен Алтынбек "мен аткам" деп айтканы үчүн, бул маалымат элге жайылып кеткен. Бирок, мыйзамдуу түрдө сот мунун калп же чын экенин аныктай элек. Ошол учурда "видеокамерага түшүп калыптыр" деп чыгышты. Эгерде ошол чын болсо, ошол видеону көрсөтүшпөйбү? Андан такыр дайын жок. Азыр Алтынбек өзү да "мен эмес" деп кан-какшап отурат. Башында "моюнуңа аласың!" деп укук коргоочулар кыйнаганы аз келгенсип, "адвокаттан да баш тартасың" деп тергөөчү Жукеев кол койдуруп алыптыр. Бул иштин созулуп жатканынын дагы бир себеби, тергөөчү Жукеевдин, андан кийинки эки тергөөчүнүн учурда бул иш менен алышпай калганында болсо керек. Анткени, Жукеев автокырсыктан, андан кийинкиси ооруп каза болгон. Ал эми үчүнчүсү азыр инсульт болуп оор абалда ооруканада экен. Таба эмес, тобо дейм, бирок Алтынбекти ары-бери калчап, ишти кагаз бетине туура эмес жазып толтурган ушулар болгон да. Кудай деле баарын таразалап, тегиздеп жатса керек... Тергөөнү башынан эле одоно бузуулар менен башташкан. Мен өзүмдөн эле мисал кылып эле айтсам, Алтынбекти кармаган 20-апрелден баштап, 23-апрелге чейин сурак берип аттым. Ошондо тергөөчү мен айткан датаны, сааттарды улам эле туура эмес жазып салып, "Качан ушинтип айттым эле? " дегенимде, оңдоп жазган күндөрү 3-4 жолу кайталанды. Мени билбей калат десе керек. Эми башта баш чаташтырылып, каралып калган бул иштин жоопкерчилигин башкалар алгысы келбей жатабы дейсиң. Жабылануучу тарап деп айтылган Ыргал Кадыралиева азыр депутат болуп Жогорку Кеңеште отурат. Азыр ага тигил жакка, бул жакка чыкканга мүмкүнчүлүк пайда болду. Ал деле УКМК, соттордон сурап, ишти тездетсе болмок. Өздөрү да кылмышкердин ким экенин ачык билишмек. Аларга туура эмес маалыматты жеткирип коюшкан, Мен Ыргалдын өзү менен да 3-4 ирет сүйлөштүм. Айтканымды угуп, ынанып калат дагы, кайра эле айнып калат. Өзү айткандай, анын деле башы айланып бүттү. Ал азыр балким чындык кай тарапта экенин түшүнбөй жаткандыр. Бирок акыры Алтынбектен кечирим сурар күн келет. Мен убал-сооптон коркпогон, чыныгы "киллер" сот тарабынан болбосо да Кудай тарабынан өз жазасына аларына ишенем. Азыр эркиндикте жүргөн менен баарыбызды карап турган Кудай бар. Мен Алтынбек акталып чыгарына ишенем, анткени, ал ак жеринен күйүп отурат.
- Ошол күнү сен Алтынбектин жанында белең?
- Жок. Ошол маалда ал Транспорт министрлигинде "заказчик" деп шектелип жаткан Мурас менен чогуу жүргөн. Ошондон бир жума өткөндөн кийин оперлер кармап кетип жатышпайбы. Эгерде ал өлтүргөн болсо, эмгиче башка жакка качып кетмек да чынбы? А экөөбүз тынч эле жашап, эшикке чогуу кенен-кесир эле чыгып жүрдүк. Анан биздин укук коргоо кызматкерлеринин ушунчалык оперативдүү иштегенине ишенбейм. Чыныгы "киллерди" алар бир жумада эч качан табышмак эмес. Болбосо, мурунку өлтүрүлгөн депуттардын, белгилүү адамдардын өмүрүн кыйгандарды табышпайт беле. Бул жогорку жактан келген заказ экени сокур кишиге да көрүнүп турат.
- Буйрук бергендер ким деп ойлойсуң?
- Менин угушума караганда, Санжар Бакиевдер менен жакшы байланышта болгон. Кийин алардын ортосунда кандайдыр бир келишпестиктер болуп, ошолор тынчытып койсо керек. Ошол учурдагы Ички иштер министри М. Конгантиев "мен президентке кылмышкерди кармадым" деп отчет берип койдум" деп айтканын эшиткенбиз. А Алтынбекти бошотуп жиберсе, сөзү калп болуп калары айдан ачык иш эле да. Иши кылып тигилердин "былыгын" жаап, бирөөнү "жасалма" түрдө болсо да кылмышкер деп табыш керек болду. Ал муну ишенимдүү адамына тапшырып, ал кол алдындагы адамга буйрук берди, а ал адам өз кол алдындагыларга буйрук берип "чынжырча" болуп уланып, акырында келип, Алтынбекти СИЗОдо кызмат кылгандар башка-көзгө койгулап, ур-тепкиге алып атышып, моюнуна алдырышкан. Антпесе, көп адам креслосунан куламак. Азыркы учурда алардын көбү кызматта эмес. Ошондуктан, Алтынбек дагы азыр коркпой, "мен эмес" деп ачык айтып атат. Болбосо, башында жада калса биз жалынып , "ачык айт" деп сурасак да эки жагын карап элеңдеп, "унчукпай" кутулчу. Биз да анын өлтүрбөгөнүн билсек дагы ачык айтып чыга албадык. Бизге баарынан Алтынбектин өмүрү кымбат болуп турду. Ошол убактарда моюну сынып, тергөөчүнүн иш кагазына "өзүм массаж кылып атып сындырып алгам" деп жазганы бар. Кийин изкубарлар сындырганы билинди. Бир опер керек болсо бирөөлөргө мактанып, "укмуштай даңкыйган бала экен, чапсам бир манжам сынып калды" деп айтканын уктук. Иши кылып башында көрбөгөн кордукту көрсөтүштү.
- Азыр акыбалы кандай?
- Мурун такыр сүйлөбөй түнт болуп кеткен. Азыр өзүнүн ак экенин айтып, "Кудай бар" деп келет. Арыктап кеткен. Тар, муздак, сыз жерде жаткан адамдын ден соолугуна баары бир залал келет экен. Стресс, депрессиянын айынан улам-улам эси ооп жыгылып калган адат пайда болуптур. Ал жердеги медайымдар ийне сайып койгондон башка эч нерсе кылышпайт. Эсине эптеп келет, бирок анысы кайра үч күндөн кийин кайталанат экен. Негизи Алтынбектин мүнөзү оор басырыктуу, токтоо, абдан жөнөкөй. Бардык нерсени унчукпай туруп жеңген адам. Анан ушундай тагдырга туш келгенин сыртынан билгизбей, башын бийик алып жүргөнү менен, эси ооп жыгылып калганы, баары бир ичинен кейип, сызып атканынан кабар берип атпайбы. Башында эле беш маал намазын жазбай окучу. Анысын СИЗОдо улантып атат. Биз да болушунча алаксысын деп, көптөгөн психологиялык, кызыктуу китептерди берип жиберебиз. Бизге жолугууга уруксат берилбейт. Адвокат аркылуу бири-бирибизге салам айттырабыз. А сот болгон күнү экөөбүзгө майрамдай, анткени сот келгичекти 10-15 мүнөт сүйлөшүп алганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Башка күндөрү жолуга албасам дагы, тамак-ашымды көтөрүп алып барып, киргизип турам. Дары-дармек эсепсиз кирип атат. Азыр эс алдыра турган дарысы жок отура албай калды.
- Материалдык жактан жардам бергендер барбы? Эки жыл аралыгында адвокаттын кызмат акчасын камсыздаш деле оңой эмес да?..
- Алтынбектин агасы Медер байке Токтогул Абдиев деген адвокат менен, мен Чынара Батырова деген адвокат менен иш алып барып атабыз.
- Негизи Санжар менен Алтынбектин кандай мамилеси бар эле?
- Биз Алтынбек экөөбүз бирге жашап жаткан эки жылдын ичинде эч кандай деле байланыштарын байкабадым. Бирок мурун Алтынбек Санжарга жансакчы болуп жүрүптүр. Санжардын апасынын гезиттерге берген интервьюсу боюнча, Санжар Алтынбекке 700 доллар акчасын бербей койгондо, Алтынбек жинденип кеткен, ушул да себеп болушу мүмкүн" дегендей кылыптыр. Биздин адвокат Чынара эже атайын Ошко барып аларга жолукканда да иниси "Алтынбек Санжар акемдин үйүндө жашап, тамагын ичип, жанында жүрчү. Алтынбекти акем "көтөргөн" деп айтыптыр. Алтынбек деле андай кембагал үйбүлөдөн эмес, жакшынакай өз оокатын өзү кыла алган бала. Анан абдан намыскөй, ага буйрук менен сүйлөгөндөрдү жактырбайт. Бирок, алардын бул версиясы, соттук иш кагаздарында жазылган эмес. Ал жакта буйрук берген деп айыптылып жаткан Мурас Маташовдун буйругун аткарган "аткаруучу" деп жазылган.
- Мурас Маташов азыр кайда?
- Ал башында издөөдө жүргөн. Ал деле Бакиевдер баары бир каалагандай кыларын билип качып кетсе керек да. Кийин өз каалоосу менен адвокаты экөө сотко келген. Ошондо дароо камашкан эле. Андан бир ай өтүп-өтпөй "көзөмөлдө болот" деп туруп эркиндикке чыгарып ийишти. Биздин силерге кайрылып жатканыбыз да ошол, эмне үчүн буйрук берди делген адам эркиндикте жүрөт дагы, аткаруучу делип аткан адам камакта жатат. "Экөөнү тең шектүү деп кармаштыбы, демек, чогуу камашсын, эркиндикте болсо чогуу болсун" деп биздин адвокаттар макул эместигин билдирип арыз жазышты. Же акчасы барлар, таанышы барлар келип-кетип көрсөтмө берип эркиндикте жүрсө боло береби? Анын үстүнө Транспорт министрлигинде чогуу жүргөн деп көрсөтмө берген адамдар бар. Министрдин орун басары "менин кабинетиме Мурас менен Алтынбек келген" деп айткан. А эмне үчүн чогуу жүргөн күбөлөрдүн айткандарын алиби кылып Мурасты чыгарып ийишет дагы, Алтынбекти алып калышат? УКМКнын СИЗОсунда иштегендер кайра "качан чыгат?" деп бизден сурап калышты,.
- А берки Ратбекчи?
- Ал былтыр 5-майда ичегисинен рак делип, каза болуп калды. Аны да "укук-коргоо кызматкерлери сабап атып, ичегиси үзүлүп кеткен" деп айтышат. А ошол убакта соттук иш кагазга тергөөчүлөр "сокур ичеги" деп жазып коюшкан имиш.

Кубат Табалдиев