Дархандын дымагы күч
Жаш ырчы Дархан экс-продюсери Алексей Филатов менен достук мамиледе калып, бирге иштешпей калганын айтат. Башында поп-рок жанры менен чыккан ырчы, эми этно-рок жанрынын жаңы агымында ырдап чыгат. Ага кошумча, Эрнест Абдыжапаровдун студиясында тартылып аткан режиссер Данияр Абдыкеримовдун "Гу Чжун Пеге кантип турмушка чыкса болот?" аттуу фильминде баш каармандын образын жаратат.


Ильяз чээнден чыкты
"Малыш" атка конгон ырчы Ильяз Жаңы жыл алдында үйлөнүп, дымып эле калган. Көрсө, өзүнө гана эмес, бир топ ырчыларга ыр жазып чарчагандыктан, эс алыптыр. Эми кайрадан чыгармачылыгына киришип, 2-10-мартта Россиянын бир топ шаарларын кыдырып, концерт берүүнү чечти. Үйлөнгөнгө чейин күйөрмандар арасында "Ильяз, Ильяз" болду эле, эми кыздар кантээр экен?.. Үйбүлөлүү экенин дагы бир жолу тастыктайын дегенби, ырчы "Таптым сени" аталыштагы жаңы ыр жазып койду. Эмки ыры "Балама" же "Кызыма" деп аталып калар, күтө туралы...


Чимириле бийлеген Чынара
Буга чейин диктор Чынара Капарованы теле алпаруучу катары таанысак, жакында эле дагы бир өнөрүнө күбө болдук. Аялдардын Эл аралык майрамына карата уюшулган "Сүйөм сени аялзат" аттуу долбоорунда "Шаттык" бий ансамблинин көркөм жетекчиси Эрик Латыпов менен чимириле бийлеп, ак бийге түштү. Эжекебиз профессионал бийчини бекер жерден тандабаса керек, буга чейин катылып жаткан таланты ачыкка чыкты. Дикторлорго баары жарашып калганын карабайсыңбы, бири ырдайт, бири минтип бийлейт. "Өнөрүң болсо өргө чап" деген ушул экен. Таланттуу айымдар менен сыймыктанып жүрө берели.


Наамыңар кут болсун!
Жаздын алгачкы айы айрым ырчылар үчүн жагымдуу маанай, стимул тартуулады. Айымдардын майрамы алдында президент Роза Отунбаеванын чечими менен ырчылар: Дилшат Кангелдиева, Жанета Бобковага КР Эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылды. "Чуркаган эмес, буюрган алат" дегендей, эмгектери бааланып, күтүлбөгөн жерден сыймыктуу наам алышты. Учурда куттуктоолорго маарып калган айымдардын кубанычында чек жок.


Гүлжигит Бегимайды "кызганабы?"
Бегимай Бекбоева эми жалгыз ырдабайт. Болгондо да ырчы Гүлжигит Сатыбеков экөө "Кызганасың", "Сен ыйлаба" аттуу жаңы чыгармаларды тартуулайт. "Бул эки ырчы кандайча дует ырдап калды?" деп таң калат экенсиң. Эске салсак, Гүлжигит мырза "продюсерим" деп ээрчитип жүргөн Диля эжеси менен коштошподу беле. Эми Бегимай менен иштешүүнү туура көргөн го. Деги шоу-бизнесте кызык окуялар улана берет тура.


Өз ишин кылышса...
НБТ биринчи шаардык каналы жаңылануу издөөдө. Тактап айтсак, бир аптадан бери "Музканал" теле долбоорун алпаруучулар эмес, ырчы Гүлзинат Суранчиева менен Даниэль эфирге алып чыгууда. Мындайды күтпөгөн долбоордун күйөрмандары, өздөрү каалаган суроолорду узатып, эки ырчынын айласын кетирүүдө. Кызыктуу оюндар, СМС билдирүүлөр менен коштолгон көрсөтүү өз ордун таап калды эле, эми минтип өз баркын өзү түшүрүп аткандай. Кыргызда "бөдөнөнү сойсо да, касапчы сойсун" деген жакшы сөз бар. Анын сыңарындай, "ырчылар да өз ырын ырдаса" дейт экенсиң...


Омар ой-да жыргады...
Быйыл 8-март майрамы өзгөчө дем, шаңдуу маанай менен өттү. Шоу-бизнестин мырзалары колунан келишинче ары-бери чуркап, айымдар үчүн концерт коюп, чөнтөктөрүн кампайтты окшойт. Спорт ордосу, Филармониянын чоң залы гана эмес, Цирк имаратында да концерт болду. Бул майрамдын шаанисине ырчы Омар да ортоктош болуп, мырзалар катышкан концертте айымдарды куттуктады. А бирок, Москвада өтүүчү жеке концертине жүйөлүү себептер менен бара албаганын айтты. Азыр Омардын жылдызы жанып, ой-да жыргап аткан кези, таңкөрү.