Сырмаек

Кайыргүл Өскөнбаева, ырчы:
"Актан Исабаев менен ооругам..."

Ырчы Кайыргүл Өскөнбаева убагында "Дордойдо" мырзаларга тийишип, бут кийим сатса, учурда "Кайдасың?", "Периштем" аттуу ырларды аткарып, күйөрмандарын кубантып келет.

- Кайыргүл, кандай жаңылыктар менен келип калдың?
- Жаздын келиши демге дем, шыкка шык кошуп, таасир берип жатат. Өзгөчө эргүү менен иштеп аткан кезим. Буга чейин улуттук кийимге көңүл бурчу эмес элем, учурда кыргыз кийим тиктирип, дизайнерлер менен иштеп атам. Андан сырткары, ыр куржунум орус, англис тилиндеги ырлар менен толукталууда. Ал эми жеке жашоомдо жаңылык жок.
- Тескерисинче, "жазда сүйүү башталат" дейт го?
- Мен дагы сүйүүнү күтүп жүрөм. Өзүм жаңыдан чыгармачылыкка аралашып, жигитке көңүл бура элекмин. Азырынча, ырларымды, сахнаны сүйүп жашап атам. Жигит менен сүйлөшкөнгө жараша, ага көңүл буруп, ою менен эсептешип, сүйүп жана сүйө билиш керек да. Азыр менде ага убакыт жок. Жигиттердин баары ырчынын жашоосун түшүнө бербейт. Бирде болбосо, бирде "койчу ушул чыгармачылыгыңды" деши мүмкүн. Ошондуктан, мага чыгармачыл чөйрөдө жүргөн мырзалар жагат. Эми келечекти бир гана Кудайдын буйругу менен көрөбүз да...
- Ырчы болгонго чейин "Дордойдо" сатуучу болуп иштеген турбайсыңбы?
- Ооба. Үч жашымдан баштап ырдадым. Бирок, апам жана биртуугандарым "элчи болосуң" деп, ырчылык кесипти тоготушчу эмес. Ошентип, музыка боюнча билим алган эмесмин. Анан он жети жашымда "Дордой" базарындагы апамдын контейнеринде иштеп калдым. Алгач сатуучулукка көнбөй көпкө кыйналгам. Себеби, эркектердин бут кийимин сатат элем. Ар кандай кардарлар келип, бут кийимин чечип, кийгенде буттары сасыйт дейсиң... Анысы аз келгенсип, "чоң кыз, эмнеге мынча кымбат, арзан бербейсиңби? Бут кийим жакпаса да, жүзүңдөгү уячаң үчүн сатып алайын" деп тийишкендер болот. Мектепти жаңы бүтүп, эч нерсени түшүнбөгөн жаным мындай мамилени жапайы көрчүмүн. Үйгө барганда "апа, аялдардын бут кийимин сатайынчы, эркектердин шыбоосуна чыдабайм, баары эле мага тийишет экен" деп ыйлачумун. Бирок, апам макул болгон жок. Бара-бара көнүп кеттим окшойт, кардарларга өзүм тийишип баштадым. "Иштеген тиштейт" дегендей, азыр ал контейнерди апам мага өткөрүп берген.
- Анан ырчылыкка кантип аралыштың?
- Башында айтып өткөндөй, ырчыларга "фанат" болдум. Жаштардын тили менен айтканда өзгөчө Актан Исабаев, Гүлнур Сатылганова менен "оорудум". Ал эми белгилүү обончу Рыспай Абдыкадыров, таланттуу айым Саламат Садыкованын чыгармачылыгы мага чоң сабак болду. 2008-жылы шоу-бизнеске аралаштым.
- Профессионал ырчылар эки сөзүнүн биринде "азыркы ырчылардын таланты, үнү жок" дешет?
- Туура. Башында "мага вокалдын кереги жок. Кристина Агилерадай кыйын ырдайм" деп өзүмдү укмуш сезчүмүн. "Эмнеси болсо да профессионал ырчыга барып, үнүмдү текшертип коеюн" деп Жамила Муратовага баргам. Ал "сенде баары жакшы, болгону машыгуу аз" деген. Кийин "Периштемди" жаздырып атканда опера ырчысы Эсен Нурманбетовадан сабак алдым. Ал дагы Жамила эже айткан кемчиликти айтты.
- Сатуучу Кайыргүл менен ырчы Кайыргүлдүн кандай айырмасы бар?
- Сатуучу кезде таарынчак, ишенчээк бала кыял элем. Мени көз караш, бир сөз менен эле ыйлатып коюшчу. Азыр болсо, ак-караны ажыратып, акыл калчап иш кылганды үйрөндүм. Атам каза болгондон кийин сабырдуу, кайраттуу адамга айландым. Адамдарга жаман көрүнүп, болбогон нерсеге нерв коротпой, философиялык ой менен жашоо жеңил экенин туйдум. Өзүмдү-өзүм тарбиялаш үчүн Куранды, Инжилди да окуп көрдүм. Батыштын улуу жазуучуларынын китебинде катылган ой, таалим-тарбия кыргыздын эки сап макалында жазылганын түшүндүм. "Заманың бөрү болсо, бөрү бол" эмес, адамдык абийир бардыгынан бийик турарына ынандым.
- Сыягы, намаз окуйсуң го?
- Азырынча намаз окуй элекмин. Кудай буюрса, ниет бар. Мусулман, кыргыз болгондон кийин Куран окуп, жыт чыгарып, жети токоч жасап турам. Ал эми ырым-жырымдан "тфү, тфү, көз тийбесин" дегенди көп колдоном (күлүп).
- Ырчы айымдар арасында сайма сайган, кийим тиккен, кол өнөрчүлүктү аркалагандар бар...
- Чынын айтыш керек, мен ийне кармаганды жаман көрөм. Кээ бир ырчылар сахна кийимдерин кооздоп, өздөрү сайма сайып алгандарын байкайм. Сайма саюу майда иш болгондуктан, көп эмгекти, убакытты талап кылат. Менин мындай иштерге чыдамым жетпейт. Ага караганда "тамак жаса, үй жыйна" десе, эки билекти түрүп, жан дилим менен киришем.
- Акыркы убакта кайсы планың ишке ашпай атат?
- Кыргыз болгондон кийин бир гана эстрада менен чектелбей, элдик эски ырларга кайрылууну пландап атам. Андан сырткары, эл аралык масштабдагы кароо-сынактарга катышып, Кыргызстандын атын чыгаргым келет.




  Жылдызча

Өз ысымын чанган Энджей

Буга чейин Алматы, Москва шаарларында тажрыйба топтоп, шоу-чөйрөгө жаңыдан аралаша баштаган Энджей мырза менен тааныштырабыз.

"Ата-энем чыгармачылыгыма каршы..."
- Балалыгым Өзгөн районундагы Мырзаке айылында өткөн. 5-6 жашымда эле ыр-бийге кызыга баштагам. Апам бала кезинде комузду жакшы черткени менен кийин башка кесипти аркалаптыр. Мектепте кароо-сынак, маданий кечелерди уюштуруп, өз алдымча ырларды жазып жүрдүм. Бөлмөмдөн чыкпай, өз казанымда өзүм кайнап, чыгармачылык менен алектенип жүргөнүмдү үйдөгүлөр түшүнчү эмес. Азыркы күнгө чейин ата-энем "адвокат болосуң" деп каршы болушат. Ар бир адам алдына койгон максатына жетпесе, жашоосу көрксүз, супсак сезилет эмеспи. Мен дагы азыр эки ортодо чайналып турам. Бирок, ыр-бийсиз, сахнасыз жашоомду элестете албайм. Ата-эне баласына эч убакта жамандык каалабайт. Бирок, өзүмчүл болбош керек деген ойдомун. Балага канчалык эркиндик берсе, моралдык колдоо көрсөтсө, келечеги кең, бактылуу жашайт деп ишенем.

Н + Ж = Энджей...
- Паспортумдагы аты-жөнүм Нурбек Жоробеков. Шоу-чөйрөгө Энджей деген каймана ат менен таанылууну туура көрдүм. Өзүмө ысым табуу деле оңойго турган жок. Атым менен фамилияма байланышкан бир топ ысымдарды кагазга жазып алып, көпкө ойлондум. Акырында англис тамгаларынын окулушуна токтолуп, Н менен Ж тамгасын бириктирип окусам, Энджей болуп калды. Бул атты таап алып абдан сүйүндүм. Экинчи маанисин өзүм эле "жөнөкөй бала" деп чечип алдым.

"Консерваторияны билген эмесмин..."
- Ачыгын айтсам, айылда жүргөндө музыкалык окуу жай, Консерваториянын бар экенин билген эмесмин. Кийин шаарга келгенде "мага атам менен апам окуу жай тууралуу эч нерсе айтпаптыр, кеңеш бербептир" деп капа болдум. Анан алардын каршы болгонуна карабай, Улуттук Консерваториянын эстрада-вокал бөлүмүнө тапшырдым. Азыр 3-курста окуп атам. Ал ортодо казактардын жардамы менен Алматыга барып фирмага иштеп калдым. Бир күнү түнкү клубга эс алганы барып, ал жактагы музыканттар менен тааныштым. Өзүм тууралуу маалымат берип, ырларымды көрсөтүп, бийлеп берсем, "биз менен иштеш, сага жардам беребиз" дешти. Жан-дүйнөмдөгү бугумду чыгара албай жүрдүм эле, асмандан издегеним жерден табылгандай эле болду. Андан кийин Москвага барып, вокалдан сабак алып, бир топ менен иштештим. Орустар менен казактардан көп нерсе үйрөндүм, көзүм ачылды. Бөтөн жерде жүрсөң дагы, өнөрүм менен жан багып кетериме ишендим.

Өзгөчө шоу тартуулайм...
- Кыргыз шоу-дүйнөсүнө жаңыдан аралашып жатам. Чыгармачыл адам болгондон кийин элге жаңылык көрсөтүп, жаңы идея менен иштеш керек. Буга чейин Алматы, Орусиядан алып келген тажрыйбамды элге көрсөтөйүн деген оюм бар. Башка ырчылардан өзгөчө стиль, оригиналдуу костюм, жаңы ыр, клиптерим менен айырмаланып турсам дейм. Балким, айрымдар "бул баланын дымагы күчтүү го?" деп ойлошу мүмкүн. Болгону мен жаңы идеяны, өзгөчө шоуну тартуулагым келет. Буюрса, май айында жаңы альбомум чыгат. Андан кийин концерттик программанын үстүндө иштейм. Учурда бий тобу, дизайнер, менеджерлер менен бирге кызматташып атам.


Бетти даярдаган Айнура КАСЫМОВА