Күзгү

Көз - жандүйнөнүн күзгүсү

Аялзатынын сулуу көздөрү жөнүндө не деген ырлар, чыгармалар жаралган эмес? Көпчүлүк аны "көздөрүнө чөгүп кеттим" деп чалкыган океанга салыштырат. Чынында эле ар бир аялдын негизги куралы көз караш болсо керек. Эгер көзгө жакшылап кам көрсө, ал сулуулук гана тартуулабастан, ден соолуктун да башаты болуп берет.

Сурма
Көзгө кам көрүүдө сурмага өзгөчө көңүл буруп, атайын каражаттарды колдонуңуз. Анткени, ал дененин өзгөчө назик, туура кам көрүлбөсө тез карып кете турган бөлүгү. Андан тышкары, сурмага массаж жасап туруу зарыл. Анда сөөмөйдү көздүн мурун жагынан сыртына карай 20-25 жолу сыдырасыз. Ал эми астын тескерисинче, сыртынан ичти көздөй 10-15 жолу сыдырууну кайталайсыз. Бул көнүгүүлөр өзгөчө көп окуган жана компьютерде иштеген айымдарга пайдалуу.

Майлоочу каражаттар
Кургак терилүүлөр көзүнө жайкысын жумасына 2 жолу 10-15 мүнөттөн муз койсо болот. Ал эми кышкысын майлуу бетмайдан өтөрү жок. Көздүн тегерегиндеги тери, жогоруда айтылгандай өтө назик. Ошол себептен, ага сынак жүргүзүүнүн кереги жок. Дегеним, көрүнгөн нерсени колдонуудан качып, бир жума ичинде бир гана каражат колдонуу зарыл.

Кирпик
Көпчүлүк аялзаты көзүнө, кашына, бетине жана колуна өзгөчө кам көрөт эмеспи. Бирок, кирпикке кам көрүү жөнүндө баары эле биле бербейт. Көрсө, ал дагы каш сыяктуу көңүл бурууну талап кылат экен. Адистердин айтымында, кирпик, каш 40 күн ичинде жаңыланып турат. Жана ага дайыма майлоочу каражаттарды колдонуп туруу керек. Мисалы, кирпикке эки күндүн биринде бадам же кастор майын сүйкөп туруу зарыл. Ал үчүн эски туштун щеткасын таза жууп алып, жатар алдында аны менен кирпикти майлап коюңуз. Муну айына 8-10 жолу кайталап туруу абзел.

Көздүн ден соолугун кантип сактайбыз?
- Күнүнө сөзсүз 8 саатка чукул убакыт уктоого аракеттениңиз.
- Эртең мененки жуунуудан кийин жана кечкисин макияжды тазалаганда көздүн тегерегине азыктандыруучу бетмай сүйкөө керек.
- Сыналгы көрүүдө же компьютерде иштөөдө сөзсүз эркандан алыстап, көзүңүздү бир аз убакытка жуумп туруңуз. Бул көздүн көрүүсүн жакшыртат жана эс алдырат.
- Күн сайын көздү укалап турууну унутпаңыз.
- Көзүңүздүн агы кызара турган болсо, жалтырагы көп боектордон оолак болуңуз.

Бырышка каршы
Көздүн тегерегиндеги бырыштарды азайтуу үчүн үй шартында маска жасап алсаңыз болот. Ал үчүн бир аш кашык бал, бир кашык буудай уну жана жумуртканын агы талап кылынат. Үчөөнү жакшылап аралаштырып, бырыш түшкөн жерге сүйкөп, кургаганга чейин калтырасыз. Андан соң жылуу суу менен жууп салыңыз. Муну жумасына 1-2 ирет кайталасаңыз болот.

Ромашка гүлү
Бул гүл көзгө кам көрүүдө миңдин бири. Аны көздү эс алдыруу үчүн да, азыктандыруу үчүн да колдонсо болот. Кайнатып жылуу кезинде жуусаңыз, көздүн чарчаганы кетет. Ал эми суусуна чүпүрөктү нымдап көзгө 15-20 мүнөт жаап жатсаңыз, теринин кадимкидей "тирилгени" байкалат.

Быштак
Көздүн алдындагы кара тактарды жоготууга быштак пайдалуу. Аны аз-маз жылытып, эки катталган дакиге салып көзгө 10 мүнөт басыңыз. Муну жумасына 3-4 жолу кылышыңыз керек.

Пайдасынан зыяны көп...
Учурда кир жуучу каражаттар оголе химиялашып кеткени маалым. Аны акыркы жылдары теледен деле какшап айтып атышат. Ошол сыяктуу эле косметиканы да арзан каражаттар менен эптеп жасаган фирмалар жок эмес. Өзгөчө базарларда жайнатып-жайып сатып жаткандарын көрүп жүрөбүз. Косметологдордун айтымында, бул каражаттардын пайдасынан зыяны көп. Ошол себептүү өтө көп өлчөмдө, жайылып сатылган косметикалык каражаттарды албай эле коюуну сунуштайбыз. Аны колдогондон көрө таптакыр боенбой жүргөн пайдалуу.




Бактыгүл БАДЫЕВА:
"Кара чай көзгө пайдалуу"
-Көзүңүзгө кантип кам көрөсүз?
-Көздүн шишигенин же чарчаганын кетириш үчүн чайды аябай кара кылып кайнатып туруп, кебезге малып көзүмө басам. Бат эле кадимкидей жеңилдегени билинет. Ал эми кирпик-кашка уйгак жана кастор майларын сүйкөйм. Аларды дарыканадан сатып алам. Ал эми боек боюнча айта турган болсом, сөзсүз атайын көзгө арналган каражаттарды колдоном.





Көздү сулуу көрсөтүүнүн негизги сыры аны туура боеодо. Бүгүн айымдарга көздү кантип туура боео керек жана кайсы формадагы көзгө кандай макияж жарашары туурасында "Шарм у Рахима" сулуулук салонунун визажисти Жаннета БАКТЫБЕКОВА айтып берет:


o Көздү боеодон мурда теридеги кемчиликтерди жабуу үчүн ар ким өзүнө жаккан бат майларды сүртүшү керек. Муну тенди коюуга 20-30 мүнөт калганда кылыңыз. Анткени, жаңы бетмай сүйкөлгөн териге тень ойдогудай жабылбайт, бир жерге чогула берет.
o Көздүн четтерин тактап көрсөтүү үчүн дайыма эле карандаш колдоно берүүнүн зарылдыгы жок. Анын ордуна кара тендин жардамы тийиши мүмкүн. Анткени, ал карандаш сымал чектөө койбойт, көз карашыңызды "жумшартат".
o Тенди колдонууда аны каш менен сурманын ортосунан эмес, дал сурмадан баштоо туура. Эгер бир нече өңдү боегону турсаңыз, алгач күңүртүнөн баштаңыз. Ал эми ачыгыраак өңдөгүсүн кашка жакыныраак койгонуңуз жакшы.
o Көздүн өңүн көркүнө чыгаруу үчүн ачык түстөгү тенди мурун менен көздүн ортосундагы аралыкка билинер-билинбес кылып сүртүңүз. Дароо көз карашыңыз өзгөргөнүн байкайсыз.
o Кашты жөнөкөй көрсөтүү үчүн да тень менен боесоңуз болот. Бирок, аны щетка менен эмес, сөөмөй менен сүрткөнүңүз жакшы.
o Кирпик узун көрүнсүн десеңиз, аны боер алдында атайын кирпик ийгич менен ийип алган туура.
o Азият кыздар өтө ачык жана жалтырак тендер менен боеобой эле койгону жакшы. Андан көрө күңүрт, жөнөкөй өңдөрдүн жардамы көп. Көздү чоңураак көрсөтүү үчүн четтерин гана кара тень менен боешубуз керек. Толугу менен кара түскө боеп салуу - бул чоң катачылык. Ал эми европалыктар кандай боеосо жараша берет. Анткени, көздөрү чанагында тереңирек жайгашып, сурмалары чоңураак. Ошондуктан, аларга бардык түстөгү боектор дагы, макияждын ар кайсы түрү сонун жарашат.
o Сурмасы жоктор көзүн күңүрт түстөгү тень менен боешу керек, өзгөчө четтерин күрөң же кара түс менен. Сурманын жоктугун байкатпаш үчүн, кошулма кирпиктердин жардамы тиет. Бирок, толугу менен эмес, көздүн сырткы четине 8-10 кирпик коштурган туура. Муну үй шартында деле жасап алса болот. Анткени, азыр дүкөндөрдө аллергия кылбай турган клейлери менен ар кандай кирпиктерди таба аласыз.
o Негизги шарт, кандай макияж болбосун, аны көчөгө чыгардан 30-40 мүнөт эрте жасаганыңыз туура. Анткени, ошол мезгил аралыгында боек толугу менен териге жайгашып, кемчиликтери билинип калат. Демек, кайрадан оңдоп-түзөп алууга мүмкүнчүлүк бар.

Торгой БЕКМУРАТОВА