Чыр базар

Бийликти тоготуп койбогон атбашылык көпөс

Чыныгы кыштын белгиси акыркы айларда билингени менен, болбой эле жаз келди. Тилекке каршы, жаз келгенде айрым күчтөр жанданып, саясый кызыкчылык үчүн карапайым калкты куралга айландыргысы келгендери өкүчтүү.

Адатта мындай сасыткы оюндардын очогу Бишкек эмеспи. Жыл сайын жаз келгенде күүлдөп, борбордук аянтка бир чогулуп, Акүй алдына котолойбуз. Бирок, андан эмне уттук? Былтыркы саясый оюн эмне менен аяктады?..
Чыр болгон жерден ырыскы качат экен. Улам-улам чуу чыгып атып, ансыз да араңжан экономикабыздын тамырына балта чабылды. Бүгүн анын кесепетин тартып, тамак-аш баасы асмандап, айлабыз түгөнүүдө. Канкор Бакиевдер болсо беш жыл бою элдин канын сүлүктөй соргону аз келгенсип, казынаны какшытып, мамлекеттин акчасын сырттагы оффшордук эсеп-чотторуна чыгарып кеткени дайын болуп отурат.
Демек, бизге ушу күндө ТЫНЧТЫК гана аба-суудай керек. Кудайга шүгүр, жаңы өкмөт өз убадаларын четинен аткарып жатат. Күйүүчү майдын баасын, чындап эле 7-8 сомго арзандатууга жетишти. Буга ириде Орусиянын премьер-министри Владимир Путинге ыраазычылык билдирели. Адатта күйүүчү май арзандаганда сырттан ташылып келген көптөгөн товарлар, тамак-аштардын баасы төмөндөшү керек эле. Жок дегенде өзүбүз иштеп тапкан жер-жемиш, эт-сүт сыяктуу тамак-аштардын баасын асмандатпай кармап турсак болмок. Тилекке каршы, аларды башка мамлекеттер дүңү менен алып чыгып кеткендиктен, ортодон алып сатарлардын күнү тууп атат. Аларды ооздуктаганга монополияга каршы агенттиктин жетекчисинин кудурети жетпеси көрүнүүдө, же өзү айткандай укугу жок экен.
Мына ушул себептерди эске алып, "залакасынан башка пайдасы жок ызы-чуулардын дагы жаралып, уланышынын бизге кереги барбы?" деген ой туулат. Жалпы жумурай-журт чындыгында тынымсыз митингден жалкып, кимдин-ким экенине көзү жетти. Арзымат саясатчылар бир ууч элди экиге бөлүүгө аракет кылып, байлыгын көбөйтүүгө далбас уруп, дагы ызы-чуу чыкса дегенде эки көзү төрт. Муну жакшы түшүнгөн, сезген кыргыздын кыйла аттуу-баштуу уулдары митинг-ситинги жок эле орчундуу маселелерди нукура элдик Курултай жолу менен чечүүгө аракет кылып жатышканы кубандырат.
Албетте, эл камын ойлогон азаматтар бийликте отургандардын арасында да бар. Мисал иретинде айтсак, жаңыдан мыйзамченемдүү шайланып, ордунда калган шаарбашчысы Иса Өмүркулов өз командасы менен бир катар иштерди бүткөрүүгө үлгүрдү. Учурда бу кишини алкаган айдоочулар да, жүргүнчүлөр да көп. Бир жыл ичинде бир катар көчөлөр оңдолуп, асфальт төшөлгөн көчөлөрдүн саны арбыды. Алардын ар бирин санап отуруунун кажети жок. Ошону менен катар анын мындай алгылыктуу иштерин көрө абай, кыйкыргандар четтен табылат. Алардын бири Камчыбек Жолдошбаев аттуу эргул. Бу кишинин кантип байыганы баарыбызга маалым, убагында Акаевге кошоматты кош айтып, Майрамдын алдына килемдей төшөлгөн. Камчыбектин жоруктарын жаза берсе том-том китеп жаралат. Жумгалдыктар анын ээн капчыгайдан таяк жеп, тоо аралай качканын, о.э. кулдан бетер эзип, иштеткен балдарын кордогонун алигүнчө аңыз кылып айтып келишет. Бир кезде Акаевдин атын жамынып, "Кыял" бирикмесинин аянтын алдым-жуттумдук менен тартып алып, "Беш-Сары" соода-тармак комплексин курганы баарыбызга маалым.
Ушу күндө "Беш-Сарыда" өзүнчө аарынын уюгундай болуп, бири-бирине жармашкан түрдүү соода-сатык түйүндөрү көп. Аларды мекендештерибиз ижарага алып, ошону менен оокат кылат. Тапкан-ташыгандарынын жарымы Жолдошбаевдин чөнтөгүнө түшөрү айдан-ачык. Булардан тышкары: тачкист, наабайчылар бар. Денесин саткан кыздар, дасыккан чөнтөкчүлөр да ушул жерди айланчыктап күн көрөт.
Соода-сатык кайнаган, эл кумурскадай жайнаган жерде санитардык эрежелердин бузулганы өкүнүчтүү. Айрыкча, жаан-чачында тамтыгы чыккан жолдордун баткагы эзилип, басууга мүмкүн болбой калат. Жол боюнда тамак жасаган жайларда атайын кийим кийбеген адамдар эле иштеп атышат. Аларга бирдеме десең, санитардык китепчесин сууруп чыгат. Бирок, ал китепчени акчага сатып алсаң болору жашыруун эмес. Анысы аз келгенсип, жакында бул жайдан өрт чыкты. Өрт өчүргүчтөр келгени менен алоологон жалынды токтото алган жок. Натыйжада, он чакты адам ар кандай жаракат алып, иске ууланды.
Мына ушундай башаламандыкты акимиат менен мэрия токтотууга тийиш. Эч кандай эрежесиз, акчаны гана көздөп, ар кандай мыйзамсыз жолдор менен кумурсканын уюгундай чырмалышкан миңдеген соода-сатык жайларын иретке келтирүү- бул мезгил талабы. Шаардыктар таза, кенен-кесир жерден соода кылууга укуктуу! Эптеп тапкан айлыгын же айылдан малын сатып келген адам быт-чыты чыккан жерден тыгылышып-сыгылышып атып, акчасын алеки заматта уурдатып жатат. Алардын убал-сообу кимге?
Мындай чиймелеген суроолорду чечүү үчүн мэрияда атайын штаб түзүлүп, анын башына Ленин райакими Илья Клименко дайындалган. Мэрия менен акимчиликтин бул маселени чечүү боюнча, этап-этабы менен атайын иштелип чыккан иш-концепциясы да даяр турат. Эң биринчиден, соода-сатык кылган карапайым элди жумушсуз калтырбай, кенен, ылайыктуу жерлерге көчүрүү. Айталы, ошол эле эл аралык соода борборуна айланган "Дордой" базарына. Же күндөн-күнгө соода-сатымы күч алып бараткан "Дыйкан" базарына. Алардын камок-павильондорун жүктөп, жайгаштырууну мэрия өз моюнуна алып жатат. Алтургай отурукташып калгыча кайсы бир деңгээлде, кайсыл бир мөөнөткө ар кандай жеңилдиктерди берүү жагы да каралууда.
Эл деген эл. Иштин чоо-жайын айтып, ак менен каранын айырмасын көчө боюндагы сатуучуларга да түшүндүрсө, түшүнмөк. Ал тургай колдомок. Бирок, көпөс Жолдошбаев анткендин ордуна тымызын кайрап, өз кызыкчылыгына курал катары пайдаланып жатканы кандай гана пастык?
Ал эми "Ош" базары тууралуу айтсак, бул жай биздин борборубуздун визиттик карточкасы. Шаардын күзгүсү. Ар кандай өлкөдөн келип-кеткен туристтер ириде шаардын архитектурасына, анан санитардык абалына көңүл буруп, ал жайларды ошол өлкөнүн жүзү катары кабылдашат экен. Ошого жараша кыргыз журтчулугуна болгон ой-пикири калыптанат. Өкүнүчтүүсү, "Ош" базары К. Жолдошбаев сыяктуу адамдардын айынан өнүп-өспөй, жолдору оңдолбой күндөн-күнгө кунары учуп баратат. Ал жерде иштеген миңдеген атуулдарыбыз салыктарын төлөгөнү менен жайдын аптабында төбөсүнөн ысык өтүп, кыш чилдеде буту какшап, керелден-кечке ачык асман алдында турат. Бул абал канчага чейин созулушу керек? Алардын жылуу-жумшак жайларда отуруп, соода кылганга акысы жокпу? Эмнеге бизде атуулдарыбыздын укугун коргондун ордуна ызы-чуу чыгарганды сүйгөн жандар көп? Муну токтотуп, өнүгүүгө, соода кылуунун жаңы, маданияттуу жолун издегенге убакыт жетти го дейм...

Апас Ниязалиев




  Иримей

Зарыл Рысалиевдин ордуна кимдер тапталууда?

41- жылкы немистер менен согушуп аткансып, министр Зарыл Рысалиев уюшулган кылмыштуу топторго (УКТ) өзгөчө опурулган кербези. Бу жаңылык эмес, себеби, ИИМдин кылмыштуулук менен күрөшүүсү күнүмдүк жумуш да! Мыйзамсыздыкка каршы туруп, ашынган тентектерди тизгиндеп дегендей.

Таңгалдырганы, ушул жаатынан пиар иштери укмуштуудай удургуп, тим эле Ата Мекенди сырт душмандардан коргогондой элес жараткандары күлкүнү келтирет. ИИМ канчалык чамынса да, УКТнын лөктөрүн кайырмакка иле алышпай, болгону чабактары менен гана элди алаксытууда. Ал эми эл ичинде милиция менен кылмышкерлер чогуу иш алпарышары айтылып келгенин тана албайбыз. Ошого катар акыркы кезде ИИМде паракорлуктун, трайбализмдин күчөгөнү да каңкууланууда. Мыкты профессионал кызматкерлерди ар кандай шылтоолор менен басмырлаганы да маалым. Бир жагынан министр мырзанын кадрлар менен иштөө аракети жетиштүү деңгээлде жүрбөй атканы неси? Маселен, Түштүк регионун алсак, Алай менен Сүлүктүгө начальник милицияны кое албай атканы күбүр-шыбыр кеп жаратууда. Бул - жетекчинин алсыз көрүнүшү! Дагы бир кызыгы, Бишкек ШИИБисинин начальниги Капар Батырканов менен Октябрь РИИБисинин начальниги Мадияр Кулуев бири-бирине баш ийбей, "көчүктөрүн чукуй" башташканы байкалууда. Капары министрге таянса, Мадияры аны уруп ойнобогондой (!) "Ата -Журт" партиясынын депутаттарына ишенет экен. Мындай интригага З.Рысалиев чекит коюп, столду бир муштаса болбойт беле? Айтор, айта берсе арман көп. Дал ушунакай армандуу күндө жаңы министрди алып чыгуу идеясы көтөрүлө баштаптыр. Алар: Жеңиш Жакыпов, Бакыт Жусубалиев, Мелис Турганбаевдер. Булардын кимиси алдыга озуп, "эки тизгин - бир чылбырды" колго алат (?) азырынча белгисиз. Кыязы, премьер-министр Алмаз Атамбаев жогорудагы үч профессионал кадрдын бирөөсүн министрликке дайындашы күтүлүүдө. Саресеп сала туралык.

Сакен БӨРҮБАЕВ