sMs

Урматтуу окурман, эгер сиздин бактыңыз ашынып, жүрөгүңүз толкуп турса, же тескерисинче, көңүл чөгүп, кыжырыңыз келсе, биз сиз менен бөлүшүүгө даярбыз. Үкөгүбүздө СМСке орун көп. Мейли куттуктоо жазыңыз, же кимдир бирөөгө сүйүү арзууңузду билдиресизби, же коомдук саясый турмушту талкуулайсызбы, өз эркиңиз.
Билдирүүлөр
аптанын ар күнү
кабыл алынат.

Урматтуу "Учур" гезити,
сиздер ар качан чындыкты жазып, карапайым элдин көйгөйүн чагылдырасыңар...

6192. Көлдүктөр Акаев, Бакиевдер жерин башка өлкөгө сатканда да ооз ачышкан эмес. Эми кыргыз жерин өз баласынан артык көрүп, көзүнүн карегиндей сактап келген Курманжан датка энебизге Ысык-Көлдөн жер бөлүп берсе асылышып, көлдүк туугандардын атына жамынгандар көбөйдү. Б.Мамытов, Р.Токсобаевдин оюн уккум келет. Маалыматты жазган Асель Акматалиева деген автор барсыңбы? Сага рахмат!
Асылбек, Ош-Алай

6193. Ө.Текебаевдин соттор жөнүндө ЖКда көтөрүп чыккан мыйзамды көпчүлүк эл колдойт деп ишенем. Себеби, 20 жылдан бери элдин канын соргондорго жол ачып берген Конституциялык соттун төрайымы Ч.Баекова күнөөлүү. Ошол кезде мыйзамды бузуп, Акаевди 3 жолу шайлатып, анан Бакиевге кайрадан шайланууга шарт түзүп, 89 баланын канын төктүрүп, элди ушундай акыбалга жеткирип тентитти. Өзү 70 жаштан ашканда эмне кыларын билбей, жаш балдар менен "Кош жылдыз" берүүсүндө ырдап, чардады. Катар-катар үйлөрдү алып, чоң базарлардын ээси болуп, чөбөрөсүнө жете тургандай байлык топтоду. Эми ошолорго ыраазы болбой, 50 миң сом пенсия алып, эчтеке болбогонсуп жашап жатат. Ошондуктан, Баекованы баш кылып, тоок уурдаган кедейлерди соттотуп, миллиондоп жеген байларды колдогон сотторду төш кылып, аларды жөн кетирбей, үй- мүлктөрүн алып, өздөрүн соттош керек. Алар да көрсүн соттолгон кандай экенин!
Бүбүкан

6194. "Учур" гезитин чыдамсыздык менен күтүп окуймун. Бирок, СМСтерди окуп жатып, кээ бир жагымсыз таанышуулар жөнүндө жазууларды көрүп алып, аябай жийиркенем. Силерден сураныч, ушуга окшогон СМСтерди бербей деле койсоңор болот. Себеби, кыргыздын үрп-адатына, каада-салтына туура келбеген көрүнүш.
Такеш

6195. Салам "Учур"! Казармандык Абдыбековдорго жана Токтобаевдерге салам жолдойм. Ошону менен бирге, Токтогулова Бегайымды өтүп кеткен 25-февраль туулган күнү менен куттуктайм. Бактылуу, таалайлуу болуп, ден соолугу чың, ыймандуу, билимдүү кыргыздын кыздарынан болушуңа чын жүрөктөн тилектешмин!
Белла-94

6196. Саламатсыздарбы "Учур" гезитинин жалпы жамааты? Бардык мырзаларды өтүп кеткен жарык майрамдары менен куттуктайм. Сиздерге чың ден соолук, ишиңиздерге ийгилик каалайм.
Бербеди деп таарынбаңыздар баалуу белек,
Белегим жакшы сөз, жакшы тилек.
Кабыл алыңыздар куттуктоомду сүйкүм кылып,
Турмушта бул да болсо абдан керек.
Ошону менен бирге Токтогул районуна караштуу Өзгөрүш айылындагы атам Калыбек, чоң атам Нурдин, инилерим Жайдарбек, Дастанды майрамдары менен куттуктайм!
2727 абоненти

6197. Төлөйкан Исмаилова эжекебиз эмне болуп калган? Өзбек эли автономияны жөн эле сурабай, кыргыз элин кырып киргенин 5 жашар бала да билет го. Бу эжекебиздин "автономия сураса эле кыра бериш керекпи?" дегени биздин кыжырды келтирди. Менимче чыккынчы адам окшойт. Кыргыздын патриоту да ушундай ой жүгүртүп, ушундай акылга сыйбаган ишти кылабы?
Патриот, Базар-Коргон

6198. Нукен, сенин оюңа кошулам. Ошол кабинеттерде манчыркап олтургандар добуштарды сатып алгандар да. Тилекке каршы элдин көпчүлүгү саясый жактан сабатсыз. Эгерде сен жан-дилиң менен иштейм деп шайлоого барсаң, сага жүз адамдын бири гана добуш бериши мүмкүн. Калган 99 добушту сатып алуу керек болот. Аларга баары бир. Өзүнүн келечегин 100 сомго деле сатып жиберишет.
Революционер

6199. Айыл жеринде элдин баарынын тиктегени УТРК, анан эле жарым күндү орусча берет. Батыраак эле Ташиев өз кишисин койсо, ал сөзсүз кыргызча кылат.
5094 абоненти

6200. Эжем Абдыбекова Дариканы жана апам Абдыбекова Астраны өтүп кеткен туулган күндөрү менен куттуктайм деп казармандык кызыңар.
Бегайым

6201. Кыргызстанды мите курттай соргон криминалга согуш жарыялаган Текебаевдин алдында кээ бир саясатчылар жөн эле жанбакты экендиги билинип калды.
Революционер

6202. Салам "Учур"! Шайыр тамада+ музыка.
Тел: 0779-20-00-71

6203. Чолпон-Ата менен Бостеринин ортосунда жайгашкан Хутордо 6 сотых жер сатылат. Жол боюнда. Баасы ынандырарлык. Аны чалсаңар сүйлөшөбүз.
Тел: 0555-77-58-87

6204. Урматтуу Меч! Биз сиздин СМСтериңди сагындык.
5454 абоненти

6205. Мен Жылдыз Жолдошева деген айымды такыр түшүнбөй турам. Бу киши Курманжан даткага жабышпасын! Ал кишинин чыпалагына тең келбегенден кийин жөн эле жумушун кылып үйдө отура берсе деген кеңеш айткым келип отурат.
Айбек

6206. Казармандык Чолпонбек уулу Жеңишбекти өтүп кеткен 23-февраль майрамы менен куттуктайм жана кыргыздын патриот жигиттерине, агаларыма, аталарыма, инилериме чын жүрөктөн ден соолук, бакубат жашоо каалайм. Сиздерди терең урматтап сыйлайм.
1448 абоненти

6207. Биздин өкмөт эл үчүн Аскар Салымбековдой иштеши керек! Кыргыз элине кызмат кылган инсандарыбызга ыраазычылык билдиребиз!
Улутман

6208. Интеллигент Аскар Акаевдин жүрөгү жолдо калсын. Аксыдан 6 кишини аттырып салды эле, "акасын көрүп, үкасы өсөт" дегендей, интеллектиси жок Закиржан Бакиев жөөттөрдүн мээсине таянып алып, 87 кыргызды атып өлтүрүп, 400дөй адамды түбөлүк майып кылды.
5777 абоненти

6209. Жалгыздык
Жайлоодо үйүрү жок жалгыз аттай,
Жашап келем жалгыздыкта сүйүүм таппай.
Жан дүйнөм жабыркап келе жатат,
Жашаймын кээ бир түнү кирпик какпай.

Кыштоодо жалгыз калган каркырадай,
Кыйналды курган жүрөк жалгызсырай.
Каалгадан күлүп кирип келчүдөй,
Күнүгө күтүп келем жолду карай.

Тобунан ажыраган карышкырдай,
Томсоруп туйлайт жүрөк карышып ай,
Толкуган сүйүүмдү кайрып берсең,
Түбөлүк коргомокмун карыш жылбай.
Нурканбек

6210. Оо бузукулар, бириң өлүп, бириң кал, сайрандашсын жөөттөр менен кузгундар!
Көлдүк жигит

6211. Биздин сүйүктүү ырчыбыз Айя Садыровага ысык салам жолдойбуз! Ден соолук, бакыт, ийгилик каалайбыз!
Тамара, Нарын

6212. Маданияттуулукка биринчи мугалимдерди, журналисттерди окутуу керек!
Бек, Нарын

6213. Суусаган селки
Сүйүүнүн көзү сокур болбосо,
Азап экен арзыганын кордосо.
Ак сүйүүңдү чын дилиңден билдирсең,
Арман болбос түшүнүп ал колдосо.

Арзыганың Мөөр сулуудай болбосо,
Болоттой зар какшатып койбосо.
Армандуу күкүк кылып сайратпай,
Бегимайдай бекем туруп коргосо.

Ашыктык суусуз чөлдөй болбосо,
Арзуу деп аккан суулар соолбосо.
Сүйүүгө суусап келген селкилер,
Аптыгып ичкен сайын тойбосо.
Нурканбек

6214. Урматтуу Токтайым Үмөталиева, мен сизге жеке өзүмдүн көйгөйлүү ишим менен кайрылайын деген элем. Сизге кантип байланышса болот? Сиздин кабыл алуу офисиңиз кайсыл жакта?
Тел: 0772-34-60-34

6215. Кримдүйнөдө жүргөн жигиттерге мамлекет кысым көрсөтүп, кылмыш ишин козгоп, баарын качырып жиберди. Ошол эле учурда Жалал-Абадга ала допучандардын кыйындары кайра келе баштады. Аларга тийсең эле РОВДга тыгып коюшат. Кечээ күнү борбордо ЦУМдун алдында 4 жигити бир кыргызды өлөрчө сабады. Бир да кыргыз басып барып арачага түшкөн жок. Анысы аз келгенсип, "Шашпагыла, 24-мартта..." дегенин угуп калдым. Бийлик төбөлдөрү, силер кайсыл жакты карап жатасыңар. Июнь айында болгон коогалаң аз болуп калдыбы? Сабак алган жоксуңарбы? Эмнеге мынча тупойсуңар? Силердин канткенде патриоттук сезимиңерди ойгото алабыз? Ойлонгула, кеч болуп кала электе!
2723 абоненти

6216. Урматтуу "Учур" гезити, сиздер ар качан чындыкты чыркыратып жазып, карапайым элдин көйгөйүн айтып келген гезитсиңер. Биз ошон үчүн калтырбай окуйбуз. Биздин бийлик бутактары качан Бакиевдин "куйруктарынан" арылат? Свердлов РОВДны башкарган Айбек Нусубалиев кызмат десе "жатып" бергенге даяр. Ал 2009-жылы өлкөбүздөгү президенттик шайлоодо, "Бакиевди колдоп койгула" деп элге акча таратканын укканбыз. Ушундай адамдар жогорку кызматта иштеп турганда биз оңолбойт окшойбуз?
Айылдашы

6217. Абдылдаев Нурдинди кайсы бир гезиттен көрүп калып, кыжырданып жаман болдук. Себеби, 2005-жылы биздин Чүй районунан депутаттыкка өткөн. Акаевдин өкүл баласы экен, эми "өкүл атасы менен өкүл апасынын убадаларын аткарат" деген ишенимде шардана шайлаган элек. Ал болсо, парламентке барып алып, балык депутаттардын катарын толуктаган. Ошондон бери а кишиге болгон ишеним өлгөн. Эми губернатор болуп шайланган имиш. Мына, Кыргызстан ушинтип "алга" карай өсүп атабыз.
Чүйлүк шайлоочулар

6218. Бешик-Жондуктарга чоң салам жана Мамбеталиев мектебинин мугалимдерине чың ден соолук, иштерине ийгилик каалап кетмекчимин!
2064 абоненти

6219. Кыздар СМС жазгыла. Чыдамсыздык менен күтөм! Атым Байжан.
Тел: 0700-777-890

6220. Президент эжебиз, "адамдар интернет келгенден бери китепке кызыкпай калды" дегениңиз туура эмес. Мен ушу күнгө чейин китепсиз жашай албайм. Дайым колтугумда китеп жүрөт. Кыргызча, орусча. Айтор, китепсиз тура албайм.
0956 абоненти

6221. Түштүктө "черныйлар" четке качып, ала допучандар кутура баштады. Бир жагынан "черныйлардын" болгону жакшы экен. Алардан сестенип турушчу эле, эми болсо керсейип, көчөлөрдө мурдун көтөрүп басып калышты.
9472 абоненти

6222. Майрамыңар менен "мужуктар"! Кудай силерге ден соолук жана сулуу ойношту бактыңарга жазсын. Бар болгула!
4827 абоненти

6223. А.Атамбаев чын эле кыргызга күйөбү? Же ооматы келип турганда оруска башын ийеби? Чокуга "Путинди" койбойт эле го, чын эле кыргыз деп соксо жүрөгү! Же өзүнүн фамилиясын да "Путин" деп өзгөрткөнү жүрөбү?
Памир

6224. Кымбаттуу көлдүктөр! "Жаңы губернаторлуу болдук" деп сүйүнбөй эле койгула. Абдылдаев Нурдин деген "балык же эт эмес". Бир да айткан убадасына турбайт. Колунан эч нерсе келбейт!
7023 абоненти

6225. Акыркы кезде нарындык, көлдүк журналисттер чогулуп, чай ичкенди өнөкөт ооруга айландырышты. Уялбайсыңарбы! Андан көрө жалпы кыргыздардын кызыкчылыгын көздөбөйсүңөрбү?!
Адам

6226. КТРден "Жаңы башат" берүүсүн көрүп жатып, "Ата Мекен" партиясынын лидерлеринин бири Р.Жээнбековдун деңгээли бийик саясатчы экенине ынандым. Кыргызстанды мына ушундай адамдар туңгуюктан чыгарат. Равшандын ишине ийгилик каалайм!
2732 абоненти

6227. Аяштарым Гүлнара, Элмира, Айжамал, Гуля, Зарыл, Мира, Балкыял, Зыйнат, Гүлбара, Бактыгүл жана өзүмдүн жарым Канымгүлдү 8-март майрамы менен куттуктайм. Үйүбүздүн куту болуп, биздин бактыбызга бар болгула. Жакаларыбыз дайым ап-пак болуп, шымдарыбыздын кыры кетпесин. Биз силерди сыйлайбыз!
Жигит

6228. Көлмө жаңы конушундагы Теңдик көчөсүндө жашаган ай чырайлуу, татынакай сулуу, назик, жаңы ачылган пахтадай болгон коңшу аялзаттарын 8-март майрамдары менен чын жүрөктөн куттуктайм! Силер менен үйлөрүбүз жарык, курсагыбыз ток, көңүлүбүз жайдары, жашообуздун коломтосунда от өчпөйт. Теңдик көчөсүнүн маданият министринин атынан кызуу куттуктообузду кабыл алып койгула.
Теңдиков

6229. Бакиевдин келерине аз калды окшойт. Свет өчмөй башталды.
Күйдүмчок

6230. Аксакал калемгер! Отунбаева менен Атамбаевди мактаганды качан токтотосуң? Адамды аллергия кылып бүтмөй болдуң го? Алдыңа сөөк ыргытып койсо эле мактай бересиңби? Элдин жашоосун көрүп атасыңбы? Мышык ыйлай турган акыбалга келди. Дайыма "айбан" деген сөз оозуңан түшпөйт. Бакиевден башка жаза турган темаң жокпу? Же андан башка тема менен башыңды ооруткуң келбейби?
2667 абоненти

6231. Р.Отунбаеванын үйбүлөсү тууралуу бүгүнкү күндө так маалыматтар болбой келет. "Эл оозунда элек жок" дегендей, ар кандай ушак-айыңдар ар тараптан угулуп атат.
6705 абоненти

6232. Орустан алкаш көп чыгат деп аябай жаңылган экем. Азыркы учурда кыргыздар деле алардан кем калышпай калыптыр. Арак сатуучулар "аракечтер көбөйүп, товарларыбыз бат-бат өтүп турса жакшы болот эле" дешет. Ал эми мамлекет деңгээлинде аракечтиктен улутту сактап кала турган программалар иштебей атканы зээнди кейитет. Журт башыларыбыз бул жөнүндө ойлоп да коюшкан жок.
Жайчыбек, Талас

6233. К.Ташиев менен А.Келдибеков кантип эле баатыр болуп чыга келишти? Мурдагы шайлоолордо Келдибеков менен Марат Султанов кан жолду бууп, Чоң-Алай элин өткөрбөй коюшканда, жөө-жалаңдап ашууларды ашкандары эми да болсо элдин эсинде. Кан жолду буугандар кантип эле баатыр болуп калсын?
Памир

6234. Көлмөдө Теңдик көчөсүнүн президенти Кент байке, сиздин эмгегиңизге кошуналарыңыз абдан ыраазы. Кең пейилдигиңизден эч качан кайтпаңыз. Айнура (первая леди) байбичеңизди 8-март майрамы менен куттуктайм!
Бекен

6235. СМС жазган оозу боштор! Түштүктүн эли ынтымактуу эл. Алар 20 миллион калкы бар ала допучандардын сазайын колго берет. Аларды кууганга эч кимдин укугу жок, алы да келбейт. "Ата-Журттун" артында калдайган калың эли бар. "Ак ийилет, бирок сынбайт" дегенди парламенттик шайлоо далилдеди го? Эми күздө Адахан Мадумаров президенттик шайлоодон жеңет. Бийликтин бардык бутактары "Ата-Журт" партиясынын колуна өтөт. Буга 100% кепилдик бар жана мен буга ишенем.
Оштук

6236. Спикер Келдибеков, сылаңкороздонбой, көзайнекти алып сүйлөчү. Биякта туруп мен уялып кетип атам.
1290 абоненти
6237. Мен сени ойлоп калдым, сага арнап ыр жаздым. Сени дагы көрөмүнбү деп? Гүлүм сени күтүп калдым. Мен сени сүйүп калдым, мен сенсиз күйүп калдым. Жаным сен келбей калдың.
5048 абоненти

6238. Кыздар, силер сүйүүгө ишенесиңерби? Ишенсеңер эмнеге сүйүүңөр үчүн күрөшпөй, башка адамга күйөөгө чыгып кетесиңер?
9525 абоненти

6239. Атам болбосо мен туулуп-өспөйт элем дегендей, "Акжол" менен "Ата-Журт" болбосо, коррупция да туулуп, өнүгүп-өспөйт эле.
0770 абоненти

6240. Мерикей, кыз бала, албетте, данакер болот. Анткени, ал башка үйдүн бүлөсү. Андыктан кызды жакшы тарбиялаш керек. Талкууга салуунун кажети барбы? Муну элдин баары эле билет.
Белый

6241. Муомар Кадаффи эркек экен. Эч кимден, эч нерседен коркпойт тура. Дүйнөнүн оозун ачырып, Ошту каратты. Эл башчы деген ушундай болуш керек.
Бакиржан

6242. Ак калпак
Ак калпак кийген эзелтен,
Кыргызым кыйын элдерден.
Кылымдан кылым карытып,
Ала-Тоо жерин жердеген.

Лакылдап жүрөк сүйүнтүп,
Пешенеге жазылды.
Ак калпагын ардактап,
Кыргызым кайра жаңырды.
Жалпы кыргыз жигиттерин 5-март ак калпак күнү менен куттуктайм!
Максат, Ат-Башы

6243. 60 жаш кутман курагы менен акын агам Шайлообек Дүйшеевге!
Бар болуңуз барпакай мурун акын,
Баалайт сизди дайыма кыргыз калкың.
Хан, бектерге кан какшап жазып келдиң,
Кайдыгерлик кай жакка алпарарын.

Качан болсо кыргызга күйүп-быштың,
Калкың менен бир тартып арабасын.
Кайратыңыз эми да мокобосун,
Кыргызыма жаралган залкар акын!
Максат, Ат-Башы

6244. Мектепте тартип жок. Мугалим сөрөйлөр ар кимди тооруп арак ичишет. Аял мугалимдер - айылчы. Көчө кыдырып, ар кимдин үйүнөн чайынан баштап арагына чейин ичип майрамдашат. Окуучулар көрүнбөгөн жерге барып, тамеки чегип, ичип, түштөн кийин тарап кетишет. Мектептерде тарбия, билим берүү жагы өтө эле начар. Мындай билим очокторунун кимге кереги бар?
2680 абоненти

6245. Азыркы саясый серепчилерибиз Бакиевдин заманында "булар жакын арада бийликтен кетишпейт. Оппозициянын да, элдин да кетиргенге күчү жетпейт" деп ММКлардан байма-бай сайрап келишкен эле. Азыр дагы эски адаттарын карматып, алдыга божомол айта баштады. Т.Какчекеев, Н.Оморов, М.Сариев өңдүү серепчилердин пайдасынан зыяны көп. Булардын азыркы саясатчылардан эч айырмасы жок. Жаңы муундун арасынан акылы тунук, алдыны көрө билгендердин ой-толгоолорун уксак болот эле.
Нукен

6246. Кыргыздар! Бакиев "тезек тергиле" десе, Отунбаева бизди отун кылып жакканы калды. Түндүк-Түштүк маселесине да Бакиев күнөөлүү окшойт.
8878 абоненти

6247. Бакиев кыргыз элине кайрылып жатат. "Элим, мени бир жолу президент кылып шайлап койгулачы. Мен эми Белорус өлкөсүнөн көп нерселерди үйрөндүм, билдим. Эми өпкөм, жүрөгүм, тиягым, биягым, жамбашым каякта экенин билем!"
4548 абоненти

6248. Бүркүт сен ушу "көгүлтүр" окшойсуң. Мени жарга такагың келип атканына караганда. Мен эркекмин! Оозуңа келгенди оттой бербе, төбөгө жейсиң!
Гүлалы

6249. Мен Ташиев, Келдибеков болсом, Түндүк элине алкыш айтмакмын. "Кыргыздын нукура тилин, салтын, маданиятын, адабиятын, улуу Манасын сактап калдыңар. Биз ушу жерден агарып, көгөрдүк. Болбосо, Ошко барып жашагыбыз келбейт" деп. Эмне жамандык көрдүңөр? Айткылачы калыстыкка?!
5039 абоненти

6250. Э байкеңер эмне эрдик кылды эле? Курсагын салаңдатып, той-топурда жүргөнүбү? Ага караганда бүркүт кабак, жаагы узун, чымыр денелүү Курсан Асанов баатырга окшошот.
4905 абоненти

6251. Камчы Ташиев баатыр эмес, Камчы Көлбаев баатыр. Ал 24 жашында Акматбаевге кол салган. Ага москвалык ворлор Орто Азия боюнча предпочтение беришкен. Дүйнө жүзүндө орустардын ворлору күчтүү. Америка түрмөлөрү да орус ворлорунун прогондору менен эсептешет. Бийликтегилер ворго эчтеке деле кыла алышпайт. Анткени, братваларды башкарган бирөө болуш керек. Антпесе зонада беспредел болуп кетет. Вор бир гана саясатка аралашпашы керек. Ал эми М.Турганбаев, К.Дүйшебаев блатнойлорду крышавайт этишет. Экөөнүн тең алкымы жоон. Интервью бергендери жөн эле саясат. Ал эми Атамбаев, Отунбаева, Текебаевдерге бул менттер башка картина тартып коюшат. Азыр торг жүрүп жатат.
9305 абоненти

6252. 3-революцияны иштен алынган соттор, өтпөй калган партиялар, бейкүнөө кармалып жаткан спортсмендер, иштен алынып жаткан губернаторлор, акимдер, айылдык кеңештин депутаттары, айлыгы аз мугалимдер, врачтар, Ош базарынан куулуп ишсиз калгандар жана ачка калган эл жасашат. Ар биринин аялы, тууган-уругу, кайын-журту дегендей.
Асан

6253. Текебаевдин аялы Өмүкенин элеси бар порно-тасма тууралуу детектор- лжиден өтөсүң десе, "өтпөйм" дегени чынбы?
Айжан

6254. Бейкут деп жүрүп, кут кетип, ынтымак ыдырап, экономикабыз өлдү. Бирибизди, бирибиз көрө албай, баатыр эл экенибизди унутуп, коркок, маңкурт элге айландыкпы? Кыргыз эли орус менен сарттын көзүн карап саясат кылып калдыкпы? Качанкыга чейин жан кейиткен жашоо менен күн көрөбүз? Келгиле, биригели, бирибизди-бирибиз колдойлу!
Баргы

6255. Сүйүүгө туруктуу мырзалар менен таанышам. Маякка жооп бербейм.
Тел: 0778-35-05-77

6256. Кыргыз көрө албагандыктын айынан бирибизге бирибиз бут тосуп, кызганып жүрүп, башкаларга шарт түзүп берип, башыбызга чыгарып алып, эми проблема кылып жатабыз. Эгер биз биримдиктүү болгондо, эч ким баш көтөрмөк эмес. Башка улуттар коркконунан (сыйлаганынан) да кысчу жерин кысмак. Улуу кыргыз элим, эсибиз бар кезде бөлүнбөй биригели!
7171 абоненти

6257. Кыргыздар! Кошоматчылыкты койсоңор боло. Ошонун кесепетинен президенттерибиз иштей албай качууга аргасыз болуп атышат. Роза айым келгенде да Акайга, Бакийге жасаган ит адаттарын жазбай кайталашты. Бийликтин кошоматын көрүп туруп, "аттиң, Роза! Сенин да күнүң аз калганбы?" деп чочуладым.
Рая, Ош

6258. ИИМдин орто мектебинин мурунку башчысы полковник Канатбек Тойтуков кыргыз элине кызмат кылып бере турган патриот жигит. Эмнегедир 11-июндан бери бош жүрөт. Ал ИИМдин мектебин таштандыканадан европалык стандартка жеткирген иш билги, эң жаш полковник. Мындай профессионалга кызмат бериш керек.
4471 абоненти

6259. Мелис Турганбаев, Кеңешбек Дүйшөбаевдердин уяттары болушса, Кудайдан коркушса, "бандиттер менен күрөшүүгө биздин моралдык укугубуз жок" деп баш тартышса, эркекче болмок. Кайран "кыраандар" уят дегенди эчак эле жыйыштырып койгонсуңарда ээ?
9095 абоненти

6260. Урматтуу Алмаз Шаршенович! Сиз кадр жагынан бир топ эле аксап жатасыз. "Жаман айтпай жакшы жок" деген ата-бабабыз. Айтайын дегеним, Шамил Атахановго окшогон тили бурууларга күч структураларын бергиче, полковник Тойтуков Канатбек Ормошевичке окшогон иш билги патриот, кыргыз дегенде ичкен ашын жерге койгон азаматтарыбызга берсеңиз болмок. Өлкө үчүн күйүп-бышып иштеп бермек!
Акен таздар

6261. Бийлик бутагында Бакиевдин "куйруктары" турганда, Д.Үсөнов эмес, Бакиевдин өзү деле сайрандап келе берет. Кыргызга күйгөн кыргызды сүйгөн жаштар 7-апрелде Бакиевди кетирип, 87 азаматыбыздын кырчындай өмүрлөрү кыйылды. Ал эми Бакиевдин "куйруктары" креслону катуу кучактап кала берген өңдөнөт. Булар март айынын орто ченинде Бакиев акасына учурашканы барышат. Ошо бойдон Кыргызстанга жолотпош керек.
Кубарман

6262. Каракол шаарындагы жакшы көргөн кызым Бурулга чоң салам! Кайда болбо бактылуу бол. Ден соолукта, ата-энең, бир туугандарың менен аман-эсен жүр!
0790 абоненти

6263. Бурул! Сени чексиз сүйөм. Сени эч качан унутпайм. Кайда жүрсөм да кыялым сенде. Абдан сагындым. Караколго жетпей жатам. Мүмкүн жакында барып калам. Кучагыма толуп, моюнума оролуп турсаң... Аттиң!.. Өзүң билесиң, сенсиз жашоо мен үчүн кызыгы жоктой. Сени сүйгөндөн тажабайм. Кыялымда сени менен гана жашап келем. Көрүшкөнчө...
Ырыс

6264. И.Жунусов "1 млрд. 232 млн. сом акча табылды. Январдан баштап мугалимдердин айлыгын 30% көтөрөбүз" деген элең. Сен кандай сөзүңө турбаган немесиң. Эркек болгондон кийин эркек бол. Болбосоң юбка кийип, Ж.Жолдошеванын подружкеси болуп колтукташып жүрө бер да.
Осмон, Ош

6265. А.Атамбаев былтыр жазда Ошко барып, "24 сомдон солярка келет" деген. Бирок, ал соляркасынын дайыны жок. Ошондой эле "президенттик-парламенттик шайлоого катышпайм" дедиңиз эле. Азыр деле убадаңыз күчүндөбү же?..
Осмон, Ош

6266. Эй кыздар, жалпы жаштардын атын булгап жатасыңар. Жоопкерчиликти моюнга алып жүргүлө! Мурда кыздар ыймандуу эле. Анда кыздар талтаңдап, ичкилик ичпей, "жатабыз" дебей эле жүрчү эле. Абийириңерди көздүн карегиндей сактагыла! Балдар биз дагы кыздарга кыянаттык кылбайлы. "Менин эже-карындашым ушундай абалда калбайт" деп.
1099 абоненти

6267. Азыркы өкмөттүн жогорку бутагында бийлик жүргүзүп жаткандар! Башка өлкөнүн элдерине уят болуп бүттүңөр. Бакиевди иштетпей куудуңар. Мүйүзүңөр чыктыбы? Текебаев, сиз кичине болсо да Кудайдан коркуп койсоңуз боло!
5238 абоненти

6268. Нарын, Ысык-Көл, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен КТРдин орусча берүүсүн көрүшпөйт. Орус тилдүүлөр үчүн 50дөн ашык канал бар. Көрө беришсин да. Эмнеге эле КТРди орустарга таңуулап атабыз? Артында эмне деген саясат жатат? Мага түшүндүрүп койгулачы бай болгурлар!
0593 абоненти

6269. Аскарбектин уулу, Кара-Балтанын кулуну. Назарыңызда тамада, эстрада ырчылары, бийчилери менен элге кызматын сунуштайт. Видео, монтажы менен.
Тел: 0556-02-11-55, 0705-02-11-55,
0773-15-01-60

6270. Коррупция менен криминалды жоебуз деп, элди алдаганды токтоткула! Издегениңердин баары бийликте бакыйып отурбайбы! Аларды Кудай жазалайт. 87 баланын каза болгонун ушинтип унутуп коебузбу?
3670 абоненти

6271. Кадимки Манасты да эне тапкан. Манасты Манас кылган Каныкей болгон. Урматтуу кыргыз элимдин назик аялзаттары! Сиздерди келе жаткан 8-март майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Апалар, эжекелер, карындаштар! Сиздерге ден соолук, узун өмүр, чексиз бакыт каалайм. Сиздер бар, биз бар. Үйбүлөнүн биримдигин кармаган сиздер. аман болгула!
Ырыс, Каракол

6272. Алтыным апа! Сизди келе жаткан 8-март майрамыңыз менен куттуктайм! Узун өмүр, ден соолукта болуңуз. Эч нерсе ойлобостон биздин жаныбызда жүрө берүүңүздү каалайм! Кенже уулуңуз деп билиңиз.
0790 абоненти

6273. Кыргыз тилде Манас бабаң сүйлөгөн, "киргиздерге" кыргыз бол деп үндөгөм. Караңгыны жарык кылса ай келип, кыргыз тили кыргыз үчүн күнгө тең. Өкүндүрөт кыргыз тили көп сүйлөнбөй калганы, өкүндүрөт бабаң Манас сүйлөп келген кыргыз тилин чанганы.
Кыргызхан

6274. Бөлүнбө кыргызым, бөксөрбөс ырысың. "Бөлүнгөндү бөрү жейт" унутпа мунусун. Кыргызды бөлгөндөр, кыйналып өлүшсүн. Түндүк-Түштүк дегендер, түрмөгө киришсин. Элимди бөлгөндөр, эшектер деп айтамын!
7789 абонент

6275. Асманда жылдыз жаркырайт, көчөдө жүрсөң, кыргызым жалдырайт. Келгилечи кыргызым, ынтымактуу бололучу, бар, бай жашоо бизге буюрсун.
Нурсултан

6276. "Ата Мекен" партиясын колдоймун. "Ата-Журтту" жек көрөм.
Чагылган

6277. Мен ойлойм, ушу "Ата-Журт" партиясын көрө албагандар Кадыржан Батыровдун адамдары деп. Себеби, кыргыз үчүн күйгөн, төшүн тоскон бул жигиттерди баарыбыз сыйлайбыз.
Базар-Коргондуктар

6278. Лейлек районуна караштуу И.Раззаков айылындагы быйылкы бүтүрүүчүлөргө ысык салам! Келечекте бактылуу жаштардан болушуңарды каалайм.
Эламан

6279. Меку, келе жаткан майрамың менен. Сага кааларым эч качан ооруба, дайым күлүп-жайнап жүрө бер!
Иса

6280. Кымбаттуу апаке! Сизди келе жаткан аялдар майрамы менен куттуктайбыз. Ар дайым күлүп-жайнап, балдарыңыздын бактысына бар болуп, сый-урматын көрүңүз!
Эламан, Чика, Айбек

6281. Эне! Сизди келе жаткан аялдардын эл аралык майрамы менен кызуу куттуктайм! Балдар-кыздарыңыздын урмат-сыйын көрүп, төрүбүздүн көркүн чыгарып жүрө бериңиз, оорубаңыз!
0808 абоненти

6282. Талды-Булак айылындагы Самат кызы Айзатты өтүп кеткен 27-февраль туулган күнү менен куттуктайбыз. Айзат ата-энеңдин үмүтүн актаган, акылдуу, кайрымдуу, ыймандуу кыз бол!
Апаң, эжелериң

6283. Алай районунун Корул айылынын атактуу жана ардактуу атуулу атам Адылов Абдыкеримди 3-март туулган күнү менен куттуктайм! Апам менен бирге узак өмүр сүрүшүңөрдү Кудайдан тилейбиз.
Жылдыз, Динара

6284. Милицияны реформалоо түшүнүгү бир гана структуралуу орун алмашуу эле маанисинде эмес, биринчи ирет милиция кызматкерлердин элге кылган мамилеси жана кесиптик деңгээлинин негизинде болуу керек. Уюшулган кылмыштуу топторго согуш жарыялагандай ИИМдин кайсы кадрлары күрөшөт? Көлбаев, Анапияев, Бокушевдер кайда? Бул жыл сайын көрсөтмөлүү жасалган шоу токтойбу же чындап эле ушул адамдарды кармап келишеби?
Патриот

6285. Бийлик жана ИИМдин жетекчилери кимге согуш жарыялаганы белгисиз. Уюшулган кылмыштуулуккабы же өздөрүнө-өздөрүбү? Элди Акаевдин да, Бакиевдин да режимдери алдап кеткен. Бир жагынан согуш жарыялап, экинчи жагынан алар менен кучакташып, коркунуч пайда болгондо телефон аркылуу эскертип (качырышып), анан пиар кылып аларды издөөгө беришет. Мындай көрүнүштөр мурун деле Кыргызстанда болуп келген. Бийликтегилер келет-кетет. Бирок, саясый оюн-ыкмалар ошол эле бойдон калыптыр. Эч өзгөрүүсүз.
Нарынбек

6286. Экономиканы көтөрүү программасы болбогондон кийин, кайсы бети менен бийликке келди дейм да. Уяты жок экен.
9672 абоненти

6287. Мейли 5-март "Ак калпак" күнү болсун. Каршылыгым жок. Муну ким ойлоп таба салды? Бизде майрам аз болуп атабы? Ансыз деле бир жуманын алты күнүн майрамдап, бир күнүн дем алыш кылып келген кыргызга жага бербей калды да!
0100 абоненти

6288. Чынчылдык чыныгы күч. Аны митаамдар гана түшүнүшпөйт! (Артуро Граф)
1099 абоненти

6289. Өмүке, чындык мекен үчүн! Акыйкатчыл адам - бактылуу адам! (Жан Жак Руссо)
1099 абоненти

6290. Кыргыздар-адам бололу! Чайпалсак да, төгүлбөйлү! Ыплас оюндар качан токтойт? Саясатыбыз оңолсо...
0133 абоненти

6291. Жылдыз Жолдошева "коомдук каналдагы кароочу кеңешти кайра түзөлү" деп демилге көтөрүп, алдыдагы президенттик шайлоого аракет көрүп атабы? "Атажуртчу" инилери үчүн чуркап, сүттөн ак көргөзүү үчүн. Бирок, алар жууса да кеткис болуп булганып калган.
Кундуз

6292. Улутман кемчилигиңди моюнга алганың, бул жигитчилик. Азаматсың. Жөөттөрдү мен деле жаман көрөм. Бирок, бардык гезиттен окшош СМС окугандан тажайт экенсиң да.
Гүлалы

6293. Атактуу 2006-жылкы митингдин жандуу катышуучусу болуп жүргөн А.Атамбаев мырза! Сиз "административдик реформа керек" деген элеңиз. Менимче ошондогу айтканыңызды ишке ашырууга убакыт келди окшойт. Чакан өлкөбүздө 7 губернатор, 40тан ашуун райаким иштеп атат. Анын канчалык пайдасы жана зыяны бар экенин көрүп жатсаңыз керек. Андан көрө ушуга корогон акчаны мугалимдерге жумшасак жаман болбос эле.
3388 абоненти