Талаш

Мегаком: "Кансыз" согуштун катылган таржымалы
Өлкөнүн өтө саясатташып кеткенинен уламбы, айтор, азыр коомчулукта "саман өрттөнүптүр" деген сөз "Самарканд өрттөнүптүр" делинип көркөмдөлчү болду. Өкүнүчтүүсү, ушундай ушак -айың, бурмаланган маалыматтар менен элди сугарып, упай топтоп, байлык, бийликке жетүү адатка айланып баратат. Айрыкча ири каражат айланган мекеме - ишканаларды, компанияларды өз кызыкчылыгы үчүн курмандыкка чалууда чиновниктер мындай ыкманы мыкты өздөштүрүшкөн. Кеп кезеги ошондой амалдуу чиновниктердин чеңгээлине түшкөн, айтылуу MegaCom компаниясы жөнүндө.

Улутташтыруубу, же басып алуубу?
Кыргызстанда улутташтыруу процесси 2010-жылдын апрель айында башталганын баарыбыз билебиз. Андагы Убактылуу өкмөттүн (УӨ), азыркы бийликтин маалыматы боюнча темир тулпарлардан тартып, "Мегаком" сыяктуу компанияларды кошкондо жалпысынан 47 объект улутташтырылган. Бирок, ооз толтура айтылган "улутташтыруудан" кыргызстандыктар эмне утканы эмдигиче бүдөмүк. Мамлекеттик мүлк министри Нурдин Илебаев Кыргызстандагы объектилерди улутташтыруудан мамлекетке бир тыйын да киреше түшпөгөндүгүн ачык эле айтып келет. "Башкасын коюп, Манасты айт" дегендей, Кумтөрдөн кийинки эле кирешелүү ишкана болгон "Мегаком" уюлдук операторун улутташтырууга келсек, талаш маселелер өтө көп. "Чү" деген эле жерде, улутташтыруу вазийпасы кайсы ведомствонун ыйгарым укугуна кирет, кайсыл нормативдик актылардын негизинде компания улутташтырылды (?) деген олчойгон эки суроо чыгат. КМШ өлкөлөрүндө инвесторлордун укугун коргоо тууралуу конвенциянын 9-пунктунда (2000-жылы 3-мартта атайын мыйзам менен Кыргызстан бул конвенцияны ратификациялаган) "Инвесторго адекваттуу компенсация төлөнмөйүнчө улутташтыруу же реквизициялоо жүргүзүлбөйт" деп ташка тамга баскандай жазылган. Башмыйзам иштебей атса, башкасын не кылабыз дегендейби, негедир бул конвенция "Мегакомду", башка объектилерди улутташтырууда таптакыр эске алынган жок. Эч кандай соттук чечимдерсиз, менчик ээлеринин, инвесторлордун чыгымдары төлөнүп берилбестен эле УӨнүн декрети менен бир топ объектилер "улутташтырылды".
Мамлекеттик мүлк министрлиги (МММ) "Мегаком" Максим Бакиев жана анын жакындарыныкы делген "Алфа-Телеком" ЖАКсына тиешелүү болгондуктан улутташтырылганын бетке кармайт. Ооба, чындыгында 2009-жылы максимчилер россиялык инвесторлордон компанияны толугу менен тартып алышып, "БиМоКом" ЖЧКсын "Альфа-Телеком" кылып кайра каттатышкан. Бирок, россиялыктар жергиликтүү, эл аралык соттордо менчиктик укугуна ээ экендигин, "Мегакомдун" 51 пайызы алардыкы экенин далилдешкен. Жогорку Кеңештин улутташтырылган мүлк боюнча комиссиясы да буга макул болуп, чекит коюну өкмөткө тапшырганы жашыруун эмес. Бирок, акыркы чечим чыккыча эле "Мегакомду" бийлик тарабынан дайындалган жаңы "менеджерлер командасы" ээнбаштык кылып басып алды. Басып алганы аз келгенсип, Азамат Мурзалиев командасы бардык ММКлар аркылуу компаниядан тышка чыгарылып кеткен миллиондогон жашылбайлар тууралуу "жомокторду" элге таратып келишет. "Жомок" дегенге негиз бар. А.Мурзалиев ушу кезге чейин айткандарынын бирин да факты менен далилдей албай келатат.

Азамат Мурзалиев казактардын кишисиби?
Ушундай мааниде "Деньги и власть" гезитине оозду ачырган макала жарыяланган. Кыргызда "жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" делет. Кыскарта чапсак анда мындай делет: "Интернет баракчаларында Азамат Мурзалиевдин 1973-жылы туулгандыгы, аялы, төрт баласы бар экендиги, улуттук университеттин физика факультетинде окуп, кийин Түркиянын Босфор университетинин экономика факультетин бакалавр менен аяктагандыгы бадырайта жазылган. Кыргызчаласак, бакалавр - бул толук бүтпөгөн жогорку билим. Түркия ЖОЖун аяктаган Азамат мырза Казакстанда эларалык аудитордук фирмалардын филиалдарында иштегени гана болбосо, мамлекеттик, жеке ишканаларда иштеп көрбөгөн. Бирок, бул негедир анын 2010-жылдын август айында Мамлекеттик мүлк министринин орун басары, кийин Улутташтырылган мүлктү башкаруу фондунун(УМБФ) жетекчилигине дайындалышына кымындай да жолтоо болгон эмес. Мурда-кийин жетекчилик кызматтарда иштебесе, оппозицияда болбосо, жок дегенде КСДП мүчөсү же Отунбаева Роза Исаковнанын (РИО) жердеши же жакыны болбосо кандайча А. Мурзалиев министрдин орун басары болуп кетти деген турасызбы? Таң калуунун кереги жок. Аны УМБФнын башчылыгына так ошол канайым отургузган. Көрсө, Мурзалиев канайымга тууган, жердеш эмес, канайым менен Амангелди Муралиевдин балдарынын бир кездеги курсташы (Түркиядагы) экен.
УМБФ бир жылдык өмүрүндө эч кандай отчет бербегендей эле, А. Мурзалиев УӨнүн декрети менен улутташтырылган мүлк тизмесине кирбей калган мекемелерди эмне кылганын айтпай акырын бул кызматтан жылып кеткен. Мындай мекемелердин арасында Максим Бакиевдин 90 пайыз үлүшү "25 кадр" ЖАКсына тиешелүү "КомСвязь" ЖЧКсы да бар эле. Коомду уу-дуу кылган негизги каарман Мурзалиев бир кезде "Альфа-Телеком" менен коммуникациялык жаатта тыгыз иштешип, ага ири сумма карыз болуп калган "КомСвяздын" 90 пайыз үлүшүнө УМБФнын арты менен ээ болуп алган. Кийин ал жерге Мурзалиев өз директорун дайындайт. Көп өтпөй, беттырмаарлык кылып "КомСвяздын" жетекчилиги "Мегакомго" мамлекеттин атынан мурдагы схема менен иштешүүнү талап кылат. Буга көнбөгөн "Мегакомду" Азамат Мурзалиев аяш атасы Амангелди Муралиев менен биргеликте сотко берип, болбогон желкызматы үчүн 3 млн. доллар сурайт. Мындан соң сот "Мегакомдун" эсебин камакка алып, УМБФ ачык эле компания менен тиреше баштаган. Оңой менен "Мегакомдон" акча чыкпасын билген Мурзалиев, эч ойлонбостон "жөнөкөй" "Мегакомдун" тышкы башкаруучулук кызматына секирет. Ошентип, акырындап ал табакташы Даир Кенекеевдин арты менен компаниянын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалат.
Баарынан кызыгы, интернет булактарында, айрым ММКларда А.Мурзалиевди казак олигархы, "Самрук казынанын" жетекчиси Айдын Карибжановдун досу Алмаз Чукин жибергени айтылат. Айрым коопсуздук боюнча эксперттердин айтымында, Азамат Мурзалиевди "баурдастар" Кыргызстандын уюлдук мейкиндигине толук ээлик кылуу максатында жиберишкен. Буга ишенбей коюуга да болбойт. Анткени, Кыргызстанда "Скаймобайл" (бренди "Билайн"), "Нуртелеком"(бренди "О") казактардыкы. Жалгыз гана "Альфа-Телекомдун" (бренди "Мегаком") жарымы Россияныкы, жарымы Кыргызстандыкы"

Компанияны көз көрүнөө көмүү аракеттери
Чынында "Мегакомдун" ийгилиги, ири кирешелери, төрт жыл ичинде телекоммуникация тармагында лидер болуп чыга келиши көп чиновниктердин, ал тургай казак олигархтарынын уйкусун бузганы көрүнүп турат. Компаниянын 2010-жылкы салыктык которуусу 1 млрд. сом болсо, жыл ичинде "Мегаком" ар кандай жардамдарга, кайрымдуулулук иштерине, ири социалдык долбоорлорго бир нече он миллиондогон сомду которгон. Россиялык инвесторлордун кайрылып келиши менен компания жанданып, 2011-жылы алыскы райондорго 130 базалык станцияларды орнотуу пландаштырылып, Penwell Business limited "Мегакомго" 50 млн. доллар инвестиция салууну көздөп жаткан. Жаңы жетекчиликтин келиши менен баары тескерисинче кетти. Абоненттерге жар салынган 3G аталган үчүнчү муундагы уюлдук байланыштуу киргизүү унутулуп баратат. Анын жабдыктары складдарда чаң басып жатса, Мурзалиевдин IT боюнча жаңы орун басары интервьюлардан колу бошобой жүрөт. "Мегакомдун" бир кездеги кайрымдуулук иштери бүт токтоп, алыскы региондорго, ал жактагы аз камсыз болгондорго көмөк көрсөтүү, өлкө спортсмендерин, майыптарын, таланттууларын, согуш ардагерлерин, карыларын колдоо иштери таптакыр унутулган. Бир кездеги эл досуна айланган "Мегакомдон" азыр дайын жок. Ушунун баарын билип туруп жаңы өкмөт негедир чыныгы менчик ээлеринин кызыкчылыгын коргоого анчалык көңүлдөнбөгөндөй. Учурдан пайдаланып Мамлекеттик мүлк министрлиги компанияны толугу менен өзүнө каратып, өз тартибин киргизүүгө жан үрөп келет.
Өзүн-өзү компаниянын кожоюну жарыялаган Мегакомдун азыркы жетекчилиги үчүн маалыматтык актануу, россиялык инвесторлорду каралоо кымбатка туруп жатканы акылы жетик адамга айкын эле көрүнүп турат. Бизге жеткен маалыматтар боюнча эки жума ичинде, компания 45 миң активдүү абоненттерин жоготкон. Компания жума сайын олчойгон чыгымдарга учурап, кырдаал курчуп баратат. Ага болбой эле Мурзалиев командасы өзү отурган бутакты тааруу менен алек. Мындай аракетти көрүп туруп, компаниянын азыркы жетекчилигинин негизги тапшырмасы - аны банкрот кылып, казак холдингине арзыбаган акчага пулдап жиберүү экенин байкоого болот. Мамлекеттин атынан жоопкерчиликти алып, компанияны өнүктүрүүнүн ордуна, мурунку жетекчиликти каралоого аянбай акча жумшап жаткан Азамат Мурзалиевдин аракетине мындан башкача мүнөздөмө да бере албайсың.
Ойлоп табылган 10 млн. жана 15 млн. доллар
"Мегакомдун" азыркы жетекчилиги январь айында компаниядан 10 млн. доллар уурдалганын, муну алар 2010-жылдын 12 айлык кирешеси 9 айлык кирешеден бир кыйла аз болгондугунан билип калышканын "сүйүнчүлөшкөн". Көрсө, Маммүлк министрлигинин экономисттери 2010-жылдын так жыйынтыгы 2011-жылдын март айында чыгарын билбей, шашылыш шаң кылышыптыр. Ошентип, мында бир алардын абийири айрандай төгүлдү. Бул кара пиар калкка сиңбей калганда, Мурзалиев, Кенекеевдер "Montgomery" оффшордук компаниясы аркылуу 15 млн. доллар чыгарылган" доосун ойлоп табышкан. Эки саат өтпөй бул шылтоонун да шымы шыпырылды. "Montgomery Corporate Limited" компаниясынын Кыргызстандагы жетекчиси Сергей Любанов маалымат жыйынын өткөзүп, айтылгандардын баарын төгүнгө чыгарды. Любановдун "Montgomery" "Мегакомго", Кыргызстандагы башка уюлдук компанияларга көп жылдан бери сапаттуу сервис менен кызмат көрсөтүп келатат. Биз Бакиев убагында да, ал кеткенден кийин да өз ишибизди таза аткарып жатабыз. Керек болсо Европалык сотто өзүбүздүн профессионалдык жана бизнес репутациябызды коргоого даярбыз" дегенинен кийин, 15 млн. доллар тууралуу ооз ачууга да болбой калды. Мында бир "Мегакомдун" азыркы жетекчилигинин жалганы ачыкталды.
"15 млн. операциясы" ишке ашпай калган соң, Мурзалиев жана анын оң колу, юридикалык маселелер боюнча орун басары Илим Карыпбеков дагы бир "жомокту" ойлоп табышкан. Жомок "россиялык инвесторлор болгон эмес, а "Альфа-Телеком" "БиМоКомго да, россиялыктарга да тиешеси жок, таза иштеген компания деп башталат. "Альфа-Телеком" абоненттердин акчасына түзүлгөн мамлекеттик компания, а Penwell Business limited оператордук бизнеске 100 млн. доллар салганын, россиялык мыкты адистерди тартып, Мегакомду түзгөнүн далилдесин" деп уланат "жомок". Тилекке каршы, буга да ишенгендер аз болду. Анткени, "Мегакомдун" пайда болушу менен уюлдук байланыш тарифи арзандаганын эл жакшы билет. Компанияга беш жыл бою мамлекет бир тыйын да салбаганын башкалар билбесе, Бакиев убагында иштеген мамчиновниктер жакшы билишет. Андыктан, "мамлекеттик акыйкаттык орнош керек", россиялык инвесторлор болгон эмес сыяктуу популисттик ураандарга ким ишенет?
Баса, Мурзалиевге таянып алып, азыркы маалымат "согушунун" "дирижеру" болуп аткан Илим Карыпбеков деген "азамат" жөнүндө да айта кетели. Бу шакылдаган жигит бир кезде ар кимден ыдык көргөн журналисттердин сот иштерине жардам берип жүргөн. Кийин Бакиевдин катчылыгына ыргытылып, ал жерден Оксана Малеванаянын оң колу болгонун, журналисттердин үнүн басууда барскан болуп, кичине эле өз алдынча сүйлөгөндөрдү Ак үйгө чакыртып, "акыл насаат" айтып турганын азыркы журналисттер эстеринен чыгара элек. Карыпбековдун кантип барскан болгонун эске алганбы, кийин бийлик ага борбордун чок ортосунан квартира бергенин да айтып жүрүшөт.
Эми бир кездерде Бакиевдерге сатылган, азыр Мурзалиевдер менен иштешип аткан жигитти мындан ары да сатылбайт дегенге болобу?..

Улуттун жыты да жок рейдерлик
Шибегени капка ката албаган сыңары, "Мегакомдун" азыркы жетекчилиги, айрым өкмөт мүчөлөрү канчалык актанып, мактанбасын алардын рейдерлиги уламдан улам ачыкталып келатат. "Компаниянын мурдагы менед
жменти 49 пайыз акцияны өз эрки менен бергендиктен биз аны улутташтырдык. А 51 пайыз акция талаш болгондуктан, ага үч кылмыш ишин козгоп сотко бергенбиз. Жаңы Башмыйзам боюнча жеке менчикке эч ким тийише албайт. Эми азыр жаңы өкмөт өзүнүн чечими менен чет элдик компаниянын 51 пайыз үлүшүн алганы жатыптыр. Муну мен рейдерлик, баскынчылык деп эсептейм. Бул кандайдыр бир деңгээлде бир кезде Максим Бакиев жасаган рейдерликке окшоп турат" дейт УӨ мүчөсү Азимбек Бекназаров. Эксперт-юрист Мурат Мадыковдун айтымында, (улутташтыруу тууралуу декретти мыйзамдуу деп кабылдаган күнү да) акыйкаттык үчүн мамлекетке алынчу мүлктүн базардык баасы чыгарылып, менчик ээсине алдын ала ал сумма төлөнүп берилиши керек. "Мындан сырткары, менчик ээсине улутташтыруу мыйзамдуу болгон-болбогонун билдирүүгө, мүлкүн туура баалоого мүмкүнчүлүк берилиши керек" дейт эксперт-юрист. Бул айтылгандарга таянсак, "Мегакомду" басып алып, кайра инвесторлорду каралаган А. Мурзалиевдин аракети улутутташтыруубу же басып алуучулукпу?

Азаматтын акыркы аргументи да жалган
"Мегакомдо" акча чыгаруу боюнча Максим Бакиевдин кара схемалары болгон" делет Мурзалиев командасынын акыркы аргументинде. Penwell Business Limited компаниясынын пресс-катчысы Мария Сафронованын жообунан соң бул аргумент да суу кечпей калды. "Альфа-Телекомдон" акча чыгарылып кеткендиги тууралуу маалыматта эч кандай сенсация жок. 2009-жылдан баштап Максим Бакиев чөйрөсүнүн көзөмөлүндө "Альфа-Телекомдон" акчалар активдүү чыгарылып турганы чындык. Бул боюнча кезинде коомчулукка билдирип, эл аралык сотторго да кайрылганбыз. А 2010-жылдын апрелинен тарта "Альфа-Телеком" активдерин кайтарып алуу боюнча чараларды көрө баштаган. Алсак, май айында компания MGN Capitalды сотто утуп, 1 млн. долларын кайтарып алган. Кийин Мегакомдун россиялык инвесторлору менен кыргыз бийлигинин ортосунда өз ара түшүнүүлөр болуп, эки тарап "Альфа-Телекомдогу" бардык финансылык-чарбалык иштерди текшерүүгө макулдашышкан" дейт Мария Сафронова. Көрүнүп тургандай, россиялык инвесторлор, кыргыз чиновниктери Кенекеев, Мурзалиевсиз эле Бакиев схемасын беш колдой билишкен. "МСН" гезитине берген маегинде декретте көрсөтүлгөн 49 жана 51 пайыз жөн жерден чыкпаганын, компаниянын Максимге тиешелүү (мыйзам боюнча мамлекетке тиешелүү болмок) 49 пайызына талаш жок экенин билдирген. Анткени, Penwell Business Limited башында эле "Мегакомдун" 49 пайызы Кыргызстандыкы, 51 пайызы инвестордуку деген келишимге макул болуп, оператордук ишин баштаган.

Бакиев "батальону" өз ордунда…
Мурзалиев, Кенеекевдер болушунча "Мегакомдун" мурунку жетекчилиги Бакиев кланы менен тыгыз кызматташып келген деген коомдук пикир жаратууга жандалбас уруп келет. Анда Азамат Мурзалиевдин башкы директордун милдетин аткаруучу болору менен Елисеевдин ишенимдүү адамы Эмил Худаяровду өзүнө кеңешчи кылып алганын кандай түшүнөбүз? Эске салсак, апрель окуясынан соң Эмил Худаяров "Мегакомдогу" кызматынан алынган. Эми минтип Бакиев кланынын кара схемасы тууралуу бакылдап аткан Мурзалиев кайра аны өзүнө кеңешчи кылып отурат. Баса, кезинде Елисеевдин бардык финансылык маселелерди чечүүдө Худаяровго кудайындай ишенерин эске алсак, анын бакиевчил адам экени ачылат. Эмил Худаяровго көз жумган күнү да, Азамат Мурзалиев командасынан апрель окуясынан соң бакиевдик катчылыктан куулган адамдарды кезиктирүүгө болот.

Россиялык инвесторлорго түкүрүп да коюшпады
Кыргызстан бюджетине ири киреше берип, россиялык инвесторлорду тарта турган мекемедеги чууга Москва да маани берүүгө аргасыз болду. Россия тараптын демилгеси менен "Мегаком" маселеси соода-экономика боюнча кыргыз-россиялык өкмөт аралык комиссиясында да каралып өттү. Россия мамдумасынын депутаты Семен Багдасаров премьер-министр Алмазбек Атамбаевге официалдуу билдирүү да жөнөткөн. "БиМоКомдун 51 пайыз акциясы бар "Альфа-Телеком" ЖАКсын 100 пайыз улутташтыруу, түз айтканда россиялык менчикти басып алуу менен эле барабар. Бул кыргыз-орус кызматташтыгына эле эмес, жалпы Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк инвестиция тартуу келечегине доо кетирет" деп айтылат Мамдума депутатынын билдирүүсүндө. Кийин ал жергиликтүү маалымат агенттигиндеги маегинде "кыргыз бийлигинин компанияны Максимден алганы туура. А россиялык инвесторлор эмне? Аларга түкүрүп да коюшкан жок. Бул жерде россиялык акцияны тартып алып, аны улутташтырып, кайра башка жакка сатуу принциби тургандай. Бул эки өлкөнүн өнөктөштүгүнө катышы жок, өзүмчүлдүк" деген пикирин билдирди. А мындай сыпаттоо, албетте кимдерге жолдонгонун "Мегакомду" жыга чаап, экинчи бирөөгө сатууга аракет кылгандарга багышталганын алар жакшы түшүнүшөт.

"Альфа-Телекомду" алуу үчүн ар кандай оюндар болду
Так иштеп, аз убакыт ичинде "Мегакомду" кирешелүү компанияга айландырган менеджерлер командасы өлкө президенти Роза Отунбаевага, премьер-министр Алмазбек Атамбаевге ЖК төрагасы Акматбек Келдибековго, коомчулукка ачык кат жолдошкону баарыбызга маалым. Бул документте менеджерлер тобу жылан чакпай, жылкы теппей туруп эле эч себепсиз кызматтарынан алынганын билдиришкен. Андрей Силич баштаган менеджерлер тобунун билдиришинче, компанияны негизсиз акча чыгарып кетүүлөр боюнча айыптап, улутташтырууну, элге ак кызмат кылууну жамынып аны тартып алуунун артында өкмөттөгү лөктөр турат. "Биз негизги менеджер тобусуз "Альфа-Телеком" ЖАКсынын финансылык-чарбалык ишине аудит жүргүзүү мүмкүн эмес экенин билдиребиз. Бизге тагылган айыптарга жооп берүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатышат. Маммүлк министрлиги, Финансы полициясынын биргелешип бардык менеджерлерди кызматтан алуусу, бул органдардын тагылган айыптарды так, калыс чечүүгө кызыкчылыгы жок экенин далилдеп турат. Мамлекеттик органдардын минтип ачык зомбулук көрсөтүүсүнөн улам, мындан ары да биздин ишибизди каралоо үчүн ар кандай арам оюндар, бурмалоолор болот деп айтууга болот" деп аяктайт "Мегакомдун" мурдагы жетекчилигинин ачык каты. Бул билдирүүдөн кийин революция рейдерлик үчүн болгонбу деген да ой келет.

"Ак ийилет, бирок сынбайт"
Эстеп көрсөк, буга чейин Азамат Мурзалиев компаниянын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп, "мыйзамдуу дайындалганын" кан какшап келген. Анын бул кожоюндугу Жогорку Кеңештин жыйынында мыйзамсыз экени билинди. Жыйында депутаттар Финансы полициясынын өкүлүн, Мурзалиевди жарга такашып, акырында ал өзүнүн арызынын негизинде Финполиция "Мегакомго" тинтүү жүргүзгөнүн мойнуна алган. Буга удаа эле Мурзалиевдин "Альфа-Телекомдун" башкы директорун Маммүлк министри Нурдин Илебаевдин буйругу менен эле алмаштыра албастыгы далилденген. Учурда Башкы прокуратура Азамат мырзанын кайсы укуктук негиздерге таянып, "Мегакомго" мине калганын тактап жатат. А орун басарларды он беш мүнөттө ордуларынан ыргыткандыгы үчүн А Мурзалиевге Эмгек кодексинин 185-статьясы менен кылмыш иши козголушу толук мүмкүн. Компаниянын жетекчилигин ал Эмгек кодексинин 77-статьясындагы "менчик ээсинин алмашылышына байланыштуу" дегенине таянып алмаштырганын бетке кармайт. А 2010-жылдын май айында "Мегакомдун" менчик ээси алмашыла да, 49 пайызы улутташтырыла да элек болчу. Кыскасы, кызык иш башталды. А биз кыргыз фемида өкүлдөрүнүн "Мегакомдун" чыныгы ээси, россиялык инвестор Penwell Business Limited экенин таанып, калыс чечим чыгарарынан үмүт кылып туралы. Азыркы бийлик акыйкат болсо, анда тараза ташы 51 пайыз биз жакка оой турганы талашсыз. Эгер "Мегаком" жүз пайыз улутташтырылса Кыргызстан үчүн, ар бир кыргызстандыктын жашоосу үчүн ал оор сокку болору турган иш. Инвесторлор иренжийт. А инвесторлор келбей калса кара пиар менен карын тойгуза албайбыз, кадырман калайык.

Тимур РУСТАМОВ