Белен ашка

"Мегакомго" байланышкан прокуратуранын кыңыр ишиби?

"Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун (соода бренди MegaCom) жаңы жетекчилиги кызылдай акча айланган бул компаниядагы Айдар - Максим - Елисеев эпопеясынын кыңыр барактарын бирден аңтарып, миллиондогон байлыктарды өз чөнтөктөрүнө кантип солоп келгенин четинен жарыялап жатат. Эч нерседен капары жок, ишенчээк кыргыздар ырыскысын чет жердик шылуундарга кантип жуткузуп ийгенин эми угуп-көрүп алып, жаалданып турган чагы.

Убактылуу өкмөт былтыр апрелде "Альфа Телеком" ЖАКты улутташтыруу декретин кабыл алган. Кийин баш прокуратура компаниянын 49 пайызын гана улутташтыруу керек, калганы чет жердик компанияларга таандык, аларга тийишкенге болбойт деген позицияны ээлеген. Атап айтканда, "көзөмөл пакет орусиялык "Eventis Telecom" компаниясынынын колунда, аларга бирдеме десек чоң саясат болуп кетет" дегендей аргументин алып чыккан. Мындай позицияны кезинде Убактылуу өкмөттө вице болуп, прокуратура системасын тескеген Азимбек Бекназаров ээлеп келгенин жазбаган маалымат каражаты калган жок. Ушундай эле позицияны азыркы баш прокурор К. Байболов дагы ээлегенсийт.
"Альфа Телеком" ЖАКтын жаңы жетекчилиги жана адистери "Eventis Telecom" ар кандай кол астында түзүлгөн компанияларды оффшордо каттатып, акчалардын изин жашырып жатканы билине баштады. Кеп Орусия жетекчилигинде эмес, кеп мыйзамдарды сактабаган компания жөнүндө болуп жатпайбы. Кайсы гана мамлекет, анын ичинде держава өлкөнүн компаниялары Кыргызстанда иштеп жатса, жергиликтүү мыйзамды сактоого милдеттүү. Ошондуктан, "кокуй, орус жетекчилиги жинденет" деген сыяктуу сөздөр жөн эле көз жазгыруу, коркутуу болуп саналат. "MegaComдун" жаңы жетекчилиги мыйзамды бекем тутунуп, Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгын биринчи орунга коюп жатканын дагы бир сыйра бышыктап кетели.
Бул сөздөр эмнеден улам чыгып отурат? Албетте, улутташтыруу, текшерүү - бул жараяндын баары мыйзам чегинде болушу керек, аны эч ким талашпайт. Бирок, биздин кардарлар да, дегеле кыргызстандык жарандар да ондогон, жүздөгөн миллион долларлар өз казынасына эмес, башка жакка кетип жатканына жол бербейт. Мына ушул шартта өлкөбүздүн прокуратура органдары былтыр "Альфа Телеком" ЖАКтын 49%ын гана улутташтыруу керек" деген чечими менен Максимдин командасы миллиондогон доллар акчаны "Мегакомдон" чыгарып кетүүсүнө шарт түзгөн - бул бир. Эми болсо эки дос өлкөнүн алака-катышына доо кетиргидей чууга чейин жеткирип отурушат - бул эки.
Жаңы өкмөт саясый эркин көргөзүп, кыргыздын ак ниет, мекенчил уулдарын "Альфа Телекомго" алып барып, андагы кыңыр иштерди улам ашкерелеп баштаганда, өз өлкөбүздүн прокуратурасы таза иштебегени ачылып, "Eventis Telecom" компаниясына жана аны менен өнөктөш "БиМоКомго" жан тартып жатканы килейген суроо туудурууда. Эмесе, "Мегакомдун" жаңы кызматкерлерин кайта-кайта суракка чакырып, жүдөтүп жатканы бекеринен болбосо керек.
Сурактарда эмне сөз болуп жатканы, анда прокуратуранын, андан ары Акүйдө отурган мансабы чоң адамдардын аты аталып жатканы тууралуу маалыматтар топтолууда. Андан тышкары, түз да, алдыртан да коркутуулар болуп жатканын билинди. Эгер прокуратура ушинтип бут тосууларды, коркутууларды уланта берсе, анда "Альфа Телекомдун" жаңы жетекчилиги, кызматкерлери "ала кушту" атынан атоого мажбур болушат.
Кээде биздин прокуратура кызматкерлери өз мекени - Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоп жатабы, же бул жактын каймагын калпып, сыртка чыгарып кетип тургандардын таламын талашып жатабы (?) деген суроо пайда боло баштады. Тарых көрсөткөндөй жана кыргыз макалы бышыктагандай, "кыңыр иш - кырк жылда" билинет экен. Ошондуктан, мыйзамды коргоо жаатында тургандар болсун, башка чоңдор болсун, эртели-кеч кыянатчылыгы ашкереленип каларын эске алса деген тилек. "Альфа Телекомдун" байлыгын мамлекеттик казынага буруп башташты, ал он миңдеген адамдарга пенсия, айлык болмокчу - ошого жолду буубагыла, андан көрө биздин ырыскыны сыртка, бөлөк-бөтөндүн жыргалчылыгына буруп кетип жаткан схемаларды таап, эл аралык шылуундарды мыйзам алдында чөгөлөткүлө деп айтмакчыбыз.

Нурдин АКЕБАЕВ