Кылымга тете кылык

Ж.Жолдошева сай-сөөгүбүздү сыздатууда

КР Президенти Р.И.Отунбаевага,
КР Жогорку Кеңеш төрагасы А.К.Келдибековго,
КР Премьер-министри А.Ш.Атамбаевге

Кайрылуу

Урматтуу
Роза Исаковна,
Урматтуу
Ахматбек Келдибекович,
Урматтуу
Алмазбек Шаршенович!

Биз, Ысык-Көл районундагы Чоң-Сары-Ой айыл округунун тургундары, Убактылуу өкмөттү колдоп, шайлоолордо демилгелүү иштерди жасадык. Чындыгын айтсак, жашоо-турмушубуз канааттандырарлык эмес. Ысык-Көлдүн чыгыш жагында жашаган элдикиндей карагай-арчалуу көк жайык тоолорубуз, шаркырап аккан суубуз жок. Салыштырмалуу айдоо аянтыбыз да жокко эсе. Жерибиз таштуу болгондуктан, түшүмдүүлүгү үч эсе аз. Ижарага алууга, же турак-жай курууга жер абдан тартыш. Ага жүздөгөн адамдар кезекте турат. Балдар үчүн пособиенин, пенсиянын төмөндүгүнөн нан сатып жей албай, балдарын багалбай отургандардын саны күн санап көбөйүүдө. Ушинтип кабыргабыз кайышып турган кезде Акаев менен Бакиевге жагалданып жашап, дайым эл пикирине каршы болгон Жылдыз Жолдошеванын Курманжан Датканын атын жамынып кылган кылыгы сай-сөөгүбүздү сыздатууда. Мурдагы жүзүкара бийликтин жардамы менен Курманжан Датканын эстелигин салууну шылтоолоп, күчкө салып, айыл өкмөтүнүн чечими менен негизсиз токтом чыгартып, көзгө басар алакандай жерибиздин 20 гектардан ашыгын тартып алды. Ж.Жолдошева чындап эле Курманжан Датка энебизди даңазалайм десе, анын башка жолдору толуп жатпайбы. Эстеликти эл көп каттаган Бишкек, Ош же Чолпон-Ата шаарларына же өскөн жери Алайга тургузбайбы. Кыйын болсо, ал туурасында китеп чыгарбайбы? Анын бирин да кылбайт. Эптеп эле элдин эсебинин эс алуу жайын куруп, өз чөнтөгүн толтуруунун жолун ойлогону көрүнүп турбайбы. Курманжан Датка энебиздин арбагы деле мындай жорукка капа болсо керек.
Эл жакырланып, жерге жетпей турганда, өз кызыкчылыгына ушунча көп жерди тартып алуу керекпи? Андан көрө элдин таман акы, маңдай тери менен казынага чогулткан акчасын сарамжалдуу пайдаланып, экономикалык өнүгүү жолун издешибиз керек.
Биз, карапайым эл, турмуш-тиричиликтин оордугунан кыйналсак дагы сабырдуулук, илгери үмүт менен жашап келе жатабыз. Нааразычылык болсо эле жол тосуп, тополоң кылып, көрүнгөн нерсени талап-тоногон уят иш экенин түшүнүп турабыз. Сиздерден мурдагы эл мүдөөсүн ойлобогон бийликтин мыйзамсыз токтомун жокко чыгарып, өз жерибизди өзүбүзгө кайрып берүүңүздөрдү өтүнөбүз. Ж.Жолдошеванын курулушка бөлүнгөн акча каражаттарды (Ф.Куловдун мамлекеттин бюджетинен бөлүп берген 2 млн. сому+грант+15 млн. сом) кайда пайдаланганын текшерип, 45 миллион сомдун берилишин токтотуп, анын депутат болууга канчалык деңгээлде татыктуу экенин таразалап көрсөңүздөр.

Кайрылуу жасагандар:
1. Р.Б.Галиев, Айылдык кеңештин депутаты, Сары-Ой айылынын тургуну
2. Ч.А.Жайлообаев, Сары-Ой айылынын тургуну
3. М.М.Дадаев, Чоң-Сары-Ой айылынын тургуну
4. М.Ж.Ниязалиев, Чоң-Сары-Ой айылынын тургуну
5. Н.С.Бакачиев, Чоң-Сары-Ой айылынын тургуну
6. Н.Ж.Жекшебеков, Чоң-Сары-Ой айылынын тургуну
7. М.К.Бейшебаев, Чоң-Сары-Ой айылынын тургуну
8. Т.К.Эмилканов, Чоң-Сары-Ой айылынын тургуну
9. Т.А.Алжанов, Сары-Ой айылынын тургуну
10.К.А.Кыдырмышев, Сары-Ой айылынын тургуну
11.У.Т.Алджанов, Сары-Ой айылынын тургуну
12.К.В. Сажаров, Сары-Ой айылынын тургуну
13.А.Ж.Жолдошович, Сары-Ой айылынын тургуну
14.У.З.Сулайманов, Сары-Ой айылынын тургуну
15.А.А.Акматбеков, Сары-Ой айылынын тургуну
16.Т.А.Акматбеков, Сары-Ой айылынын тургуну
17.Н.Ж.Көккөзов, Сары-Ой айылынын тургуну
18.С.О.Куренкеев, Сары-Ой айылынын тургуну
19.С.Байсеркеев, Сары-Ой айылынын тургуну
20.К.Досалиев, Сары-Ой айылынын тургуну
21.А.Шабырбеков, Сары-Ой айылынын тургуну
22.А.К.Болотов, Чоң-Сары-Ой айылынын тургуну
23.Э.Садыбакасов, Чоң-Сары-Ой айылынын тургуну
24.К.Тилепбергенов, Сары-Ой айылынын тургуну

Жалпы 426 адам кол койгон

  Коңгуроо

Орусия менен ойнобо, оодарыласың!

Бишкек шаарында ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжа 3 күндүк иш сапары менен болуп кайтты. "Коммерсантъ" гезитинин билдирүүсүнө караганда, расмий Москва бул сапарга өзгөчө көңүл бурган. ЖККУнун башчысы Бишкекте ал жетекчилик кылган уюм жөнүндө гана сөз кылган эмес. Москва акыркы кезде Орусиянын кызыкчылыктары кыргыз бийлиги тарабынан эске алынбай жатканына кабатыр. Мурдагы президент Курманбек Бакиев да кош көңүл мамиле жасаган. Орусияга жасаган мамилесинин аягы жаман аяктаганы белгилүү.

Бордюжанын сапарын "алдын ала таанышуу сапары" деп атап коюшту. Гезитте жазылгандай, башкы катчы Кыргызстандын бийлигине уюмга мүчө өлкөлөрдүн саясый талаасында "генералдык өзгөрүүлөр" болорун кабарлоо үчүн келген. ЖККУнун күчтөрүнүн негизинде Борбордук Азияда чоң күчкө ээ аскер бөлүктөрү түзүлүү алдында турат. Буга байланыштуу Бордюжа мырза кыргыз бийлигине өлкөнүн аймагында террорчулукка каршы жана тынчтык миссияларын аткаруучу күчтөрдүн окутуу иштерин өткөрүү сунушун айткан.
Аны менен бирге Бордюжа өзүнүн түздөн-түз милдеттерин аткаруу менен гана чектелген эмес. Орусия бийлиги тараптан алардын кызыкчылыгы акыркы кезде Кыргызстанда эске алынбай жатканы боюнча кооптонуулар жаралган. Ага ылайык, кыргыз бийлигине акыбалды түшүндүрүп, расмий Москванын кооптонуусун жеткирүү да анын сапарынын күн тартибинде болгон.
Алмазбек Атамбаев башында турган жаңы өкмөт келгенден тартып Орусияга тиешелүү бизнес тармакка мамиле өзгөргөн. Сөз жүзүндө "колдоо көрсөтөбүз" деген билдирүүлөр иш жүзүндө жолтоо кылууларга айланган. 16-февраль күнү кыргыз парламентинин убактылуу комиссиясы ири уюлдук компания "Альфа Телекомдун" ("MegaCom" соода маркасы) 100 пайыз акцияларын мамлекетке өткөрүп берүүнү өкмөткө тапшырган. Ал акциялардын 51 пайызы орусиялык ишкер Глеб Огнянниковго тиешелүү "Eventus Telekom" компаниясына таандык. Бул убакка чейин ири кирешелүү бул ишканага Каржы полициясы кылмыш ишин козгогон. Бул жалгыз гана мисал эмес. Кыргызстандагы орусиялык ишкерлердин кызыкчылыктарын коргогон тараптын "Коммерсантка" билдиргенине караганда, Москва тараптан сунушталган бизнес-долбоор кыргыз өкмөтү тараптан колдоо тапкан эмес. Кыргыз өкмөтү орус ишкерлери тарабынан берилген гуманитардык жардамдарын гана кубанычка алуу менен чектелүүдө.
Андан сырткары, өлкөдө жаңы өкмөттүн келиши менен түркиялык компанияларга жол ачылган. Акыркы кезде "Манас" Эл аралык аэропортунда жайгашкан америкалык авиабазаны күйүүчү май менен түркиялык компания камсыз кылат" деген маалыматтар пайда болгон. Былтыркы жылы бул тармакка АКШнын Коргоо министрлиги 350 миллион доллар бөлгөн. Андан соң президент Роза Отунбаева "бул тармак боюнча "Манас" мамлекеттик күйүүчү май менен камсыз кылуучу компаниясы менен орусиялык "Газпром" ишканасы тең укуктуулук негизде кызматташы керек" деп айткан. Ага карабай ушул кезге чейин эч кандай келишим түзүлгөн эмес.
Бирок расмий Москваны тынчсыздандырып жаткан башка нерсе. Бул - "Дастан" коргонуу тармагындагы заводунун 49 пайыз акцияларын Түркия тарапка берүү тууралуу жогорку даражада сүйлөшүүлөр жүрүп жатат" деген маалымат. Мурдагы кезде ушул заводдун акцияларынын айланасында Москва менен Бишкектин ортосунда ызы-чуу чыккан эле.
2009-жылдын февраль айында ошол кездеги президент Курманбек Бакиев орусиялык кесиптеши Дмитрий Медведев менен жолугушкан. Сүйлөшүүдө орус тарап Кыргызстандын 80 миллион доллар өлчөмүндөгү карызын жоюп салмак болгон. Ал эми кыргыз тарап "Дастан" заводунун 48 пайыз акциясын Орусияга өткөрүп берүүгө милдеттеме алган. Аны менен катар Орусия заводдун үстүнөн көзөмөлчү болмок. Келишим орус бийлигин толук канааттандырган. Анткени завод өлкөнүн аймагындагы аскер тармагындагы жалгыз жана маанилүү ишкана. Ишкана суу астында жүрүүчү ВА-111 "Шквал" аттуу торпедаларын жана Орусия, Украина, Индия сатып алуучу торпеданын тетиктерин чыгарат. Андан сырткары, Ысык-Көлдө тажрыйба өтүүчү полигону да бар. Бирок ага карабай завод орусиялык боло алган жок. Кыргыз бийлиги "бизде 37 пайыз гана акция бар, калганы жеке адамдарга таандык" деп кутулган. Кийинчерээк "Дастандын" акциялары ал кездеги президенттин кичүү уулу Максим Бакиевдин айланасындагы ишкер адамдарга өткөнү расмий Москвага белгилүү болгон. Бул маалымат орус бийлигинде көптөгөн нааразычылыктарды пайда кылган.
"Коммерсантъ" гезитинин айтуусу боюнча, дал ушул кадамдар Орусиянын чыдамынын чегине жеткен. Ошондуктан "Роза ыңкылабында" орус бийлиги оппозицияны колдоп чыккан. Орусиялык гезиттин маектеши: "Биз Бакиевге "мындай мамиле кылган туура эмес" деп көп жолу эскертүү берип, бардыгын өз колуңарга ала берүү болбойт" дегенбиз. Ал Орусияга берген сөздөрүнүн көбүн аткарбады. Бардык чечимдерди керт башынын пайдасы үчүн чечкен",- деп билдирет.
Өткөн жылдын жайында кыргыз өкмөтү бир топ ири ишканаларды улутташтыруу тууралуу чечимин жарыялаган. Алардын ичинде "Дастан" ААКсы да бар эле. Бул чечим расмий Москва тараптан жылуу маанайда кабыл алынган. Анткени орус бийлиги улутташтыруу чечилбеген маселелерге чекит коёт жана жаңы ишмердүүлүккө жол ачат деп ойлогон. Бирок, "заводдун 49 пайыз акциясы Түркияга өтөт" деген маалымат Орусиянын пландарын толук бузуп жатат. Албетте, бул нерсе да кыргыз бийлиги менен расмий Москванын мамилесине кедергисин тийгизбей койбойт. Ошого байланыштуу Бордюжа Кыргызстанда коргоо министри Абибилла Кудайбердиев менен гана жолугушкан жок. Андан сырткары, ал өлкө президенти Роза Отунбаева, премьер-министр Алмазбек Атамбаев жана ЖКнын төрагасы Акматбек Келдибеков менен да жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Ушул жолугушуулардын жыйынтыгына байланыштуу расмий Москва кыргыз өкмөтү менен алакаларын жүргүзмөкчү. Ушул жылдын күзүндө Кыргызстанда президенттик шайлоолор болорун да айта кетүү зарыл. "Коммерсанттын" маалыматына караганда, 26-февраль күнү Кыргызстанга Кремлдин дагы бир эмиссарынын келүүсү күтүлүүдө.

"Коммерсантъ" гезити №29 (4570) 18.02.2011