Ашказанда колбаса, жандүйнөдө тынчтык

"ЛОРД" - тазалык, таттуу даам
Мени бир эле "колбаса" деген сыйкырдуу сөз менен ойготууга болот. Эгер мен эртең менен аябай катуу уктап аткан болсом, ишке баруу убактысы келип калса, булкулдатып-жулкулдатуунун, кыйкыруунун, үстүмө суу чачуунун кереги жок, акырын эле "колбаса" деп койсо жетиштүү. Ордуман ыргып туруп, колбасанын кесиндисин эмес, килограммдап жегенге даярмын.
Колбасага болгон сүйүүм түбөлүк деп ойлочумун. Жанымдагылар "бир отурганда бир вагон колбасаны жесең гана анын артынан куубай каласың" деп тамашалашып калышчу. Мен болсо аны укканда шилекейим агып, "канча болсо дагы жей бермекмин" дечүмүн. Бирок, бул ойлорум жашыруун иштеген бир колбаса цехин капысынан көрүп калбаганда өзгөрмөк эмес экен. Мен ал жакта көргөн шумдукту сүрөттөбөй эле коеюн, бирок, жумшак тил менен айтканда, астанасынан баштап, төрүнө чейин санитардык жактан таза эмес экен. Дал ушул жерден "менин колбаса менен болгон романым түбөлүккө аяктайт" деп ойлогон болчумун.
Балким, колбасаны башка стандарттар менен жакшы шарттарда жасоого болорун өз көзүм менен көрбөсөм, дагы деле дүкөндөрдөгү колбаса тизилип турган текчелерден алыс качып жүрө бермектирмин.
Иран ишкери Ален Лашкаринин "ЛОРД" фирмасынын колбасалык цехине барарымды досторум билери менен, "башкалардан артта калып, цехтин ичинде даарат кагаздардын таңгагы бар бекен? Байкап кел" дешти. Анткени, советтик анекдотторго ишене турган болсок, колбасалардын курамынын жарымынан көбүн даарат кагаздар түзөт экен. Анан дагы дароо эле "дааратканасын кара" дешти. Анткени, "эгер дааратканасы таза болсо, баары таза болот" деген ишеним бар экен.
А мен бул цехке "саякаттап" келгенден кийин "Фирманын ээси өзү өндүргөн колбасаны жейт бекен?" деген биринчи суроо кабыргасынан коюлду. "Жегенде да кандай жейт экен! Өз көзүм менен көрдүм" деп чын жүрөгүмдөн жооп бердим.
Албетте, жейт. Себеби, анын көзүнчө тазалыкта, заманбап немис жабдыктары менен жасап атса кантип жебей коет? Рецептурасына технолог көз салып турат, ал эми персонал атайын даярдалган ак форма менен бахилла кийип иштейт. Колбасанын кезектеги партиясы даярдалып бүткөндөн кийин, жабдыктар аябай кылдаттык менен таза жуулуп, мекемени санитардык жактан тазалоо жүрөт.
"Лорд" фирмасында жогорку сорттогу гана колбасалар жасалат. "Кемеңе кандай ат берсең, ал дал ошондой сүзөт" деген макал бекеринен айтылбаса керек да. Бул колбасалар иран рецепттери менен жасалып, аталыштары да биздин кулагыбызга экзотикалуу угулат. Лионер, Хошк, Жамбон, Мартаделла, "Мартаделла" деген аталыш италиялык маанай тартуулап турат, чынбы? Чындыгында эле ошондой, себеби, Ален Лашкари өзү интернационалдык итало-иран үйбүлөсүнөн чыккан. Анын азыктарынын ассортименттери эки тилдеги сөздөр менен айтылып атканы ошондон. Балким, эми ал биздин тилде дагы азыктарын атап калар, себеби, ал Кыргызстанга келгенде биздин жердин тазалыгына, сулуулугуна аябай таң калган эле. Ал эми ишкердик сапаты аны экологиялык жактан таза сырьедон өндүрүш ачуу оюна түрткөн.
Бул продукция элиталык катардагы азыктардан болуп саналгандыктан, арзан турбайт, анткени, курамынын 90%ы эт болуп саналат. "Тамак даамдуу гана эмес, пайдалуу да болуш керек" деген эрежеге ылайык, калган 10%ы ар түрдүү татымал жана жашылчалардын кошулмалары.
Фирмада бизге бардык ассортиментти алып келгенде дегустацияны кайсы колбасадан баштарыбызды билбей калдык. Өмүрүмдө биринчи жолу колбасанын арасынан тоголок-тоголок болуп көрүнүп турган майлардын ордуна оливка, сабиз, жүгөрү, жашыл буурчак көрүнүп турган колбасаларды көрдүм. "Лорд" колбасасына май аябай кошулат, бирок, ал аябай калориялуу, эч кандай химиялык кошулмасы жок болгондуктан, аны спортсмендер да, фигурасына кам көргөн айымдар дагы жесе боло берет. Ал эми имбирь, сейдана, мускат жаңгагы, лимон, калемпирлердин триосу (кызыл, кара жана ак) жана дагы, албетте, кардамон татымалдары азыкка назик, фирмалык даам берип турат. Кардамондун өзгөчө куйкумдугу жана даамы жергиликтүү дегустаторлорду да таң калтырды. Алар ишкерге кардамонду азыктарга көбүрөөк кошуп турууну кеңеш беришти. Дегустаторлордун ачуу колбасага суроо-талап көп эместигин айтып беришкени ишкерге жакты. Анткени, кардамон Иранда өтө кымбат турат экен.
Бул фирмага келип, мен дос кызымдын Иранда көп жылдан бери жашап жаткан эжесин эстедим. Анын айтымында, ирандыктар тамакка, аны даярдоого сабырдуулук менен мамиле жасашат. Тамак даярдоо, тамактануу маданияты жогору. Бул № 1 жетишкендик. Үйдүн сырткы көрүнүшүнө караганда, үйдүн ичиндеги муздаткычтагы, үстөлдүн үстүндөгү азыктарга көбүрөөк көңүл бурушат. Азыркыга чейин ал жакта салт ошондой.
Цехтин тазалыгы коноктор үчүн гана көрсөтүлгөн жасалмалуулук эмес, күнүмдүк маданият экенине ишенгиң келет. Себеби, маданияттуу адам өзү үчүн башка шартта тамак жасап, сатуу үчүн дагы бөлөк шартта жасабайт да. "Товарга эмес, сатуучуга кара" деп бекеринен айтышпайт да.
Эгерде, театр кийим илгичтен, дүкөн сатуучудан, квартира босогодон башталса, буга ылайык, азык-түлүк өндүрүшү анын кожоюнунан башталат деп айтууга болот. Ал эми кожоюну Ален Лашкари ишеним жаратууда. Анын колунун жеңилдигинен колбаса менен болгон бактылуу романым кайрадан жаралды. Ашказанда колбаса, жандүйнөңдө тынчтык...

Адель Маниева




  Көздүү мончок

"Чакчаңдаган" уйкучу "узуня"

Модель болууну бала кезинен эңсеген Гүлнура Курманова жакында Замира Молдошеванын модель мектебин аяктайт. Узун бойлуу моделди достору "узуня" деп эркелетет экен.

- Алгачкы сөздү үйбүлөңдөн баштасак...
- Атам кыргыз, апамдын улуту казак. Апам Бишкекке окууга тапшырганы келип, атам менен таанышыптыр. Учурда төрт баланы тарбиялап жатышат. Чоң атамдын көзү өтүп кеткен. Азыр чоң энем менен чогуу жашайбыз. Ата-энем экөө тең мамлекеттик кызматта эмгектенет. Сырткы келбетим апама окшош болсо, мүнөзүм атамдыкы. Апамдын мүнөзү токтоо, оор басырыктуу. Ал эми атам шайыр, тамашакөй. Көп учурда туугандардын жакшылык-тойлорунда тамада болуп жүрөт. Бирок, тамашакөй болгону менен бизди катуу кармайт. Атам менен ачык сүйлөшө албайбыз. Керектүү буюм ала турган болсок, апам аркылуу айттырабыз. Мектепте окуп жүргөндө мени дискотека, отурушка жиберчү эмес.
- Анда модель болушуңа атаң каршы болуптур да?
- Атам каршы чыккан жок. Чоң энем тынчсызданып, "ай кызым, ата-энеңдин акчасын соруп, окубай эле койбойсуңбу?" деген. Бирок, кичинемден эле модель болууну самап, телевизордон көргөн моделдерди туурай берчүмүн. Башында боюм өтө узун эмес болчу. 9-классымда тез өсүп, курбу кыздарымдын эң узуну болуп калдым. Анан алар мени "узуня" деп эркелетип жүрүштү (күлүп). Эгер боюм узун болбогондо балким, модель болмок эмесмин. Кызыгы, узун бойлуу эжелерим турмушка чыккандан кийин кичинекей болуп калды. Аларга окшоп, "менин да боюм кичирейип кетпесе экен" деп корком. Жакында буюрса, Замира Молдошеванын модель мектебин аяктайм. Ага катар техникумдагы бухгалтердик кесибимди улантып жатам.
- Модель жаатында кандай кыйынчылыктар болду?
- Замира эженин мектебине чейин башка агенттикке барып жүрдүм. Бир жума окугандан кийин мени машине сүзүп кетип, башым жабыркап, чекеме тырык түшкөн. Чекемдеги тырыкты көрүп, "эми модель болбой каламбы?" деп ыйлагам. Ата-энемдин, дарыгерлердин жардамы менен бир жылдын ичинде айыгып кеттим. Көрсө, жан-дүйнөңдөгү каалооңо эч нерсе тоскоолдук кыла албайт экен. Биздин жумуш көбүнчө жабык кечелерге, шоулорго байланыштуу болгондуктан, өзүңдү моделдей алып жүрүү, кардарлар менен олуттуу мамиле жасоо, туура эмес жолдорго баспоо, тааныбаган адамдын машинесине түшүп кетпөө сыяктуу талаптар коюлат. Ал талапты аткарууга тийишпиз. Эгер аткарбасак, дароо окуудан чыгарат. "Иреттүү иште ийгилик көп" дегендей, катуу тартиптин болгону мага жагат.
- Алгачкы подиумга чыкканың эсиңдеби?
- Биринчи жолу ырчы Каныкей менен улуттук кийимдерди кийип чыккам. Башка моделдерди билбейм, мен өзгөчө сүрдөгөм. Баскан-турганды үйрөнгөнүң менен эл алдына чыгарда коркот экенсиң. "Чыкпай эле коеюнчу?" деп качканым эсимде. Ошондон кийин үйгө келгенде башыма китеп коюп, түз басууну үйрөнүп жүрдүм. Азыркыга чейин эжелерим "моделдердин баскан-турганын көрсөтүп берчи?" деп кызыгат. Аларга тартынбастан көрсөтүп берип, кеңештерди берем.
- "Модель кыздар ак кол" дегенге кошуласыңбы?
- Ар кимдин өзүнөн болуш керек. Мен ак кол эмесмин. Жазында айылга барып, жашылча-жемиш айдашып, жардамдашам. Чоң энемдин жанында жүрүп, тамак жасаганды, нан жапканды үйрөндүм. Өзгөчө гүлчөтай, оромо, каттаманы жакшы жасайм. Үйдө үй жумуштарын өзүм кылам. Иним менен сиңдимди жумшап, оокат кылдырам. Апамдар конокко кетип атса, алар "Гүкү эжем менен калбайбыз, бизди урушат" деп ыйлашат. Чындыгында тазалыкка жакынмын. Бөбөктөрүм үйдү чачып койсо, жыйнаганча шашам. Ал учурда үйдөгүлөр "чакчаңдайсың" деп мени сындап калат.
- Кандай талантың бар?
- Ырдаганды жакшы көрөм. "Ырчылар көп уктаса, үнү ачылат" деген кепти угуп калып, "үнүм ачылсын" деп уктай берем (күлүп). Кудай буюрса, бүтүрүү кечесинде "ырчылык өнөрүмдү тартуулайын" деген оюм бар. Бош убактымда бийлейм, андан сырткары 5-класста окуган инимден комуз черткенди үйрөнүп атам. Ал гимназияда окугандыктан, үйгө алтынчы, дем алыш күндөрү келет. Келери менен "комуз үйрөтчү?" деп жалдырайм. "Бир саатына 20 сом төлөйсүң" деп тамашалай берет. Билсем-билбесем дагы комузду даңгырата берип, үйдөгүлөрдүн башын оорутат окшойм, "комуз кыйналып кетти" деп күлүп калышат. Алматыдан тайке-таэжелерим келгенде караокеден казакча ырларды ырдайбыз.
- Казак жигити колуңду сураса эмне кыласың?
- Эгер казак жигити менен мамиле түзүп калсам, турмушка чыга берем. Эң негизгиси бою да, ою да төп келсе болду. Себеби, "келечекте Казакстанга барып иштесемби?" деген планым бар. Ал жакка барганда "ий, кыргыз экен" деп казактар мурдун чүйрүп, жакшы мамиле кылбасын билем. Аны эске алып, жакында эле паспорт алганда, улутумду "казак" деп жаздырдым. Алгач атам каршы болуп, "эмнеге казак болосуң, атаң кыргызбы, кыргыз болосуң" деп ачууланды. Анан менин келечегим үчүн аргасыздан макулдугун берди. Чындыгында кыргызмын, жүрөгүм "кыргыз" деп согот. Бирок, Кыргызстандын келечегине ишенбейм.

Айнура Касымова