Мелис ЭШИМКАНОВ:
"Алдыңа келсе - атаңдын кунун кеч"
(Уландысы. Башы 5-бетте)
- "2007-жылы Бабановду "кыргыз жарандыгынан ажыратабыз" деп атканда, сиз ортого түшүп, кызматыңызга 500 миң доллар алганыңыз чынбы?
- Бабанов экөөбүз парламентте, митингдерде чогуу жүрдүк. 2007-жылы КСДП менен шайлоого аттанып аткан. Бир күнү эки Өмүрбек кирип келди, Суваналиев менен Бабанов. Жердеш да булар. Бабановдун Казакстандын атуулу экендигин таап алышыптыр. Жаш кезде бизнес үчүн алса керек да. "Иш чатак, райондук соттон Кыргызстандын жарандыгынан ажыратыш керек" деген чечим кабыл алышыптыр. Бийликке шылтоо табылды да. Эртесинде Жогорку Сот карамак экен. Жарандыгын алып салса, бизнеси жабылмак, Кыргызстандан көчүп кетмек, саясый карьерасы дагы "нөл" болмок. КСДПнын тизмесинде биринчи орунда турган, партия дагы өтпөй калмак.
- Сизден жардам сурап келиптирби?
- "Максимге айтыңызчы, сизди угат, бул жакшылыгыңызды эч качан унутпайм" деп келиптир. "Мен жаңы эле тааныштым, мени укпайт" десем болбойт. Неси болсо да, аракет кылып көрөйүн деп, аларды ээрчитип алып, түнкү он экиде Максимге бардым. Алгач өзүм кирип сүйлөштүм дагы, жарым сааттын ичинде эле макул кылдым. "Максим, бул жаш бала. Казакстандын атуулдугун алса алгандыр, бирок, өсүп келаткан бала, жарандыгын алып салсаңар, өмүр бою сага өч болот. Андан көрө тил табышып, чогуу иш кылбайсыңарбы?" дедим. Унчукпай угуп турду да, "Мелис байке, эгер сиз суранып аткан болсоңуз макул. Машинеде отурса чакырыңызчы" деди. Анан Бабанов кирип кеткен, кол алышып, чечишип алыптыр. Бир жылдан кийин Максим кыздуу болгон экен, "Мелис байке, Бабановдон кызматыңыз үчүн 500 миң доллар алган турбайсызбы?" дейт. "Мен антип соодалашкан эмесмин" деп бир тыйын албаганымды эскерттим. Бабанов өзү ошентип мактанып койгонбу, же Максимдин өз оюнубу (?) билбейм. Менин бир гана таңкалганым, ошондо Бабанов кандай айланчыктады эле, азыр антпей эле койсун, салам бербей калганына баш чайкайсың да...
- Темир Сариев экөөңүздөр эки жээкте жүрсөңүздөр дагы дос бойдон кала алдыңыздарбы?
- Темир экөөбүз бала кезибизден эле бирге чоңойгонбуз. Экөөбүз кайсы жээкте болбойлу, саясый позициябыз кандай болгон күндө дагы достугубуз, үйбүлөлүк катышыбызды үзбөй келебиз. Өзү аябай карапайым үйбүлөдө чоңойсо дагы, аксөөктүк касиеттер бар. Бул ресторан, джиптер эмес. Дээринен такыба кишилер болот да. Бир туугандары, куда-сөөгү, небере-чебере, иши кылып эч кимисинин туулган күнүн, тоюн калтырбайт, чыпалагы сынса дагы Темир карайт. Мен "майдачылсың" деп башында жаман көрчүмүн. Анткени, менде ушул сапат жок экен. Ушу Темир экөөбүзгө Кудай бой эле берген эмес да... Экономист, бизнесмен, лидер катары Темир менин көз алдымда өстү. Бийлик, байлык үчүн бирөөнүн сөөгүнөн аттап өтпөгөн жигит. Мисалы, мен романтик, авантюрист, жинди чалыш. Ал болсо токтоо. Мен ойлой берем, биздин улуттук лидерлерибиздин образы ушул Темир Сариевдей болушу керек деп.
- 2007-жылы апрель митингдеринен кийин Кубат Байболов сизди Алматыдагы үйүнө алпарып, катып, бирок, сиз ал жактан келгенден кийин Бакиевдин командасына иштеп кеттиңиз. Ошондо оппозициядагы досторуңузду "сатып кеттим" деп өкүнбөйсүзбү?
- Ошол кезде Жаныш Салиевич "атып, коркутуп коеюн" деп менин артымдан түшкөн да. Мага УККнын Бишкек шаардык бөлүмүнүн жетекчиси эскерткен. Байболов ошондо мени үйбүлөм менен Алматыдагы үйүнө катып койду. (Кийин ал үйүн кокустук болду деген шылтоо менен Бакиевдер өрттөтүп жибериптир.) Ошол күндөр мага бурулуш учур болду. Бир ай жатып, "мен эмне эле кыйкырып аянтта жүрөм? Мага эмне керек? Бирөөсү бийликке кетип калса, бири акча жасап жүрсө, мага эмне жок?" деп ойлондум. Чечимдер пайда болду.
- Досторуңуз ал чечимиңизди кандай кабыл алды?
- Темике, Кубат аке каршы чыкты. Чиркешович чалкасынан кетти. Чын эле саясаттан чарчап, чет өлкөгө кетейин дедим эле. Швейцарияга элчи болуп кетмекмин. Бакиев мага "Айтикеев, Суваналиев, Абдырахмановдордун кылмыш ишин кыскартам" деп убада берген болчу. Анан мен маалымат жыйын өткөрүп, "эгер ошол убадасын аткарса, элчи болуп барам, болбосо барбайм" деп айттым. Башка лидерлер ошолордун кылмышын ишин токтотууга аракет кылбай койгонуна жаным кашайды. Бакиев убадасын аткарган жок, мен дагы элчиликке барбай койдум. "Эч бир министрликке барбайм" деп чечтим эле, КТРди сунуш кылганда баш тарта албай калдым. Анткени, мен 4-классымдан ошол жерден иштеп баштаган экенмин...
- Анан өзүңүз айтып жүргөн "кара жашигиңизге" бардыңызбы?
- Адегенде бийлик менен "мага эркиндик бергиле" деп сүйлөштүм. Мага чейин Атамбаевдин буйругу менен 2007-жылдын 7-октябрында өкмөтү КТРге түшө турган РТР-планетанын рекламаларынын акчасын, 100 миллион сомду "Кыргызтелекомго" буруп коюшкан экен. Анысын да билбейм. Мурунку жетекчилер ошол акчалар менен эле жыргап жүрчү экен көрсө. Мен ал жакта жылаңач баатыр болуп калдым. Ар түрдүү идеялар бар, аларды ишке ашырууга аракет кылып жаттым. Анан бирде Садыркуловдун, бирде президенттин катчылыгынын оозу менен мага тыюулар салына баштады. "Эмне үчүн сен "Ала-Тоодон" 50 БОМЖ өлдү" деп айтып атасың?" деп түнкү 12де чалышат. "Азаттыкты" жогот" деп чыгышты. Менде дилемма пайда болду. Капканга түшүп калганымды сездим. Биринчи арызды ошондо жаздым. Кетирбей коюшту. "Мейли саясатын өздөрү билсин" деп, КТРдеги коррупцияны тазалоого аракет кылдым, структурасын, штатын, "Ибаратын", шоусун оңдоюн дедим.
- Эмнеге биринчи арызым деп жатасыз, дагы арыз жаздыңыз беле?
- Бул нерсени эч жакка айтпадым эле, силердин гезитиңерге биринчи жолу айтып жатам. Радио боюнча бир орун басарым бар эле. Жаш, интеллектиси бар. Менден бир ооз сурабай дайындап коюшканы дагы мага бир аз катуу тийди. Акылдуу эле кыз. Жетекчи деген башкарат да, түшүнбөстүктөр болот. Чыгармачылык ишинде кемчилик жок. "Ат көрбөгөн минип өлтүрөт" деп коет го, өзүнөн улуу адамдарга кыйкырып, буйрук берип аткандарын көрүп калдым, андан соң коридордо келатсам, дагы кыйкырып аткан үнү угулат, барсам, кабинетинен үч конфет жоголгону үчүн пол жууган аялды аябай катуу кагып-силкип атыптыр. Шоопурлар да арызданып келди. Анан мен коллегияда уяткарып койгом. Кийин администрация жетекчиси Данияр Үсөнов чакырып, "Мелис, бул президенттин сөзү. Орун басарыңды ыйлатып, шагын сындырып, иштетпей жатыпсың. Экинчи мындай кайталанбасын. Анан кимдин алдында урушкан болсоң, ошолордун алдында кечирим сура" деди. "Мен андан кечирим сурагандай ким ал?" деп жиним келди дагы, арызымды жазып, президентке берип коюңуз дедим. Келдим дагы ошол кызды чакырып, "Ишенген кожом сен болсоң... Мен сенден көңүлүм калды. Менин ордум керекпи, отура бер" дедим дагы кетип калдым.
- Анан ЦАРИИге кетип калдыңызбы?
- Мени оппозицияга кетип калат дештиби, Максим чакырып, "ЦАРИИ деген бул экинчи өкмөт, чоң акчалар бар, ошолорду көзөмөлдөп туруңуз. Момундай-момундай долбоорлорду жасаганы жатабыз" деп айтты. Мен чын эле ишендим. Байкоочу кеңештеги "курамыңызды өзүңүз аныктайсыз" деди, бирок, андай болгон жок. Кабинет жок деп атып январдан баштап араң иштедик. Бир гана "Камбарата" долбоорун талкуулаганга үлгүрдүк. Азыр Курманбек Бакиевди тепкилегендей эле, баары инилери менен балдарын да тепкилеп жатпайбы. "Кипиш-мипиш" деп сөгүнүп сүйлөп атканын угуп алып, мен деле оозум ачылды, телефонгейттери, жеп-ичкени боюнча эч нерсе айта албайм, бирок, мен билген Максим башка эле. "Долбоорлорду сүйлөгөн, акылы күчтүү, жаңы расанын баласы экен" деп интервью да бергем. Мен ошол учурда "Свой среди чужих, чужой среди своих" болчумун. Бакиевдер боюнча тарых өз баасын берет. Айтпадыкпы, "качкан жоону катын саят" деп. Отунбаева баштаган азыркы бийликке айтаарым: андай кыйынсың, качырбай ушул Кыргызстанда кармап кал, андай кыйынсың, Интерполго далилдүү документтерди топтоп берип, экстрадиция кылып ал, андай кыйынсың, алар баскан жолду баспа!
- Эмнеге учурунда унчукпай эле кеткен президенттерди ур-тепкиге ала берген адат калбайт бизде?
- Эсиңерде болсо керек, былтыр президенттик шайлоонун алдында "Супер-Инфо" гезитине интервью берип, бул тууралуу айткам. Разаковду, Усубалиевди, Масалиевди, а тургай Акаевди да жанындагылар саткан. Эми Бакиев менен башынан бери күрөшүп, куугунтукка алынып, соттошуп жүргөндөр айтса түшүнөм, алардын моралдык укугу бар. Алар менен жытташып, ака-үкаларинин тоюнан калбаган адамдар азыр кыйынсынып артынан таш ыргытып аткандарды түшүнбөйм. Ошон үчүн мен "качкан жоону катын саят" деп айтып калам. Буга эл өзү баа берсин.
- Бүгүнкү абалга кандай баа бересиз?
-Азыр дагы Кудай сактасын, эл толкуп кетсе, он Отунбаева, он Атамбаев болсо дагы токтото албайт. Кыргыздар ажыдаарга окшош эл болот экен, унчукпай жата берет, куйругун басып алсаң соо койбойт. Геосаясат боюнча алып караганда, муну айтып мактана да албайсың. Анткени, он жылдын ичинде эки президентибизди кууп жибердик. Парламент да, өкмөт да баары бар, бирок, мунун баары кум сепил сыяктуу бир заматта жок болуп кетиши мүмкүн. Тунис, Египет дегендер менен сценарийлери окшош.
- Соңку сөзүңүз?
- 7-апрелде каза болгон жигиттер боюнча маалыматтарды карап көрсөм, 90%ы жакыр үйбүлөлөрдүн балдары экен. Интеллигенттер жок, байлар жок. Бул эмнени билгизип турат. Бул азаматтар чынында эле "мындан ары мындай жашоого мүмкүн эмес" дешкен. Буларды он замбирек менен атып да токтото албайт болчусуң. Бакиевдин ордунда башка болгон күндө дагы, үмүт өчүп бараткан система менен күрөшүү үчүн Чолпонбайдай эле төшүн дзотко тосушкан. Кайсы бийлик болбосун, ошондой жигиттер чыккан деңгээлге жеткирбештин айласын көрүш керек. Буга мен да күнөөлүүмүн, Атамбаев да күнөөлүү, Максим Бакиев да, Отунбаева да күнөөлүү. Баарыбыз саясый упай топтойбуз (!) деп жүрүп, адамдын өмүрүнүн баасын билбей жатабыз. Кечээ сайтты ачсам, "былтыр жол кырсыгынан 1000 адам каза болду, анын 120сы бала" дейт. Көңүл бурган эч ким жок. Биз адамдын өлүмүнө нан жегендей, ушакташкандай эле көнө баштадык.

Маектешкен Дилбар АЛИМОВА