Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0203_8.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0203_8.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0203_8.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0203_8.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0203_8.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0203_8.htm on line 2
Назарбаев неге тактыга тырмышты?

Кечээ казак парламенти мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөзүү тууралуу мыйзамды бир ооздон колдоп беришти. Эми регламент боюнча ага президенттин колу коюлууга тийиш. Жаңы кабыл алынган мыйзам кезексиз президенттик шайлоо өткөзүүнүн конституциялык негиздерин белгилөө менен Нурсултан Назарбаевге кошумча мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Буга чейин казак бийлигин жактоочулар жер-жерлерде элди көтөрүп, Нурсултан Назарбаев ордунда 2020-жылга чейин калууга тийиш деп чыгышкан. Муну мажилистеги депутаттар да колдоп, референдум өткөрүү үчүн атайын мыйзам кабыл алууга үлгүрүшкөн. Бирок, аны конституциялык кеңеш Башмыйзамдын талаптарына ылайык келбейт деп тапкан. Ал эми Нурсултан Назарбаев дүйшөмбүдө референдумга барбай турганын, бирок, тунгуч президент катары элдин мүдөөсүн эске аларын билдирген. Ошого катар эле азыркы бийлик укугун эки жылга кыскартканына карабай, мөөнөтсүз шайлоо өткөрүүнү сунуш кыларын айткан.
Ошентип күн мурунтан тымызын дайындалган мыйзам (серепчилер ушундай пикирде) кабыл алынып, 2012-жылы өтө турган президенттик шайлоонун мөөнөтү өзгөрүүгө учурады. Мажилисте бул мыйзам кабыл алынгандан кийин депутат Ирак Елекеев "Азаттыктын" казак бюросунун кабарчысына "Башмыйзамга кезексиз шайлоо өткөзүү да керек. Бирок, менин оюмча, кезексиз дебей, мөөнөтүнөн мурун деген ылайык болчу. Себеби, президенттин дагы эки жылы бар. Ошого карабастан шайлоо өткөзгөнү туру. "Кезексиз" деген өз милдетин орундай албай калган учурда гана колдонулушу керек эле" деп билдирген. Бирок, ал мындай пикирин төрага сөз бербей койгондуктан мажилисте ачык айта алган эмес.
Деги эле Назарбаевди мөөнөтсүз шайлоо өткөрүүгө түрткөн эмне? Муну казак серепчилери ар кандай жоромолдоп атышат. Алсак, саясат таануучу Галым Абылсеитов "бул анын ден соолугуна байланыштуу болсо керек. Теледен көргөндө ал мага чарчаңкы, дары-дармектин арты менен гана жашап жүргөндөй туюлду. Адатта бул жаштагы адамдар ооруга тез чалдыгат. Менимче, анда ушундай көйгөйлөр бар сыяктуу. Андан башка эч нерсе айта албаймын" деген. Буга кошумча иретинде Казакстанда президентти жек көргөн адамдар көп болсо дагы, төңкөрүш жасоого негиз жогун баса белгилеген. Ал эми Казакстан оппозициясынын чет элдеги бюросун жетектеген Серик Медетбековдун ою боюнча, Назарбаев Батыштын көзүнө демократияга умтулгандай түр көргөзүп жатат. Экинчиден, ал Жакынкы Чыгышта болуп аткан окуяларга көз салып, чочулоодо. Казактын оппозициялык "Атамекен" партиясынын жетекчиси Ержан Досмухамедов болсо "Назарбаевдин эл арасында да, элита арасында да бедели алсырады. Ошон үчүн ал саясаттан кетүүнүн жеңил жолдорун издеп жатат" деген ойдо. Е. Досмухамедовдун пикирине ынансак, учурда казак элитасы элден алыстап кетти. Бийлик башында тургандар ич ара бөлүнүшүп, ар бири тактыны бошоткондон кийин Назарбаевдин ордун ээлөөнү көздөп атат.




Орозбек Молдалиев, саясат таануучу:
"Бийликке тырмышуу стабилдүүлүктү бузат"
- Казак депутаттарынын бул жоругу бизге сабак болушу керек. Чөнтөк параламент ушинтип бир кишинин кызыкчылыгы үчүн иштей берет. Бирок, канткен күндө да Башмыйзамга карата мындай мамиле кылуунун арты жакшы бүтпөйт. Муну биз, кыргыздар башыбыздан өткөрдүк. Жакшы билебиз. Бүгүнкү күндө Казакстанда нефти бар. Элди ошо менен багып атат. Социалдык абал биздегидей курч эмес. Бирок, барып-келип эле бир адамдын бийликке тырмышуусу стабилдүүлүктү бузат. Буга Египет, Сауд Аравиясы мисал. Булар аябай бай мамлекет. Ошого карабай эли каршы чыгып атат.
- Н.Назарбаевди бу кадамга не түрттү деп ойлойсуз?
- Чексиз бийлик адамды бузат. Назарбаевди жаман президент деп айта албайбыз. Бирок, ал бийликтин кыныгын алып бүткөн. Ошон үчүн карыса да тактыдан түшкүсү келбейт. Негизи президент болобу, парламент болобу бийлик бутактарын туура бөлүштүрүп, айрым бир укуктарын чектөө керек. Бүгүн биз дагы кечиктирбей 120 депутатка чектөө киргизип, сотторду көз карандысыз кылбасак, баягы таз кейпибизге түшүүбүз мүмкүн.

Санжи Туйтунова




С.Бакиев 10 жылга кетти
Бакиевдин иниси Санжар Бакиевдин иши боюнча Чүй областтык соту өкүм чыгарды. Бул соттун чечими менен буга чейинки Жалал-Абад шаардык сотунун 2-ноябрдагы өкүмү өзгөртүлүп, С.Бакиев а Жалал-Абад мамлекеттик администрациянын имаратын басып алуу боюнча да күнөөлүү деп табылды. Жалпысынан С.Бакиев 10 жылга эркинен ажыратылып, ага 50 миң сом айып тагылды.


Түрктөргө "Данакерди" бердик
Кечээ Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга иш сапары менен келди.Жогорку Кеңеш жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстан парламенттик системаны тандаганын колдой турганын билдирди. Ал президент Роза Отунбаева, премьер-миистр Алмазбек Атамбаев, спикер Акматбек Келдибеков менен жолукту. Эки өлкө ортосундагы кызматташууга кошкон салымы үчүн Роза Отунбаева Эрдоганга "Данакер" орденин тапшырды.


Исанын ордун Нариман тартып алабы?
Эртең Бишкек шаарынын мэрин шайлоо болот. Тиешелүү буйрукка президент Роза Отунбаева кол койду. Шаар башчылыгына талапкерлерди президенттин аппаратжетекчиси Эмилбек Каптагаев сунуштайт. Эми Иса Өмүркулов кайрадан ордуна бекийби, же "атажуртчулар" мурунку мэр Нариман Түлеевди алып келгенге жетишеби?


Чын эле террорчубу?
25-26-декабрда террорчу деп шектелип кармалгандардын жакындары жана айрым укук коргоочулар бүгүн Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдында нааразычылык акциясын өткөрүшөт. Алар бийлик өкүлдөрүнөн кармалгандардын укугун коргоону, Улуттук коопсуздук жана кызматташтык уюмунун иш-аракеттерин териштирүү үчүн атайын Байкоо кеңешин түзүүнү талап кылышмакчы. Акцияга даярданып жаткандар алардын жакындары 5-январда Арашан айылындагы террорчу делинип, жок кылынган адамдарга тиешеси жок.
Буга чейин УКМКнын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев Бишкектеги синагогага кол салуу, Спорт ордосунун жанындагы жардыруу, Бишкек шаардык милициянын жанына жардыргыч заттар коюлган унааны таштап кетүү, Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн үч кызматкеринин өлтүрүлүшү жана Арашандагы окуялар баары бири-бири менен байланыштуу экенин айтып, "Жайшул Махди" аттуу уюмдун мүчөлөрүнүн тиешеси бар деп билдирген болчу. Бул окуялар боюнча жалпысынан 16 адам шектелип жатат, алардын 11и колго түшкөнүн, экөө Арашандагы атайын операция маалында өлтүрүлүп, 3 адамга издөө жарыяланганы кабарлаган.

Жардыргычтар кайда кетти?
Токмоктогу аскердик бөлүктөн жардыргычтарды жасоочу заттар жоголгондугу аныкталды. Коргоо министрлиги аталган аскер бөлүктө курал-жарактарды, ок-дарыларды жана жардыруучу заттарды түгөлдөө иштерин жүргүздү. Натыйжада бир топ жардыруучу жана жардырууну даярдоочу заттар кем болуп чыкты. Бул иш боюнча Бишкек гарнизондук аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, тергеп-иликтөө иштери башталды. Буга чейин премьер-министр Алмазбек Атамбаев кайсы жерден курал-жарактар жоголсо, ошол жердин жетекчилиги терроризмге катыштыгы бар адам катары айыпка тартыларын билдирген эле. Эми жыйынтыгы кандай болот (?), ал жардыргычтарды кимдер, кандай максатта пайдаланганы ачыкталабы, же дагы эле дым-дым бойдон кала береби?






кыргыз тилиндеги гезит "Учур"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0203_8.htm on line 59

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0203_8.htm on line 59

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0203_8.htm on line 59


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0203_8.htm on line 59

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0203_8.htm on line 59

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0203_8.htm on line 59


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0203_8.htm on line 59

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0203_8.htm on line 59

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0203_8.htm on line 59