Криминалдар 100 пайыз жоголот!
ИИМ жетекчиси Зарыл Рысалиев теледен: "Рысбек Акматбаев жөнөкөй эле жүрчү, азыркылар ок өтпөс машинелер менен жүрүшөт. Биз жакында андай машинелерин алабыз, анан кайдан алышканын териштиребиз" деди. Ошого катар министр криминалдарды жок кылуу иш-чарасы 100 пайыз ишке ашарын баса белгиледи. Оме-ей, чын элеби? Көрсө, З.Рысалиевдин мындай чечкиндүү пикиринин артында премьер-министр менен президент турат экен. Өзү да алардын дем-күүсү менен шымаланып атканын жашырбады. Ап бали-и (!), эми айткан сөздөрүнүн аягына чыга алабы? Эгерде министрдин сөзү менен иши айкалышса, анда жигитче сөзүнө турарын далилдейт да, туурабы? Агер тескерисинче болсо, анда кеп башка...


Мелис Мырзакматов Бахтиден коркпойбу?
Өткөн саныбызда жазганбыз, америкалыктардын атактуу "Youtube" интернет-сайтындагы оозуңду Ошту караткан видеотасма боюнча. Темасы "как Бахти Ташкентский Ачумарил мэра г.Ош, Киргизии" деп аталат. Бир мүнөттү камтыган ал тасмада Өзбекстандын "вор в законе" - криминал анабашы Бахти Ташкентский менен Оштун мэри Мелис Мырзакматовго окшогон каармандар ээн талаада, жансакчылардын коштоосунда жолугушуп, кыска маектешип, аягында Бахтиси биздин Мелисти жыга тепкени менен бүтөт. Бул видеотасманы көрүп, эки анжы ойдо калганбыз. Мелис мырзанын жообун күтүп... Анан көп өтпөй эле М.Мырзакматов үн катып, "интернет-сайттагы тасма мага карата жасалган кара пиар, аны атайлап мага окшоштуруп жасашкан. Мен Бахтиден таяк жеген эмесмин..." деген оюн билдирди. "Коркпойм!" дегендей түр көрсөтүп. Ылайым эле ушундай болсо кана! Кыргыздын бакыйган жигити сулап жыгылып, намысты алдырганы уят да. А видеотасманы көргөндөр баш чайкашып, Мелиске боору ооруп атышат...


Интрига сазына баткандар...
Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Айтмурзаев деген жигит бар. Кызыгы, бу "оен" акыркы күндөрү шефи Руслан Казакбаевди ээрден оодарууга ашыгып, министр болууга жутунганы чынбы? Бизге жеткен маалыматка караганда, Нурлан мырза "Ата-Журт" партиясындагы акаларына таянып, алардын шыкактоосу менен интрига сазына батып баратканы айтылат. Көксөгөн максаты Р.Казакбаевди гезиттердин баарына каралатып, элге жаманатты кылуу менен креслосун тартып алуубу? Кыскасы, экөөнүн ортосундагы тирешүү азырынча тымызын жүрүүдө, ал эми жакында ачыкка чыгышып, чабыша кетишери да ажеп эмес көрүнөт.


С.Жээнбеков кол топтотуп атабы?
Жакында президент Роза Отунбаева маалымат каражатына маек берип, "президенттик шайлоого катышпайм" маанисинде билдирүү тараткан. Коомчулукка ишенимдүү айткан. Кызыгы, минтип оозду жыйгыча эле Ош облусунда жергиликтүү жетекчилердин аракети менен Р.Отунбаеваны шайлоосу жок эле ордуна калтыруу боюнча кол топтолуп атканы кабарланды. Көрсө, Роза апчебиз президенттик шайлоо кылбай эле кол топтоо менен ордунда калууну көздөдүбү? Таңгөрү, "биринчи Түштүк колдоп берсе, анан аркалыктар айла жок колдойт!" деген оюн башталган жокпу? Бир чети эл колдоп атса, президент айым элдин эркине каршы чыкмак беле? Неси болсо да, Р.Отунбаеванын кызматтан кетүүсү оңойго турбай калды го. Анүстүнө Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков элпек эмеспи, тапшырманы дайыма артыкчылык менен аткарат да. А президенттик күрөшкө эртелеп даярданган эрендер не дейт болду экен?..


Ж.Бакиев Мелистин башына 500 миң доллар сайыптыр
Ички иштер министрдин орун басары генерал Мелис Тургунбаев Акмат жана Санжар Бакиевдерди кармагандан кийин, ага ыраазы болбой, Жаныш Бакиевдин артынан аңдып, анын Кыргызстанды аралап жүргөнүн коомчулукка жарыялагандан кийин Жаныш мырза аябай жинденип, генералга "мунуңду токтот!" кыязында салам-дубай жолдоптур. Жан-жөкөрлөрүнө болсо кимде-ким Турганбаевдин көзүн тазалап берсе, жарым миллион доллар сыйлык ыйгарарын жарыялаптыр. Деги кайда баратабыз?


Равшан "бомба" даярдаптыр...
ЖК депутаты Равшан Жээнбеков менен бизнесмен Өмүрбек Бабанов өткөн шайлоодон бери катуу тирешип келишет. Бири-бирине компромат издешип, гезиттерден согушуп дегендей. Ал эми бу саам Равшан мырза Ө.Бабановго карата "бомба" даярдап, жакында ММК аркылуу "жардырууну" көздөп атканын эшиттик. Уккандарга караганда, катуу сокку жасалчудай дейт. Күтө туралык, мындайга Өмүрчик деле жөн жатпайт го...


"Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун"
Премьер-министр Алмаз Атамбаев тышкы саясатыбыздын чабал болуп атканына нааразы болуп, ТИМ жетекчиси Руслан Казакбаевди алмаштырууга ниеттенгенин укканбыз. Бирок, президент Роза Отунбаева арачыга түшүп, жансоога сураганы чынбы? Ал эми Алмаз мырзанын эркине койсо, Тышкы иштер министрлигине "карт бөрү" Аликбек Жекшенкуловду апкелмек экен. Кокус А.Жекшенкулов эски ордуна кайра келсе, анда тышкы саясатыбыз өркүндөп, Кыргызстан башка өлкөлөр менен тең ата сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жагынан, дегеле элибизге пайдалуу инвестиция-гранттар менен камсыздала башталышы ажеп эмес. "Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун" демекчи, ар ким өз ордун тапканга не жетсин? Бирок, Аликбек мырза ТИМге бара коеру да арсар, ким билет (?), балким сунуш болсо, Кыргызстанды саздан чыгаруу үчүн болсо да ойлонуп көрмөктүр...


С.Бакиров куралдарды жыйнай элек
Жалал-Абад Обл.ИИБсинин начальниги Сталбек Бакиров Июнь окуясында жоголгон куралдарды толук түрдө жыйнай албай атканы белгилүү. Ошол куралдардын айрымдары кайда экенин өзү да билери, бирок, алгандан айбыгып, жүрөгү даабай атканын эшиттик. Ал эми Руслан Бекназаровдун Жалал-Абад Обл.ИИБсинен куралдарды алып кетип, кайра кайтарбай атканы чынбы? Дал ушул маалымат боюнча Сталбек мырза маалымат берип койсо, гезит бетинен анын пикирин да чагылдырат элек. Же "унчукпаган үйдөй балээден кутулуптур" деген кепти ырастап, адаттагыдай ийин куушуруп кутулабы?


Губернатор байкебиз жубайсыз калбаса...
Отуздан эми гана ашкан бойдок жигит бар. Айбек Азыранкулов деген. Айбек мырза өткөн жылдын соңу менен Чүй облусуна губернатор болуп шайланып, оор сыноодон өтүүдө. Оор сыноо дегенибиз, бүгүнкү күндө жетекчи болуу, өзгөчө социалдык-экономикалык, чарбалык жааты өлгөн облусту башкаруу оңой эмес. Мындай шартта иш билгилик менен саясый эрк керек. Азырынча А.Азыранкуловдун кемчилигин байкай элекпиз, облусту көтөрүүгө аракет кылууда. Баса, Айбек үйбүлө күтө элек, дайым эле даярданып, баш кошууга камынганда эле өлкөдө чатак чыгып кетип, тилеги таш каап калат. Эми да жазында үйлөнүүгө бел байлап, аракет кыла баштады. Болсун! Бирок, жазында дагы эл көтөрүлүп, губернатор байкебиз жубайсыз калбаса экен...


"Люкстан" башы чыкпаган И.Жунусов
Бишкектин Киев-Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде "Спецбольница" аталышындагы оорукана бар. Бу жерге ар бир эле кыргыз келип, дарылана албайт. Себеби, аталган ооруканада жалаң чоңдор менен байлардан орун артпайт. Мына ушундай жагдайда, "Спецбольницаны" вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов тажатып атканын кабарлашты. Ак халатчандардын пикирине ынасак, кызык кептин учугу чууруй баштады эй! Ибрагим мырза чүчкүрсө, же үлп эткен жел тийсе эле бу жерге жете келип, "Люкска" жата калат экен. Бу көрүнүш байма-бай кайталанууда. Өзү врачтарды чарчатканы аз келгенсип, эми аялы менен уулу Эламанды да көнгөн жерине үйүр алдыра баштаганы неси? Кыязы, И.Жунусов чоңдугуна салып, эс ала турган жерди тааптыр да...