Кыргыз гезиттери



  Учурмаек

Мелис ЭШИМКАНОВ:
"Алдыңа келсе - атаңдын кунун кеч"

Бир жылдан бери "чээнде" жаткан саясатчы, Кыргызстандагы эркин журналистиканын анабашысы Мелис Эшимканов гезиттердин ичинен биринчи болуп бизге маек берди. Бир жыл бою "моралдык люстрациядан" өткөнүн, Максим менен мамилесин айтып, досторунун, азыркы бийлик мүчөлөрүнүн сырын ачты. Окуп, саресеп салыңыз.

- Жаңы жылдан кийин "Ленинчил жаш", "Асаба", "Агымдагы" иштеген кесиптештериңизди чакырдыңыз. Алар аркылуу өзүңүздү "реабилитация" кылайын дедиңизби? "Алдыңа келсе атаңдын кунун кеч" деген сөздү эмне максатта айттыңыз?
- Ошол жерден кесиптештериме тамашалап, "бирөөсү люстрация деди, бирөө кастрация, дагы бири менструация деди, бирок мага эч ким эрежесин түшүндүргөн жок" деп айттым. Чынында эле мага, дагы башка көп адамдарга моралдык жактан оор болду. 95-жылдары Кубат аке менен Алайга жалгыздык аралына кеттим эле. Ошонун мындан да оорураак этабы болду окшойт. Анткени, 50 жаш менен 30 жаштын айырмасы бир топ экен. Көп нерсени ойлонуп, бир жыл бою ойлорум менен күрөшүп, тырмагымдын учунан баштап, мээме чейин тазалаганга аракет кылдым. Көпчүлүк популисттик ой катары кабыл алышы мүмкүн, бирок, апрель окуяларында шейит кеткен балдардын өлүмү мен үчүн аябай эле оор тийди. Чынын айтканда, ошол балдардын сүрөттөрүн карап алып аза күттүм. Саясаттагы башаламандык, ызы-чуу жалгыздыкка тартып туруп алды. Мурда ооруп көрбөгөн жаным бир топ оорудум. Азыркы министр Сабыр Жумабеков досум, үйбүлөлүк дарыгерим Эркин Маматовдун колунда жүрүп калдым. Үйбүлөм ачка калып атпагандан кийин коомчулукка такыр чыкпай эле койсомбу (?) деп ойлогом.
- Анан?
- Анан Кубат аке менен кеңешсем, "Мелис, сенин дүйнөң саясатта, ошол жакта жүрүп эле тазаланбайсыңбы" деп калды. Болбой эле журналисттер, саясатчылар келе берет экен, жолуга берет экен. Анан кесиптештеримдин кээ биринин жүрөгүн оорутканым бар, алардын ичинен мени ушактап жамандаганы бар, бири-бирин көп убактан бери көрбөгөндөрү бар. Ошолордун башын бириктирип, бир жагынан алар аркылуу кечирим сурагым келди. Эми анчалык мүңкүрөгүдөй деле жеке жагдайым жок. Акүйдүн алдында "ок аткыла" деп буйрук бербесем, бүгүнкү парламентти, өкмөттү карасаңар, Адахан айтмакчы, бети-башы жышылып калса деле кечээки эле "валет-дамалар" жүрөт. Алар эмнеге моралдык күнөө тууралуу ойлонушпайт? Бирок, тиги дүйнөнүн сурагында ар бирибиз өзүбүз үчүн жооп берерибизди да билем.
- Мындан ары эмне иш менен алек болоюн деп жатасыз?
- Казактардын "Айт парк" дегени сыяктуу интеллектуалдык долбоор уюштурайын деген оюм бар. Бийликке умтулбаган адамдарды чогултуп, көйгөйлүү маселелерди талкуулап, коомдон бир шам чырак издеген клуб болсун деп. Ташкул Керексизов, Актан Арым Кубат, Бексултан Жакиевдер менен сүйлөшүп койдум. Мындан сырткары, акчалуу олигархтардан медиа-холдинг ачуу боюнча сунуштар түштү. Анткени, алар дагы азыркы массалык маалымат каражаттарынын күчүн жоготуп атканын, гезиттердин нускаларынын аз экенин түшүнүп жатышат да. Бирок, мен "өзүмдүкү болсо" деген тилек менен ага макул болбой турам. Азыр Алматыдагы, Москвадагы жакшы санаалаштарымдан инвестиция күтүп жатам. Борбор Азиядагы оор кырдаалды эске алып, саясый аналитикалык борбор ачабыз деген эл аралык уюмдар бар экен, ошол жакка чакырып жатышат. Бирок, ага да ичимден толук быша элекмин.
- "Чыныбай Турсунбековдон "Асабасын" алып, кайрадан чыгарат экен" деп уктук го?
- Тагдырдын тамашасын карабайсыңарбы? 2005-жылдарга чейин "Алга, Кыргызстандын" идеологу болуп жүргөн Фарид Ниязов бүгүн Алмаз байкемдин оң колу болуп отурат. Ошол кезде алар биздин басма сөз эркиндигибизди басмырлап турчу. Дагы бир жагдай, Акаевдин бийлигине жабышып, раматылык Карыпкуловдун күчү менен "Асабаны" тартып алган ун олигархы Чыныбай Турсунбеков дагы бүгүн Алмаз Шаршеновичтин эң ишенимдүү адамы. Депутат болуп жүргөн учурумда, КТРди жетектеп турган кезде "Асабаны" сурап, өзүмө алып алсам деле болмок. Ал кезде эми "Агым" чыгып турчу, башка гезит чыгарганга убакыт деле жок болчу. Анан минтип бош отурганда Чыныбайга чалдым. "Ээси келсе, бээсин бербейсиңби" деп. Бергенге көп деле куштар эмес экен. "60 миң доллар короттум эле, КСДПга иштеп бересиңби" деп жарма соодалашуу кылат. Анан "Жаңы Агым", "Жаңы ордо" дебей, эски бойдон эле калалычы деген максат менен "Эски Асаба" деп каттоодон өткөрүп койдум. Азыркы гезиттердин нускасы да аз, чыгарганга жараша 50 миң-100 миң кылып чыгаруу керек. Ошентип, чыгарууга көзүм жеткенде гана мыкты журналисттерди чогултам.
- Сизди президенттик шайлоодо "Куловдун штабын жетектейт экен" деп бирөө айтса, "Текебаевди колдойт экен" деп экинчиси айтат. Бул сөздөрдүн кайсынысы туура?
- Чынын айтканда, "Республика", "Ар-намыс", дагы башка партиялар парламенттик шайлоодо өзүнүн катарына чакырды. "Менин моралдык укугум жок" деп макул болгон жокмун. Эгер макул болгонумда азыр депутат болуп, трибунадан мыйзамды сүйлөп отурат элем да. Айрым партиялар "кара пиар жасап берип тур, биз сага жакшы төлөп беребиз" дешти. Бирок, ага да көнбөдүм. "Ар-намыс" партиясына анча-мынча колумдан келген жардамымды берип турдум. Текебаев менен көп жолу жолуктум, Кулов менен күн алыс эле ага-инидей жолугам. Бирок, бул "алардын штабын жетектейт" дегендикке жатпайт. Кыргыз эли "киргиз" деп, "тандем-мандем" болуп, ур-тепкиге алынган Куловду жеке мен билген адам катары жакшы көрөм. Илгери Акаевдин учурунда биз Замира Сыдыкова экөөбүз бийликке каяша айтып турган кезде, Кулов мэр болуп, УККны жетектеп турган учурларында бизди кырсыктардан сактап турчу. Болот Шерниязовдон "Агым" гезитине кеңсе сатып берди. Менин алтыга жакындап калган уулум Адамдын киндик атасы. Ушундай мамилелерибиз бар. Бирок, ал кишинин президенттик шайлоого барар-барбасы тууралуу билбейм. Анткени, президенттин азыркыдай полномочиелери менен бир топ көзүрлөр шайлоого барууга куштар эмес болуш керек.
- "Ата Мекен" партиясынын тизмесинен эмне үчүн дагы эле чыга элексиз, бир нерсе үмүт кылып жүрөсүзбү?
- Мен "Ата Мекендин" катарына өтөрүм менен бийликке кетип калбадымбы? Анан ошондо орун басарым Эрнис Кыязовго байланышкан конфликт болуп кетти. "Эпицентр" деген берүүдө орун басарымды колдоп, партиялык жетекчим Өмүрбек Чиркешовичти сынга алдым. Көптөр муну түшүнбөй "досун сатты" деп чыгышты. Бирок, чыныгы демократияда бул кадыресе көрүнүш болуш керек да. Мен "идея үчүн "Ата Мекенге" киргем, бийликте жүрсөм дагы чыкпайм, партиянын саясый кеңеши чыгарса билбейм" деп айткам. Кийин саясый кеңеш мени партия тизмесинен чыгаруу боюнча маселени бир нече жолу көтөрүшкөн экен, Өмүрбек Чиркешович "сени беш-алты жолу мен алып калдым, тияк-биякта жүргөнүң менен тарыхта ордуң бар" деп айтты.
- Сиз Максим менен аябай жакын мамиледе эмес белеңиз, апрель окуялары болордон мурда акыбал оорлоп кеткенин айтып койбодуңузбу?
- Мен Ынтымак Курултайында чыгып сүйлөгөнүмдө, Исаков, Петровка, Балыкчы окуялары боюнча куугунтукка алынгандар бошотулуш керектигин, "Түндүкэлектро", "Кыргызтелекомдун" сатылып атканын токтотуу керектигин айткам. Ошондо алар мени "бөрү баласы ит болбойт экен да" дешкенин да уктум. Ошол күндөрү мага Султан Жумагулов, Илим Карыпбековдор жардам берип, "чындык айтылып калса экен" деп аракет кылдык. Ал нерсе президентке жеткен жок окшойт.
- Башка айткан жоксузбу?
- Абал андан ары курчуй берди, курчуй берди. Мен оппозициядан маалыматтарды алып турдум. Темир досум улам-улам Москвага каттап, Путин менен жашыруун жолугуп жатты. Суваналиевден, Текебаевден, баарынан маалымат алып турдум. Негизи менден көбүрөөк маалыматты Улуттук коопсуздук кызмат алыш керек эле да. Абал курчуп эмне кыларыбызды билбей калдык. Сайтты карасак эле, Таластагы окуя башталып кетти, Шерниязовду камап коюшту. Эмне кылабыз (?) деп ойлондум. Силер айткандай, адатта Максимге жолукчу элем, ал болсо Америкада жүрөт. Оксана менен мамилем жок. Чудинов айтты "Мелис, президентке сен гана айта аласың, өзүнө кир" деди. Кабылдамасына чалсам, байланыштырды. Он беш мүнөттөй сүйлөштүк.
- Эмне тууралуу сүйлөштүңүздөр?
- Курманбек Бакиев "Ии, эмне болуп кетти Мелис? Тынччылыкпы? Чалчу эмес элең го" деди. "Каяктагы тынччылык? Таласта тигиндей болуп жатат. Көлдө, Нарында мындай маалымат болуп жатат. Шерниязовдун камалышы туура эмес болду, эл көтөрүлөт. Күч менен баскан болбойт, согуш болот. УККңыз каякты карап атат, билбейм, абал аябай курч, элди токтото албайсыз" десем, "Мелис, сен чочуба, мен Шерниязов эмес, башка лидерлеринин баарын тең изолировать этем" деп айтты. "Ал эмне деген? Камайсызбы?" десем, "ооба" дейт, анан мен "анда Түштүктү билбейм, Түндүктү бүт жоготосуз" деп чындыкты айттым. "Эмне сунушуң бар?" дейт. "Менин сунушум, аларды камабаңыз. Баары менен жолугуп, талаптарын аткарыңыз. Азыркыдан калбай Данияр Үсөновдун министрлер кабинетин отставкага кетириңиз" дедим. "Талапкериң барбы?" дейт. "Кааласаңыз оппозициядан коюңуз, болбосо ортодо жүргөн Суваналиевди коюңуз" деп айттым. "Кызык вариант экен, бирок аны дагы чечебиз" деп ойлонуп калды да, "Мелис, сен чыгармачыл адамсың, оппозициядагы досторуңдун көбүртүп-жабыртып айткан жомокторуна ишенип, үрөйүң учуп калыптыр да. Үйүңө барып, келин балага ысык чай демдетип алып, балдарыңды жыттап отура бер, эртең баары жакшы болуп калат" деп койду. Болбой эле лидерлердин баарын камап, арты жаман болуп кетти. Дайыма эле ушинтип, өлкөдөгү бурулуш учурларга кыпчылып жүрөм...
- Башка дагы ушундай окуя болду беле?
- 2005-жылдын 23-мартында дагы ушундай окуя болгон. "Хаятта" оппозиция жолугуп, "Акаевге бир ооз эскертели" дедик. Жалгыз гана Бекназаров каршы чыкты. Ар ким аркылуу сүйлөшүүгө аракет кылдык, эч кимисин Акаев кабыл албай койду. Айла кеткенде түнкү он экиде Айдардын офисин таап, байланышка чыктым. Ортомчу болуп, мени менен ачуу сөздөрдү айтканга Равшан Жээнбеков, Темир Сариев, Болот Абилдаев барды. "Эртең Аскар Акаевич парламенттик шайлоолордун жыйынтыгын адилет чыгарса, күзүндө шайлоого барбайм десе, Танаев, Осмонакундарын, аппаратын кетирсе, эч кандай чуу болбойт, болбосо кыйын болуп кетет" деп айттык. Айдар макул болуп калган. Анан кечинде үйбүлөлүк кеңешке салышса, аялдар командасы жеңип кеткен окшойт да.
-7-апрель күнү "черныйлар" сизди катуу тоорушуптур" деп уктук?
- "Черныйлар", "белыйлар" деген бар экен. Ошол күндөрү мен тууралуу дагы маалымат берип коюшуптур. Текшерип көрсөм, чын эле келатышат. Шектүү 20-30дай машине келип токтоду. Кошуналар чыга баштады сыртка. Эмне кылышты билбей, биринчи эле балдарды алып чыгып кеттим. Анан "мен эмне кылмыш кылдым? Журналистиканын чордону болгон КТРде иштегеним үчүн күнөөлүүмүнбү?" деп ойлодум. Ошондой кыйынчылык болуп турганда жардамга жакын досторуң келет экен. Эмчектеш досум Мелис Турганбаев, генерал Суваналиев, ОПГда анча-мынча туугандарым, классташтарым бар экен, Адылкан Бекболотов деген бокстун башчысы бир заматта балдарды чогултуп келип калышты. Темир Сариевдин иниси келди. Ошондо өзүң канчалык кыйын болсоң дагы, киши менен киши экениңе дагы бир жолу түшүндүм.
- Сизди камоого аракеттер болгону чынбы?
- Алмаз байкесиби же башкасыбы, 7-апрелден кийин каматууга аракет кылышты. Мен ушул үйүмдө эле жүрдүм. Телефон чалып эле "келип кет" десе болот, же прокуратурасынан бир кагаз жиберип койсо деле барам да. Бир жерде конокто отурсам, спецназ курчайт. "Азыр өз каалооңуз менен чыкпасаңыз, штурм кылабыз" деп. Мени коргогон спортсмен балдар бар болчу, ошолор менен атышуу болуп кетеби деп корктум. Анан Азимбек Бекназаровго телефон чалдым. "Ушундай болуп атат, мен эмне качып жүрөмбү? Анчалык керегим болсо өзүм эле барам" дедим. Барып сурак бердим. Бирок, мен бир да жерге айтып, доомду арткан жокмун. Убактылуу өкмөт көөп турган кези болчу да, "эптеп бир нерсе таап, он беш күнгө болсо дагы камап койгула" дешиптир. Азимбектин бир жигиттиги бар, болбосо жакындыгыбыз деле жок. Убактылуу өкмөт жыйынында дзотко төшүн тоскондой эле "Эшимкановду камасаңар уят болосуңар, кайсы юридикалык негизде камайсыңар аны?" деп мени коргоптур, аны кийин Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү айтып берди. Азикени мен "эрдигиң бар, эсиң жок" деп тамашалап коем кээде. Жүздөгөн тонна китептерди окубаса дагы, Аксынын бир бурчунда ага нур тийип калса керек да...
- Ал эми Мелис Турганбаев менен кандайча доссуздар?
- Мелис экөөбүз эмчектеш болуп, ал сүттү көбүрөөк эмип коюп, олбурлуураак болуп калыптыр. Бул кооз сүйлөгөндү билбеген азамат да. Өзү спортсмен, кулагы сынган, айрымдар жарым-бандит деп жек көрөт. Бул туулганда эле мурдунда жыты бар изкубар болуп туулса керек. Кандай гана кылмыш болбосун, профессионалдуулук менен бетин ачат. Жаныш Бакиевдин Медет Садыркуловго кулак, сөөмөйдү белек кылганын да бир суткага жеткирбей Мелис ачкан. Ошон үчүн муну дароо кызматтан алып салышкан, жек көрүшөт. Жакында эле Санжар Бакиев менен Акмат Бакиевди кармаган да Мелис, башкалардын баары карап турушту. "Жаныш Бишкекке келип-кетип эле жүргөн" деп айтып, жаман көрүнгөн да ошол. "Жаныштын келгенин билген, анан аны кармай албаган орун басардын эмне кереги бар?" деп чыгышты. Бул саясый популисттик кылып айткан жок, билген үчүн айтып жатат. Өткөндө өзүнөн сурадым, "чын эле эмнеге кармай албай жатасың?" деп. "Жаныш өзү генерал болсо, укук коргоо органдарындагылар менен шилекей алышкан дос болсо, техникасы укмуш болсо, акчасы көп болсо, кетип калгандан кийин билип атсам, башка эч ким жардам бербей жатса, кантип кармайм?" дейт.
- Саясатчыларды атуу коркунучу барбы?
- 2005-жылдагы окуялар эсиңерде болсо, буюртма киши өлтүрүүлөр катар-катар болгон. Бүгүнкү күндө дагы ошондой коркунуч бар. Азыр кимди ким атканын билбей каласың. Бийликтин, тил табышпагандын, нарко жолду талаштын азабынан бирин-бири атып башташы мүмкүн. Кечээ Акаевдин, Бакиевдин үйбүлөсү деген душман бар эле. Азыр алар жок. Азыр Түндүк-Түштүк, жүздөгөн партия, сырткы күчтөр бар. Чоң державалардын жанында биз жөн эле оюнчук болуп калат экенбиз. Аларга бизде ызы-чуу болуп турганы пайдалуу. Дагы бир тополоң чыгып кетсе, биз мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп алышыбыз мүмкүн. Ошондуктан, Алмаз байкем Атамбаев мени канчалык "кечире албайм" деп жатса дагы, ушундай чоң жоопкерчиликти алып жатканын сыйлайм. Бул кишинин иши оңунан жылып кетсе экен. Роза эжекебиз, Убактылуу өкмөт көп катачылыктарды кетирип, элдин үмүтүн өчүрүп коюшту. Роза эжекебизди жаман деле көрбөйм, Убактылуу өкмөт мүчөлөрү бийлик талашпайлы деп "ППП" (Президент переходного периода) деген шектүү ат коюп коюшуптур, ылайым эле өзүнүн мөөнөтүнө тынч жетип, өткөрүп берсин. "Жел жүрбөсө чөптүн башы кыймылдабайт" дейт. "Лондондон үй алды, иниси башкарып атат, баласынын былыктары боюнча документтери чыгып жатат" дейт. Мурунку бийликтегилер дагы ушинтип эле баштаган. Ошон үчүн колунан келсе арыдан бери болуп эле жүрсө!
- Атамбаев сизди эмнеге "кечире албайм" дептир?
- Атамбаевдин кечире албаганы, мени күйөрмандарымдын кечире албаганындай эле кеп да. Эмне үчүн Адаханга, Акматбек Келдибековго анчалык таарынышпайт? Мага караганда алар үйбүлөнүн жакындары эмес беле? Мени кечире албаганынын себеби, 2005-жылы депутат болуп келгенден баштап, 2007-жылы КТРге кеткенге чейин Бакиевдик башкаруунун пайдубалына жарака кетиргендерин анабашында мен тургам. Бардык митингдерде "ди-джей", "Кашпировский" болгом. Алмаз байке болсо премьер-министр болуп барганга дагы, кайра кетип калганга дагы үлгүрүп калды да. Мен кечирээк барып калдым.
- Кеткенге жетишпей калдыңызбы?
- Жетишпей да калдым. Анан бир жагынан алганда КТР жетекчилиги майлуу-сүттүү, саясый кызмат эмес да. Ит өлгөн жер. Азыр деле ошондой, тилекке каршы. Анан ошону оңдойм деп ден соолук кетти, чачым агарды, арак ичип, кызып, депрессияга түшкөн күндөр болду. Анан Алмаз байке премьерликтен кеткенден кийин ага каршы кара пиар башталды. Аны ал кишиге "Эшимканов жасаган" деп ишендирип салышыптыр. Балдарыбыздын жакшылыгында чогуу катышып жүрсөк, анан кечире албай атат да. Атамбаевдин бүгүнкү күндө командасы жок. Бирок, бул кишиге иштөөгө мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Болгону анча-мынча кемчиликтерин оңдосо, чет өлкөлөргө чыкканда абайлап сүйлөсө. Түпкүлүгүндө жаман деле адам эмес, анан эртең элдер гезит окуп алып, "Мекең деле акырындан бир нерсе үмүт этип аткан экен" деп ойлоп албасын. Мага кызматынын деле кереги жок, барбай эле койдум. Негизи эле азыр Ибрагим Жунусов айткандай, чакчелекей заманда камикадзе адамдар гана чоң кызматтарга барат да. Мени ойлондурганы, Атамбаевдин өкмөтүндө 100 күндүк, бир жылдык программасы жок.
- Чолпон Жакупова сизди уулуна өкүл ата коюптур. Аны менен кандай жакындыгыңыз бар?
- Бул айым арабызга кокусунан эле 2005-жылы келип калган. Оппозиция КТРде президент менен жолугуп атса, баары эле сылык-сыпаа сүйлөп атканда, Чолпон Жакупова Бакиевди суроолору менен жарга такаган. Өзү Дзержинкада чоңойгон эле шаардык кыз экен, жолдошунан эрте ажырап, балдарын жалгыз тарбиялаптыр. "Адилет" деген эл аралык укук-клиникасын ачып алганын билем. Оппозициянын митингдеринде ыйлап, чын жүрөгүнөн катышып жүрдү. "Бакиев кетсин!" деген сөздү сонун үйрөнүп алып, экөөбүз тим эле тандем болуп кеткенбиз. Алты айдан бери байкасаңар, ал "оппозицияда чогуу жүрдүк эле, Текебаевге тийишпейин, Отунбаеванын окуучусумун ал тууралуу жаман сөз айтпайм" дебейт. Жалгыз Жакупова чындык үчүн чыркырап, "Мекен шейиттеринин" каргышын угуп, "Альфанын" балдарын акысыз коргоп жатат. 7-апрелден кийин жанымдан жылан сыйпагандай эле достор да, туугандар да жоголуп кетти. Соксоюп эле, Вангог деген акылдуу овчарка күчүгүм менен ээрчишип калдым. "Аа, атаңдын гөрү, элден чыгат деген ушул экен да-а" деп. Ошол күндөрдө Чолпон балдарым, жубайым менен үйүнө чакырып, чогуу тамак ичип, моралдык жактан колдоо көрсөтүп турду. Болбосо экөөбүз бир кезде соттошконбуз, "Ата Мекенге" эфирден орун бербейсиң" деп. Ал кезде мен "Акүйдүн" буйругун аткаруу боюнча мастер болуп кетпедим беле? "Моралдык люстрация жасап атканыңа таң калып атам" дейт, "китеп жазчы, гезиттерге макала жазчы" деп атты. "Моралдык жактан көтөрүлсүн" деп, мени уулуна өкүл ата кылды. Биринчи жолу 7-апрелден кийин элдин көзүнө ошондо чыктым.

(Уландысы 9-бетте)








кыргыз тилиндеги гезит "Учур"